Өзгөн районунда Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Иш-чара райондук мамлекеттик администрациянын алдында өткөрүлдү. Максаты мекенчилдик сезимди жандандырып, Ата Журтка болгон сүйүүнү жана жоопкерчиликти бекемдөө болуп саналат.
Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов: Кызыл желек – биздин сыймыгыбыз, эркиндигибиздин символу! Бул ыйык туунун астында эгемен өлкөбүздүн ар бир жараны мекенин сүйүүгө, аны коргоого жана өнүктүрүүгө милдеттүү. Кыргызстандын туусу көк асманда желбиреген сайын, элибиздин биримдиги, журтубуздун берекеси жана мамлекетибиздин даңкы арта берсин! Туубуз эч качан эңишпесин, өлкөбүз түбөлүктүү болсун!
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Кызыл түс – Манастын туусун, ал эми күн шооласынын кырк нуру – кыргыз элинин биримдигин билдирет