КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН БАШ-ДЮБИНСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
|
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 2/1
“ 21” 01 2025-ж Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысынын 2025-жылга каралган бюджетин бекитүү боюнча 2026-2027-жылдагы проектисин кароо жөнүндө.
Баш-Дѳбѳ айыл аймагынын 2025-жылга карата айыл өкмөтүнун бюджетин бекитүү боюнча 2026-2027-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
- 2025-жылга Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 20937,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрүнө ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн резервдик фондун 209,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашалырын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак аш, дары дармек жана милдеттүү камсыздандырууга чегерүү) комуналдык кызматтар (электро энергия, көмүр,суу) боюнча жүзөөгө ашыруу сунушталсын.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тендөөчү гранттарды биринчи кезекте корголгон беренелер жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
- Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча органдары өз жоопкерчилигине алышат.
- Бюджеттик мекемелер чарба жүргүзүүчү субьектилер жана жергиликтүү өз алдынча органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайданылбаган Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
- Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынсын.
- Айланма кассалык калдык (обородный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча накталай акча каражаты 2025-жылдын 1-январына карата 100.0мин сом өлчомдө бекитилсин.
- Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Күн-Мээрим жана Жаңы-Жол балдар бакчасына ай сайын ата-энелерден чогулган акча каражаты 1200 сом деп белгиленсин.
- Ушул токтомдун аткаруу жагы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык кенешинин
Төрөгасы: М.Тагайкулов
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН БАШ-ДЮБИНСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
|
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 2/2
21-январь 2025-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 2024-жылдын 12 айында үнѳмдѳлгѳн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 2024-жылы 12-айдын жыйынтыгы менен үнѳмдѳлгѳн 7316736 (жети миллион үч жүз он алты миң, жети жүз отуз алты) сом акча каражаты тѳмѳнкү бѳлүмдѳргѳ жумшалсын. Бөлүштүрүү боюнча маселени айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясын сунуштарынын негизинде талкуулап чыгып, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
- Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2024-жылы 12-айдын жыйынтыгы менен үнѳмдѳлгѳн 7316736 (жети миллион үч жүз он алты миң жети жүз отуз алты) сом акча каражаты тѳмѳнкү бѳлүмдѳргѳ жумшалсын.
- Башкаруу тармагына 2221-статьясына 1780.0
- Билим берүү тармагына 3111-статьясына 618,4
- ЖКХ тармагына 2221-статьясына 184,2
3111-статьясына 1388.9
3112-сататьясына 3345,2
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин.
Төрагасы: М.Тагайкулов
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН БАШ-ДЮБИНСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
|
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 2/3
21- Январь 2025-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Баш-Дөбө айылдык кеңеши “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү маселесин карап чыгып токтом кылат.
- Баш-Дөбө айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Сүйүнбай уулу Жоомартбекдин талапкерлиги жактырылсын.
- Жактырылган талапкердин документтердин токтоосуз түрдө борбордук шайлоо Комиссиясына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Баш-Дөбө айылдык кеңештин
Төрөгасы М.Тагайкулов
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН БАШ-ДЮБИНСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
|
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 2/4
21 -Январь 2025-жыл Өзгөн шаары
Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен атайын техникаларын сатып алуу жөнүндө
Баш-Дөбө айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Баш-Дөбө муниципалдык ишканасынын паркын жаңылоо үчүн жана авто техникаларынын жетишсиздигине байланыштуу, Hyundai R60W-9S атайын техниканы лизинг менен “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу заарыл болгондугу жөнүндө Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Саипбаевдин маалыматын угуп, талкуулап айылдык кеңеш. токтом кылат;
- Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы”ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 85000 АКШ доллары (лизинг келишим түзүлгөн 11(он бир) пайыз менен 6(алты) жылдык мөөнөткө төмөнкү автоунааны алууга макулдук берилсин;
2.– Эксковатор Hyundai R60W-9S-баасы 85000(сексен бешмин мин) АКШ доллары Лизингтин жалпы баасынан 30 (отүз) пайыз өлчөмүндө Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн өздүк салымы (Которуу күнүндөгү доллар курсун эске алуу менен которулсун) АКШ доллары кошулсун.
- Өздүк салымдан сырткары лизингке автоунаа бажы жагынан жол жоболоштуруусу,каттоосу,автоуна лизингтин бүткүл мезгилине камсыздандруусу жана лизингке алынган авто техниканын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты Баш-Дөбө айыл өкмөтүнөн каралсын.
- “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Баш-Дөбө айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Саипбаевке ыйгарылсын;
- Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Баш-Дөбө айылдык кеңештин
Төрөгасы М.Тагайкулов
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН БАШ-ДЮБИНСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
|
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ № 2/5
21 — Январь 2025-жыл Өзгөн шаары
“2025-жылга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө”
Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2023-2024-жылга айыл аймагындагы социалдык обьектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн бекитип берүү боюнча Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусун угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу пландары жөнүндө” мыйзамына негизденип, Баш-Дөбө айылдык кенеши токтом кылат;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактын бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Д.К.Ыдырысовдун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү боюнча 01.01.2023-жылдан 31.12.2023-жылга чейин жүргүзгөн шайкештик аудитинин негизинде аныкталгандыгына байланыштуу 2025-жылдын бюджетине керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 99.7тона 548.6 мин сомго азайтылып киргизилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет туруктуу комиссиясына мидеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Баш-Дөбө айылдык кеңештин
Төрөгасы М.Тагайкулов