Ийри-Суу Айыл Аймагында 8-март – Аялдардын эл аралык күнү жана келе жаткан 15-март – Аталар күнү белгиленди. Ага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, айыл өкмөт башчы Советбек Караев, жергиликтүү тургундар катышты.
Майрамдык иш-чарада айымдар коомдун ар кайсы тармагында эмгектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жатканы айтылып, алгачкы жолу аталардын эмгеги да эске алынганы айтылды. Концерттик программа менен улантылып, белектер ыйгарылды.
Ошону менен бирге аймактын техникалык базасы чыңалды. Тагыраагы район акиминин демилгеси менен жаңы техникалар тапшырылды. Алдыда дагы Lovol GV 100 үлгүсүндөгү комбайн алынары белгилүү болду.