



Баш-Дөбө айыл өкөтүнө караштуу Кашка-Терек айлындагы К.Кулматов атындагы №56 орто мектеби пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин Төрагасы Тургунбек уулу Нурланбек баштаган эл өкүлдөрү, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, жергиликтүү тургундар катышты.
Билим уя 225 орунга ылайыкталган. Заман талабына ылайыкталып, бардык шарты менен бүткөрүлгөн. Балдарды дени сак жашоого үндөө максатында спорт залы камтылган. Республикалык казынадан каржыланды.