Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз III-сессиясынын
Т О К Т О М У
16-январь 2025-жыл № 8 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2025-жылга карата 26-бөлүмдөн түзүлгөн иш планы жактырылсын жана алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке милдеттендирилсин.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык
кеңешинин VIII-чакырылышындагы
кезексиз III-сессиясынын 2025-жылдын
16-январындагы № 8 токтомуна тиркеме
Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы
№ п\п | Айылдык кеңештин сессиясында каралчу маселенин аталышы
|
Сессия өтчү күн |
Каралчу маселелер тууралуу кыскача маалымат | Жооптуу адам, аткаруучу (адис, мекеменин, уюмдун жетекчиси) | Бул маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы | Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 19,61,63-беренелери) | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча АК кабыл алган чечим (тескеме, токтом); |
I квартал
|
|||||||
1. | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу
|
Январь | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен жүргүзүлгөн иштер боюнча АӨ башчысынын (бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдарды, демилгелүү топтордун, жамааттардын – макулдашуу боюнча) маалыматын угуу. Зарыл болгон учурда мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыктарын угуу. | АӨ башчысы, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын жетекчилери (макулдашуу боюнча) жана башка кызыкдар адамдар. | Айылдык кенештин (Бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт) | Жарандардын, жарандык коомдун, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча АК токтом (же тескеме) кабыл алат.
Күчүнө кириши үчүн АК токтому (кабыл алынган учурда) жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. |
2. | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
Февраль | 2024-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу. Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасын угуу.
Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда): — Жайыт пайдалануу үчүн акыны орнотуу тартиби жөнүндө жобо; — 20__-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планы; — Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын көлөмү; — жайыт жерлерин башка максаттарда пайдалануу үчүн акынын көлөмү. |
Жайыт комитетинин төрагасы, АӨ башчысы (же башчынын орун басары)
|
Айылдык кенештин (Айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясы) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт).
|
Жарандардын, жайыт пайдалануучулардын жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
3. | 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчету | Февраль
|
Айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу.
АӨ башчынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
|
АӨ башчысы | Айылдык боюнча жооптуу туруктуу комиссия (айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясы боюнча аныкталган комиссия сессияда туруктуу комиссиянын корутундусу тууралуу баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт) | Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | 2024-жыл үчүн АӨ башчынын отчетун кабыл алуу. Айылдык кеңештин тескемесин кабыл алуу. |
4. | Айыл чарба жанан фондунун жерлери( АЖМФ) жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
Февраль
|
Келечекке пландын аткарылышы, АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу.
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. АЖМФ жерлерин экономикалык жагымдуу жерлердин аймагынан түз берүү менен АА аймагында жашаган социалдык багыттагы субъекттердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмесин карап чыгуу жана бекитүү (зарыл болгон учурда). АЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү (зарыл болгон учурда). Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу. АЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган каражаттын көлөмүн бекитүү (зарыл болгон учурда). |
АӨ башчысы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы | Айылдык кенешинин (Айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясы) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт).
|
Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын(ченемдик укуктук актылар) Мамлекеттик реестрине кошуу. |
5. | Муниципалдык менчикти башкаруу
|
Февраль
|
Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу.
Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу. Бул маселе боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Төмөнкү долбоорлорду кароо жана бекитүү (зарыл болгон учурда): — Муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программасын; — Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; — Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программаларын; — Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; — Муниципалдык менчикти камсыздандыруу жана тизмеден чыгарып салуу тартиби жөнүндө жобону ж.б. Муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдаланган башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү (зарыл болгон учурда). |
АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары) | Айылдык кенешинин(Бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
6. | Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу | Февраль
|
Туруктуу комиссиянын төрагасын угуу, АӨ иш-чаралар пландары жөнүндө АӨ башчысынын орун басарынын (муниципалдык ишкананын жетекчисинин) маалыматын угуу:
— жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча, — жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча; — көчө жарыктарынын абалы жөнүндө, — жергиликтүү бюджеттин каражаттары, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жарык орнотууга багытталган гранттар, инвестициялар, демөөрчүлүк жана башка каражаттар боюнча. Ишембилик өткөрүү, сугат жерлерин тазалоо, калктуу конуштарга көчөттөрдү отургузуу ж.б. графиктери менен таанышуу. |
АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары (МИ жетекчиси) | Айылдык кенештин (Айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясы) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары. | Айылдык кеңеш токтом кабыл алат |
7. | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу
|
Март | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу
— АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын, ТКЧ боюнча АӨ адисинин, МИ жетекчисинин), айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусу. Жергиликтүү бюджетте каражат болсо, каржылоо маселесин карап чыгуу. Таштандыны жыйноо, ташып кетүү үчүн тарифти карап чыгып, бекитүү. |
АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары, ТКЧ боюнча АӨ адиси, МИ жетекчиси), айыл башчы.
|
Айылдык кенештин (Айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясы) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт) | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга айылдык кеңештин сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
II квартал |
|||||||
8. | Коомдук тартипти сактоонун абалы
|
Апрель | Коомдук тартипти коргоо жана мыйзам бузууларды болтурбоо маселелери боюнча 20__-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:
— АӨ башчысын (АӨ башчысынын орун басарын), — Ички иштер бөлүмүнүн өкүлүн (участкалык милициянын- макулдашуу боюнча), — аксакалдар сотунун төрагасын, — укук бузуулар боюнча ЖӨБО комиссиясынын төрагасын; — бойго жете электердин иши боюнча комиссиянын төрагасын (макулдашуу боюнча), — Коомдук профилактикалык борбордун төрагасы (ОПЦ), — билим берүү мекемелеринин (мектептер, лицейлер, ПТУ, ЖОЖдор) жетекчилерин (макулдашуу боюнча); — Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын, ААнын аймагында тартип бузууларды болтурбоо тууралуу программалардын долбоорлорун карап чыгуу жана бекитүү. |
АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары)
ИИБ жетекчиси (участкалык милиция), тартип бузуулар боюнча комиссиянын төрагасы, айыл башчы, аксакалдар сотунун төрагасы, бойго жете электердин иши боюнча комиссиянын төрагасы, элдик кошуундун төрагасы ж.б. |
Айылдык кенештин (Мыйзамдуулук, этика, мандат, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу. | Маалыматты уккандан кийин айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат, коомдук тартипти коргоого жана укук бузууларды болтурбоого багытталган тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча сунуштар берилет.
|
9. | Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) | Апрель | 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча элди ичүүчү жана сугат суу, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматты угуу:
— АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары), — калкты ичүүчү менен камсыз кылуу, калктуу конуштун ичики ирригациясын, канализация системасынын жана тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишкананын жетекчисин; — айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы. Калктын сунуштарын эсепке алуу менен ичүүчү сууга, суугат сууга жана сууну тазалоо тарифти карап чыгуу жана бекитүү. Муниципалдык менчикте турган жана муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу менен жабдуу системасын жыл сайын оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат караштыруу. |
АӨ башчы (же АӨ башчысынын орун басары), муниципалдык ишкананын жетекчиси | Айылдык кенештин (Өнөр-жай курулуш, транспорт, байланыш инвестиция тартуу, энергетика боюнча туруктуу комиссиясы) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
10. | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу
|
Апрель | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча маалыматты угуу:
— АӨ башчысынын (же АӨ башчысынын орун басарынын), — билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин (макулдашуу боюнча); — айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасынын. Жергиликтүү бюджетте каражат болсо каржылоо маселесин карап чыгуу. Спорттун улуттук жана башка түрлөрүн, ошондой эле ААнын аймагында массалык спортту ишке ашыруу жана өнүктүрүү программаларын карап чыгуу жана бекитүү. Массалык жана спорттун башка түрлөрү боюнча иш-чараларды өткөрүү графигин карап чыгуу. |
АӨ башчы (же АӨ башчысынын орун басары), айыл башчы, билим берүү мекемелеринин жетекчилери(макулдашуу боюнча). | Айылдык кенештин (Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясы.) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
11. | 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу
|
Май | Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен, 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын кароо жана бекитүү | АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары, ФЭБ башчысы ж.б. | Айылдык кенештин (Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясы.) жооптуу туруктуу комиссия өзүнүн бардык корутундуларын жалпылаштырат жана айылдык кеңештин сессиясында бирдиктүү корутунду катары баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт) | Жарандардын, БӨУ, коомдук уюмдарынын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | 2025-жылга АСЭӨ жана калкты социалдык жактан коргоонун Программасын бекитүү жөнүндө АК токтому кабыл алынат, жарыяланат, күчүнө кирет, ЧУА Реестрине кошулат. |
12. | Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу, муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу | Май | Көрүстөндөрдүн иштешине жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүнө, муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:
— АӨ башчысынын (же АӨ башчысынын орун басарынын, МИ жетекчисинин) — Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун. Жергиликтүү бюджетте каражат болгондо каржылоо маселесин караштыруу. Бул маселелерди демөөрчүлөрдүн каражатынын, инвестициялардын, гранттардын ж.б. жардамы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу. |
АӨ башчы (же АӨ башчысынын орун басары, МИ жетекчиси)
|
Айылдык кенештин (Мыйзамдуулук, этика, мандат, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы.
жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат. |
13. | Айылдык кеңештин депутаттары өз округундагы шайлоочуларга отчет беришет, шайлоочулардын суроо талаптарын аткарышат | Май | Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардын Планын жана графигин карап, бекитүү.
АӨ башчысына, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине шайлоочулар менен жолугушууну графикке жана Иш-чаралар планына ылайык уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү үчүн жайларды бөлүп берүү, шайлоочуларга жолугушуу өтчү убактысы жана орду жөнүндө кабар берүү, ошондой эле депутатка шайлоо округунда отчет берүүгө көмөкчү болгон башка чараларды көрүү. Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуу. Шайлоочулардан түшкөн сунуштар, даттануулар жана арыздар боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу.
|
АӨ башчысы, этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы | Айылдык кенештин (Мыйзамдуулук, этика, мандат, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардына, АК сессияларына катышуусу. | Шайлоочулардан түшкөн сунуштарды, даттанууларды жана арыздарды эске алуу менен айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
|
14. | Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү тууралуу | Июнь | АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын, зарыл болсо МИ жетекчисинин, бизнес коомчулуктун, башка кызыкдар тараптардын), калктуу конуштун ичинде же калктуу конуштардын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык жактардын маалыматын угуу.
Жергиликтүү бюджетте финансы каражаты болгон учурда муниципалдык транспорттук ишкананы түзүү жана анын ишин уюштуруу маселесин караштыруу. Окуучуларды мектепке ташуу маселесин кароо, бул маселени демөөрчүлөрдүн, инвестициялардын, гранттардын жана башка каражаттардын жардамы менен чечүү. |
АӨ башчысы (транспорттук уюмдардын жетекчилери, коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык, физикалык жактар – макулдашуу боюнча). | Айылдык кенештин (Өнөр-жай курулуш, транспорт, байланыш инвестиция тартуу, энергетика боюнча туруктуу комиссиясы) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу.
|
АК токтом (тескеме) кабыл алат.
Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
III квартал
|
|||||||
15. | 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу
АӨ башчынын отчету
|
Июль | АӨ башчысынын айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, өнүгүү программасынын жана планынын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы) аткарылышы тууралуу 1-жарым жыл үчүн АӨ башчынын отчетун угуу. 1-жарым жыл үчүн АӨ башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. АКтын жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
|
АӨ башчысы | Айылдык кенештин (АК төрагасынын резолюциясы менен аныкталган) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу. | 2025-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн АӨ отчетун кабыл алуу, АК токтомун (тескемесин кабыл алуу), жарыялоо, күчүнө киргизүү, ЧУА Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
16. | Күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу | Июль | Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча маалымат угуу:
— АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары), — тийиштүү мекемелердин жетекчилери; — АК туруктуу комиссиясынын төрагасы. Жылытуучу материалдарды сатып алуу жана муну каржылоо маселесин кароо жана талкуулоо.
|
АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары), мекемелердин жетекчилери | Айылдык кенештин (Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясы) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу. | АК токтом (тескеме) кабыл алат.
Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
17. | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, клубдарын, музейлеринин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо | Июль | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, клубдарын, музейлеринин иши, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды (эстеликтерди) коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо боюнча маалыматты угуу:
— АӨ башчысын (АӨ башчысынын орун басарын, китепканачыларын, маданий кызматкерлерин, музей кызматкерлерин), — АК туруктуу комиссиясынын төрагасын. Бул жааттагы ишти жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана сунуштарды карап чыгуу, талкуулоо жана кабыл алуу. |
АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары) | Айылдык кенештин (Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясы.) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга, курултайларга АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
|
18. | Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу
|
Июль | АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын), жаштар комитетинин, төмөнкү маселелер боюнча комиссиясынын маалыматын угуу:
— элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, — бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу, — балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, — ААнын аймагында балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу; — балдар укугун бузуу учурларын аныктоо жана укугу бузулган балдарга юридикалык жардам берүү. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Социалдык маселелер боюнча комиссиянын Жобосун карап чыгуу жана бекитүү.
|
АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары, соц.жана жаштар маселелери боюнча адис), социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы, жаштар комитетинин төрагасы
|
Айылдык кенештин(Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясы.) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары
|
Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
19. | Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу | Август | Коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин долбоорун төмөнкүлөрдөн угуу:
— АӨ башчысынан (АӨ ФЭБ башчысынан), — АК туруктуу комиссиясынын төрагасынан, — башка кызыкдар адамдардан Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы), жергиликтүү жамааттын сунуштары менен пикирлерин эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча пикирлерин жана сунуштарын берет. Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча бюджеттин долбоорун жактырат же толук иштеп чыгууга жөнөтөт.
|
АӨ башчысы, ФЭБ башчысы
|
Айылдык кенештин (Бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу. | АК жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу токтом кабыл алат.
Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
IV квартал
|
|||||||
20. | Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелерин кароо | Октябрь | Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдерин сактоо, жер казынасы маселелери боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:
— АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын), — архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрүнүн (макулдашуу боюнча). АК туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда): — Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо — Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы; — Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын жобосу; — Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы. Калктуу конуштардын башкы планын түзүү, муниципалдык жерлерге күбөлөндүрүүчү документтерди (мамлекеттик күбөлүктөрдү) аныктоо жана алуу маселелерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо жана талкуулоо |
АӨ башчысы (башчынын орун басары), АӨгө караштуу жер комиссияларынын төрагалары, архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
|
Айылдык кенештин (Айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясы) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу.
|
Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
21. | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу
|
Октябрь | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча АӨ даярдаган иш-чаралар Планын карап чыгуу жана бекитүү.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар планын аткарылышы боюнча АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын) маалыматын угуу. Өзгөчө кырдаалдар үчүн жергиликтүү бюджетке каражатты караштыруу жана кошуу. |
АӨ башчысы (башчынын орун басары) | Айылдык кенештин (өзгөчө кырдаал маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
22. | Мамлекеттик буйрутманын жана ведомстволук окутуунун алкагында саясий муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызматкерлердин (АӨ башчы, АК төрагасы, депутаттар) квалификацияларын жогорулатуу тууралуу | Октябрь | КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 28-бересинин талаптарын аткаруунун алкагында төмөнкүлөрдү кароо жана бекитүү:
— АӨ тарабынан даярдалган саясий муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызматкерлерди (АӨ башчы, АК төрагасы, депутаттар) кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу боюнча окутуу Планын; — саясий муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызматкерлердин (АӨ башчы, АК төрагасы, депутаттар) ведомстволук окутуу Планын. АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарын) жогорудагы Пландарды аткаруусун угуу. Жергиликтүү бюджеттен окутуу Пландарына каражат бөлүү маселелрин кароо. |
АӨ башчысы (башчынын орун басары), билим берүү жана соц. маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы | Айылдык кенештин (Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясы.) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
23. | Мыйзамдын жана/же ЧУА негизинде мамлекеттик органдардан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды АӨнүн аткаруусу
|
Октябрь | Мыйзамдын жана/же ЧУА негизинде мамлекеттик органдар өткөрүп берген ыйгарым укуктарды кандай аткаргандыгы тууралуу АӨ башчысынын маалыматын угуу.
АКтын туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Зарыл болгон учурда, ыйгарым укуктарды материалдык-финансылык, методикалык жактан камсыз кылуунун шарттарын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү жөнүндө шарттарын карап чыгуу, мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды жана сунуштамаларды берүү.
|
АӨ башчысы (башчынын орун басары) | Айылдык кенештин(Мыйзамдуулук, этика, мандат, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы.
) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
24. | АКтын депутаттарынын, АӨ адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо
|
Ноябрь | АКтын жигердүү, көрүнүктүү депутаттарына, АӨнүн адистерине, ААнын жашоочуларына айылдык аймактын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн жылдын жыйынтыгы боюнча муниципалдык сыйлыктарды тапшыруу, аларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү маселелери боюнча АӨнүн башчысын (АӨнүн башчысынын орун басарын), АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. | АӨнүн башчысы (АӨнүн башчысынын орун басары), АК төрагасы (АК төрагасынын орун басарлары), туруктуу комиссиянын төрагалары. | Айылдык кенештин (Мыйзамдуулук, этика, мандат, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы.
) туруктуу комиссия өзүнүн корутундусу боюнча сессияда баяндама жасайт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары. | Сыйлоо тууралуу айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
25. | Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган долбоорун бекитүү. | Декабрь | Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун угуу:
— АӨ башчысын (АӨнүн ФЭБ башчысын), — АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасы, — башка кызыкдар адамдардын Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы)эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбооруна өзүнүн, жергиликтүү жамааттын пикирлерин жана сунуштарын киргизет.
|
АӨ башчысы, ФЭБ жетекчиси
|
Айылдык кенештин (Бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
|
Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
26. | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кийинки жылга иш планын бекитише
|
Декабрь | 20__-жылга иш планынын аткарылышы жана иштин жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын отчетторун угуу.
Айылдык кеңештин токтомдорунун, тескемелеринин аткарылышына анализ жасоо, аткарылган тапшырмаларды көзөмөлдөн алып салуу. АКтын төрагасынын орун басарынан АКтын туруктуу комиссияларынын иши жана жылдын аягында өз милдеттерин талаптагыдай аткаруусу жөнүндө маалыматын угуу. 20_жылга айылдык кеңештин иш планын талкуулоо жана бекитүү. 20__-жылга иш пландарынын долбоорлору боюнча АК туруктуу комиссияларынын төрагаларын угуу жана аларды бекитүү. |
АК төрагасынын орун басары,
АК туруктуу комиссиясынын төрагалары, АКтын жооптуу катчысы |
АКтын төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, АКтын жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча АК сессиясында баяндама жасашат.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
|
Туруктуу комиссиялардын отчетторун бекитүү жөнүндө АКтын токтомун (тескемесин), 20__-жылга АКтын иш Планын, 20__-жылга туруктуу комиссиялардын иш пландарын кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз III-сессиясынын
Т О К Т О М У
16-январь 2025-жыл № 9 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын ) кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бир жылдык кирешесин бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга кирешеси 27 510 700 (жыйырма жети миллион беш жүз он мин жети жүз) сомго бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы М.Икрамовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын тапшырылсын.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз III-сессиясынын
Т О К Т О М У
16-январь 2025-жыл № 10 Жийде айылы
“ Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын киреше боюнча бюджетин бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги “ Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын кирешеси боюнча маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.“ Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын кирешеси 2568,000 (эки миллион беш жүз алтымыш сегиз миң) сомго бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын тапшырылсын
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз III-сессиясынын
Т О К Т О М У
16-январь 2025-жыл № 11 Жийде айылы
“ Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги “ Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
- “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата 8- бөлүмдөн түзүлгөн иш планын жактырылсын жана алымча-кошумчасы менен бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке милдеттендирилсин.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин
VIII-чакырылышындагы кезексиз III-сессиясынын
2025-жылдын 16-январындагы №11 токтомуна
тиркеме
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы
№ | Иш пландын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучу | Эскертүү |
Таза-Суу | ||||
1 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу пайдалануучуларынын айылдар боюнча кожолук эсебин тактоо | Ар дайым | Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча салымдарды жыйнап көзөмөлдөөчү кызматкерлери | |
2 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу пайдалануучуларынын айылдар боюнча жыйналыштарын өткөрүп таза-сууну үнөмдүү пайдаланууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. | Ар дайым | Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча жетекчиси, салымдарды жыйнап көзөмөлдөөчү кызматкерлери | |
3 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу тартылган айылдардагы суу кампаларын, суу насоторун жана суу түтүкчөлөрүн көзөмөлдөп оңдо түзөп туруу | Ар дайым | Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча жетекчиси, атайын оңдоп түзөө иштерин жүгүзүүчү сантехник мастер кызматкерлери | |
4 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу тартылган айылдардагы суунун тазалыгын текшерип керектүү суу тазалоочу заттар менен тазалоо жүргүзүп туруу | Мезгил –мезгили менен | Муниципалдык икананын таза-суу боюнча жетекчиси, суу кампаларга жооптуу кызматкерлер | |
5 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу пайдалануучуларынын акысын график менен чогултуп төгүү | Ар дайым | Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча салымдарды жыйнап көзөмөлдөөчү кызматкерлери | |
Жайыттар | ||||
1 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулардын малдарынын эсебин тактоо | Февралдан Майга чейин | Жайыт адиси,мүчөлөрү менен | |
2 | Жайыт пайдалануучуларга жайыт билетин берүү,келишим түзүү | Март,апрель, май | Жайыт адиси | |
3 | Жайыт пайдалануучуларды сырткы жайытка жайгаштыруу | Апрель, Май | Жайыт адиси, мучолору менен | |
4 | Жайыттарга баруучу жолдорду ондоп түзөө | Майдан Августка чейин | Айыл башчы, Жайыт адиси мүчөлөрү менен
демилгелүү топ |
|
5 | Жакынкы жайыттарга мал жандыктар суу ичүүчү ноо куруу | Майдан,
Сентябрга чейин, |
Жайыт адиси, Ж П Б мүчөлөрү, демилгелүү топ | |
6 | Жайыт акысын график менен төгүү | Мартдан -Декабрга чейин | Жайыт адистерии | |
7 | Бардык жайыттарга мониторинг жүргүзүп туруу | Жыл ичинде | Муниципалдык ишкананын жетнкчиси, жайыт адистери, мүчөлөрү менен | |
8 | Ички жайыттарды ирээтке келтирүү жана тосмолоп алган участокторду бошотуу боюнча иш алып баруу | Жыл ичинде | Муниципалдык ишкананын жетнкчиси, жайыт адистери, мүчөлөрү менен |