7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү. Бул күндү утурлай, 5-апрелде Өзгөн районунун Куршаб айылында медицина кызматкерлери арасында спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул саамалык Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына да арналды.
Спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чаранын максаты сергек жашоо образын жайылтуу, кызматкерлер ортосундагы ынтымакты жана достукту бекемдөө болуп саналат.
_____________________
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы


