3-апрелден тарта Өзгөн районундагы окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA — 2025) негизги изилдөөсү өтүп жатат. Ага район аймактарынан 9 мектептин окуучулары катышууда. Алардын катарында А.Таңгатаров атындагы интернат-гимназиясынан 42 окуучу тест тапшырышты.
Акимдин орун басары Максатбек Ибраимов окуучулар менен жолугуп, билим аркылуу жаңы жетишкендиктерге жетип, креативдүүлүк менен аракеттенүүсүн, окууларына ийгиликтерди каалады. Катышуучуларга “Ыраазычыл кат” тапшырды. Бул PISA (Programme for International Student Assessment) – мектеп окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерин баалоочу эл аралык программа. 3 жылда бир өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, тестирлөөгө өлкөдөгү 197 жалпы билим берүү уюмунан 6700дөн ашуун окуучу катышат. Изилдөөнү өткөрүү үчүн Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 14 мобилдик топ түздү. 1-апрелде башталган өнөктүк 30-апрелде аяктайт.
_____________________
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы