Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 58 03-сентябрь. 2024-жыл.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө озгөртүү киргизүү жөнүндө
Мырза-Акеайылдык кенеши Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102 беренесине ылайык жана 2024-жылдын жылдын 12-январындагы № 9 Мыйзамынын 6- беренесинин 1-пунктуна таянып , АТР алкагында кызматкерлердин эмгек акысынан үнөмдөлгөн акча каражатынан мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизи үчүн Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Мырза-Аке айыл өкмөтү 2024-жылга бекитилген кеңеш бөлүмүнүн2215 беренесине каралган акча каражатынан 46,0 миң сом, Мектеп бөлүмүнүн 2222 беренесине 470 миң сом, 2224 беренесине 307,0 миң сом ,3112 беренесине 30,0 миң сом ,2221 беренесине жылдырылсын.
-Аппарат бөлүмүндөгү-2111 беренесиндеги 350,0 миң сом-2121 беренесине 1100,0 миң сом, 2211 беренесинен 100,0 миң сом, 2212 беренесинен 90,0 миң сом , 2214 беренесинен 160,0 миң сом ,2224 беренесинен 14,0 миң сом
-Бала бакчалар бөлүмүндө 2218 беренесинен 200,0 миң сом ,222 беренесинен 90,5 миң сом , 2224 беренесинен 95,5 миң сом, 3112 беренесинен 220 миң сом .
-ЖКХ бөлүмүндөгү 2221 беренесинен 130,7 мин сом , 2512 бернесинен 1200,0 миң сом, 3111 беренесинен 2922,0 миң сом ,ЖКХ тармагындагы 222 беренесине 43,0 миң сом ,3112 беренесине 125,0 миң сом ,2215 беренесине 6504,7 мин сом жылдырылсын .
- Киреше чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КРнын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ финансы ,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция”маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы . № 59 03-сентябрь. 2024-жыл.
Муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин” 18 беренесинин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Адыр айылынын генпланына ылайык суу заборунун түштүк тарабынан бош турган жеринен 0,07га жер тигүү цехин курууга муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева