
Баш-Дөбө айылдык кенешинин VIII-чакырылылыштын III-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ № 3/1
21.02.2025ж. Өзгөн шаары
Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын сунушу жөнүндө
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз III-сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап,
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын, салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушун жетекчилике алып; Финасы, экономика, бюджет, эконмикалык жактан өнүүгүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция; туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Баш-Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат.
1.Баш-Дөбө айыл аймагынын бюджетин колдоо максатында салык кодексинин 379 беренесине ылайык турак жай жана имараттары үчүн ставканы өлчөмү 1 чарчы метрне 10-сомдон кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага М. Тагайкулов

.
Баш-Дөбө айылдык кенешинин VIII-чакырылылыштын III-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ № 3/2
21.02.2025ж. Өзгөн шаары
“Баш-Дөбө” муниципалдык ишканасынын кызматтарынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата “Баш-Дөбө” мунииципалдык ишканасынын кызматтарынын тарифтерин бекитүү жөнүндө угуп, талкуулап жана айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынынсунушунун негизинде Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Агын суу Айгыр-Жол, Гузар, Газовой, Өзгөн участкаларындагы жерлердин Агын суу боюнча төлөө тарифи 0,01га жер үчүн 35 сомдон бекитилсин.
2. . Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага М. Тагайкулов

ТОКТОМ № 3/3
21.02.2025-жыл Өзгөн шаары
Райимжанов Шухратжон Арабидиновичтин арызы жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кош-Коргон айылынын тургуну Райимжанов Шухратжон Арабидиновичтин арызы боюнча, Кош-Коргон айылынын Р.Юлдашев көчөсүндө жайгашкан 0-06-02-1003-0034 сандуу инденфикациялык коду менен өзүнүн атына катталган турак жайында, азыктүүлүк дүкөнүн ачуугабайланыштуу керектелүүчү бөлүгүн коммерциялык багытка өзгөртүүгө туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде талкуулап, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнун бюджетин колдоо максатында Райимжанов Шухратжон Арабидиновичтин Кош-Коргон айылынын Р.Юлдашев көчөсүндө жайгашкан 0-06-02-1003-0034 сандуу инденфикациялык коду менен өзүнүн атына катталган турак жайынын багыты азыктүүлүк дүкөнүн ачуу үчүн коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, агрардык, маселелер мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М.Тагайкулов

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынынIII-кезексиз сессиясы.
ТОКТОМ № 3/4
21.02.2025-жыл Өзгөн шаары
Мамитова Маблюдахандын арызы жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кош-Коргон айылынын тургуну Мамитова Маблюдахандын 15.01.2025-жылды жазылган арызы менен танышканда 5-06-02-1003-0164 сандуу индентификациялык коду менен өзүнүн наамына катталган турак жайына азыктүлүк дүкөнүн ачып жаткандыгына байланыштуу, керектелүүчү азыктүүлүктөр жеткиликтүү болуп, элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталгандыгына байланыштуу, керектелүүчү бөлүгүн коммерциялык багытка озгөртүүгө туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде талкуулап, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнун бюджетин колдоо максатында Мамитова Маблюдахандын Кош-Коргон айылында жайгашкан 5-06-02-1003-0164 сандуу индентификациялык коду менен өзүнүн атына катталган турак жайынын багыты азык—түүлүк дүкөнүн ачуу үчүн коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баш-Дөбө айылдык кеңешинин жер, агрардык, маселелер жанамыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М.Тагайкулов

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынынIII-кезексиз сессиясы.
ТОКТОМ № 3/5
21.02.2025-жыл Өзгөн шаары
Шавкатбек уулу Исламбектин арызы жөнүндө
Өзгөн шаарынын Шавкатбек уулу Исламбектин Баш-Дөбө айылдык кеңешине 15.01.2025-жылы жазган Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 12.12.2024-жылдагы № 01-537 сандуу жана Ош электр тармактары ишканасынын 23.05.2024 №28/821 сандуу билдирүүүсүн карап Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн №938 садуу контурундагы турак жай салуу үчүн берилген жер тилкелеринин арасындагы “Датка-Кемин” аба чубалгысы өткөн башка план боюнча коргоо зонасындагы 10900 квм жер аянтын айыл өкмөтүнүн бюджетин көттөрүү максатында, мыйзамдардын талабын сактоо менен көрктөндүрүүгө жогорудагы атуулдарга келишим түзүү жолу менен келишимгеберүүгө,туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн №938 сандуу контурундагы турак жай салуу үчүн берилген жер тилкелеринин арасындагы “Датка_Кемин” аба чубалгысы өткөн башкы план боюнча коргоо зонасындагы 10900 кмв жер аянтын Шавкатбек уулу Исламбекке бийиктиги 5(беш) метрден ашраган бак-дарак отургузуп, көрктөндүрүүгөт берүүгө, айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, агрардык, маселелер мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М.Тагайкулов

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынынIII-кезексиз сессиясы.
ТОКТОМ № 3/6
21.02.2025-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жер тилкесин аукционго коюу жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Дарыя участкасындагы айыл чарба багытындагы 0,43га жер тилкесинин мурдагы ижара мөөнөтү бүткөндүгүнөбайланыштуу “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын 21.02.2020-жылындагы 30-01-09 санындагыкатында аталган жер тилкеси Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүнкелишими менен көрсөтүлгөндүктөн жана айылдык кеңештин жер,агрардык маселери жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын кароосу негизинде, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Дарыя участкасындагы айыл чарба багытындагы 0,43га жер аянтынын мурдагы ижара мөөнөтү бүткөндүктөн, аукционго кайрадан коюлсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, агрардык, маселелер мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М. Тагайкулов

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын III-кезексиз сессиясы.
ТОКТОМ № 3/7
27.03.2025-жыл Өзгөн шаары
Абдырахманов Хасанбайдын арызы жөнүндө
Өзгөн шаарынын тургуну Абдырахманов Хасанбайдын Баш-Дөбө айылдык кеңешине 15.01.2025-жыдагы жазган арызын карап, Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 12.12.2024-жылдагы№01-537 сандуу жана Ош электр тармактары ишканасынын 23.05.2024 №28/821 сандуу билдирүүсүн карап Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн №938 сандуу контурундагы турак жай салуу үчүн берилген жер тилкелеринин арасындагы “Датка-Кемин” аба чубалгысы өткөн башкы план боюнча коргоо зонасындагы 10900квм жер тилкесин айыл өкмөтүнүн бюджетин көттөрүү максатында, мыйзамдардын талабын сактоо менен көрктөндүрүүгө жогорудагы атуулга келишим түзүү жолу мененкелишимге берүүгө, айылдык кеңештин жер, агрардык,туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн №938 сандуу контурундагы турак жай салуу үчүн берилген жер тилкелеринин арасындагы “Датка-Кемин” аба чубалгысы өткөн башкы план боюнча коргоо зонасындагы 10900 квм жер тилкесин Абдырахманов Хасанбайга бийиктиги 5(беш) метрден ашпаган бак-дарак отургузуп, көрктөндүрүүгө берүүгө айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер,агрардык,маселелер мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
ТөрагаМ.Тагайкулов