Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Максатбек Ибраимов, Өзгөн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте Мырза-Аке айыл аймагындагы Кандава жана Алтын-Булак айылдарында жайгашкан кооптуу аймактарда жашаган тургундар менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кооптуу деп табылган аймактардан коопсуз жерлерге жер тилкеси берилгенине карабастан, айрым тургундар мурдагы кооптуу жайларда жашоосун улантып жатканы белгиленди. Бул жарандарга коопсуз жерге көчүп чыгуу үчүн бир айлык мөөнөт берилди. Мөөнөт ичинде тургундар кооптуу аймактагы үйлөрүн өз ыктыяры менен бузуп, жаңы жерге көчүп кетүүсү зарыл экени эскертилди.
Мындан тышкары, жарандар жыйын учурунда кооптуу деп табылган аймактарды кайрадан текшерүү жана жаңыртылган корутунду чыгаруу зарылдыгын көтөрүштү. Бул сунушту эске алып, айыл өкмөтүнүн башчысына Кыргызгипрозем (ГИИЗ) мекемесине кайрылып, тиешелүү корутунду алып келүү тапшырмасы берилди.