28-май күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл аймагынын Төөлөс айылында заманбап, 50 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди.
Салтанаттуу ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев катышып, жергиликтүү тургундарды бакчанын ачылышы менен куттукташты.
Эки кабаттуу балдар бакчасынын имараты бардык талапка ылайыктап курулуп, балдарга керектүү шарттар менен жабдылган.
Белгилей кетсек, балдар бакчасынын курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган жана бүгүнкү күндө толугу менен аяктап, пайдаланууга даяр. Имараттын жалпы тендердик баасы 26 миллион 980 миң 210 сомду түзөт.
Бул мектепке чейинки билим берүү мекемеси аймактагы тургундардын бакчага болгон муктаждыгын азайтууга жана балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.