|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы |
ТОКТОМ
15-апрель 2025-жыл. № 37 Эски-Покровка айылы.
2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомунун 13-пунктуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомунун 13-пунктуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 16 651,8 (он алты миллион алты жүз элүү бир миң сегиз жүз) сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 4 995,5 (төрт миллион тогуз жүз токсон беш миң беш жүз) сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго)жуктөлсүн.
ТөрагаК. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы |
ТОКТОМ
15-апрель 2025-жыл. № 38 Эски-Покровка айылы.
Муниципиалдык менчике алуу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Бостон каналынын 7,70 га (4,5-чакырым) жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдыкменчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бостон каналынын 7,70 га (4,5-чакырым) жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага К. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
|
ТОКТОМ
15-апрель 2025-жыл. № 39 Эски-Покровка айылы
Кызыл-Сеңир айылындагы бала бакчага кетүүчү жолго асьфалт
төшөөгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кызыл-Сеңир айылындагы бала бакчага (социалдык обьектиге) кетүүчү 290-метр жолго асьфалт төшөөгө Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир айылындагы бала бакчага (социалдык обьектиге) кетүүчү 290-метр жолго асьфалт төшөөгө Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан каржылоого макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго)жуктөлсүн.
ТөрагаК. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
|
ТОКТОМ
15-апрель 2025-жыл. № 40 Эски-Покровка айылы.
Укук бузуулар комиссиясынын жобосун жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 токтомуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө Жобосун” жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн комиссиясын курамын бекитүү боюнча маселесин карап талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү Жобосу” тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы төмөндөгү курамда түзүлсүн.
-Полотов Мунарбек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы- комиссиянын төрагасы
-Гапарали уулу Бексултан айылдык кеңештин депутаты –комиссиянын мүчөсү;
-Мелис уулу Дастан айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис- комиссиянын мүчөсү;
-Насиев Эрмамат айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы- комиссиянын мүчөсү;
-Сулайманова Нургүл айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы- комиссиянын мүчөсү;
-Бекиев Абдылда айыл өкмөтүнүн айыл чарба, жер жана турак жай боюнча башкы адис- комиссиянын мүчөсү;
-Шадманов Акжол айылдык кеңештин депутаты –комиссиянын мүчөсү;
-Нурпазыл уулу Төрөмырза айылдык кеңештин депутаты –комиссиянын мүчөсү;
-Төрөев Толкунбек айылдык кеңештин депутаты –комиссиянын мүчөсү;
3.Комиссиянын курамына айыл аймактын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын Жобосуна ылайык иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
4.Бекитилген Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү Жобосуна” ылайык бул токтомдун аткарылышын айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбеков камсыз кылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Г. Токтомуратовага жүктөлсүн.
ТөрагаК. С. Мусаев
Тиркеме:
Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган Кызыл-Октябрь айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн комиссиясы жөнүндө
Мазмууну
I. Жалпы жоболор
II. Комиссияны түзүүнүн жана ишин токтотуунун тартиби
III. Комиссия мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
IV. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары
V. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн тартиби
VI. Укук бузууларды процесстик тариздөө
VII.Укук бузуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыздоонун чаралары
VIII. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо
IX. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануунун тартиби
X. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби
XI. Кошумча укуктук кесепеттерди аткаруунун тартиби
XII. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
XIII. Корутунду жоболор
I.Жалпы жоболор
1.Жалпы жоболор, Комиссиянын негизги милдеттери жана ишинин принциптери
1.1.Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн комиссиясы жөнүндө Жобо (мындан ары — Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары — Кодекс), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы N 35 токтомуна ылайык бекитилген “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө Типтүү жобого” ылайык, укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн комиссиясын (мындан ары — Комиссия) түзүүнүн жана ишинин бирдиктүү тартибин аныктайт.
1.2.Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1.3.Комиссиянлардын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдындагы теңдиктин, күнөөсүздүктүн презумпациясынын, бузуу үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз боло тургандыгын, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн жана гуманизмдин принциптерине негизделет.
1.4.Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы N 35 токтомуна ылайык бекитилген “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө Типтүү жобосун, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
II.Комиссиянын түзүүнүн жана анын ишин токтотуунун тартиби
2. Комиссияны түзүүнүн тартиби
2.1. Комиссия Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн туруктуу иштөөчү коллегиалдуу органы болуп саналат.
2.2.Комиссия Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кенештин чечими менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан түзүлөт.
2.3.Комиссиянын курамы 9 адамдан түзүлөт, анын курамына Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү, катчысы кирет.
2.4. Төмөнкү адам Комиссиянын мүчөсү боло албайт:
—ага карата кылмыш-жаза куугунтуктоосу (кылмыш-жаза иши) реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган;
—ден соолугунун абалы медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган.
3.Комиссиянын, комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана алардын ишмердүүлүгүнүн токтотулушу
3.1.Комиссиянын ыйгарым укуктары Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеш тарабынан Комиссияны түзүү жөнүндө токтому күчүнө кирген күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
3.2.Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өзыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеш тарабынан токтотулушу мүмкүн..
3.3.Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеш тарабынан түзүлөт.
3.4.Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеш тарабынан төмөнкү учурларда токтотулат:
—Комиссиянын мүчөсү — кызматчы өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
—Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
—соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же каза болду деп таанылганда;
-Комиссиянын мүчөсүнүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылган ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундусу болгондо;
-Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасын бузган жосун жасаганда;
— Комиссиянын мүчөсү каза болгондо;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алганда;
-мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;
-Комиссиянын мүчөсү болуп саналган кызматчы бошотулганда, ротацияланганда (которуу же ордунан жылдыруу).
3.5.Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңештарабынан бекитилет.
III. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
4.1.Комиссиянын мүчөлөрү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо бирдей укуктарга ээ.
4.2. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Комиссия тарабынан каралып жаткан укук бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга;
-укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча далилдерди изилдөөгө жана баалоого катышууга;
-Комиссиянын чечимдерин чыгарууда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин жоболорун сактоого;
— укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколуна кол коюуга.
4.3. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
-укук бузуулар жөнүндө ишти кароого катышкан адамдарга суроолорду берүүгө;
-укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган жана чыгарылган чечимдер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
—ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
4.4.Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адамдар аткарат.
5.Комиссиянын төрагасынын жана катчысынын укуктары жана милдеттери
5.1.Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Комиссиянын ишин пландоого, уюштурууга жана жетектөөнү жүзөгө ашырууга;
— Комиссиянын жыйналыштарына төрагалык кылууга;
— Комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибин бекитүүгө;
-Комиссия чыгарган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна, ошондой эле Комиссиянын ишине тиешелүү башка документтерге кол коюуга;
— Комиссиянын ишине контролду жүзөгө ашырууга.
5.2. Комиссиянын төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:
— өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан (ишеним катсыз) иш алып барууга жана мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен өз ара аракеттенип анын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырууга;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
5.3.Комиссиянын төрагасы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.
5.4. Комиссиянын катчысы:
— укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын жыйналышында кароого даярдоону уюштурат;
— өз ишин Комиссиянын төрагасынын жетекчилиги алдында жүзөгө ашырат;
— Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
— Комиссия тарабынан чыгарылуучу жана кабыл алынуучу укук бузуулар жөнүндө протоколдорду, токтомдорду жана аныктамаларды даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
—Комиссиянын мүчөлөрүн жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарды иштерди кароонун убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
— Комиссиянын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун протоколун жүргүзөт жана ага кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын көчүрмөлөрүн белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү жактарга берүүнү же жөнөтүүнү камсыз кылат;
-Кодекстин 55-беренесине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссия тарабынан кароонун натыйжалары жөнүндө тийиштүү маалыматтарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизет;
— Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана алардын сакталышын камсыз кылат;
-Комиссиянын ишине байланышкан статистикалык отчеттуулукту жана маалыматтык-маалымдама иштерин жүргүзөт;
— башка милдеттерди ушул Жобого жана Кодекске ылайык аткарат.
5.5.Комиссиянын катчысы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.
IV. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары
6. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары
6.1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) укук бузууну жасагандыгы үчүн тартылып жаткан адам;
2) укук бузуу менен зыян келтирилген жабыр тартуучу адам;
3) күбө;
4) эксперт;
5) адис;
6) котормочу;
7) мыйзамдуу өкүл;
8) жактоочу, өкүл, адвокат.
6.2. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу жеке адам укук бузуу жөнүндө ишти кароодо жеке өзү катышат, ал эми юридикалык жак — өкүл аркылуу катышат .
6.3. Эгерде укук бузуучу укук бузуу жөнүндө ишти кароо жери жана убакыты жөнүндө талапка ылайык билдирилгендигине карабастан, эки же андан көп жолу келбесе укук бузуу жөнүндө иш укук бузуу үчүн жоопко тартылып жаткан жактын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусуз каралышы мүмкүн.
6.4. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жак төмөнкүлөргө укуктуу:
1) укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн тартиби, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу жөнүндө Комиссиядан түшүндүрмөлөрдү алууга;
2) укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун датасы, убактысы жана орду тууралуу маалымат алууга;
3) укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо өзү (эгерде жеке жак болсо) же өкүлү (эгерде юридикалык жак болсо) аркылуу катышууга;
4) белгиленген тартипте укук бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга, маалыматтарды жазып алууга, документтерден көчүрмөлөрдү чыгарууга, жол-жобо аракеттери жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды алууга;
5) далилдерди же көрсөтмөлөрдү жазуу, оозеки же башка түрдө берүүгө;
6) укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо башка катышуучулардын түшүндүрмөлөрүнө, жүйөлөрүнө жана өтүнмөлөрүнө каршы пикирин билдирүүгө;
7) Комиссиянын мүчөсүнө четтетүү жөнүндө билдирүүгө;
8) укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо башка катышуучуларды тартуу тууралуу өтүнүч кылууга;
9) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алууга;
10) документтерди же маалыматтарды талап кылууга;
11) өзүнүн эсебинен экспертизаны даярдоо жөнүндө өтүнүч кылууга;
12) ишти кароонун мөөнөттөрүн токтотуу же кайра жандандыруу, ошондой эле узартуу жөнүндө өтүнүч кылууга;
13) котормочунун, адвокаттын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;
14) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча чечим менен таанышууга, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдун нускасын алууга;
15) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу берүүгө.
Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш учурунда, мыйзам менен каралган башка укуктарды да ишке ашырат.
6.5.Укук бузууларды жасагандыгы үчүн тартылып жаткан жак төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Комиссияга өзүнүн ким экендигин тастыктоого жана өзүнүн жашаган жери жөнүндө маалымат берүүгө;
2) Комиссияга өз убагында өзүнүн байланыш маалыматтарынын жана жашаган жеринин өзгөрүлгөндүгү тууралуу кабарлоого;
3) себебин көрсөтүү менен Комиссияга анын чакыруусу боюнча келе албай тургандыгы жөнүндө өз учурунда билдирүүгө.
6.6. Мыйзамдуу өкүлдүн, жактоочунун, адвокаттын, жабыр тартуучунун, күбөнүн, эксперттин, адистин жана котормочунун укуктары жана милдеттери Кодекстин 499-505-беренелери менен жөнгө салынат.
6.7.Комиссиянын мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу кызмат адамдары өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда гана Кодекс менен каралган жаза чараларды бере алышат.
V. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүү тартиби
7. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүшту ачуу
7.1.Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга төмөнкүлөр жүйө болуп саналат:
1) ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан укук бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын түздөн-түз табылышы;
2) укук коргоо же башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, укук бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн маалыматтар камтылган материалдардын келип түшүүсү;
3) жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле маалыматтын башка булактарындагы билдүрүлөр (анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте), анын ичинде укук бузуу жагдайынын болушун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган видео же фото материалдар.
7.2.Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш кагаз жана (же) электрондук формада Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумун (АМТ) жана электрондук колтамгасын (ЭК) колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
7.3. Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) Комиссиянын Катчысы кабыл алынган чечимдер жана материалдын жылышы тууралуу маалыматтырды киргизет.
8.Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү
8.1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш аны аяктоого тоскоол болгон төмөнкү негиздердин бири болгон учурда Комиссия тарабынан токтотулат:
1) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жеке жактын турган жери аныкталбаганда;
2) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жеке жактын психикалык же башка оор оорулар менен ооругандыгы;
3)укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жак аныкталбаганда;
4) укук бузуу жөнүндө өндүрүшкө катышууга бөгөт болгон юридикалык жактын кайра уюштурулушу;
5) укук бузуу жөнүндө ишти кароонун алкагында дайындалган экспертизанын корутундусу даяр болбогондо.
8.2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө Комиссия токтом чыгарат.
8.3. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотууга чейин Комиссия укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон адам жок учурда жүргүзүлүшү мүмкүн болгон бардык процесстик аракеттерди аткарууга милдеттүү.
8.4.Иш боюнча өндүрүш токтотулгандан кийин Комиссия укук бузууларды жасаган жакты табуу жана аныктоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
8.5.Укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу маалыматтар Комиссиянын катчысы тарабынан Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.
9.Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтотулган өндүрүштү кайра жандандыруу
9.1.Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтотулган өндүрүш токтотуу үчүн негиздер жараксыз болгондон кийин Комиссиянын токтому менен кайра жандандырылат.
9.2.Иш боюнча өндүрүштү кайра жандандыруу жөнүндө укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адамга же анын мыйзамдуу өкүлүнө кабарланат.
9.3. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жандандыруу жөнүндө маалыматтар Комиссиянын катчысы тарабынан Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.
10.Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар
10.1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш төмөнкүдөй жагдайлар болгон учурда башталышы мүмкүн эмес, ал эми башталган иш Комиссия тарабынан кыскартылууга тийиш:
1) адамдын жосунунда укук бузуулар курамынын жок экендигин аныктаган чечимдин мыйзамдуу күчүнө кириши;
2) адамдын күнөөсүн жана ушул Кодекстин 22—26-беренелеринде каралган жосундун укукка каршы экендигин жокко чыгарган жагдайлар болгондо (зарыл болгон коргонуу, аргасыз зарылдык, укукка каршы аракеттирди жасагаг адамды кармоо учурунда зыян келтирүү, күч колдонуу же психикалык мажбурлоо, кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамдуу чечимин аткаруу).
3) адам жаза чара жана туум түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди колдонуудан бошотуу төмөнкү учурларда колдонулат:
•жаза чарасын колдонуунун эскирүү мөөнөтү аяктаганда;
•укук бузуу жасаган жеке жак каза болгондо;
•укук бузуу жасаган юридикалык жак мыйзамда каралаган учурларда жоюлганда;
•жеке жак укук бузуу жасалгандан кийин өз аракетин (аракетсиздигин) аңдап билүү жана өзүн-өзү башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуучу психикалык оору менен ооруп калганда4) укук бузуу жагдайынын жана курамынын жоктугу;
5) укук бузуу жасалган учурда адамдын он алты жаш куракка жете электиги;
6) жасалган жосун үчүн жоопкерчиликти жокко чыгарган жана ошол эле жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилеген мыйзамдын жоболору бир убакта күчүнө кирген учурду кошпогондо, укук бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген актынын жокко чыгарылышы;
7) укук бузуулар жөнүндө иш каралган учурга карата ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган эскирүү мөөнөттөрүнүн бүтүшү;
8) укукка каршы аракет же аракетсиздик жасаган адамдын акыл-эси жайында болбогондо;
9) жоопкерчиликке тартылган адамга карата ошол эле факты боюнча соттун же ыйгарым укуктуу органдын жаза чара көрүү жөнүндө токтомунун, же болбосо укук бузуу жөнүндө ишти кыскартуу тууралуу жокко чыгарылбаган токтомунун болушу;
10) иш боюнча өндүрүш башталган жана жүргүзүлүп жаткан адам каза болгондо;
11) укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан юридикалык жактын жоюлушу жөнүндө жазуу юридикалык жактардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине соттун чечиминин негизинде киргизилгенде;
12) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган конкреттүү жеке адамга карата ошол эле факт боюнча кылмыш ишинин болушу.
11. Далилдер
11.1. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча далил болуп бардык иш жүзүндөгү маалыматтар саналат, Комиссия алардын негизинде өндүрүшүндөгү иш боюнча,, ошондой эле укук бузуу жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы Кодексте белгиленген тартипте укук бузуунун жагдайлары бар же жок экендигин, укук бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын күнөөсүн жана укук бузуу жөнүндө ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон башка жагдайларды аныктайт.
11.2. Бул маалыматтар кагаз түрүндө же электрондук формада түзүлгөн укук бузуулар жөнүндө протокол, кагаз түрүндө же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада чыгарылган токтом, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдардын, жабыр тартуучулардын, күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү, адистердин түшүндүрмөлөрү, экспертизалардын корутундулары, башка документтер, буюм далилдери менен аныкталат.
11.3. Укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароодо далил катары сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана приборлордун маалыматтары, ошондой эле фото жана видео жазуусу бар техникалык каражаттар (видеокамераларда, видеорегистратордо, мобилдүү жабдуулар менен приборлордун видеокамераларында) менен түшүрүлгөн маалыматтар далил катары каралышы мүмкүн.
12. Буюм далилдери
12.1.Укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган буюмдар, документтер, акчалар, баалуулуктар жана транспорт каражаттары, өзүндө укук бузуулардын изи түшкөн башка предметтер же укук бузууларды таап билүүнүн жана аларды жасаган жакты табуунун каражаты болуп эсептелүүчү, ошондой эле иштин чыныгы жагдайларын белгилөөчү каражат болуп кызмат кылышы мүмкүн болгон предметтер укук бузуулар жөнүндө иш боюнча буюм далилдери катары эсептелет.
12.2. Буюм далилдеринин белгилери болгон предметтерге ээлик кылган бардык жактар мындай предметти Комиссияга, ыйгарым укуктуу кызмат адамына көрсөтүүгө милдеттүү.
12.3. Буюм далилдери укук бузуулар жөнүндө ишке тиркелет. Алар укук бузуулар жөнүндө протоколдордо же башка протоколдордо толугу менен баяндалууга тийиш. Зарылчылыкка жараша буюм далилдери сүрөткө тартылып же башка техникалык каражаттардын жардамы менен белгиленип жана мөөр чапталып бекитилүүгө тийиш.
12.4. Укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган Комиссия, ыйгарым укуктуу кызмат адамы иш биротоло чечилгенге чейин буюм далилдеринин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
12.5. Буюм далилдерин сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү — Кодекс менен, ал эми аны менен жөнгө салынбаган бөлүгү башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
12.6. Эгерде өзүнүн чоңдугунан же башка себептерден улам буюм далилдерин ишке тиркөөгө мүмкүн болбосо, бул иш өндүрүшүндө турган Комиссия, ыйгарым укуктуу кызмат адамы алар турган жер тууралуу белги коёт, ошондой эле сүрөткө тартат, алардын натыйжалары ишке тиркелет.
12.7. Андан аркы өндүрүш же кароо үчүн ишти башка мамлекеттик органга же сотко өткөрүп бергенде буюм далилдери иш менен кошо жөнөтүлөт.
12.8. Комиссия, ыйгарым укуктуу кызмат адамы иштин бардык шарттарын жалпылап туруп ар тараптан, толук жана объективдүү жана аны жалпылап иликтөөнүн негизинде, өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдерге баа берет. Эч кандай далилдер алдын ала белгиленген юридикалык күчкө ээ боло албайт.
13. Материалдарды прокурорго, тергөө органына берүү
13.1.Эгерде укук бузуулар жөнүндө иш каралган учурда сот же ыйгарым укуктуу орган укук бузууларда кылмыштын белгилери камтылганын аныктаса, ал материалдарды тийиштүүлүгү боюнча прокурорго же болбосо тергөө органына жөнөтөт, бул тууралуу маалымат Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.
VI. Укук бузууларды процессуалдык жол-жоболоштуруу
14. Укук бузуулар жөнүндө протоколдун мазмуну
14.1.Укук бузуулар жасалганда прокурор же ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук бузуу жөнүндө кагаз түрүндөгү же кызмат адамынын электрондук кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада протокол түзүлөт.
14.2. Укук бузуулар жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) аны түзүүнүн күнү, убактысы жана орду;
2) протоколду түзгөн адамдын кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты;
3) укук бузууларды жасагандыгы үчүн ишке тартылып жаткан адам жөнүндө маалымат;
4) укук бузуулар жасалган орду, күнү, убактысы жана аны жасагандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайлар;
5) Кодекстин укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти караган беренеси;
6) күбөлөр жана жабыр тарткандар бар болсо, алар жөнүндө маалыматтар;
7) укук бузууларды жасагандыгы үчүн тартылган адамдын түшүндүрмөсү;
8) укук бузуулар жөнүндө ишти чечүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.
14.3. Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзөөрдөн мурда ыйгарым укуктуу кызмат адамы укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган адамга анын төмөнкү укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү:
1) өкүлдүн жардамынан пайдаланууга;
2) түшүндүрмө берүү же түшүндүрмө берүүдөн жана суроолорго жооп берүүдөн баш тартууга;
3) ыйгарым укуктуу органдын чечимине сотко даттанууга.
14.4. Протоколго аны түзгөн адам жана укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам кол коёт. Күбөлөр жана жабыр тарткандар болгон учурда протоколго ошол адамдар да кол коёт.
14.5. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам протоколго кол коюудан баш тарткан учурда протоколго бул жөнүндө жазуу жазылат.
14.6. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам протоколдун мазмуну боюнча түшүндүрмөлөрүн жана сын пикирлерин тиркөөгө, ошондой эле ага кол коюудан өзүнүн баш тартуусунун жүйөсүн баяндоого укуктуу.
14.7. Протокол эки нускада түзүлөт, анын бири укук бузуулар жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жакка кол койдуруу менен тапшырылат.
15. Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү жапа укук бузуулар жасалган жерде аны кароо
15.1. Укук бузуулар жөнүндө иш ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан укук бузуулар жасалган жерде каралат жана чечилет, эгерде:
1) Кодекстин 519-беренесинде каралган жагдайлар жок болсо;
2) укук бузуу сот тарабынан каралууга тийиш болбосо;
3) жаза чарасы катары эскертүү колдонулса. Мындай учурда жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечими протоколдо жол-жоболоштурулат, анын көчүрмөсү укук бузуучуга жеринде тапшырылат.
4) адам укук бузууларды жасагандыгы тууралуу фактыны жана ага ушул жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса.
15.2. Эгерде адам укук бузуулар фактысын же жаза чарасын же ыйгарым укуктуу кызмат адамы колдоно турган кошумча укуктук кесепеттерин талашып-тартышса, анда укук бузууларды кароо Кодексте каралган жалпы тартипте ишке ашырылат. Мындай учурда укук бузуулар болгон жерде түзүлгөн протокол Кодекске жана ушул Жобого ылайык жаза чарасын берүү үчүн Комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.
15.3. Эгерде жак укук бузуулар жасалгандыгынын фактысын, ага карата жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса, анда укук бузуу жасалган жерде (Кодекстин 539-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөргө ылайык) токтом чыгарылат, ага протоколду түзгөн адам кол коёт, мында көрсөтүлгөн токтом укук бузуучуга анын көчүрмөсү тапшырылган учурдан тартып күчүнө кирет.
16. Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүнүн өзгөчө учурлары
16.1. Жагымсыз аба-ырайынын шарттарында же протоколду түзүү үчүн зарыл болгон адам жөнүндө маалыматты тактоо үчүн техникалык каражаттарды пайдаланган учурда ыйгарым укуктуу кызмат адамы бул үчүн жарактуу болгон жакынкы жайларда же транспорт каражатында протокол түзүүгө укугу бар.
16.2.Эгерде адамда ким экендигин тастыктаган документ жок болсо жана мындай учурда ал өзүнүн ким экенин ырастаган жана өзү жашаган жер жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартса, анда ыйгарым укуктуу кызмат адамы укук бузуулар жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жайына алып барууга укуктуу. Мындай учурларда протоколду түзүүнүн мөөнөтү үч сааттан ашык болбоого тийиш.
16.3.Алып келингендиги жөнүндө укук бузуулар тууралуу протоколго тийиштүү жазуу жазылат. Мындай учурда ЖӨБнун аткаруу органынын жайына алып келүүнүн башталышынын жана бүтүшүнүн так убактысы көрсөтүлөт. ЖӨБнун аткаруу органынын жайына чейин алып келүү (ташуу) убактысы үч сааттан ашпоого тийиш.
16.4.Адамдын талабы боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамы ага алып келинген убакытты жана протоколду түзүүнү тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү.
16.5. Ушул 16-пункттун 16.2 жана 16.3-пунктчаларда көрсөтүлгөн мөөнөт адам талаптарды аткаруунун натыйжасында ыйгарым укуктуу кызмат адамы менен же тийиштүү жайда (транспорт каражатында) калган учурдан башталат.
16.6.Адам суроолорго түшүндүрмөлөрдү берүүдөн баш тарткан учурда, ыйгарым укуктуу кызмат адамы протокол түзүү үчүн зарыл болгон адам жөнүндө маалыматтарды өз алдынча аныктоого милдеттүү.
16.7. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы протоколду түзүүнүн ар бир учурун Кодекстин 55-беренесине ылайык Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизет.
17. Укук бузуу жөнүндө протоколду жөнөтүү
17.1.Укук бузуулар жөнүндө протокол укук бузуулар жөнүндө ишти караган Комиссияга протокол түзүлгөнучурдан тартып бир сутканын ичинде жөнөтүлөт.
17.2. Укук бузуулар жөнүндө протокол туура эмес түзүлгөндө жана иштин башка материалдары туура эмес жол-жоболоштурулганда укук бузуулар жөнүндө ишти караган Комиссиядан алган күндөн тартып үч суткадан ашык эмес мөөнөттө протоколдун жана башка материалдардын кемчиликтери жоюлат.
17.3.Укук бузуулар жөнүндө протокол жана иштин башка материалдары кайтарылганда протоколдун жана иштин башка материалдарынын кемчиликтери жоюлган күндөн тартып үч сутканын ичинде укук бузуулар жөнүндө ишти караган Комиссяга кайрадан жөнөтүлөт.
VII.Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн
мыйзамдуулугун камсыз кылуу чаралары
18.Комиссия жана ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан колдонулуучу укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу чараларынын түрлөрү
18.1.Укук бузуулар жасалган жерде протоколду түзүү мүмкүн болбогондо, укук бузууга бөгөт коюу, аны бузду деп шектелгендин өздүгүн аныктоо, укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү, ишти өз убагында жана туура кароону камсыз кылуу жана иш боюнча кабыл алынган токтомду аткаруу максатында Комиссия, ыйгарым укуктуу кызмат адамы өз ыйгарым укуктарынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун төмөнкү чараларын көрүүгө укуктуу:
19.Укук бузуучуну укук бузуу жөнүндө протокол түзүү жерине алып келүү
19.1.Укук бузуучуну укук бузуу жөнүндө протокол түзүү жерине алып келүү — эгерде протокол түзүү милдеттүү болуп саналса, аны жеринде түзүү мүмкүн болбогондо укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү максатында адамды мажбурлап коштоп келүү.
19.2.Алып келүү мыйзамдарды сактоону көзөмөлдөө же контролдоо жүктөлгөн кызмат адамдары тарабынан ички иштер органына (милицияга) жүзөгө ашырылат.
19.3.Алып келүү кыска мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.
19.4.Укук бузуу тууралуу протоколго алып келүү жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.
20. Алып келүү
20.1.Иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жакты же юридикалык жактын өкүлүн, жоопкерчиликке тартылуучу он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын мыйзамдуу өкүлүн алып келүү, алар талаптагыдай кабарланган шартта, жүйөлүү себептерсиз эки жолудан көп келбей койгон учурда ишке ашырылат.
20.2.Алып келүү ички иштер органы тарабынан Комиссиянын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.
VIII. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо
21. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоо
21.1. Комиссиянын ишин Комиссиянын төрагасы уюштурат.
21.2. Комиссия укук бузуулар жөнүңдө иштерди жана аларга тиркелген материалдарды отурумдарда карайт.
21.3. Комиссиянын отурумдары зарылчылыкка жараша (материалдар келип түшүүсүнө жараша) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү Кодекс менен белгиленген укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуугатийиш.
21.4. Комиссия укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо төмөнкү маселелерид аныктайт:
1) тиешелүү ишти кароо анын компетенцисына киреби;
2) Комиссиянын ишти кароосун жокко чыгарган жагдайлар барбы;
3) укук бузуу жөнүндө протокол, ошондой эле иштин башка материалдарын жол-жоболоштуруу туура түзүлгөнбү;
4) Кодексин 510-беренесинде каралган укук бузуу жөнүндө өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар барбы;
5) укук бузууларды маңызыбоюнча кароо үчүн колдо бар болгон материалдар жетиштүүбү ;
6) өтүнүчтөр жана четтетүүгө билдирүүлөр барбы.
22. Комиссиянын мүчөсүн четтетүү үчүн негиздер
22.1. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүштө жаткан ишти Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү учурларда карай албайт, эгерде ал:
1)укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын же жабыр тартуучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун же өкүлүнүн тууганы болсо;
2)иштин чечилишине жеке, түз же кыйыр кызыкдар болсо.
23. Укук бузуу жөнүндөгү ишти кароого даярдоодо Комиссия кабыл алуучу чечим
23.1. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо Комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;
2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл кошумча материалдарды талап кылуу, экспертизаны дайындоо жөнүндө;
3) ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө;
4) протокол түзүүгө жана башка иштин материалдарын жол-жоболоштурууга укугу жок адам тарабынан түзүлгөн, протокол түзүү/токтом чыгаруу жана башка материалдарды жол-жоболоштуруу туура эмес болгондо, же болбосо ишти кароодо берилген материалдардын толуктоого мүмкүн болбогон толук эмес болгон учурларда, протокол/токтом түзгөн ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнө же кызмат адамына укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын кайтарып берүү жөнүндө;
5) эгерде ошол ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, үч жумушчу күндүн ичинде укук бузуулар жөнүндө протоколду/токтомду жана башка материалдарын караштуулугуна жараша кайтарып берүү жөнүндө;
6) ушул Кодексте каралган учурларда Комиссиянын мүчөсүн четтетүү жөнүндө;
7) Кодекстин 508-беренесинде каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү токтотуу жөнүндө;
8) Кодекстин 510-беренесинде каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.
23.2. Ушул Жобонун 23.1-пунктунун 1-6-пунктчалары менен каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат.
23.3.Ушул Жобонун 21.1-пунктунун 7 жана 8-пунктчалары менен каралган чечимдер токтом түрүндө чыгарылат.
23.4. Комиссиянын бардык чечимдери Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.
24. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун мөөнөтү
24.1.Укук бузуулар жөнүндө иш Комиссия тарабынан укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдары алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.
24.2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучусунан өтүнүч келип түшкөн же болбосо иш жагдайларын кошумча аныктоо зарыл болгон учурларда ишти кароо мөөнөтү, ишти караган Комиссия тарабынан он күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
25. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароо тартиби
25.1. Комиссия укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароого киришип:
1) ишти ким карай тургандыгын, кандай иш карала тургандыгын, укук бузуу үчүн ким жана Кодекстин кайсы беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын жарыялайт;
2) жеке жактын, же жеке жактын мыйзамдуу өкүлүнүн же болбосо юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышуучу башка жактардын келгендигин күбөлөндүрөт;
3) иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын ким экенин аныктайт жана жактын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын текшерет;
4) иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын келбей калышынын себептерин айкындайт жана алар жокто ишти кароо же болбосо ишти кароону кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алат;
5)Кодекстин 527-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда ишти кароодо анын катышуусу милдеттүү болуп саналган адамды айдап келүү жөнүндө аныктама чыгарат;
6)ишти кароого катышып жаткан жактардын укуктарын жана милдеттерин чечмелеп түшүндүрөт;
7)билдирилген четтетүүлөрдү жана өтүнүч каттарды чечет;
8)укук бузуулар жөнүндөгү протоколду/токтомду, ал эми зарылчылык болгондо — иштин башка материалдарын жарыя кылат.
25.2. Комиссия тарабынан иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жактын, юридикалык жактын өкүлүнүн түшүндүрмөсү, укук бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жаткан башка жактардын көрсөтмөлөрү, адистин түшүндүрмөсү жана эксперттин корутундусу угулат, (зарыл болсо) башка далилдер изилденет.
25.3. Комиссия ишке катышкан жактардын, алардын өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен ишке катышкан жактардын отурумга видео-конференц-байланыш тутумун пайдалануу жолу менен катышуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет.
25.4. Комиссия укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароодо төмөнкүлөрдү аныктоого милдеттүү:
1) укук бузуу фактысы болгондугун;
2) аны жасаганга ушул жактын күнөөлүүлүгүн же күнөөсүнүн жоктугун;
3) укук бузуу үчүн бул адам жоопкерчиликке тартылууга тийишпи;
4) жоопкерчиликти жеңилдеткен жана оордоткон жагдайларды;
5) материалдык зыян келтирилгендигин;
6) ишти туура чечүү үчүн мааниге ээ болгон тиешелүү башка жагдайларды.
26. Комиссиянын добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуунун тартиби
26.1. Иш боюнча Комиссиянын чечими жыйналышка катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
26.2. Комиссиянын отуруму,, эгерде ага Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн эки көпчүлүк мүчөлөрүкатышса, комиссиянын отуруму болуп өттү деп эсептелет.
26.3. Добуш берүүдө Комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Комиссиянын чечимин сырттан добуш берүү менен кабыл алууга жол берилбейт.
6.4. Комиссиянын катчысы чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө укугу жок.
26.5. Чечимди кабыл алуу жөнүндө добуш берүүдө добуштардын саны бирдей болгон учурда Комиссиянын төрагасы же төраганын милдетин аткаруучу чечүүчү добушка ээ.
27. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколу
27.1. Комиссия тарабынан укук бузуу жөнүндө ишти кароодо протокол жүргүзүлөт.
27.2. Ишти кароонун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ишти кароочу күн жана орду;
2) Комиссиясынын аталышы жана курамы;
3) кандай иш каралып жаткандыгы;
4) ишти кароодо катышуучу адамдардын келиши жөнүндө маалыматтар;
5) баш тартуулар, өтүнүчтөр жана аларды кароонун натыйжалары;
6) ишти кароого катышуучу тиешелүү адамдардын түшүндүрмөлөрү, көрсөтүүлөрү, түшүндүрүүлөрү жана корутундулары;
7) ишти кароодо изилденген документтер көрсөтүлөт.
27.3.Протоколго тиешелүү түрдө Комиссиясынын төрагасы жана Комиссиясынын отурумунун катчысы кол коет.
28. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом
28.1. Комиссия, ыйгарым куктуу кызмат адамдары укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом чыгарышат.
28.2. Токтомдо төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) Комиссиянын аталышы же токтом чыгарган ыйгарым укуктуу кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) ишти кароо күнү;
3) иши каралып жаткан адам жөнүндө маалымат;
4) ишти кароодо аныкталган жагдайлардын баяндамасы;
5) бул укук бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган Кодекстин беренесин көрсөтүү;
6) иш боюнча кабыл алынган чечим.
28.3. Эгерде Комиссия тарабынан жаза чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө бир эле убакта күнөлүүнүн материалдык зыяндын ордун толтуруусу жөнүндө маселе чечилсе, анда иш боюнча токтомдо орду толтурууга тийиш болгон зыяндын өлчөмү, ордун толтуруу мөөнөтү жана тартиби көрсөтүлөт.
28.4.Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган токтомго Комиссиянын төрагасы, укук бузуу жөнүндө протоколду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коёт.
28.5. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом, эгерде ал даттанылбаса, даттануунун мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
29. Токтомдун түрлөрү
29.1.Комиссия укук бузуу жөнүндө иш боюнча төмөнкүдөй, алардын электрондук көрүнүшү Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутуму (АМТ) тарабынан түзүлгөн токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
3) туумду кошуп эсептөө жөнүндө.
29.2. Адам айып пул төлөөдөн баш тарткан жана Кодекстин 35-беренесинде көрсөтүлгөн туум эң көп өлчөмгө жеткен учурда, Комиссия туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат.
29.3. Туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом анын өлчөмүн, ошондой эле айып пулдун өлчөмүн жана жаза чарасына алынууга тийиш болгон жалпы сумманы көрсөтүү менен сот аткаруучуларынын ишин уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарга ылайык жаза чарасын колдонуу үчүн жиберилет.
29.4. Комиссия айып пул төлөөдөн баш тарткан адамга карата айып салуу жөнүндө токтомду мажбурлап аткартуу тууралуу токтомду кабыл алынгандыгын жана ага карата сот аткаруучулары тарабынан тийиштүү жаза чаралары колдонула тургандыгын маалымдоого укуктуу.
30. Иш боюнча токтомду жарыялоо жана анын көчүрмөсүн тапшыруу
30.1. Токтом ишти кароо аяктагандан кийин дароо жарыя кылынат.
30.2.Токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ал өзүнө карата чыгарылган адамга, ошондой эле жабыр тартуучуга тапшырылат же жиберилет, көрсөтүлгөн дареги боюнча почта аркылуу же байланыштын башка каражаттары аркылуу жөнөтүлөт.
30.3.Токтомдун көчүрмөсү адамга кол койдуруу менен тапшырылат. Эгерде токтомдун көчүрмөсү жөнөтүлсө, ал тууралуу иш кагазына тийиштүү жазуу жазылат.
30.4.Айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептөө жөнүндө маалыматтар тиешелүү сайтта (порталда) жарыяланат.
31. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтерди тапшыруу
31.1. Кодексте белгиленген учурларда укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтер (аныктамалар, протоколдор, токтомдор, буйруктар) укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн катышуучуларына “Почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тапшырык почта жөнөтмөсү аркылуу Комиссия, ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жиберилет же болбосо ыйгарым укуктуу кызмат адамы өзү тапшырат.
31.2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документ тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын, соттун адамдары тарабынан анын төмөнкүдөй жеткирилгени тууралуу кабарландырылган учурдан тартып тапшырылды деп эсептелет:
1) өзүнө карата укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документтер түзүлгөн адамга жеке тапшырылганда;
2) өзүнө карата укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан адамдын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине, ошондой эле ал катталган жеринде жашаган башка адамдарга жеке тапшырылганда.
32. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тартуу
32.1. Өзүнө карата укук бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлгөн жак же анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле өзүнө карата укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан жактын катталган жеринде жашаган башка жактар укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тарткан учурда, документти алып барган адам ага тиешелүү белги коюу менен аны жөнөткөн Комиссияга, ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрадан кайтарат. Мындай учурда укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документ расмий тартипте тапшырылды деп эсептелет.
32.2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча документ даректелген жактын документти кабыл алуудан баш тартуусу ишти кароо же болбосо айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
33. Кабарландыруу
33.1.Комиссия ишти кароо же башка процесстик аракеттерди ишке ашыруу башталганга чейин 24 сааттан кечиктирбестен кабарландыруу аркылуу укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына ишти кароонун датасы жана орду, айрым процесстик аракеттер тууралуу билдирет, иштерди кароодо же башка процесстик аракеттерди ишке ашырууга катышуу үчүн аларды чакырат.
33.2. Кабарландыруу билдирүү, чакыруу кагазын, телефонограмма, телеграмма жөнөтүү, факсимилдик байланыш, электрондук почта же башка мындай билдирүү фактысын тастыктаганга мүмкүнчүлүк берген байланыш каражаттарын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
IX. Иш боюнча токтомго даттануу тартиби
34. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу тартиби жана мөөнөтү
34.1.Укук бузуу жөнүндө иш боюнча Комиссиянын токтому райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.
34.2. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсү тапшырылган же аны почта аркылуу алган күндөн тартып, он күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда өзүнө карата токтом чыгарылган адамдын арызынын негизинде бул мөөнөт сот тарабынан ордуна келтирилет.
34.3. Мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери документтер менен тастыкталган адамдын оорусу, анын иш сапарында жүргөндүгү, табигый кырсыктар ж.б. болушу мүмкүн.
35.Даттануу берилгендигине байланыштуу токтомдун аткарылышын токтото туруу
35.1. Даттанууну берүү сот тарабынан даттануу каралганга чейин жаза чарасын берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын токтомунун аткарылышын токтото турат.
35.2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттануу келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралат.
36.Укук бузуу жөнүндөгү ишти кыскартуудан улам токтомду жокко чыгаруунун кесепеттери
36.1. Укук бузуу жөнүндөгү ишти кыскартуу менен токтомду жокко чыгаруу айып пул жана туум түрүндө алынган акчалай суммасын, алынып коюлган буюмдарды кайтарып алууга, ошондой эле мурда кабыл алынган токтомго байланыштуу башка чектөөлөрдү жокко чыгарууга алып келет. Буюмдарды кайтарууга мүмкүн болбогондо, укук бузуу жасалган учурдагы анын наркынын орду толтурулат.
36.2. Зарыл учурларда же ага карата токтом жокко чыгарылган адамдын өтүнүчү боюнча анын иштеген, окуган же жашаган жерине токтомдун жокко чыгарылгандыгы тууралуу билдирилет.
X. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруу тартиби
37.Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун милдеттүүлүгү жана аны токтотуу
37.1. Жаза чарасын колдонуу жөнүндөгү токтом күчүнө кирген учурдан тарта бардык жеке жана юридикалык жактар аны аткарууга милдеттүү.
37.2. Жаза чарасын колдонуу жөнүндөгү токтомду чыгарган Комиссия, ыйгарым укуктуу кызмат адамы төмөнкү учурларда токтомду аткарууну токтотот:
1) эгерде укук бузуу үчүн адам жоопкерчиликке тартылган Кодекстин беренеси күчүн жоготсо;
2) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам каза болсо;
3) жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтүнүн эскириши аяктаса.
38. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун эскириши
38.1. Эгерде жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдын аралыгында аткарууга киргизилбесе, ал аткарылбайт.
38.2. Эгерде укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруудан баш тартса, эскирүү мөөнөтүнүн жүрүшү токтотулат, мындай учурда эскирүү мөөнөтүн эсептөө ошол адам табылган күндөн баштап кайра жүргүзүлөт.
39. Эскертүү берүү, айып пул салуу жөнүндө токтомдорду аткаруу
39.1.Эскертүү түрүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом ушул Кодекстин 542-беренесине ылайык токтом чыгарган Комиссия, ыйгарыму куктуу кызмат адамы тарабынан токтомдун көчүрмөсүн тапшыруу же жөнөтүү жолу менен аткарылат.
39.2. Айып пул, айып пул салынгандыгы жөнүндө токтом тапшырылган күндөн баштап 30 календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми токтомго даттанылган учурда, ал даттануу канааттандырылбагандыгы тууралуу билдирүүнү алган күндөн баштап 15 күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
39.3. Укук бузуу жасалгандан башка жерде айып пулду төлөөнү өндүрүүдө айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай түрүн пайдалануу мүмкүн болбогондо, укук бузуулар үчүн, жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы айып квитанциясы берилет, ал так финансылык отчеттуулук документи болуп саналат жана эки нускада түзүлөт.
39.4. Укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган жаза чарасы менен макул экендигин ыктыярдуу айып пулду төлөө жана айып квитанциясынын биринчи нускасына кол коюу менен тастыктайт, мында анын экинчи нускасы ушул жаза чарасы колдонулган адамга берилет.
39.5. Айып пулду төлөө бузуу жасалгандан башка жерде төлөнгөн учурда, укук бузуу жасагандыгы үчүн салынган айып пул бузуучу тарабынан банк мекемелерине же почта байланышынын улуттук операторуна накталай же накталай эмес төлөм түрүндө төлөнөт.
39.6. Өндүрүп алынган, анын ичинде Комиссия тарабынан салынган айып пулдун суммалары республикалык жана жергиликтүү бюджетке которулат.
39.7. Айып пуддарды төлөөдөн келип түшкөн каражаттарды тиешелүү мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана алардын кызматкерлерине дем берүү үчүн бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы №299 токтому менен бекитилген “”Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибне”” ылайык белгиленет.
39.8. Айыпты өндүрүү толугу менен жүргүзүлгөн айып салуу жөнүндө токтом аткарылгандыгы тууралуу белги менен токтомду чыгарган Комиссияга, ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайтарылат.
XI. Кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу тартиби
40.Айып пул салуу жана туумдарды өндүрүү жөнүндө токтомду мажбурлап аткартуу
40.1. Укук бузуу үчүн айып пулду мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн жана анын эң көп өлчөмүнө жеткен учурда Комиссия (өндүрүп алуучу) туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат жана мыйзамдар менен каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептөө жөнүндө өз токтомун сот аткаруучусуна жөнөтөт.
41. Иштин белгилүү бир түрүн токтотуу, объектти баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу
41.1.Иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти баштапкы абалына келтирүү буга ыйгарым укуктуу тийиштүү органдын чечиминин негизинде аткарылат.
41.2.Курулуш жумуштарынын өндүрүшүн токтотуу жөнүндө чечимдин аткарылышы курулуш жумуштарын жүргүзүүгө уруксат документтерин чакыртып алуу жолу менен жүргүзүлөт.
41.3.Объектти баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
XII. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
42. Комиссиянын иш кагаздары
42.1. Иш кагаздарды жүргүзүүгө жалпы жетекчиликти Комиссиянын төрагасы жүзөгө ашырат жана анын абалына жоопкерчилик тартат.
42.2. Эсепке алуу журналдарынын сактыгы, аларга өз убагында жазууларды түшүрүү жана аларда камтылган маалыматтардын тактыгы үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
42.3. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн катышуучуларына зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
42.4. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарландыруулар ишти кароо датасын дайындаган күндөн кийинки күндөн кечиктирбей жөнөтүлүүгө тийиш.
42.5. Жөнөтүлгөн кабарландыруу жөнөтүлгөн жактын колуна тапшырылбай калган учурларда Комиссиянын катчысы анын тапшырылбай калышынын жагдайларын дароо аныктап, Комиссиянын төрагасына билдирип, анын көрсөтмөсү боюнча кабарландырууну тапшырууну камсыздаган Кодексин талаптарына ылайык чара көрүүгө тийиш.
42.6. Комиссиянын катчысы тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди түзүү камсыздалат, аларга хронологиялык түрдө төмөнкүлөр тиркелет:
— укук бузуу жөнүндө протокол жана иш боюнча башка материалдар;
•отурум өткөрүү процессинде келип түшкөн тартипте ишке тиркелген документтер;
•төрагасы жана Комиссиянын отурумунун катчысы тарабынан кол коюлган укук бузуу жөнүндө ишти кароонун протоколу;
•ишти кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссиянын отурумунда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
42.7. Документтер ткөктөмөлөргө тексти толук көрүнгөндөй болуп тиркелет.
42.8. Комиссия тарабынан каралуучу укук бузуулар жөнүндө иштер эсепке алынууга жатат. Укук бузуу жөнүндө иштин номери эсепке алуу журналы жана келип түшкөн жылы боюнча катар номерин камтыйт.
42.9. Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзгөн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары Комиссия менен каралган укук бузуулар жөнүндө иштер жөнүндө маалыматтарды кварталына бир жолудан кем эмес салыштырып текшеришет.
42.10. Комиссия төмөнкү эсепке алуу журналдарын жүргүзөт:
— укук бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы (1-тиркеме);
—укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопко тартылган жактарга жөнөтүлгөн кабарламаларды эсепке алу журналы (2-тиркеме).
42.11.Журналдар номерленип, көктөлүп, мөөр менен бекемделиши керек, эсепке алуу журналына жазуулар даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
42.12. Журналдарды сактоо мөөнөтү — 3 жыл. Укук бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү — 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөтү өткөндөн кийин алар тизмек боюнча архивге тапшырылышат.
42.13. Эсепке алуу журналдары ички пайдалануу үчүн документтер болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Комиссиянын төрагасынын уруксаты жок уюмдарга, жеке адамдарга же кызмат адамдарына берилиши же берилиши мүмкүн эмес.
42.14. Комиссиянын ишинин материалдык-техникалык камсыздоосу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
Эскертүү
— Айыл өкмөтү өзүнүн чечими менен комиссиянын сандык жана жеке курамын белгилейт жана айылдык кеңешке бекитүүгө киргизет.
— Комиссиянын сандык жана жеке курамы айылдык кеңештин чечими менен бекитилет.
-Айыл өкмөтү өзүнүн чечими менен укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, Кодекске жана ушул Жобого ылайык жаза чарасын берүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмесин аныктоого укуктуу.
— Айыл өкмөтү өзүнүн чечими менен айрым укук бузуулардын фактысы боюнча жаза колдонуу укугун бербестен, укук бузуу жөнүндө протокол түзүү укугун коомдук уюмдардын жана органдардын өкүлдөрүнө өткөрүп бере алат (суу пайдалануучулар ассоциациясына, жайыт палдалануучуларга, муниципалдык мекеме, ишканаларга, коммерциялык эмес уюмдарга ж.б.).
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы |
ТОКТОМ
15-апрель 2025-жыл. № 41 Эски-Покровка айылы
Алга айылындагы бала бакчага кетүүчү жолго асьфалт
төшөөгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Алга айылындагы бала бакчага (социалдык обьектиге) кетүүчү 120 -метр жолго асьфалт төшөөгө Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып,Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алга айылындагы бала бакчага (социалдык обьектиге) кетүүчү 120 -метр жолго асьфалт төшөөгө Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан каржылоого макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго)жуктөлсүн.
ТөрагаК. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
|
ТОКТОМ
15-апрель 2025-жыл. № 42 Эски-Покровка айылы
Кызыл-Октябрь айылындагы бала бакчага кетүүчү жолго асьфалт
төшөөгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кызыл-Октябрь айылындагы бала бакчага (социалдык обьектиге) кетүүчү 390 -метр жолго асьфалт төшөөгө Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айылындагы бала бакчага (социалдык обьектиге) кетүүчү 390 -метр жолго асьфалт төшөөгө Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан каржылоого макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго)жуктөлсүн.
ТөрагаК. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
|
ТОКТОМ
15- апрель 2025-жыл. № 43 Эски-Покровка айылы.
Мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Беш-Абышка айылында жайгашкан А.Жунусов атындагы толук эмес орто мектебинин имаратынын ичинде,пайдаланылбай турган окуу класстарынан мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндөгү сунушун угуп, Беш-Абышка айылынын тургундарынын 2025-жылдын 12-апрелиндеги элдик жыйындын протоколу менен таанышып талкуулап чыгып, аталган айылдын бала бакчага болгон муктаждыгын чечүү максатында, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.А.Жунусов атындагы толук эмес орто мектебинин имаратынын ичинде пайдаланылбай турган окуу класстарынан мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Мурзанбетовго) жүктөлсүн.
ТөрагаК. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
|
ТОКТОМ
21 -май 2025-жыл. № 44 Эски-Покровка айылы.
Жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Мырза-Куршаб каналынын коргоо зонасына кирген 16000 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 07-июлундагы № 271 токтомуна жана Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 01-3/37 катына ылайык, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Куршаб каналынын коргоо зонасына кирген 16000 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага К. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
|
ТОКТОМ
21 -май 2025-жыл. № 45 Эски-Покровка айылы.
Жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Бостон каналынын коргоо зонасына кирген 10800 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 07-июлундагы № 271 токтомуна жана Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 01-3/37 катына ылайык, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бостон каналынын коргоо зонасына кирген 10800 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага К. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
|
ТОКТОМ
21 -май 2025-жыл. № 46 Эски-Покровка айылы.
Жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кочкор-Ата каналынын коргоо зонасына кирген 21200 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 07-июлундагы № 271 токтомуна жана Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 01-3/37 катына ылайык, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бостон каналынын коргоо зонасына кирген 21200 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага К. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
|
ТОКТОМ
21 -май 2025-жыл. № 47 Эски-Покровка айылы.
Жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кочкор-Ата каналынын коргоо зонасына кирген 9600 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 07-июлундагы № 271 токтомуна жана Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 01-3/37 катына ылайык, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бостон каналынын коргоо зонасына кирген 9600 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага К. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
|
ТОКТОМ
21 -май 2025-жыл. № 48 Эски-Покровка айылы.
Муниципиалдык менчике алуу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Бозала-Бостон каналынын 6,74 га (5800 м) жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алуужөнүндөгү сунушун угуп, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бозала-Бостон каналынын 6,74 га (5800 м) жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага К. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
|
ТОКТОМ
21 -май 2025-жыл. № 49 Эски-Покровка айылы.
Муниципиалдык менчике алуу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кочкор-Ата айылынын № 1185 контурдагы калктуу конуштан 0,40 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү сунушун угуп, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата айылынын № 1185 контурдагы калктуу конуштан 0,40 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага К. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
|
ТОКТОМ
21 -май 2025-жыл. № 50 Эски-Покровка айылы.
Айыл макамын берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу, Кызыл-Сеңир айылынын Сеңир участкасынын тургундарынын 2025-жылдын 06-майындагы айыл тургундары менен айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн жыйындын протоколунда Сеңир участкасын — мындан ары Сеңир айылы деп макам берүү жөнүндө жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Сеңир айылынын Сеңир участкасы- мындан ары Сеңир айылы деп макам берүүгө макулдук берилсин.
2.Кабыл алынган токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына маалымат иретинде жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышына мыйзамдуу иш алып баруу жана көркөм жарнактарды орнотуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Мурзанбетовго) жүктөлсүн.
Төрага К. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
|
ТОКТОМ
21 -май 2025-жыл. № 51 Эски-Покровка айылы.
Айыл макамын берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу, Кызыл-Сеңир айылынын Тогузунчу участкасынын тургундарынын 2025-жылдын 06-майындагы айыл тургундары менен айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн жыйындын протоколунда Тогузунчу участкасын — мындан ары Тогузунчу айылы деп макам берүү жөнүндө жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Сеңир айылынын Тогузунчу участкасын — мындан ары Тогузунчу айылы деп макам берүүгө макулдук берилсин.
2.Кабыл алынган токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына маалымат иретинде жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышына мыйзамдуу иш алып баруу жана көркөм жарнактарды орнотуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Мурзанбетовго) жүктөлсүн.
Төрага К. С. Мусаев
|
|
|
|
|
|
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
|
ТОКТОМ
21 -май 2025-жыл. № 52 Эски-Покровка айылы.
Турак жайдын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Гузар айылынын тургуну Жолдошов Кубаныч Танабаевичтин өзүнө таандык болгон жеке менчик индетификациялык коду 5-06-12-1004-0134 номери менен катталган турак жайынын 300 м2 жер аянтына ишкердик иштерди жасоо үчүн багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызын карап, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гузар айылынын тургуну Жолдошов Кубаныч Танабаевичтин өзүнө таандык болгон жеке менчик индетификациялык коду 5-06-12-1004-0134 номери менен катталган турак жайынын 300 м2 жер аянтына ишкердик иштерди жасоо үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Жолдошов Кубаныч Танабаевичке милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага К. С. Мусаев