Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында билим берүү бөлүмүнүн коллегиялык жыйыны өттү. Жыйынга аким Каныбек Апбасов, анын орун басары-билим берүү бөлүмүнүн башчысы, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы жана мектеп директорлору катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мурдагы райондук билим берүү бөлүмүнүн башычысы Акуш Асанбаевдин эмгеги бааланды. Тагыраагы район аймагындагы билим берүү тармагынын пайыздык көрсөткүчүн көтөрүп, республикалык деңгээлге чыгарганы алкышка татыды. Ага “Өзгөн районунун ардактуу атуулу” — наамы ыйгарылды.
Аны менен катар, “Жылдын мыкты мугалими – 2025” сынагынын жеңүүчүлөрүнө, төмөнкүдөй сыйлыктар тапшырылды:
1-орунга — Ташкент шаарына 2 күндүк эс алууга жолдомо;
2-3-орунга — Наманган шаарына 1 күндүк эс алуу жолдомосу;
Облустук сынактардын жеңүүчүлөрүнө да жолдомо берилди.
Жалпысынан 20 мугалим Ташкентке, 26 мугалим Наманганга жолдомо жана акчалай сыйлыктарды алышты.
_____________
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы