Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 4- сессиясынын
Т О К Т О М У
2025-жылдын 10-апрели № 18 Салам-Алик айылы
2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 “Кыргыз Республикасынын министрлеринин жана ведомстволорунун райондук региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүнүн пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомун 13-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кенңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 4- сессиясынын
Т О К Т О М У
2025-жылдын 10-апрели № 19 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери жана 2025-жылга карата аткарыла турган иштери жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери жана 2025-жылга карата аткарыла турган иштери жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы С. Абдыкадыровтун отчетун угуп Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1. Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С Абдыкадыровтун аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата аткарыла турган иш-пландары жактырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагынды
Салам-Алик айылдык Кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
4-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрелиндеги № 20 Салам-Алик айылы
Салам-Алик Жайыт комитетинин 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жана 2025-жылга Жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин 102-жана 117-беренелерине ылайык жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Салам-Алик айыл Жайыт комитетинин 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жана 2025-жылга Жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү боюнча сунуштарын талкуулап, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Тиркеме № 1
Салам-Алик айылдык кеңешинин
8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын
2025-жылдын 10-апрелиндеги № 20
токтому менен бекитилген.
Салам-Алик жайыт комитетинин 2024-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы
|
Кат ар №
|
Малдын түрү |
Саны |
Которуу коефициенти |
Шартуу малдын башы |
Жайыт акысы |
Суммасы ( сом). |
|
1 |
Кой-эчки |
3800 |
0,2 |
760 |
25-00 |
19000-00 |
|
2 |
Жылкы |
1050 |
1,0 |
1050 |
120-00 |
126000-00 |
|
3 |
Кара мал |
2025 |
1,0 |
2025 |
120-00 |
243000-00 |
|
|
Жалпы шарттуу малдын башы жана кирешенин жыйындысы |
|
|
|
|
388000-00 |
Жайыт ресурстарын башка максатта пайдалануу: мунун ичинде:
|
1 |
Ашыкча кашаа |
|
|
|
|
10020-00 |
|
2 |
Бал челек үчүн |
|
|
|
|
|
|
3 |
Сугат |
|
|
|
|
|
|
4 |
Ит мурун, жаңгак, маданий бак. |
|
|
|
|
|
|
5 |
Туристтик эс алуучу жайларды уюштургандыгы үчүн |
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
120000-00 |
|
|
Кирешелердин жыйындысы |
|
|
|
|
400000-00 |
Салам-Алик жайыт комитетинин 2024-жылга карата чыгаша бөлүгүнүн планынын аткарылышы.
|
Катар № |
Чыгымдардын аталышы |
Саны |
Наркы |
Суммасы |
|
1 |
Төраганын эмгек акысы |
8 |
6250 |
50000-00 |
|
2 |
Бухгалтер |
— |
— |
— |
|
3 |
Жайыт комитетинин ассосациясына |
|
|
5000-00 |
|
4 |
Соц.фондко төлөм, эмгек акыдан. |
|
|
8625-00 |
|
5 |
Иш жабдыктарына канц.товар. |
|
|
— |
|
6 |
Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга |
|
|
154250-00 |
|
7 |
1-3 айыл өкмөт эсебине |
|
|
166000-00 |
|
8 |
Иш сапар чыгым |
12 |
|
16125-00 |
|
10 |
Ар түрдүү чыгым |
|
|
— |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы |
|
|
400000-00 |
Салам-Алик жайыт комитетинин
төрагасы Ш. Кунаев
Тиркеме № 2
Салам-Алик айылдык кеңешинин
8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын
2025-жылдын 10-апрелиндеги № 20
токтому менен бекитилген.
Салам-Алик жайыт комитетинин 2025-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору
|
Кат ар №
|
Малдын түрү |
Саны |
Которуу коефициенти |
Шартуу малдын башы |
Жайыт акысы |
Суммасы ( сом). |
|
1 |
Кой-эчки |
3800 |
0,2 |
760 |
25-00 |
19000-00 |
|
2 |
Жылкы |
1050 |
1,0 |
1050 |
120-00 |
126000-00 |
|
3 |
Кара мал |
2025 |
1,0 |
2025 |
120-00 |
243000-00 |
|
|
Жалпы шарттуу малдын башы жана кирешенин жыйындысы |
|
|
|
|
388000-00 |
Жайыт ресурстарын башка максатта пайдалануу: мунун ичинде:
|
1 |
Ашыкча кашаа |
|
|
|
|
120000-00 |
|
2 |
Бал челек үчүн |
|
|
|
|
|
|
3 |
Сугат |
|
|
|
|
|
|
4 |
Ит мурун, жаңгак, маданий бак. |
|
|
|
|
|
|
5 |
Туристтик эс алуучу жайларды уюштургандыгы үчүн |
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
120000-00 |
|
|
Кирешелердин жыйындысы |
|
|
|
|
600000-00 |
Салам-Алик жайыт комитетинин 2025-жылга карата чыгаша бөлүгүнүн долбоору.
|
Катар № |
Чыгымдардын аталышы |
Саны |
Наркы |
Суммасы |
|
1 |
Төраганын эмгек акысы |
12 |
8300 |
100000-00 |
|
2 |
Бухгалтер |
— |
— |
— |
|
3 |
Жайыт комитетинин ассосациясына |
|
|
5000-00 |
|
4 |
Соц.фондко төлөм, эмгек акыдан. |
|
|
17250-00 |
|
5 |
Иш жабдыктарына канц.товар. |
|
|
8000-00 |
|
6 |
Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга |
|
|
200000-00 |
|
7 |
1-3 айыл өкмөт эсебине |
|
|
200000-00 |
|
8 |
Иш сапар чыгым |
12 |
|
16125-00 |
|
10 |
Ар түрдүү чыгым |
— |
— |
53625 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы |
|
|
600000-00 |
Салам-Алик жайыт комитетинии
төрагасы Ш. Кунаев
Салам-Алик айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрелиндеги № 21 Салам-Алик айылы
Жайыт пайдалануучулардын 2025-жыл үчүн акы төлөөсү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Салам-Алик Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Кунаевтин сунушуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн ар бир шарттуу малдын башына 150-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда : Кой-эчкиге 30-00 сом;
Жылкыга 150-00 сом;
Кара малга 150-00 сом;
Жылкы 800-00 сом
Кара малга 800-00 сом;
Кой-эчкиге 200-00 сом;
3.Элдин малын баккан малчы-чабандар жаз мезгилинде 15-апрелден кийин, жатакчылар 1-майдан кийин жайлоого көчүп чыгышсын.
4. Элдин малын баккан малчы-чабандар күз мезгилинде 20-сентябрдан кийин, жатакчылар 10-сентябрдан кийинжайлоодон көчүп келишсин.
5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-АликЖайыт комитетинин төрагасы Кунаев Шухраткамилдеттендирилсин.
6.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагынды
Салам-Алик айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрели № 22 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Салам-Алик айылындагы “Жазы” дарыясынын жээгинен балык өстүрүүгө жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90-жана 92-беренелерин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Салам-Алик айылындагы “Жазы” дарыясынын жээгинен балык өстүрүүгө жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү Салам-Алик айылынын тургуну Курманбаев Аскатбектин Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жазган 2025-жылдын 8-апрелиндеги арызын карап, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1.Салам-Алик айылынын тургуну Курманбаев Аскатбектин Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү “Жазы” дарыясынын жээгинен балык өстүрүү үчүн 1,0 га жер аянты 5 (беш) жылдык мөөнөт менен убактылуу бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы жана балык өстүрүү үчүн бөлүнө турган жердин максаттуу багытын аныктап, тиешелүү органдардын корутундусу менен юридикалык документтерди даярдап, Мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
3. Балык чарбасы уюштурулуп, ишке киргенден кийин айыл аймагындагы бала-бакчаларды балык менен камсыздоо жагы эки тараптуу келишимде көрсөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш, энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрели № 23 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын кээ бир жарандарына Салам-Алик айыл аймагынын
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айылынын 2025-жылдын 6-март № 3-сандуу чечимине ылайык Салам-Алик айылынын тургуну Сатыбалдиев Равшанбек Раимбековичке жана Ара-Көл айылынын 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 2 элдик жыйынынын чечимине ылайык Ара-Көл айылынын тургуну Майсалбек уулу Исхакка, Кызыл-Чарба айылынын 2025-жылдын 4-март № 1-сандуу чечимине ылайык Кызыл-Чарба айылынын тургуну, ардагер Бекташова Батмаканга, Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1. Салам-Алик айылынын тургуну Сатыбалдиев Равшанбек Раимбековичке жана Ара-Көл айылынын тургуну Майсалбек уулу Исхакка, Кызыл-Чарба айылынын тургуну, ардагер Бекташова Батмакан Бектемировнага Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана көп жылдык эмгегин эске алуу менен Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрели № 24 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жылдык отчетуна карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүү жана атайын каражат эсебине кошумча план кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жылдык отчетуна карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдыкадыровтун сунуштарынын негизинде иштетүү үчүн Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жылдык алты айлык отчетуна карата атайын каражаттын киреше бөлүгүнө1376,2 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жылдык алты айлык отчетунун чыгаша бөлүгүнүн атайын каражат эсебинин бала бакча 2222 статьясына 300,0 миң сом жана 2218статьясына 1076,2 миң сомго смета түзүлүп иштетилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык


