Салам-Алик айылдык кенешинин V11I- чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 5- сессиясынын
Т О К Т О М У
2025-жылдын 28-июлу № 25 Салам-Алик айылы
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына (мындан ары- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасы) Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Торгой Северный участкасында лицензиялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жер бөлүкчөсүн убактылуу бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын 27-июндагы №1 келишимдеги №7662 CE лицензиясынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши карап чыгып, жалпы депутаттардын макулдугуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндөгү Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер, кен боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде карап, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2025-жылдын 27-июнда берилген 7662 СЕ лицензиясынын жана № 1 лицензиялык макулдашуунун негизинде көмүр казууга Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Торгой северный участкасынан 370га (үч жүз жетимиш) га жер бөлүгүнүн ичинен 3,3га жерин көмүр казууга макулдук берилсин.
- Салам-Алик айыл өкмөтү менен сессияда сунуш кылынган шарттар боюнча келишим түзүү жана жумушчу, кызматчыларынын 70 % (жетимиш) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан кабыл алуу сунушталсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кенешинин V11I- чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 5- сессиясынын
Т О К Т О М У
2025-жылдын 28-июлу № 26 Салам-Алик айылы
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына (мындан ары- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасынын Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тобе-2 участкасында лицензиялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жер бөлүкчөсүн убактылуу бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасынын 2018-жылдын 25-июлундагы №1 келишимдеги №6109 CE лицензиясынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши карап чыгып, жалпы депутаттардын макулдугуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндөгү Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер, кен боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде карап, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2018-жылдын 25-июлундагы берилген №6109 СЕ лицензиясынын жана № 1 лицензиялык макулдашуунун негизинде көмүр казууга Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тобе-2 участкасынан 5,04га жеринен көмүр казууга макулдук берилсин.
- Салам-Алик айыл өкмөтү менен сессияда сунуш кылынган шарттар боюнча келишим түзүү жана жумушчу, кызматчыларынын 70 % (жетимиш) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан кабыл алуу сунушталсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-июлу № 27 Салам-Алик айылы
Эркин-Тоо айылынын тургуну Абдиев Заирбек Тыныбековичке жеке менчикке тегирмен куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогунун максаттык багытын турак- жай участкасынына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Эркин-Тоо айылынын тургуну Абдиев Заирбек Тыныбековичке жеке менчикке тегирмен куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогунун максаттык багытын турак- жай участкасынына өзгөртүүгө макулдук берүу жөнүндө 2025-жылдын 11-июлунда жазган арызын карап жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылынын тургуну Абдиев Заирбек Тыныбековичке “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан 2004-жылы 3-май айынын Ч № 380778-сандуу каттоосу менен берилген жеке менчикке тегирмен курууга берилген идент. коду; № 5-06-09-1005-0335 номериндеги жер тилкесин турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
3.Бул токтомдон келип чыккан иш аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагынды
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-июлу № 28 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кызыл-Байрак айылындагы Т.Бөрүбаев орто мектебин капиталдык ремонттоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга акча каражатыын кароо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилкитүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл аймагынын социялдык-экономикалык өнүгүу программасынын негизинде Кызыл-Байрак айылындагы Т. Бөрүбаев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга акча каражатын кароо максатында, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Кызыл-Байрак айылындагы Т. Бөрүбаев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттоого 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин жылдын башында бекитилген төмөндөгү айрым бөлүкчөлөрдүн статьяларынан өздүк салым үчүн акча каражаттары чыгаша бөлүктү планына өзгөртүу киргизилсин.
- 4407021251010504 2222стаьясынан -30,0 миң сом
3112 статьясынан -40,0 миң сом
- 4407021251021214 2222 статьясынан -20,0миң сом
- 4407021251010807 2215 статьясынан -200,0миң сом
2222 статьясынан -200,0миң сом
3111 статьясынан +1260,0 миң сом
- 44070212510110605 2221 статьясынан -20,0 миң сом
- 4407021251015756 2221 статьясынан -150,0миң сом
- Кызыл-Байрак айылындагы Т. Бөрүбаев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттоо боюнча каралган акча каражаты дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорду каржылоого өздүк салым катары жумшаалары белгиленсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 5-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-июль № 29 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Карчабек айылынын жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде Карчабек айылындагы жаңы курулуп жаткан мектепке маркум Кубатов Кушбактын ысымын ыйгаруу жөнүндо.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Карчабек айылынын жалпы элдик жыйындын 2025-жылдын 27-июлундагы № 1-протоколуна ылайык Карчабек айылынын айыл башчысы Мурзакматов Эсенбектин маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Карчабек айылындагы жалпы элдик жыйындын токтому бекитилсин жана Карчабек айылындагы жаңы курулуп бүткөн мектеп ачылсын.
2.Карчабек айылындагы жаңы курулуп жаткан жалпы билим берүүчү мектебине Карчабек айылынын тургуну маркум Кубатов Кушбактын ысымы ыйгарылып, “Кубатов Кушбак атындагы орто жалпы билим берүүчү мектеп” деп атоого макулдук берилсин.
3.Карчабек айылындагы мектепке көмүр-отун менен жергиликтүү бюджеттен камсыздоо жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4.Ушул токтомду бектип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнөн штаттык бирдиктерди ачып берүу жагы суралсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-июлу № 30 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча 2025-жылдын 6 айындагы аткарылган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилкитүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси Б.Термечиковдун маалыматына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 2024-жылдын 6 айындагы салык жана салыктык эмес жыйымдар боюнча аткарылган иштери жөнүндө Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Б.Термечиковдун маалыматы эске алынсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-июлу № 31 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын кээ бир жарандарына Салам-Алик айыл аймагынын
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Эркин-Тоо айылынын 2025-жылдын 24-июлундагы № 1-сандуу элдик жыйындын чечимине ылайык Эркин-Тоо айылынын тургуну Акжолов Таштан жана Кызыл-Чарба айылынын 2025-жылдын 10-июндагы № 2-элдик жыйынынын чечимине ылайык Кызыл-Чарба айылынын тургуну Нурмаматова Роза Калиловна, Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
- Эркин-Тоо айылынын тургуну ардагер Акжолов Таштан жана Кызыл-Чарба айылынын тургуну, ардагер Нурмаматова Роза Калиловна Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана көп жылдык эмгегин эске алуу менен Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кенешинин V11I- чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 5- сессиясынын
Т О К Т О М У
2025-жылдын 28-июль № 32 Салам-Алик айылы
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасынын Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тюбе участкасында лицензиялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жер бөлүкчөсүн бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын 24-февралындагы №2 келишимдеги №7580 CР лицензиясынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши карап чыгып, жалпы депутаттардын макулдугуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндөгү Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер, кен боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде карап, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2024-жылдын 24- ноябрында берилген №7580 СР лицензиясынын жана №2-лицензиялык макулдашуунун негизинде ОсОО “Чокмор эки” ишканасына Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тюбе участкасынан 10,30га жеринен көмүр казууга макулдук берилсин.
- Салам-Алик айыл өкмөтү менен сессияда сунуш кылынган шарттар боюнча келишим түзүү жана жумушчу, кызматчыларынын 70 % (жетимиш) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан кабыл алуу сунушталсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 2- сессиясынын
Т О К Т О М У
2025-жылдын 28-июлу № 33 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Эркин-Тоо айылындагы Ж.Эсеналиев көчөсүнө асфалть төшөө үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Эркин-Тоо айылындагы Ж.Эсеналиев көчөсүнө бир чакырым асфалть төшөө үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдыкадыровтун маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылындагы Ж.Эсеналиев көчөсүнө асфалть төшөө үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фонд аркылуу асфалть төшөөгө макулдук берилсин.
2.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Эркин-Тоо айылындагы жана Ж.Эсеналиев көчөсүнө бир чакырым асфалть төшөө үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 11714000 (он бир миллион жети жүз он төрт миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы суралсын.
- Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Ф.Э.Б. башчысы Ж.Нуралиевке жүктөлсүн.
- Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 5- сессиясынын
Т О К Т О М У
2025-жылдын 28-июлу № 34 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын 6 айындагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча аткарылган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматына ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын 6 айындагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча аткарылган иштери жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматы эске алынсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 5- сессиясынын
Т О К Т О М У
2025-жылдын 28-июлу № 35 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына КЗ-1,6 зоналдык коэффициент жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызмакеринин маалыматына ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2026-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына КЗ-1,6 зоналдык коэффициенти жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэффициети бекитилсин.
- Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 5-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-июлу № 36 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылынын жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде Эркин-Тоо айылынын күн чыгыш тарабындагы маркумдар коюлуучу мүрзө толуп клгандыгына байланыштуу мамлекеттик фондунун жеринен трансформациялоого макулдук берүү жөнүндо.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылынын жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде Эркин-Тоо айылынын күн чыгыш тарабындагы маркумдар коюлуучу мүрзө толуп калгандыгына байланыштуу мамлекеттик фондунун жеринен 1,0га жер тилкесин маркумдар коюлуучу мүрзөөгө трансформациялоого макулдук берүү боюнча Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
- Эркин-Тоо айылынын күн чыгыш тарабындагы маркумдар коюлуучу мүрзө толуп калгандыгына байланыштуу мамлекеттик фондунун жеринен 1,0га жер тилкесин маркумдар коюлуучу мүрзөөгө бир багыттан экинчи багытка которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Ушу токтомдон келип чыккан иш чараны аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
- .Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык


