Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз VII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 23–июнундагы № 7/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын Жаңы Өзгөн кварталындагы 1058,0 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 26-майындагы № 01-6/514 сандуу катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 4—июнундагы №4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Жаңы Өзгөн кварталына караштуу № 23 кварталынын 1058,0 м2 жер тилкеси Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына мыйзам чегинде жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүү боюнча чечим кабыл алуу Өзгөн шаардык мэриясына, иш кагаздарын жүргүзүү Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз VII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 23–июнундагы № 7/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамына ылайык Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 01-21/655, Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 01-06/560 каттарынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20—июнундагы №7протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрын аталышыөзгөртүлүп Шамшиев Болотбек Төлөнөвичдин наамы ыйгарылсын.
2. Мыйзамга ылайык ушул токтомдун негизинде келип чыгуучу иш аракеттерди жасоо Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз VII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 23–июнундагы № 7/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаары жана Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтү менен жер маселелерин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча»туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы №7отурумунун протоколунун, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 20—июнундагы №01-21/703 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз VII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 23–июнундагы № 7/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы “Өзгөн шаарында катуу таштандыларды ташып чыгаруу тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” № 17/5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актылары жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Өзгөн райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 15-апрелиндеги №11-778-25 каршылык билдирүү катынын, Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20—июнундагы №7протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы “Өзгөн шаарында катуу таштандыларды ташып чыгаруу тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” № 17/5 токтомунун 1-пунктундагы төмөндөгү:
— тарифин деген сөздөн кийин “адамдын” деген сөз менен толукталсын,
— “мамлекеттик, муниципалдык мекемелер” деген сөздөр өз күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 6 — августу № 8/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндө мэрдин отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана«Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 23-июлундагы биргелешкен отурумунун №4 чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаардык мэриясынын2025-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштериканааттандырарлык деп табылсын.
2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде иш-чара иштеп чыгуу Өзгөн шаардык мэриясынын аппаратына тапшырылсын жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңештин сессиясында отчет берүү Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 6 — августу № 8/2 Өзгөн шаары
Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын эске алыпӨзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндөгү комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Комиссиянын сунушунун негизинде аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбановго милдеттендирилсин.
3. Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 300,0 миң сом акча каражатын каржылоо, Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын жалпы инфраструктурасын жакшыртуу боюнча атайын иш-чара иштеп чыгуу жанааткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү жагы Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевке тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 6 — августу № 8/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 23-июлундагы биргелешкен отурумунун №4 чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айындагы киреше бөлүгү 92765,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 63620,9 миң сомго аткарылгандыгы эске алынсын.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кирешелер планына 12038,4миң сомго тактоо киргени, анын ичинен: 3038,4 миң сом бюджеттик кирешелерге, 4000,0 миң сом атайын каражаттарга кошулгандыгы жана 5000,0 миң сом демөөрчүлөрдөн келип түшкөндүгү эске алынсын.
3. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо жана көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге тапшырылсын.
4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 6 — августу № 8/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен
киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 23-июлундагыбиргелешкен отурумунун № 4 чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кирешелердин планына 12038,4 миң сомго тактоо киргени, анын ичинен: 3038,4 миң сом бюджеттик кирешелерге, 4000,0 миң сом атайын каражаттарга жана 5000,0 миң сом дөмөөрчүнүн эсебиненкошулгандыгы эске алынсын.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айындагы бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен 12038,4 миң сом акча каражатын төмөндөгү аткарылуучу иштерди каржылого макулдук берилсин:
— Шаар ичиндеги жолдорду ункур-чункурларын ондоого — 1500,0 миң сом,
— С.Шарипов эстелигин орнотууга — 600,0 миң сом,
— Лоток сатып алууга — 438,4 миң сом,
— Шагыл сатып алууга — 210,0 миң сом,
— Ар кандай жумуштарды аткарууга — 290,0 миң сом,
— Бала бакчалардын атайын каражаттарына 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына — 4000,0 миңсом, ал эми экинчи жарым жылдыгына — 5000,0 миң сом,
— З.М.Бабур атындагы орто мектебинин аймагында курулуп жаткан спорт залдын курулуш иштерине — 1904,5 миң сом,
— К.Датка атындагы орто мектебинин аймагында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерине — 3095,5 миң сом.
3. Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата бекитилген титулдук тизмесиндеги 16, 17 пунктундагы Борбор жана Жаныбек казы кварталдарындагы балдар ойноочу аянтчаларга бөлүнгөн акча каражатынан — 200,0 миң сом кыскартырылып, Ак-Кеме балдар бакчасына кампа курууга — 200,0 миң сом кошумча акча каражатын каржылоого, Борбор жана Жаныбек казы кварталдарынын калган акчаларынын багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү, Өзгөн шаардык мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин, бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 6 — августу № 8/5 Өзгөн шаары
Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен Өзгөн шаарынын Борбор кварталында жаңы курулган милиция имаратынын алдандыга көчөгө асфальт төшөө, лоток орнотуу жана көрктөндүрүү үчүн акча каражатын алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-июлундагы отурумунун №6 чечимин жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 4—июлундагы №01-06/692 катын эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Алынган акча каражатын максаттуу, мыйзамдуу жана өз убагында пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 6 — августу № 8/6 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарына демөөрчү тарабынан бөлүнүп берилген 5,0 млн сом акча каражатын каржылоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7- июлундагы отурумунун №6 чечимин жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 4—июлундагы №01-06/692 катын эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Алынган акча каражатын максаттуу, мыйзамдуу жана өз убагында пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 6 — августу № 8/7 Өзгөн шаары
Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен Өзгөн шаарындагы борбордук стадионуна кошумча жол куруу үчүн акча каражатын алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 31-июлундагы №7 чечимин жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 30-июлундагы № 01-06/805 катын эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы борбордук стадионуна кошумча жол куруу үчүн Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 3796,5 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.
2. Алынган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 6 — августу № 8/8 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы “Өзгөн шаарында катуу таштандыларды ташып чыгаруу тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” № 17/5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актылары жөнүндө мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 23-июлундагы биргелешкен отурумунун №4 чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
3. Ушул токтомду аткарууга алуу Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 6 — августу № 8/9 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын 2025-2030-жылдарга мастер планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17январындагы № 18-т тескемеси менен бекитилген 2025-жылга иш-аракеттер планынын 190-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын2025-жылдын 31-июлундагы протоколунун негизинде,Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Өзгөн шаарынын 2025-2030-жылдарга иштелип чыккан мастер планынын аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Ы.Таевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Джалилов


