Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы- аким Каныбек Сагынбекович билим берүү тармагындагы кызматкерлерди терең урматтоо менен майрамдарын куттуктап, 2024-2025- окуу жылында ийгилик жараткан К.Раимбеков атындагы орто мектебине автоунаа белек кылды.
Мындан сырткары бир канча мектеп жетекчилерине акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Жогорудагы колдоолор билим берүү кызматкерлерине дем берет.
Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Тургунбекович 2025-2026-жаңы окуу жылына карата бир катар милдеттерди тапшыруу менен ийгилик каалап, барыбыз ынтымакта билим берүү тармагында жаратмандык менен иш алып барабыз деген ураан менен иш — чараны жыйынтыктады.


