Бүгүн, Өзгөн шаарында элдик жыйын өткөрүлдү. Ага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Каныбек Апбасов, Өзгөн районунун прокурору Мирлан Токпаев, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө район башчысы Каныбек Апбасов райондун, анын ичинен шаарды өнүктүрүү жаатында аткарылып жаткан иштер, инфраструктуралык долбоорлор, социалдык тармактагы жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер тууралуу ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымадап, жарандарга көйгөй жараткан маселелерин укту.
Калаа тургундары тарабынан таза суу, жайыт маселеси, турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин жетишсиздиги, ирригация, жол, мектеп көйгөйлөрү, бир учурда эки жаранга мамлекеттик акт берилип кеткен жагдай, жарандардын укуктарын коргоо жана шаардын тазалыгы боюнча маселелер көтөрүлдү.
Көтөрүлгөн маселелерди район акими көзөмөлгө аларын белгилеп, тиешелүү кызматтарга так тапшырмалар берилди.
ЭЛДИК ЖЫЙЫН ӨЗГӨН ШААРЫНДА ӨТТҮ
Share This Article


