|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз алтынчы
сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-апрели № 6/31
2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн
райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 28624,3 мин сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 8587,3 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз алтынчы
сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-апрели № 6/32
Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Айыл айылына бала бакча ачуу жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Айыл айылынын тургундарынын муктаждыктарын чечүү максатында курулуп жаткан бала бакчаны ачуу жана бала бакчага ат коюу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
- Жаңы-Айыл айылынын тургундарынын бала бакчага болгон муктаждыктарын чечүү максатында Жаңы -Айыл айлында курулуп жаткан 75 орундуу (төрт тайпага ылайык) балдар бакчасы ачылсын.
- Жаңы-Айыл айылында жаңы ачылган бала бакчага айыл тургундарынын элдик жыйынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги протоколунун негизинде айыл тургуну “Баатыр эне” Жолдошалиева Перизаттын ысмы ыйгарылсын.
- Жаңы-Айыл айылындагы балдар бакчасынын тамак ашын калькуляцияга ылайык ай сайын тарбиялануучунун ата-энесинин эсебинен 1200(бир миң эки жүз)сомдон акча каражаты төлөнсүн.
- Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевге балдар бакчасынын электр энергиясын, отун, көмүр менен камсыздоо жагы тапшырылсын.
5.Суралсын райондук билим берүү бөүмүнөн,сан.эпид.станция, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрду чыгарып берүү жагы.
6.Суралсын райондук финансы бөлүмүнөн Жаңы-Айыл айылыны балдар бакчасынын стабилдүү иштеп кетиши үчүн кызматкерлердин эмгек акысын мамлекеттик бюджетке өткөрүп берүү жагы.
Төрага К.Камчибеков
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз алтынчы
сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-апрели № 6/33
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ЖКХ бөлүмүнө башка бөлүмдөргө
акча каражатын которуу жөнүндө
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- 2025-жылдын 2-чейрегинде ЖКХ бөлүмүнөн 3111 беренесинен айылдык кеңештин 2215 беренесине 120,0 миң сом, айыл өкмөтүнүн аппаратына 2211 беренесине 200,0 миң сом, 2221 беренесине 500,0 миң сом жалпысы 820,0 миң акча каражаты жылдырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз алтынчы
сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-апрели № 6/34
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бөлүмдөрүнөн башка бөлүмдөргө акча каражатын которуу жана аткарылбаган төлөмдөрдү кыскартуу жөнүндө
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- 2025-жылдын 2-чейрегинде ЖКХ бөлүмүнөн 3111 беренесинен айыл чарбага 2215 беренесине 102,1 миң сом, орто мектептин 2215 беренесине 112,7 миң сом, маданият үйүнүн 2215 беренесине 50,0 миң сом жалпысы 264,8 миң акча каражаты жылдырылсын.
- 2025-жылдын 2-чейрегинде бекитилген төмөнкү салык түрлөрүнөн 14151200- лицензиядан түшүүчү төлөмдөрдөн 2940,0 миң сом, 1321100-огород салыгынан түшүүчү төлөмдөрдөн 400,0 миң сом жалпы 3340,0 миң сом акча каражаттары кыскартылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз алтынчы
сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-апрели № 6/35
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бала бакча (атайын каражат ата энелер төлөмү) бөлүмүнө кошумча план алуу жана максаттуу грантка келген акча каражатын кайтаруу жөнүндө
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- 2025-жылдын 2-чейрегинде киреше бөлүгүндөгү бала бакчанын атайын каражатына (ата энелер төлөмү) 1200,0 мин сом акча каражаты кошумча планга киргизилсин.
- Кошумча киреше бөлүгүндөгү бала бакчанын атайын каражаттан (ата энелер төлөмү) алынган 1200,0 мин сом акча каражаты 2218 беренесине отургузулсун.
- 2024-жылы Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн конторасынын имаратын капиталдык оңдоо учүн максаттуу грантка келген 6902.7 миң сом акча каражаттан ашкан 348158 сом- Жазы айылындагы АРИС тараптан курулган ФАПка өздук салым үчүн, 255780 сом Кызыл-Дыйкан айылындагы Ж.Абдурасулов орто мектебинин терезелерин пластик ПВХ терезелерине алмаштыруу үчүн, 238616 сом Кара-Дыйкан айылындагы кичи футбол аянтчасын курууга өздүк салым үчүн которулган. Жалпы 842554 сом акча каражаты Республикалык бюджетке кайтарылсын. Кайтарылган акча каражаты ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесинен кыскартылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги тогузунчу
сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 9/55
Кыргыз Республикасын бюджетинен бөлүнгөн дем берүүчү (стим) грантка өздүк салым кошуу жөнүндө
Жазы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги тогузунчу сессиясында айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевдин Кызыл-Дыйкан айылындагы кичи футбол аянтчасын курууга, Кызыл-Тоо орто мектебинин, Т.Ташмаматов орто мектебинин, Ж.Мойдунов орто мектебинин, Ш.Абдуллаева бала бакчасынын капиталдык ремонттору үчүн дем берүүчү грантка өздүк салым кошуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңеши токтом кылат:
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Жазы айыл аймагындагы Кызыл-Дыйкан айылындагы кичи футбол аянтчасын курууга 1 050 300 сом, Кызыл-Тоо орто мектебине 1 956 522 сом, Т.Ташмаматов орто мектебине 1 847 328 сом, Ж.Мойдунов орто мектебине 1 694 789 сом, Ш.Абдуллаева бала бакчасына 1 542 757 сом капиталдык ремонттору үчүн дем берүүчү грантка Жергиликтүү бюджеттен жалпы 8 091 696 сом акча өздүк салым катары 2026-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
- Мыйзам чегинде иш алып баруу Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги тогузунчу
сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 9/56
Жазы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 109, 115-беренесине ылайык Жазы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Жазы айылдык кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-115-беренесине ылайык Жазы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027- жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө 2024-жылдын 11-декабрындагы Мыйзамынын 6-беренесине ылайык айыл өкмөттө бош орундардын (ваканттардын) түзүлүшүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу жана бюджеттен экономдолгон Жазы айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесинен 2680,0 мин сом 2121 беренесинен 226,7 мин сом, 2212 беренесинен 50,0 мин сом, 2221 беренесинен 24,7 мин сом, 2222 беренесинен 36,8 мин сом. Кеңеш бөлүмүнүн 2111 беренесинен 30,0 миң сом, 2211 беренесинен 60,0 мин сом, 2215 беренесинен 49,3 мин сом, 2222 беренесинен 20,0 мин сом. Маданият бөлүмүнүн 2111 беренесинен 200,0 мин сом, 2121 беренесинен 38,0 мин сом. Китепкана бөлүмүнүн 2111 беренесинен 280,0 мин сом, 2121 беренесинен 30,0 мин сом. Айыл чарба бөлүмүнүн 2221 беренесинен 35,3 мин сом. Социалдык коргоо бөлүмүнүн 2721 беренесинен 100,0 мин сом. ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесинен 1738,0 мин сом, 2222 беренесинен 147,9 мин сом, 3111 беренесинен 1330,7 мин сом, 3113 беренесинен 300,0 мин жалпы 7377,4 мин сом кыскартылып 6233,7 мин сому бекитилген пландан аткрылбай калгандыктан кыскартылган каражаттар эсебине кыскартылсын, 300,0 мин сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине, 843,7 мин сом акча каражаты ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесине кошумча смета болуп киргизилсин.
- Кошумча киреше бөлүгүндөгү бала бакчанын атайын каражаттан (ата энелер төлөмү) алынган 1540,0 мин сом акча каражаты 2218 беренесине отургузулсун.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги онунчу
сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-февралы № 10/57
Жазы айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнун башчысы У.Джеенбаевдин 2025-жыл ичинде аткарган иштерин угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
- Жазы айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Жазы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүүгү программасынын
аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага К.Камчибеков
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги онунчу
сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-февралы № 10/58
Жазы айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн 2026-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин 99-беренесинин 2-пунктуна жана ушул эле кодекстин 102-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде 2025-жылда иштетилбей үнөмдөлүп калган акча каражаты финансы экономика боюнча коммиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
- 2026-жылга Жазы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү – 84945,5 миң сомго жана чыгаша бөлүгү – 84945,5 сомго бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрүнө ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 849,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылда иштетилбей (үнөмдөлгөн) калган жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен 3840,0 миң сом акча каражаты 2026-жылга карата аткарыла турган иш чаралардын негизинде беренелерге ылайык жумшалсын.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер эмгек акы, социалдык фондко чегерүү багытталсын.
- Тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр, коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылого багытталсын.
- Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен Коммуналдык чыгашаларды толук каржылоого багытталсын.
- Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынаары белгиленсин.
- Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганга атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
- Айланма кассалык калдык (оборотная кассовая наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2026-жылдын 1-январына карата 100,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Камчибеков
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги онунчу
сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-февралы № 10/59
Ак-Кыя айылынын “Тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну
жана жок кылууну уюштуруу” жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Жазы айылдык кеңештин Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
- Ак-Кыя айылынын тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2026-жылдын 1-январынан баштап ар бир кожолукка ай сайын 200 (эки жүз) сомдон бекитилсин.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ош облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Камчибеков
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги онунчу
сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-февралы № 10/60
Жазы айыл өкмөтүнүн карамагында турган Жээренчи, Ак-Талаа, Ак-Терек, Абыке каналдарын Өзгөн райондук Суу чарба башкармасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү” жөнүндөгү токтомун, Өзгөн райондук Суу чарба башкармасынын №01-3/16 30.01.2026-жылдагы катын жетекчиликке алып, Жазы айылдык кеңешинин агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат:
- Жазы айыл өкмөтүнүн карамагында турган Жээренчи каналы 3 км, Ак-Талаа каналы 9,7 км, Ак-Терек каналы 5,1 км, Абыке каналы 4,8 км аралыктан Өзгөн райондук Суу чарба башкармасынын карамагына өткөрүп берилсин.
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде тиешелүү документтерин даярдап аты аталган каналдарды айыл өкмүнүнүн карамагынан Өзгөн райондук Суу чарба башкармалыгына өткөрүү Жазы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Жазы айылдык кеңешинин агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Камчибеков
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги онунчу
сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-февралы № 10/61
Жазы айыл өкмөтүнүн карамагында турган Муниципалдык менчиктеги эскилиги жеткен техникаларды эсептен чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесин, 03.02.2025-жылдагы №3/13 токтому менен бекитилген Жазы айылдык кеңешинин Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобонун негизинде Жазы айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат:
- Жазы айыл өкмөтүнүн балансында турган техникалардын эскилиги жетип жараксыз абалда тургандарын эсептен чыгаруу, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын негизинде иш алып баруу Жазы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Камчибеков




