Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XIII-сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7 –ноябры № 13/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын Өзгөн каналын коргоо аймагын белгилөө жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин XIII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу” жобонун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу” жобонун негизинде Өзгөн шаарынын Өзгөн каналынын коргоочу зонасынын тышкы чегинин аймагын суунун көлөмунун аз болгондугун эске алып,
3-метр өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
- Өзгөн каналын жээгинде курулган жеке менчик турак жайлар жана соода сатык объектилеринин ээлери менен мыйзам чегинде эки тараптуу келишим түзүп келтирилген зыяндын ордун каптап берүү максатында жумуш алып баруу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго тапшырылсын.
- Жогорудагы каналдын жээгин ачуу боюнча шаардын башкы планына ылайык иш алып баруу жагы Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XIII-сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7 –ноябры № 13/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын Борбордук базарынын аймагындагы муниципалдык менчикке кабыл алынган жер тилкесинде белгиленген убакыттарда соода сатык кылууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 23-ноябрындагы №01-06/1178 катын угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетин көбөйтүү максатында борбордук базардын аймагында муниципалдык менчикке кабыл алынган жер тилкесинде жөө жүргүнчүлөргө жана өрт өчүрүү кызматынын унааларына тоскоолдук жаратпоо шарты менен күндүзгү убакыттарда белгиленген сааттарда соода сатык кылууга макулдук берилсин.
- Мыйзамга ылайык ижара келишимин түзүп иш алып баруу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча » туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XIV сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-ноябры № 14/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-ноябрындагы чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарындагы “Ай-Шооласы” мектепке чейинки билим берүү мекемесин капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 256 372 (бир миллион эки жүз элүү алты миң уч жүз жетимиш эки) сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
- Жогорудагы долбоорлорду 2026-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XIV сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-ноябры № 14/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-ноябрындагы чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин имаратынын жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1193782 (бир миллион бир жүз токсон үч миң жети жүз сексен эки) сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
- Жогорудагы долбоорлорду 2026-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XIV сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-ноябры № 14/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-ноябрындагы чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарындагы А.Темур атындагы орто мектебине кичи футбол аянтча курууга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 963066 (тогүз жүз алтымыш үч миң алтымыш алты ) сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
- Жогорудагы долбоорлорду 2026-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII- чакырылышынын) кезектеги XV- сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025 -жылдын 23-декабры № 15/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27- ноябрындагы “Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” №1/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин фракцияларынын сунуштарынын жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы №12 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы “Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапатттык курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” №1/4 токтомунун тиркемесиндеги:
— 1-пунктундагы “Шамаматов Нурилло Маматкаримович” деген сөз “ Камбаров Сайдулло Мамасобирович” деген сөзгө алмаштырылсын,
— 4-пунктундагы “Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич” деген сөз “Чолуков Уран Абдиназарович” деген сөзгө алмаштырылсын,
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII- чакырылышынын) кезектеги XV- сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025 -жылдын 23–декабры № 15/ 2 Өзгөн шаары
“Өзгөн Таза-Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү сууга жана саркынды сууларды чыгарууга болгон төлөмдүн (тарифтерин) прейскурантын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 16-декабрындагы биргелещкен отурумунун №8 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын ичүүчу сууга жана саркынды сууларды чыгаруунун өздүк баасы жана категориялары боюнча бааларынын (тарифтердин) прейскуранты төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
— Ичүүчү суунун өздүк наркы 29,89 сом,
— Калк үчүн 1м.куб ичүүчү суу үчүн 26,25 сом.
— Жеңилдетилген негизде төлөөчүлөр үчүн 15,30 сом
— Бюджеттик мекеме ишканаларга 1м.куб ичүүчү суу үчүн 37,06 сом
— Комерциялык ишканаларга 1м.куб ичүүчү суу үчүн 95 сом
— Саркынды сууларды чыгаруунун өздүк наркы 28,87 сом
— Калк үчүн 1м.куб саркынды сууларды чыгаруу үчүн 26,25 сом.
— Бюджеттик мекеме ишканаларга 1м.куб саркынды сууларды чыгаруу үчүн 63 сом
— Комерциялык ишканаларга 1м.куб саркынды сууларды чыгаруу үчүн 134,81 сом
- Тариф саясатын 2026-жылдын 1-январынан колдону жана бекитилген тарифтер боюнча түшүндүүрү иштерин жүргүзү ”Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси И.Бакасовго аны көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевке милдеттендирилсин..
.3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025 -жылдын 23–декабры № 15/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык мэриясынын муниципалдык менчигиндеги 2190 м2 жер тилкесин Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгына оперативдүү башкаруусуна берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 19-декабрындагы №_6_ отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын Борбор кварталында жайгашкан Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги бош турган 2190 м2 жер тилкесин Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгына оперативдүү башкарууга берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н. Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII- чакырылышынын) кезектеги XV- сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025 -жылдын 23 –декабры № 15/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын айрым көчөлөрүн наамын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобого ылайык «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12- декабрындагы отурумунун № 12- протоколунун, негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарынын Бирлик көчөсүн аты өзгөртүлүп, Нодиров Латипжан дын ысымы ыйгарылсын.
- Өзгөн шаарынын Новоселов көчөсүн аты өзгөртүлүп, Макаров Михаил Петровичтин ысымы ыйгарылсын.
- Өзөн шаарынын Кара — Шоро жана Кашкар көчөлөрүн аты өзгртүлүп, Зухриддинов Махамадумардын ыымы ыйгарылсын.
- Өзгөн шаарынын Мусофир-Ата көчөсүн аты өзгөртүлүп,Исабаев Абибула Абдулатович;тин ысымы ыйгарылсын.
- Өзгөн шаарынын Матросов көчөсүн аты өзгөртүлүп, Уметалиев Арстанбектин ысымы ыйгарылсын.
6.Жаңы Өзгөн кварталындагы аты жок көчөгө — Калыев Аширбайдин ысымы ыйгарылсын;
7.Өзгөн шаарынын көчөсү Хамза көчөсүн аты өзгөртүлүп, Базарбаев Абдулазимдин ысымы ыйгарылсын;
- Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Н.Ташмаматовго, аны көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаар мэри Э.Таевке милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII- чакырылышынын) кезектеги XV- сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025 -жылдын 23 –декабры № 15/5 Өзгөн шаары
“Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобосуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы отурумунун №12 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарынын социалдык–экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, Кахаров Алишер Абдухалилович, Абдурахманов Хатамжан Омаралиевич, Козубаева Кумушхон, Кочкорбаева Адашханга “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.“Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган жарандарга “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылгандыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жана салтанаттуу тапшырууну уюштуруу Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026 -жылдын 14- январы №16/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын Курманжан Датка орто мектебинин аймагына жаңы курулган №10 мектепке чейинки билим берүү уюм-мекемесине “Жеткинчек муун”аталышын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобого ылайык «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы отурумунун № 13 протоколунун, негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаарынын Курманжан Датка орто мектебинин аймагына жаны курулган №10 мектепке чейинки билим берүү уюм-мекемесине “Жеткинчек муун” аталышы ыйгарылсын.
- Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 10 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Н.Ташмаматовго, аны көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаар мэри Э.Таевке милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XVI сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026 -жылдын 14-январы № 16/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык мэриясынын муниципалдык менчигиндеги 2190 м2 жер тилкесин Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгына мөөңөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 14-январындагы отурумунун №1 протоколунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын Борбор кварталында жайгашкан Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги бош турган 2190 м2 жер тилкесин Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2025- жылдын 23—декабрындагы №15/3 токтому жокко чыгарылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н. Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 5–февралы №17/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесин жетекчиликке алып, Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундуларын угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2026-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттары 1-тиркемеге ылайык 223646,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Өзгөн шаарынын бюджетинин 2027-жылга болжолу 2-тиркемеге ылайык 249733,6 миң сом, 2028-жылга болжолу 3-тиркемеге ылайык 278257,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Өзгөн шаардык мэриясы 2026-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзсүн.
- Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
- Киреше булактарынан кармалган киреше салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
- Патенттин негизиндеги салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
- 2026-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 34671,3 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык шаардын мэринин резервдик фонду 3000,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык төлөнүүчү төлөмдөрдү Өзгөн шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөөгө макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин, Өзгөн шаардык мэриясынын муниципиалдык кызматкерлеринин жана башкы эсепчисинин эмгек акысына ай сайын бир кызматтык маянанын өлчөмүндө үстөк акы, МММБ департаментинин муниципалдык кызматкерлеринин жана кварталдык комитеттеринин башчыларынын эмгек акысына ай сайын 70% кызматтык маянанын өлчөмүндө, башкы эсепчисинин эмгек акысына ай сайын бир кызматтык маянанын өлчөмүндө үстөк акы, Өзгөн шаардык кенешинин техникалык тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысына ай сайын бир кызматтык маянанын өлчөмүндө үстөк акы 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөп берилсин.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №240 токтомуна ылайык менчик жеке автомобилин кызматтык сапарларга пайдалангандыгы үчүн Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына мэриянын транспорттук чыгымдар статьясынан каржылоого макулдук берилсин.
- Элге социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн 272131 “Элге жеңилдиктер” статьясынан 3320,0 миң сом, 27216 “Өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткандарга кайтарымсыз жардам” статьясынан 2000,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
- 2027-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада
жүргүзүлүүчү накталай акча 3000,0 миң сомдон кем эмес суммада белгиленсин. - Өзгөн шаарынын 2025-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 201714,6 миң сомго, чыгаша бөлүгү 312550,9 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин. Шаардын бюджетинде 2026-жылдын 1-январына карата 11652,6 миң сом эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын.
- Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2026-жылдын 1-январына карата 5,8 миң сом өлчөмүндө эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын жана мыйзамга ылайык ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
- Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2025-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2025-жылга шаардык бюджетте калган 1786.9 миң сом эркин калдыктын 1732,1миң сому бюджеттик каражаттарга, ал эми 54,8 миң сом атайын каражаттарга каржыланганы эсепке алынсын.
- 15. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2026-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
- Өзгөн шаарында таштанды ташып чыгаруу жыйымы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
Төрага Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2026-жылдын 5-февралындагы кезектеги XVII сессиясынын №17/1 токтомунун
1-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин долбоору
| № | Кирешелер | Суммасы, миң сом |
| 1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 164071,0 |
| 2 | Патент негизиндеги салык | 20000,0 |
| 3 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1507,3 |
| 4 | Турак жайга же жайга мүлк салыгы | 550,0 |
| 5 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2 560,0 |
| 6 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 6680,5 |
| 7 | Акиташ, курулуш ташы | 100,0 |
| 8 | Беттегич таштар | 200,0 |
| 9 | Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым | 41,0 |
| 10 | Жер үчүн ижара акы | 4300,0 |
| 11 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 491,8 |
| 12 | Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым | 135,0 |
| 13 | Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым | 10,0 |
| 14 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 23000,0 |
| КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 223646,6 | |
| № | Чыгашалар | миң сом |
| 1 | Мамлекеттик башкаруу | 31671,3 |
| 2 | Шаар мэринин резервдик фонду | 3000,0 |
| 3 | Турак-жай чарбасы | 139020,2 |
| 4 | Маданият бөлүмү | 5994,5 |
| 5 | Билим берүү бөлүмү | 38640,6 |
| 6 | Социалдык коргоо бөлүмү | 5320,0 |
| ЧЫГАШАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 223646,6 |
Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы М.Розахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2026-жылдын 5-февралындагы кезектеги XVII сессиясынын №17/1 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2027-жылга карата бюджетинин болжолу
| № | Кирешелер | Суммасы, миң сом |
| 1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 190158,0 |
| 2 | Патент негизиндеги салык | 20000,0 |
| 3 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1507,3 |
| 4 | Турак жайга же жайга мүлк салыгы | 550,0 |
| 5 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2 560,0 |
| 6 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 6680,5 |
| 7 | Акиташ, курулуш ташы | 100,0 |
| 8 | Беттегич таштар | 200,0 |
| 9 | Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым | 41,0 |
| 10 | Жер үчүн ижара акы | 4300,0 |
| 11 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 491,8 |
| 12 | Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым | 135,0 |
| 13 | Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым | 10,0 |
| 14 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 23000,0 |
| КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 249733,6 |
Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы М.Розахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) 2026-жылдын 5-февралындагы кезектеги XVII сессиясынын №17/1 токтомунун 3-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2028-жылга карата бюджетинин болжолу
| № | Кирешелер | Суммасы, миң сом |
| 1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 218682,0 |
| 2 | Патент негизиндеги салык | 20000,0 |
| 3 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1507,3 |
| 4 | Турак жайга же жайга мүлк салыгы | 550,0 |
| 5 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2 560,0 |
| 6 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 6680,5 |
| 7 | Акиташ, курулуш ташы | 100,0 |
| 8 | Беттегич таштар | 200,0 |
| 9 | Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым | 41,0 |
| 10 | Жер үчүн ижара акы | 4300,0 |
| 11 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 491,8 |
| 12 | Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым | 135,0 |
| 13 | Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым | 10,0 |
| 14 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 23000,0 |
| КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 278257,6 |
Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы М.Розахунов

Өзгөн шаардык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026 -жылдын 5-февралы № 17/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын Борбор кварталында жайгашкан Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги бош турган 1951,25 чарчы метр жер тилкесин жаңы административдик имарат куруу үчүн Өзгөн райондук прокуратурасына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” жана “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссияларынын 2026-жылдын 5-февралындагы биргелешкен отурумунун корутундусунун негизинде Өзгөн шаардык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын Борбор кварталында жайгашкан Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги бош турган 1951,25 чарчы метр жер тилкесин жаңы административдик имарат куруу үчүн Өзгөн райондук прокуратурасына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Торага Н.Шамаматов



