| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
- жылдын 14-ноябры № 78 Жылалды айылы
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын IV кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын IV кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын он бир айынын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-115-беренесине ылайык Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027- жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө 2024-жылдын 11-декабрындагы Мыйзамынын 6-беренесине ылайык айыл окмотто бош орундардын (ваканттардын) түзүлүшүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесинен жана башка беренелерден 2025-жылдын IV кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
| Раздел | Статья | Сумма измерение | |||||
| — | + | I кв | II кв | III кв | IV кв | ||
| Аппарат | 2221 | 38,5 | 38,5 | ||||
| Аппарат | 2211 | 50,0 | +50,0 | ||||
| Аппарат | 2111 | 400,0 | -400,0 | ||||
| Аппарат | 2224 | 1,4 | -1,4 | ||||
| Аппарат | 2222 | 23,1 | -23,1 | ||||
| Аппарат | 2215 | 58,5 | +58,5 | ||||
| Библиотека | 2211 | 30,0 | -30,0 | ||||
| Библиотека | 2224 | 0,6 | -0,6 | ||||
| Айыл чарба | 3113 | 152,5 | —152,5 | ||||
| Маданият үйу | 2215 | 0,2 | -0,2 | ||||
| Маданият үйү | 3112 | 90,0 | -90,0 | ||||
| Маданият үйү | 2111 | 920,0 | -920,0 | ||||
| Маданият үйү | 2121 | 145,0 | -145,0 | ||||
| Бала бакча | 2211 | 100,0 | -100,0 | ||||
| Бала бакча | 2211 | 50,0 | -50,0 | ||||
| Айылдык кенеш | 2215 | 45,8 | -45,8 | ||||
| Орто мектеп | 2215 | 172,0 | -172,0 | ||||
| Орто мектеп | 2221 | 3,4 | -3,4 | ||||
| Орто мектеп | 3111 | 70,0 | -70,0 | ||||
| Орто мектеп | 2221 | 70,0 | -70,0 | ||||
| Орто мектеп | 2222 | 179,2 | -179,2 | ||||
| Орто мектеп | 2222 | 660,0 | +660,0 | ||||
| ЖКХ | 2214 | 714,0 | -714,0 | ||||
| ЖКХ | 2221 | 28,9 | -28,9 | ||||
| ЖКХ | 2222 | 150,8 | -150,8 | ||||
| ЖКХ | 3111 | 112,0 | -112,0 | ||||
| ЖКХ | 3112 | 30,9 | -30,9 | ||||
| ЖКХ | 2212 | 70,0 | -70,0 | ||||
| ЖКХ | 2215 | 2829,8 | +2829,8 | ||||
| Жыйынтыгы | 3598,3 | 3598,3 | 0 | ||||
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-ноябры № 79 Жылалды айылы
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын IV кварталындагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын IV кварталындагы бюджетине киреше салыгынан 1200,0 миң сом, мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин ижара акысынан 3400,0 миң сом, жалпысы 4600,0 миң сом киреше ашыкча чегерилери жөнүндөгү ФЭБ башчы З. Осмоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын IV кварталындагы бюджетине киреше салыгынан 1200,0 миң сом, мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин ижара акысынан 3400,0 миң сом, жалпысынан 4600,0 миң сом ашыкча киреше чегерилгендиктен, чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгүдөй беренелерине бөлүнсүн:
ЖКХ бөлүмүнө 3111 беренесине 4000,0 миң сом
ЖКХ бөлүмүнө 3112 беренесине 600,0 миң сом
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14 -ноябры № 80 Жылалды айылы
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айында аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айында аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери боюнча Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айында аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
- Төрт-Көл айыл өкмөтүнө, 2030-жылга чейин бекитилген стратегиялык өнүктүрүү пландын иш жүзүнө ашырылышы боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14 -ноябры №81 Жылалды айылы
Красный-Маяк айылынын тургуну Уметов Нурланбек Токторбаевичтин көрктөндүрүү үчүн жер тилкесин сурап жазган арызы жөнүндө
Красный-Маяк айылынын тургуну Уметов Нурланбек Токторбаевичтин көрктөндүрүү үчүн жер тилкесин сурап жазган арызын карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат :
- Төрт-Көл айыл аймагынын Красный-Маяк айылындагы айыл мүрзөсүнүн жанындагы № 813 контурунда жайгашкан айыл чарба багытында турбаган, 0.66 га жер тилкесин көрктөндүрүүгө Уметов Нурланбек Токторбаевичке берүүгө макулдук берилсин.
- Төрт-Көл айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш кагаздарды дарядоо жагы милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14 -ноябры № 82 Жылалды айылы
Ана-Кызыл айылынын тургуну Карагулова Майрамхан Орозматовнанын менчигиндеги турак үйүнүн пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ана-Кызыл айылынын тургуну Карагулова Майрамхан Орозматовнанын менчигиндеги турак үйүнүн, идентификациялык коду 5-06-17-1002-0485, пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ана-Кызыл айылынын тургуну Карагулова Майрамхан Орозматовнанын менчигиндеги турак үйүнүн 800 м2 жер тилкесинин, идентификациялык коду 5-06-17-1002-0485, пайдалануу багытын элди тейлөө, кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
- Суралсын Жер ресурсары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамалекеттик агентиктин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14 -ноябры № 83 Жылалды айылы
Жылалды айылынын тургуну Сарыкбаева Ыкыбал Чомоевнанын менчигиндеги турак үйүнүн пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылынын тургуну Сарыкбаева Ыкыбал Чомоевнанын менчигиндеги турак үйүнүн, идентификациялык коду 5-06-06-1005-1372, пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Жылалды айылынын тургуну Сарыкбаева Ыкыбал Чомоевнанын менчигиндеги турак үйүнүн 700 м2 жер тилкесинин, идентификациялык коду 5-06-06-1005-1372, пайдалануу багытын элди тейлөө, кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
- Суралсын Жер ресурсары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамалекеттик агентиктин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14 -ноябры № 84 Жылалды айылы
Макаренко айылына 0,70 га жер тилкесине бала бакча курууга макулдук берүү жөнүндө
Макаренко айылына 0,70 га жер тилкесине бала бакча куруу жөнүндөгү айыл башчы Т. Анарбаевдин билдирүүсүн угуп, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын маалыматына ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Макаренко айылына 0,70 га жер тилкесине бала бакча курууга макулдук берилсин.
- Суралсын Жер ресурсары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамалекеттик агентиктин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14 -ноябры № 85 Жылалды айылы
Ана-Кызыл айылында Ош-Бишкек жолунун боюндагы муниципалдык менчикте турган жер тилкесинен 0,15 га жерди мечитке берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ана-Кызыл айылында Ош-Бишкек жолунун боюндагы муниципалдык менчикте турган жер тилкесинен 0,15 га жерди мечитке берүүгө Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн адиси Д. Сулаймановдун билдирүүсүн карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ана-Кызыл айылында Ош-Бишкек жолунун боюндагы 0,30 га муниципалдык менчикте турган жер тилкесинин ичинен 0,15 га жер тилкесин мечитке берүүгө макулдук берилсин.
- Суралсын Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14 -ноябры № 86 Жылалды айылы
Макаренко айылындагы Ж. Макидинов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Макаренко айылындагы Ж. Макидинов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З. Осмоновдун 2025-жылдын 10–ноябрындагы №1395 сандуу билдирүүсүн карап, финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы корутундусуна ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Макаренко айылындагы Ж. Макидинов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинен капиталдык оңдоо 3111-беренесинен өздүк салым үчүн 478527,0 (төрт жүз жетимиш сегиз миң беш жүз жыйырма жети) сом бөлүнүп берилсин.
- Макаренко айылындагы Ж. Макидинов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбоорун иш жүзүнө ашыруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14 -ноябры № 87 Жылалды айылы
Макаренко айылындагы З. Бечелов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Макаренко айылындагы З. Бечелов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З. Осмоновдун 2025-жылдын 10–ноябрындагы №1395 сандуу билдирүүсүн карап, финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы корутундусуна ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Макаренко айылындагы З. Бечелов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинен капиталдык оңдоо 3111-беренесинен өздүк салым үчүн 674721,0 (алты жүз жетимиш төрт миң жети жүз жыйырма бир) сом бөлүнүп берилсин.
- Макаренко айылындагы З. Бечелов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбоорун иш жүзүнө ашыруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14 -ноябры № 88 Жылалды айылы
Прогресс айылындагы Т. Каримов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Прогресс айылындагы Т. Каримов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З. Осмоновдун 2025-жылдын 10–ноябрындагы №1395 сандуу билдирүүсүн карап, финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы корутундусуна ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Прогресс айылындагы Т. Каримов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинен капиталдык оңдоо 3111-беренесинен өздүк салым үчүн 2000000,0 (эки миллион) сом бөлүнүп берилсин.
- Прогресс айылындагы Т. Каримов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбоорун иш жүзүнө ашыруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14 -ноябры № 89 Жылалды айылы
Макаренко айылындагы О. Шерматов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Макаренко айылындагы О. Шерматов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З. Осмоновдун 2025-жылдын 10–ноябрындагы №1395 сандуу билдирүүсүн карап, финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы корутундусуна ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Макаренко айылындагы О. Шерматов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинен капиталдык оңдоо 3111-беренесинен өздүк салым үчүн 828504,0 (сегиз жүз жыйырма сегиз миң беш жүз төрт) сом бөлүнүп берилсин.
- Макаренко айылындагы О. Шерматов атындагы ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбоорун иш жүзүнө ашыруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага М. Тажибаев
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ ТОРТ-КОЛСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
__________________________________________________________________
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14 -ноябры № 90 Жылалды айылы
Прогресс айылындагы № 5 ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Прогресс айылындагы № 5 ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З. Осмоновдун 2025-жылдын 10–ноябрындагы №1395 сандуу билдирүүсүн карап, финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-ноябрындагы корутундусуна ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Прогресс айылындагы № 5 ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбооруна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинен капиталдык оңдоо 3111-беренесинен өздүк салым үчүн 729 429 (жети жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз жыйырма тогуз) сом бөлүнүп берилсин.
- Прогресс айылындагы № 5 ички көчөнү капиталдык оңдоо (асфалть төшөө) долбоорун иш жүзүнө ашыруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.