Салам-Алик айылдык кенешинин V11I- чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз 7- сессиясынын
Т О К Т О М У
2025-жылдын 03-ноябры № 45 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15-Жаш айылынын Бештерек кенинин “Чыгыш” участогунан “Тур-Гул” жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензиялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жер бөлүкчөсүн убактылуу бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын 27-июнундагы №1 келишимдеги №7663 CE лицензиясынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши карап чыгып, жалпы депутаттардын макулдугуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндөгү Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер, кен боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде карап, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2025-жылдын 27-июнундагы берилген №7663 СЕ лицензиясынын жана № 1 лицензиялык макулдашуунун негизинде көмүр казууга Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15-Жаш айылынын Бештерек кенин “Чыгыш” участогунан “Тур-Гул” жоопкерчилиги чектелген коомуна, отвалын төгүүгө 3,05га, жумушчулардын эс алуучу жайына 1,77га, көмүр кенин казып алып иштетүүгө 18,0га жер тилкелерин убактылуу берүүгө макулдук берилсин.
- Салам-Алик айыл өкмөтү менен сессияда сунуш кылынган шарттар боюнча келишим түзүү жана жумушчу, кызматчыларынын 70 % (жетимиш) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан кабыл алуу сунушталсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык



