
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 6-сессиясынын
Т О К Т О М У
03.10.2025-жыл № 37 Салам-Алик айылы
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткарууга алуу жөнүндо.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткарууга алуу боюнча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн соц адиси М.Миңбаеванын маалыматын угуп Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 22-августундагы № 01-38/1082 сандуу катын аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн соц адиси М.Миңбаевага милдеттендирилсин.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык

Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 6-сессиясынын
Т О К Т О М У
03.10.2025-жыл № 38 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкелерин бир багыттан экинчи багытка которуу, транцформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт эсебиндеги жер тилкелерин бир багыттан экинчи багытка которуу (транцформациялоо) жөнүндө жер адис Ж.Нуралиевтин маалыматын угуп Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясында турган Кара-Дөбө участкасынан 1,70га, Беш-Терек участкасынан 2,30га, Ак-Терек айылындагы Кудук участкасынан 1,70га бардыгы 5,70га. жер аянтын “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунунжана башка багыттары жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
.
2..Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык

Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз 6-сессиясынын
Т О К Т О М У
03.10.2025-жыл № 39 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын
уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы IV “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ № 270 Жарлыгына жана кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколуна ылайык, Салам-Алик айыл аймагынан өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графигин жана жумушчу топтун курамын карап талкуулап чыгып, Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Салам-Алик айыл аймагынан өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоону уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамына төмөндөгүлөр бекитилсин.
— Чолпонбай уулу Сагындык айылдык кеңешинин төрагасы
— Акматалиев Жанболот айылдык кеңештин катчысы
— Арстанбек уулу Акылбек депутат Салам-Алик айылынан
-Эргешов Талантбек депутат Кызыл-Чарба айылынан
-Турганбаев Аскадбек депутат Эркин-Тоо айылынан
-Чыпаев Сыргабай депутат Кош-Этер айылынан
-Мокенов Эльбурс депутат 15 Жаш айылынан
2.Салам-Алик айыл аймагынан өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги № 1 тиркемеге жана өкүлчүлүктүү жыйынга шайлануучу делегаттардын саны № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Салам-Алик айыл аймагынан коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү үчүн айылдарды бөлүктөргө бөлүү ченемдери № 3 тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
4.Токтомдун аткаруу жагы өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу боюнча жумушчу топко милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Тиркеме -1.
Салам-Алик айылдык аймагынын айылдарында өкүлчүлүктүү жыйынына
делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги
| К-р
№ |
Айылдардын аталышы | Жыйындарды өткөрүү күнү | Өткөрүлө турган жери |
| 1 | Кызыл-Чарба айылы | 2025-ж 17-октябрь саат 10-00 | М.Сагынова орто мектеби |
| 2 | Эркин-Тоо айылы | 2025-ж 17- октябрь саат 12-00 | С.Турдуев орто мектеби |
| 3 | Карчабек айылы | 2025-ж 17-декабрь саат 14-00 | ФАП |
| 4 | Салам-Алик айылы | 2025-ж 17- октябрь саат 16-00 | Р.Сатыбалды уулу орто мектеби |
| 5 | Ак-Терек айылы | 2025-ж 18- октябрь саат 10-00 | Ак-Терек орто мектеби |
| 6 | Кош-Этер айылы | 2025-ж 18- октябрь саат 12-00 | Кош-Этер клуб |
| 7 | Кызыл-Байрак айылы | 2025-ж 18- октябрь саат 14-00 | Т.Бөрүбаев орто мектеби |
| 8 | Ара-Гол айылы | 2025-ж 18- октябрь саат 16-00 | Ж.Бөкөнбаев орто мектеби |
| 9 | 15-Жаш айылы | 2025-ж 18- октябрь саат 17-00 | Ж.Примкулов орто мектеби |
Тиркеме- 2.
Өкүлчүлүктүү жыйынга шайлануучу делегаттардын саны:
| К-р | Салам-Алик айыл аймагы | Жалпы калктын саны | Туруктуу калктын саны | Делегаттардын саны | Бөлүнгөн депутаттар | Тел. № |
| 1 | Кызыл-Чарба айылы | 1382 | 1332 | 10 | Эргешов Талант
Чолпонбай уу Сагындык Матибраимова Бурул |
0773509522
0773202019 0507507117 |
| 2 | Эркин-Тоо айылы | 2470 | 2420 | 18 | Турганбаев Аскадбек
Исмаилова Гүлмайрам |
0507770717
0772474272 |
| 3 | Карчабек айылы | 948 | 928 | 6 | Мансыркулова Айсулуу
|
0778005594
|
| 4 | Салам-Алик айылы | 1741 | 1681 | 13 | Темирова Нуржамал
Каипова Тазагул Раимбеков Жыргалбек Арстанбек уу Акылбек |
0709610102
0502921073 0700150609 0507100096 |
| 5 | Ак-Терек айылы | 1281 | 1241 | 9 | Маматибраим уу Раис
Женишбек уу Кыялбек Тыныбек к Аксана |
0700233256
0709464389 0772135755 |
| 6 | Кош-Этер айылы | 1052 | 987 | 7 | Чыпаев Сыргабай | 0779760008 |
| 7 | Кызыл-Байрак айылы | 908 | 850 | 6 | Калбаев Шермамат
Маматкулова Айгүл |
0755220875
0703460824 |
| 8 | Ара-Гол айылы | 1007 | 935 | 6 | Бусурманкулова Уулкан
Осмонкулов Нуржигит |
0773963658
0755220875 |
| 9 | 15-Жаш айылы | 758 | 713 | 5 | Мокенов Эльбурс
|
0505229377 |
| жалпы | 12101 | 11087 | 80 |
Салам-Алик айылдык кеңештин катчысы Ж.Акматалиев
Тиркеме- 2.
Салам-Алик айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынынын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү үчүн айылдардын бөлүктөргө бөлүү ченемдери.
Кызыл-Чарба айылы боюнча:
| К/№ | Айылдын аталышы | Айылдын бөлүктөргө бөлүнүшү | Жооптуу |
| 1 | Кызыл-Чарба |
А. Асанов көчөсү
Р. Салиев көчөсү |
Айылдык кеңештин депутаты Т.Эргешов
Айыл башчы Ш. Кунаев |
| 2 | Кызыл-Чарба |
Б. Сатылганов көчөсү
|
Айылдык кеңештин депутаты Матибраимова Бурул
Айыл башчы Ш. Кунаев |
| 3 | Кызыл-Чарба |
Ж. Жакыпов көчөсу Б. Бекташов көчөсү |
Айылдык кеңештин депутаты Чолпонбай уулу Сагындык
Айыл башчы Ш. Кунаев |
Эркин-Тоо айылы боюнча:
| К/№ | Айылдын аталышы | Айылдын бөлүктөргө бөлүнүшү | Жооптуу |
| 1 | Эркин-Тоо | Ж. Асанов көчөсү
И. Исмаилов көчөсү А. Касыбаев көчөсү
|
Айылдык кеңештин депутаты
Ж.Курманалиев Айыл башчы Б. Полотбеков |
| 2 | Эркин-Тоо | Ж.Эсеналиев көчөсү | Айылдык кеңештин депутаты
Турганбаев Аскад Айыл башчы Б. Полотбеков |
| 3
|
Эркин-Тоо | К. Акыбаев көчөсү
М. Акматалиев көчөсү Э. Жусубалиев көчөсү |
Айылдык кеңештин депутаты
Исмаилова Г Айыл башчы Б. Полотбеков |
Карчабек айылы боюнча:
| К/№ | Айылдын аталышы | Айылдын бөлүктөргө бөлүнүшү | Жооптуу |
| 1 | Карчабек | Ы. Эргешов көчөсү.
|
Айылдык кеңештин депутаты
Мансыркулова Айсулуу Айыл башчы Э.Мурзакматов |
| 2 | Карчабек | К. Абдырасулов көчөсү
А. Муратов Көчөсу
|
Айылдык кеңештин депутаты
Мансыркулова Айсулуу Айыл башчы Э.Мурзакматов |
Салам-Алик айылы боюнча:
| К/№ | Айылдын аталышы | Айылдын бөлүктөргө бөлүнүшү | Жооптуу |
| 1 | Салам-Алик |
Т.Сабиралиев көчөсү С.Иманбаев көчөсү |
Айылдык кеңештин депутаты
Темирова Нуржамал Айыл башчы Термечиков Байыш |
| 2 | Салам-Алик | Т.Бекболотов көчөсү Ж. Раимбеков көчөсү Мечиттен турбазага чейин А. Маметов көчөсү. |
Айылдык кеңештин депутаты Каипова Тазагул Айыл башчы Термечиков Байыш |
| 3 | Салам-Алик | Ж Раимбеков Мечитке чейин, Т Бекболотов көчөсү, К.Султанов көчөсү Мектептен көпөрөгө чейин. |
Айылдык кеңештин депутаты Раимбеков Жыргалбек Айыл башчы Термечиков Байыш |
| 4 | Салам-Алик | А.Авлезов көчөсү К. Муратов көчөсү К. Султанов көчөсү көпөрөдөн А.Кырабеков көчөсү менен бирге. | Айылдык кеңештин депутаты
Арстанбек уулу Акылбек Айыл башчы Термечиков Байыш
|
Ак-Терек айылы боюнча:
| К/№ | Айылдын аталышы | Айылдын бөлүктөргө бөлүнүшү | Жооптуу |
| 1 | Ак-Терек | Кудук көчөсү толук
“Мазар-булак” маала толук |
Айылдык кеңештин депутаты
Тыныбек кызы Аксана Айыл башчы Т. Кыпчакбаев |
| 2 | Ак-Терек | Мектеп көчөсү толук
“Көпөрө” маала
|
Айылдык кеңештин депутаты
Жеңишбек уулу Кыялбек Айыл башчы Т. Кыпчакбаев |
| 3 | Ак-Терек |
Токтогул көчөсү толук Эл Достугу көчөсү толук |
Айылдык кеңештин депутаты
Маматибраим уулу Раис Айыл башчы Т. Кыпчакбаев |
Кош-Этер айылы боюнча:
| К/№ | Айылдын аталышы | Айылдын бөлүктөргө бөлүнүшү | Жооптуу |
| 1 | Кош-Этер | “Оюм”маала
“Көчкү” маала |
Айылдык кеңештин депутаты
Чыпаев Сыргабай Айыл башчы Т. Кыпчакбаев |
| 2 | Кош-Этер | “ Олжобай” маала | Айылдык кеңештин депутаты
Маматкулова Айгүл Айыл башчы Т. Кыпчакбаев |
Кызыл-Байрак айылы боюнча:
| К/№ | Айылдын аталышы | Айылдын бөлүктөргө бөлүнүшү | Жооптуу |
| 1 | Кызыл-Байрак | Жогорку көчөсу | Айылдык кеңештин депутаты
А. Маматкулова Айыл башчы К.Жантаев |
| 2 | Кызыл-Байрак | Кайыңды көчөсү
|
Айылдык кеңештин депутаты
Ш. Калбаев Айыл башчы К.Жантаев |
Ара-Көл айылы боюнча:
| К/№ | Айылдын аталышы | Айылдын бөлүктөргө бөлүнүшү | Жооптуу |
| 1 | Ара-Көл | Ө. Кудайбердиев көчөсү
Н. Осмонкулов көчөсү “Төш” маала
|
Айылдык кеңештин депутаты
Осмонкулов Нуржигит Айыл башчы К.Токторбаев |
| 2
|
Ара-Көл | “Лесхоз” маала
“Сай” маала |
Айылдык кеңештин депутаты
Бусурманкулова Уулкан Айыл башчы К.Токторбаев |
15-Жаш айылы боюнча
| К/№ | Айылдын аталышы | Айылдын бөлүктөргө бөлүнүшү | Жооптуу |
| 1 | 15-Жаш
|
“Жогорку” маала “Ортоңку” маала “Ылдыйкы” маала |
Айылдык кеңештин депутаты
Мокенов Э Айыл башчы М.Шамшиев |
| 2 | 15-Жаш | “Кара Суу” маала
“Шыргыма” маала
|
Айылдык кеңештин депутаты
Мокенов Э Айыл башчы М.Шамшиев |
Салам-Алик айылдык кеңештин катчысы Ж.Акматалиев
Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз 6- сессиясынын
Т О К Т О М У
03.10.2025-жыл № 40 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө дем берүүчү гранттка беш проект сунуштоо жана жергиликтүу бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө дем берүүчү гранттка беш проект сунуштоо жана жергиликтүу бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдыкадыровтун маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө, дем берүүчү гранттка беш проект сунушталсын жана жергиликтүу бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Дем берүүчү гранттан бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Ф.Э.Б. башчысы Ж.Нуралиевке жүктөлсүн.
- Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагын

Салам-Алик айылдык кенешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз 6-сессиясынын
ТОКТОМУ
03.10.2025-жыл № 41 Салам-Алик айылы
Эркин-Тоо айылынын тургуну Нуразбай уулу Манас жеке менчик турак- жай участкасынын ичинен максаттык багытын өзгөртүп, элдерди азык түлук менен камсыздоо үчүн 0,02га жер аянтына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Эркин-Тоо айылынын тургуну Нуразбай уулу Манас жеке менчик турак-жай участкасындагы 0,02га жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, элдерди азык түлүк менен камсыздоо үчүн макулдук берүүгө Эркин-Тоо айылынын тургуну Нуразбай уулу Манастын 2025-жылдын 1-октябрында жазган арызын карап жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылынын тургуну Нуразбай уулу Манас “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан 2003-жылы 29-октябрь айынын серия Ч № 634474-сандуу каттоосу менен берилген жеке турак жай багытындагы идент. коду № 05-06-09-1005-0216 номериндеги турак-жай үйүнүн 200м.кв. жер аянтынын багытын өзгөртүп элдерди азык түлук менен камзыздоо үчүн дүкөн курууга макулдук берилсин.
2.Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
3.Бул токтомдон келип чыккан иш аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык

Салам-Алик айылдык кенешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз 6-сессиясынын
ТОКТОМУ
03.10.2025-жыл № 42 Салам-Алик айылы
Кош-Этер айылынын тургуну Жолонова Анаркан жеке менчик турак- жай участкасынын ичинен максаттык багытын өзгөртүп, элдерди азык түлук менен камсыздоо үчүн 0,02га жер аянтына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кош-Этер айылынын тургуну Жолонова Анаркан жеке менчик турак-жай участкасындагы 0,02га жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, элдерди азык түлүк менен камсыздоо үчүн макулдук берүүгө Кош-этер айылынын тургуну Жолонова Анаркан 2025-жылдын 20-августунда жазган арызын карап жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кош-Этер айылынын тургуну “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан 2003-жылы 12май айынын серия Ч № 726267-сандуу каттоосу менен берилген жеке турак жай багытындагы идент. коду № 5-06-16-1005-0142 номериндеги турак-жай үйүнүн 200м.кв. жер аянтынын багытын өзгөртүп элдерди азык түлук менен камзыздоо үчүн дүкөн курууга макулдук берилсин.
2.Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
3.Бул токтомдон келип чыккан иш аракеттердин аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык

Салам-Алик айылдык кенешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз 6-сессиясынын
ТОКТОМУ
03.10.2025-жыл № 43 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагында 2026-жылга дем берүүчү гранттан аткарыла турган иштерге айыл тургундарынын жалпы чогулушундагы чечими менен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социялдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде 2026-жылга дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылануучу төмөндөгү проектилерге, жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга акча каражатын кароо максатында, Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат
1.Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик айылындагы Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык ремонттоого 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен тиешелүү сметасынан өздүк салым үчүн 1239023,0 (бир миллион эки жүз отуз тогуз миң жыйырма үч) сом, акча каражаты билим берүү бөлүкчөсүнүн 3111статьясынан бөлүнүп берилсин.
2.Салам-Алик айыл аймагынын Эркин-Тоо айылындагы Э.Жусубалиев көчөсүнүн ички чарбалык жолдорунун 414 метр аралыгына жергиликтүү бюджеттин тиешелүү сметасынан өздүк салым үчүн 1030000,0 (бир миллион отуз миң) сом, акча каражаты ЖКХ бөлүкчөсүнүн 3111 статьясынан бөлүнүп берилсин.
3.Салам-Алик айыл аймагынын Ара-Көл айылындагы Кудайбериев көчөсүнүн ички чарбалык жолдорунун 680,0 метр аралыгына 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин тиешелүү сметасынан өздүк салым үчүн 2031897,0 (эки миллион отуз бир миң сегиз жүз токсон жети) сом, акча каражаты ЖКХ бөлүкчөсүнүн 3111 статьясынан бөлүнүп берилсин.
4.Салам-Алик айыл аймагынын Ара-Көл айылындагы Кудайбердиев көчөсүнүн ички чарбалык жолдорунун уландысынын 311,0 метр аралыгына 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин тиешелүү сметасынан өздүк салым үчүн 720000,0 (жети жүз жыйырма миң) сом, акча каражаты ЖКХ бөлүкчөсүнүн 3111 статьясынан бөлүнүп берилсин.
5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык

Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын
кезексиз 6- сессиясынын
Т О К Т О М У
03.10.2025-жыл № 44 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Эркин-Тоо айылындагы Эркин-Тоо балдар бакчасынын ашканасынын жаңы курулушуна дем берүүчү гранттан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Эркин-Тоо айылындагы Эркин-Тоо балдар бакчасынын ашканасынын жаңы курулушуна дем берүүчү гранттан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдыкадыровтун маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эркин-Тоо айылындагы Эркин-Тоо балдар бакчасынын ашканасынын жаңы курулушуна дем берүүчү гранттан акча каражатын бөлдүрүүгө макулдук берилсин.
2.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Эркин-Тоо айылындагы Эркин-Тоо балдар бакчасынын ашканасынын жаңы курулушуна айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым үчүн 865100 (сегиз жүз алтымыш беш миң бир жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Дем берүүчү гранттан бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Ф.Э.Б. башчысы Ж.Нуралиевке жүктөлсүн.
- Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык


