Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
1-сессиясынын
ТОКТОМУ
28.01.2026-жыл № 1 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жыл үчүн
иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Чолпонбай уулу Сагындыктын маалыматына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат
- Кеңештин 2026-жыл үчүн иш планы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен кабыл алынсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
2026-жылдын 28-январындагы №1 токтому менен бекитилген
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2026-жыл үчүн
ИШ ПЛАНЫ
- Кеңештин сессияларында каралуучу негизги маселелер:
| № | Каралуучу маселелердин мазмуну | Мөөнөтү | Ким даярдайт | Ким маалымат берет |
| I | Биринчи квартал | |||
| 1.
|
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2026-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө | Январь | Айылдык кеңештин төрагасы | Кеңештин төрагасы берет. |
| 2 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө | январь | Бюджет комиссиясы. | Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет
|
| 3 | Салам-Алик муниципалдык ишканасынын Таза-Суу жана Жайыт комитетинин 2025-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жана 2026-жылга Салам-Алик муниципалдык ишканасынын Таза-Суу жана Жайыт комитетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө | январь |
Салам-Алик муниципалдык ишканасы жана экономика, бюджет комиссия
|
Салам-Алик муниципалдык ишканасынын Таза-суу жана Жайыт комитети жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет
|
| 4 | Ар түрдүү маселелер
|
январь | ||
| Экинчи квартал | ||||
| 1 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылган иштери жана 2026-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө | март | Айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы | Айыл өкмөтүнүн башчысы маалымат берет |
| 2 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө | март | Бюджет комиссиясы. | Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет |
| 3 | Көмүр кен ишканалары менен түзүлгөн келишимдерди бекитүү жана алардын ишмердүүлүктөрүн кароо жөнүндө | март | Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;
|
Айыл өкмөтүнүн башчысы жер, турак-жай боюнча башкы адис, жана айыл башчылар |
| 4 | Билим берүү, бала бакча жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүктөрү жөнүндө | март | Билим берүү, маданият, жаштар уюму,спорт,саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; | Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар |
| 5 | Салам-Алик айылдык аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча жумуштарынын жүрүшү | март | Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;
|
Айыл башчылар.
жер адис, өзгөчө кырдаалдар адиси маалымат беришет |
| 2 | Ар түрдүү маселелер | март | ||
| III | Үчүнчү квартал | |||
| 1 | Бюджеттин 2026-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө | июль | Бюджет комиссиясы… | Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы маалымат берет |
| 2 | Көмүр кендеринин, соода сатык мекемелеринин ишмердиги жана алардын салыктарды төлөөсүнүн абалы, жерлерден, транспорттон ж.б. түшкөн салыктарынын бюджетке түшүшү жөнүндө | июль | Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология,өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт,байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;
Бюджет комиссиясы… |
Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү,
Салык кызматкери маалымат берет |
| 3 | Ар түрдүү маселелер | июль | ||
| IV | Төртүнчү квартал | |||
| 1 | Салам-Алик муниципалдык таза суу, жана жайыт ишканаларынын 2026 -жылдын 9 айынын пландарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө | Октябрь | Айыл-суу чарба, мал, токой, экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт жана энергетика тармактары жана экономика, бюджет комиссиясы
|
Салам-Алик муниципалдык ишканасы жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы |
| 2 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 9 айлык пландарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө | Октябрь
|
Бюджет комиссиясы. | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет
|
| 3 | Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча кызматкердин социалдык абал боюнча иштери жөнүндө | декабрь | Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; | Соц.адис, айыл башчылар |
| 4 | Ар түрдүү маселелер | декабрь |
- Уюштуруу-массалык иштер:
| 1 | Депутаттык окууларды уюштуруу | Кварталда бир жолу (сураныч боюнча) | Кеңештин төрагасы жана орун басары | |
| 2 | Атуулдардын кайрылууларынын негизинде тейлөөлөр: жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу, малдарды багуу шарттары, ж.б. боюнча ар бир айылдарда депутаттык угууларды уюштуруу | 4 айда бир жолу | Тиешелүү туруктуу комиссиялар | |
| 3 | Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушууларды уюштуруу | 6 айда бир жолу | Кеңештин төрагасы жана орун басары,
Тиешелүү туруктуу комиссиялар |
|
| 4 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) | Жылына 1 жолу | Кеңештин төрагасы жана орун басары,
Тиешелүү туруктуу комиссиялар |
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык

Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 2-сессиясынын
Т О К Т О М У
28.01.2026-жыл № 2 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине ылайык жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү боюнча сунуштарын талкуулап, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 28397,0 миң сомго жана 2026-жылдын чыгаша бөлүгүн 28397,0 миң сомго бекитилсин.
2.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын.
3.2026-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин.
а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн салык агенттиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө:
б).ыктярдуу патент негизиндеги салык, милдеттү патенттөө негизиндеги салык, бирдиктүү салык айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине100 пайыз өлчөмүндө:
в).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай зат. газ) кошпогондо кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө:
г). Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым, айыл аймагынын бюджетине пайыз өлчөмүндө:
д).жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө:
- Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
- Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2026-2027-2028-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрү айыл өкмөтүнүн чарбалык иштерине жараша өзгөртүлө тургандыгы белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервтик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын 1 пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнө 2026-2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана медициналык камсыздандырууга чегерүү) коммуналдык кызматтарга (элктр энергия, көмүр, суу) жумшалсын.
8.2024-жылдын Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатысынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмү мамлекеттик инспектору А.Матякубовтун текшерүүсүн жыйынтыгында социялдык обьектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 87,7тонно 452,3 миң сомдук көмүр ашыкча калдык аныкталган көмүр 2026-жылдын бюджетинен кыскартылып бекитилсин.
- Салам-Алик айыл аймагы тоолуу, шарты катаал, табигый кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан, табийгат кырсыктарын алдын алууга коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына, майыптарга , аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалыңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
- Айылдык кеңештин иш аракеттерин иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.
- Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
- Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
- Бала-бакчалардагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелерден чогултулуучу ата-энелик төлөмдүн тарифи 1200 (бир миң эки жүз) сомго бектилсин.
- Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык Кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
1-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январындагы № 3 Салам-Алик айылы
Салам-Алик муниципалдык ишканасынын 2026-жылга жайыт боюнча бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин 102-жана 117-беренелерине ылайык жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Салам-Алик муниципалдык ишканасынын жайыт боюнча 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү боюнча сунуштарын талкуулап, Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат
1.Салам-Алик муниципалдык ишканасынын жайыт боюнча 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 685000 (алты жүз сексен беш миң) сомго бекитилсин.
2.Бул токтомдон келип чыккан иш-чараларды аткаруу жагы Салам-Алик муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Мураталиевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык

Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январындагы № 4 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына калган жергиликтүү бюджетинен калган калдык акча каражатын 2026-жылы айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик Кодексинин 102-жана 117-беренелерине ылайык жана айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган 2026-жылдын 1-январына калган жергиликтүү бюджетинен калган калдык акча каражатын 2026-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшоо боюнча сунуштарын талкуулап жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б. башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматын угуп Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат.
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына калган бюджеттен 24,8 (жыйырма төрт миң сегиз жүз) сом жана атайын каражаттан 253,8 (эки жүз элүү үч миң сегиз жүз) сом акча каражаты калдык болуп өткөндүгү белгиленсин.
- Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылып, аткарууга жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык

Салам-Алик айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 5 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын кээ бир жарандарына Салам-Алик айыл аймагынын
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кызыл-Байрак айылынын тургундары Жантаев Темиржан Абдырахмановичке Кызыл-Байрак айылынын жалпы элдик жыйындын №1 протоколунун чечимине ылайык жана Раимбердиева Бермет Давутовнага Кызыл-Байрак айылынын жалпы элдик жыйынынын №2 протоколунун чечимине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1.Кызыл-Байрак айылынын тургундары Жантаев Темиржан Абдырахмановичке жана Раимбердиева Бермет Давутовнага Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана көп жылдык эмгегин эске алуу менен Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык

Салам-Алик айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 6 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кош-Этер айылындагы “Жазы” дарыясынын жээгинен балык өстүрүүгө жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 90-жана 92-беренелерин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кош-Этер айылындагы “Жазы” дарыясынын жээгинен балык өстүрүүгө жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү Кош-Этер айылынын тургуну Туркменов Тилектин, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жазган 2026-жылдын 20-январындагы жазган арызын карап, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1.Кош-Этер айылынын тургуну Туркменов Тилекке Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү “Жазы” дарыясынын жээгинен балык өстүрүү үчүн 0,35 га жер аянты 5 (беш) жылдык мөөнөт менен убактылуу бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы жана балык өстүрүү үчүн бөлүнө турган жердин максаттуу багытын аныктап, тиешелүү органдардын корутундусу менен юридикалык документтерди даярдап, Мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисинин убактылуу милдетин Алмазбек уулу Рысбекке тапшырылсын.
- Балык чарбасы уюштурулуп, ишке киргенден кийин айыл аймагындагы бала-бакчаларды балык менен камсыздоо жагы эки тараптуу келишимде көрсөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш, энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык

Салам-Алик айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 7 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы Ак-терек орто мектебинин жылытуу системасына от казанын сатып алуу, Кош-Этер айылына кичи футболь аянтчасынын курулушуна керектелүүчү материялдарды сатып алуу Ак-Терек айылындагы Жазы дарыясына көпүрө куруу үчүн үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө.
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан Ак-Терек айылындагы Ак-терек орто мектебинин жылытуу системасына от казанын сатып алуу, Кош-Этер айылына кичи футболь аянтчасынын курулушуна керектелүүчү материялдарды сатып алуу жана Ак-Терек айылындагы Жазы дарыясына көпүрө куруу үчүн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдыкадыровтун маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы Ак-терек орто мектебинин жылытуу системасына от казанын сатып алуу жана Кош-Этер айылына кичи футболь аянтчасынын курулушуна керектелүүчү материялдарды сатып алуу үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фонду аркылуу сатып алууга макулдук берилсин.
2.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы Ак-терек орто мектебинин жылытуу системасына от казанын сатып алуу үчүн 905040 (тогуз жүз беш миң кырк) сом жана Кош-Этер айылына кичи футболь аянтчасынын курулушуна керектелүүчү материялдарды сатып алуу үчүн 1682720 (бир миллион алты жүз сексен эки миң жети жүз жыйырма) сом, Ак-Терек айылындагы Жазы дарыясына көпүрө куруу үчүн 3087676 (үч миллион сексен жети миң алты жүз жетимиш алты) сом акча каражаты Өзгөн райондук өнүктүрүү фондусунан бөлүп берүү жагы суралсын.
3.Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Ф.Э.Б. башчысы Ж.Нуралиевке жүктөлсүн.
- Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык

Салам-Алик айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 8 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тюбе участкасынан “Чокмор эки” Жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензиялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жер бөлүкчөсүн бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлиги тарабынан ОсОО “Чокмор эки” ишканасына 2025-жылдын 20-октябрында берилген №7759 СE лицензиясынын Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тюбе участкасынан көмүр казып иштетүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши карап чыгып, жалпы депутаттардын макулдугуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндөгү Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер, кен боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде карап, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2025-жылдын 20-октябрында берилген №7759 СE лицензиясынын ОсОО “Чокмор эки” ишканасына Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Тургай-Тюбе участкасынан 10,30га жеринен көмүр казып иштетүүгө макулдук берилсин.
- Салам-Алик айыл өкмөтү менен сессияда сунуш кылынган шарттар боюнча келишим түзүү жана жумушчу, кызматчыларынын 70% (жетимиш пайызын) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан кабыл алуу сунушталсын.
3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык



