Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн административдик жана муниципалдык кызмат орундарынын бош кызмат орунга талапкерлерди киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна квалификациялык талаптар:
( Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башкы адис-юрист кызмат ордуна)
1. Кесиптик билим деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим(Юриспруденция).
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө Кодекси”;
— Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;
— Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жонүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
4. Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекедик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо;
— аймактагы аялдардын жана балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо;
— укук коргоо органдарына сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү
Көндүмдөрү:
— ченемдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Талап кылынуучу документтер:
— жеке арыз, паспорттун көчүрмөсү, резюме(электрондук почтаны корсөтүү менен), өмүр баяны(соттуулу бар, же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), нотариус жана кошумча билимин(бар болсо) тастыктаган документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү(иш стажы бар болсо), 4х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.


