|
|
|
|
__________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) Х кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-марты №39 Куршаб айылы
Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 24.02.2026-жылдагы №01-01-8/168 сандуу көрсөтмөсүн кароо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер кодексинин 74 жана 76 беренелери жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 24.02.2026-жылдагы №01-01-8/168 сандуу көрсөтмөсүн кароожөнүндөгү маселени Куршаб айылдык кеңешинин (сегизинчи шайланган) Х кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат :
1. КР салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74 жана 76 беренесине ылайык таштанды ташып чыгаруунун төлөмү 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Белгиленген төлөм 2026-жылдын 1-апрелинен баштап кабыл алынсын.
3. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы түшкөн төлөмдөр жергиликтүү бюджетин эсебинде калтырылсын.
4. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Атчабаров Н
|
|
|
|
___________________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) Х кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23—марты №40 Куршаб айылы
Куршаб айылынын тургуну Алтынбаев Байболоттун арызы жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнөн түзүлгөн комиссиянын актысынын жана КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын катынын негизинде Куршаб айыл аймагындагы “Өрүк зар” участкасы Ош-Бишкек жолунун жээгиндеги мырза теректерди кыюу маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (сегизинчи шайланган) Х кезексиз сессиясынын күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат
“Өрүк зар” участкасы Ош-Бишкек жолунун жээгиндеги мырза теректерди кыркып алуу тууралу жазган арызы канааттандырылсын.
органдардан уруксат алынсын.
Байболотко жүктөлсүн жана мурунку калыбында айыл өкмөткө өткөрүлүп берилсин.
милдеттендирилсин.
Төрага: Атчабаров Н
|
|
|
|
___________________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) Х кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-марты № 41 Куршаб айылы
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план алуу сметасын бекитүү жөнүндө.
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план алуу жөнүндөгү маселени Куршаб айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, өнөр жай, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат :
Киреше салыгынан- 2500,0 мин сом план алынсын.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча
пландан алынган — 2500,0 мин сом акча каражаты ЕББРдин таза суу долбоорунун субсидия төлөмүнө чыгымдалсын.
3. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин
бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Атчабаров Н
|
|
|
|
___________________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) Х кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-марты № 42 Куршаб айылы
«Куршаб Өнүгүү» муниципалдык ишканасынын “Жайыт” комитетинин 2026-жылга карата жайыттарды пайдалануу планын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын жана “КРнын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Куршаб айыл аймагындагы жайыт комитетинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планынын бекитүү жөнүндөгү маселелерди угуп, карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин(сегизинчи шайланган) Х кезексиз сессиясынын отуруму токтом кылат:
жылга жайыттарды пайдалануу планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы «Куршаб Өнүгүү» муниципалдык ишканасынын “Жайыт” комитетине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кенешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Атчабаров Н
Куршаб айылдык кеңешинин 2026жыл 23–мартындагы №42токтому менен бекитилген
тиркемеси
КУРШАБ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН 2026-ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТТАРЫН
ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖЫЛДЫК ИШ ПЛАНЫ
Киришүү: Куршаб айыл өкмөтү 1996-жылы уюшулган. Ош облусунун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Куршаб айылы 957 метр бийиктикте жайгашкандыктан, кышы жумшак, карлуу болгону менен жайы анча ысык эмес. Күн 40°С чейин болушу мүмкүн, ал эми көлөкөдө абдан салкын болот. 2004-жылдын 19-мартындагы Куршаб айыл аймагы Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь, Кароол айыл аймактары менен чектешет. Куршаб АА аба ырайы — июнда абанын орточо температурасы 30°С, августта 35-38°С. Эң суук күндөр декабрь-январь айларында -12°Сден -18°Сге чейин болот. Эң ысык аба ырайы август айында болот. Жаан-чачындын көлөмү 40-250 мм. р.с. Куршаб АА 3 айылдан турат: Куршаб, Эрдик, Шагым. Куршаб айылы ААтын административдик борбору. Куршаб АА калкынын саны 2025-жылдын 1-январына карата 25146 адамды, кожолуктардын саны 3950 түзөт.
Жаратылыш ресурстары, анын ичинде Куршаб айыл аймагынын мамлекеттик жайыттары жана токойлору мамлекеттин менчигинде болуп, башкаруу жана пайдалануу, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-июлундагы Токой Кодекси, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы Суу кодекси, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыттар жөнүндө” токтому МТФ жерлерин тескөө жана пайдалануу үчүн” жана Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Муниципалдык ишкана жөнүндө маалымат:
Куршаб айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Куршаб өнүгүү” муниципалдык ишканасы коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. Анын уюштуруу-укуктук формасы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат. Мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык статусуна, укугуна жана милдеттерине ээ болот жана соттордо доогер, жооп берүүчү катары чыгат. “Куршаб өнүгүү” муниципалдык ишкананын аталышы түшүрүлгөн мөөрү, кыргыз жана орус тилдеринде штампы, эсептик, жана башка банктык эсептер бар. Муниципалдык ишканада жалпы 10 кызматкер эмгектенет. Ишкана айыл аймактагы таза суу, сугат суу, жайыт жана тазалык тармактарын тейлейт. Муниципалдык ишкананын юридикалык адреси: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы, А. Камчыбеков көчөсү 169,
Куршаб айыл өкмөтүнүн алдындагы “Куршаб өнүгүү” муниципалдык ишканасынын жайыт башкаруу бөлүмү тарабынан жакынкы 4 жылдык жакынкы мезгилге иштелип чыккан, жайыт пайдалануунун жаматтык планы ушул аймакка караштуу жайыт участкаларын жакшыртуунун перспективдүү иш пландарын иш жүзүнө ашырууну карап чыгат.
Жайыттарды башкаруу планы атайын түзүлгөн жумушчу тобу жана ОГУЛ тарабынан даярдалып, жайыт пайдалануучулардын талкуусунан өткөн. Эгемкулов Расулбек “Куршаб өнүгүү”муниципалдык ишкананын жетекчиси, жайыт башкаруу адиси Турдубаев Бакыт, Маткурбанов Абдыкалык жана бухгалтери болуп иштелип чыккан.
Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүнүн териториясында жайгашып бүтүндөй Куршаб айыл өкмөтүнүн территориясында иш жүргүзөт.
Максаты: Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу, климаттык өзгөрүүлөрдүн терс таасирин азайтуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жакшыртуу.
Милдети: Экологиялык туруктуулукту камсыздоого, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялык чараларды ишке ашырууга багытталган интеграцияланган аракеттерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
Бул план — климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин азайтуу жана табигый ресурстарды натыйжалуу башкаруу үчүн жыл ичи аткарылуучу иш-чараларды аныктайт.
Жаратылыш ресурстарын жана мал чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча негизги багыттар жана иш чаралар
1-таблица.
|
Багыт |
Иш-чаралар |
Максаты |
Күтүлгөн натыйжа |
Мөөнөтү |
|
Айыл чарба багытындагы жер ресурстарын башкаруу |
Жердин сапатын баалоо жана инвентаризациялоо |
Айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу |
Түшүмдүүлүк артат жана жердин деградациясы азайтылат |
2026-жыл |
|
|
Органикалык жер семирткичтерди жана заманбап технологияларды киргизүү |
Өндүрүмдүүлүктү жана экологиялык туруктуулукту жакшыртуу |
Экологиялык таза азыктар көбөйөт |
2026-жыл |
|
Мал чарбасын башкаруу |
Малдын санын жана сапатын инвентаризациялоо |
Мал чарбачылыгынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу |
Малдын сапаты жана сандык көрсөткүчтөрү жакшыртылат |
2026-жыл |
|
Суу ресурстарын башкаруу |
Сугат системаларын жаңылоо жана реконструкциялоо |
Суунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана үнөмдөө |
Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу |
2026-жыл |
|
Жайыттарды башкаруу |
Жайыттарды калыбына келтирүү жана эффективдүү башкаруу системаларын киргизүү |
Жайыттардын деградациясын азайтуу жана мал чарбачылыгынын натыйжалуулугун жогорулатуу |
Жайыттар жакшыртылат жана жайыттардын туруктуулугу камсыздалат |
2026-жыл |
|
Токой ресурстарын башкаруу |
Токойлорду инвентаризациялоо жана мыйзамсыз кыюуну алдын алуу |
Токой аянтын жана сапатын сактоо |
Био ар түрдүүлүк жана экологиялык тең салмактуулук сакталат |
2026-жыл |
|
|
Жаңы токойлорду отургузуу жана деградацияланган аянттарды калыбына келтирүү |
Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту камсыздоо |
Көмүртек сиңирүүчү аянттар көбөйөт |
2026-жыл |
|
Климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу |
Кургакчылыкка жана суукка туруктуу өсүмдүктөрдү өстүрүү |
Айыл чарба туруктуулугун жогорулатуу |
Климаттык факторлордун таасири азайтылат |
2026-жыл |
|
Экологиялык туруктуулукту камсыздоо |
Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү |
Экологиялык таза продукция өндүрүү |
Органикалык продукциянын көлөмү жана сапаты жогорулайт |
2026-жыл |
|
Билим берүү жана маалымдуулук |
Жергиликтүү жамааттарды жана фермерлерди окутуу |
Ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча билим берүү |
Фермерлердин жана жамааттардын маалымдуулугу жогорулайт |
2026-жыл |
|
|
Климаттык өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат кампанияларын уюштуруу |
Коомчулуктун климаттык маселелерге сезимталдуулугун жогорулатуу |
Калктын климатка ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү жогорулайт |
2026-жыл |
2. ЖАЙЫТ РЕСУРСТАРЫНЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ (аянты, түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу, абалы, карталар, мезгилдүүлүгү)
Куршаб ААнын жайыт жерлеринин жалпы аянты 9841,2 га. Куршаб ААда учурдагы мал жаюу системасы жайыттарды башкаруунун 7 (жети) аймагын камтыйт. Ошондой эле, мал айдоо аянттарында, көп жылдык көчөттөр жыйналгандан кийин (жайыттардан башка жерлерде) багылат. Ар бир участокто талаа жана шалбаалуу талаа жайыттары бар. Пайдалануу мезгили боюнча жайыттар жаз-күз, жай, кышкы болуп бөлүнөт, бирок чындыгында жайыттар мезгили боюнча жаз-жай, жаз-жай-кыш; жайкы; күз-кыш жана жыл бою. Жайыт ресурстарын мүнөздөөгө электрондук жайыт карталары колдонулган. Пландагы эсептөөлөр коомчулуктун картасын түзүү учурунда алынган маалыматтарга ылайык жүргүзүлгөн.
Куршаб а/а-да пайдаланылбай жаткан жайыттар бар — 100 гектарга жакын. Алар таштак, көчкү жана 4,3%тан жогору тик кырлуу аска-зоо болгондуктан, пайдаланууга жараксыз. Акыркы жылдарда жайыттарды пайдаланууда алардын экономикалык потенциалы эске алынбагандыктан, жайыттарды кезектешип пайдалануунун илимий жактан негизделген жол-жоболору жана нормалары сакталбагандыктан келип чыккан. Жайыт аянттарынын өсүмдүктөрүнүн мындай жол менен бузулушу бир катар коркунучтуу кесепеттерге алып келүүдө. Айрыкча, табигый өсүмдүктөрдүн жоголушу чөптөрдүн климаттын өзгөрүшүн жумшартуу потенциалын кескин төмөндөтөт.
Бул бул аймактарда экологиялык абалдын андан ары начарлашына алып келет жана калктын сергек жашоо образына чоң терс таасирин тийгизет. Мындан тышкары жайыттын каатчылыгынын жылдан жылга күчөшү райондо тоюттун тартыштыгын жаратууда. Натыйжада жергиликтүү калктын негизги киреше булагы болгон мал чарбачылыгы менен алектенүү кескин чектелип жатат.
Жайыт участокторунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат 2-таблица.
|
№ |
Жайыт участогу |
Пайдалануу мезгили (Карта №1) |
Жайыттардан башка жерлер, га |
жайыт, га |
Жалпы жайыт аянттары, га |
||
|
|
|
|
|
Жалпы аянты |
Анын ичинен |
|
|
|
|
|
|
|
|
Пайдаланылбаганы |
пайдаланылганы |
|
|
1 |
Шор |
Жай |
839 |
839 |
32 |
839 |
839 |
|
2 |
Чытты, Капкан-Сырт |
Жай |
1200 |
313 |
35 |
313 |
313 |
|
3 |
Жогорку Кайнар |
Жаз, Жай, күз, кыш |
1380 |
1380 |
12 |
1380 |
1380 |
|
4 |
Кайнар |
Жаз, Жай, күз, кышкы |
2863 |
2863 |
11 |
2863 |
2863 |
|
5 |
Эркин |
Жаз, жай, күз |
101 |
101 |
0 |
101 |
101 |
|
6 |
Кой-Таш |
Жаз, жай |
1156 |
1156 |
10 |
1156 |
1156 |
|
7 |
Шагым |
Жаз, жай, күз, кышкы |
1714 |
1714 |
0 |
1714 |
1714 |
Өзгөн районунун жайыттарынын аймагында, анын ичинде Куршаб айыл аймагынын аймагында Кызыл китепке кирген гүлдүү өсүмдүктөрдүн 800дөн ашык түрү бар.
2.1. Жайыттарды пайдалануу мезгили
Жайыттар жана айыл чарба жерлери, жайыттардан тышкары, мал жаюунун жана аларды күркөлөрдө кармоонун мөөнөттөрү боюнча төмөнкүдөй мезгилдерге бөлүнөт:
Жайыттарды пайдалануу сезону 3-таблица.
|
№ |
Сезону |
Мал жаюу/багуу мезгили |
Күндөрдүн саны |
Эскертүүлөр |
|
1 |
Жаздоо |
Жаз-күз |
156 |
Жаздан кышка чейин мал жайыттарга жана жайыттардан башка айыл чарба жерлерине багылат. Жайыттын жалпы узактыгы 245 күн. |
|
2 |
Жайлоо |
Жай |
105 |
|
|
3 |
Күздөө |
Жаз-жай-күз |
240 |
|
|
4 |
Кыштоо |
Жаз-жай-күз Кыш |
245 |
Малдар кыш мезгилинде 120 күн колдо багылат. |
|
5 |
|
|
120 |
Бордоп семиртүү багытында колдо багылат |
Мал жаюу мезгили жыл сайын климатка жараша болот.
Өткөн жылдагы АӨ тарабынан алынган маалыматтарга ылайык, айыл аймагындагы малдын жалпы саны 9084, анын ичинен 328 мал жыл бою бордоп семиртүү багытында колдо багылат, жайыттарга 8756 мал чыгат.
2.2. Мал жаюу аянттарынын өзгөчөлүктөрү
|
“Кайнар”жана Жогорку Кайнар участкасы Жайыт участоктун жалпы аянты 4695 гектарды түзөт. Анын ичинен пайдалануудагы жайыт аянты 4695 га. Жайыт пайдалануучулар бул участкада жайыттарды жаз-жай-күз мезгилдеринде пайдаланышат. Бул участкада мал жаюу ноябрьдын аягына чейин уланат. Кайнар участкасы мал сугаруучу булактар бар.
|
|
|
“Шагым” участкасы Жайыт участоктун жалпы аянты 1714 гектарды түзөт. Анын ичинен пайдалануудагы жайыт аянты 1714 га. Жайыт пайдалануучулар бул участканы жаз-жай-күз мезгилдеринде пайдаланышат, анын ичинен пайдалануучулардын көпчүлүгү жайында Чытты жайлоосуна кетет. Бул участкада мал жаюу ноябрдын аягына чейин уланат. Шагым участкасы мал сугаруучу булактар бар. |
|
|
“Кой-Таш” участкасы Жайыт участоктун жалпы аянты 1156 гектарды түзөт. Анын ичинен пайдалануудагы жайыт аянты 1156 га. Жайыт пайдалануучулар бул участканы жаз-жай-күз мезгилдеринде пайдаланышат, анын ичинен пайдалануучулардын көпчүлүгү жайда Чытты жайлоосуна кетет. Бул участкада мал жаюу ноябрдын аягына чейин уланат. Шагым участкасы мал сугаруучу булактар бар. |
|
|
“Эркин” участкасы Жайыт участоктун жалпы аянты 101 гектарды түзөт. Анын ичинен пайдалануудагы жайыт аянты 101 га. Жайыт пайдалануучулар бул участкада жайыттарды жаз-жай-күз мезгилдеринде пайдаланышат, анын ичинен пайдалануучулардын көпчүлүгү жайда Шор жана Чытты жайлоосуна кетет. Бул участкада мал жаюу ноябрдын аягына чейин уланат. Эркин участкасы мал сугаруучу булактар бар. |
|
|
“Жогорку-Кайнар” участкасы Жайыт участоктун жалпы аянты 1380 гектарды түзөт. Анын ичинен пайдалануудагы жайыт аянты 1380 га. Жайыт пайдалануучулар бул участкада жайыттарды жаз-жай-күз мезгилдеринде пайдаланышат, анын ичинен пайдалануучулардын көпчүлүгү жайында Шор жана Чытты жайлоосуна кетет. Бул участкада мал жаюу ноябрдын аягына чейин уланат. Жогорку-Кайнар участкасында мал сугаруучу булактар бар. |
|
|
“Чытты” жайлоосу Жайыт участоктун жалпы аянты 313 гектарды түзөт. Анын ичинен пайдалануудагы жайыт аянты 313 га. Жайыт пайдалануучулар бул участкада жай мезгилде пайдаланышат. Бул жайлоодо мал жаюу 20 майдан 1 сентябрга чейин уланат.
|
|
|
“Шор” жайлоосу Жайыт участоктун жалпы аянты 839 гектарды түзөт. Анын ичинен пайдалануудагы жайыт аянты 839 га. Жайыт пайдалануучулар бул участкада жай мезгилде пайдаланышат. Бул жайлоодо мал жаюу 20 майдан 1 сентябрга чейин уланат.
|
|
2.3. Жайыттардын түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу жана алардын абалы.
Табигый жайыттар тоюттун эң бай жана арзан булагы болуп саналат, бирок жылдан жылга жайытка чыккан малдын башы кɵбɵйгɵндʏктɵн жана тийиштʏʏ кам кɵрʏлбɵгɵндʏктɵн, жайыттар деградацияга учурап, тʏшʏмдʏʏлʏгʏ азайып жаткандыгы акыркы учурда байма-бай кɵтɵрʏлʏп келʏʏдɵ.Куршаб айыл аймагында продуктивдʏʏ порода мал 3 (үч) пайызга да жетпейт. Малдын сапатына эмес, санына басым жасалып кɵбɵйʏп кеткендиктен, жайыт кɵйгɵйʏ чыгып турат.
Жайыттын түшүмдүүлүгү жайыт аянтынын көлөмүнөн, географиялык жайгашуусунан жана климаттык факторлордон улам аныкталат. Аларга төмөнкүлөр кирет: деңиз деңгээлине салыштырмалуу бийиктик; тоонун бети; топурак курамынын ар түрдүүлүгү; өсүмдүктөрдүн каптоосу; тоолордун жантыктыгы; климат, ж.б. Климат өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн түзүлүшүнө жана түшүмдүүлүктүн жалпы көлөмүнө, жайыттарды пайдаланууга, тоют чөптөрдү оруп-жыйноо узактыгына таасир этет. Жайыт аймагына мүнөздүү сыйымдуулугу өзгөрүлмөлүү болот. Тагыраак айтканда ал жыл мезгилине жараша өзгөрүлүп турат. Мисалы жайкы жайыттын эң жогорку көрсөткүчү жай мезгилинин ортосуна туура келет. Негизинен жайыттын сыйымдуулугунун эң жогорку көрсөткүчү жайыттын түрүнө жараша жаз же жай айларына, тактап айтканда жайыттын деңиз деңгээлинен канчалык бийик жайгашканына жараша өзгөрөт.
Малды жайытка ар мезгилде сыйымдуулукка жараша чыгарышат. Жайыттын туура пайдаланганын билиш үчүн, жайыттын сыйымдуулугун жана анда жайыла турган малдын санын салыштыруу керек. Алынган маалыматтарга карап жана Кыргыз Гипроземдин маалыматында жайытка чыкан малдын саны көп болуп чыгып жатат, ошонун кесепетинени жайыт деградацияга учурап жатат.
Жайыттардын абалы 4-таблица.
|
Участок |
Аянты |
Абалы |
Индикатор |
Сунуштар |
|
Кайнар |
2856 |
жакшы |
Сыртан келген жандык: 600 (200 КРС, 200жылкы, 1000 МРС |
Көйгөй: жол, водопой, көпүрө Борду участкасы |
|
Шагым |
1714 |
орто деградацияланган |
Сыртан келген жандык: 600 (200 КРС, 150 жылкы, 2000 МРС, жайында жайлоого Чытты, Кара-Шоро, Алай (Көлдүк) 2880 ШМБ чыгат |
Көйгөй: водопой 2 даана, жол, купка, раскол |
|
Кой-Таш |
1156 |
орто деградацияланган |
Сыртан келген жандык: 450 (100 КРС, 50 жылкы, 1000 МРС, в жайында жайлоого Чытты, Кара-Шоро, Алай (Көлдүк) 3620 ШМБ чыгат |
Көйгөй: водопой 1 даана, жол, раскол |
|
Эркин |
107 |
орто деградацияланган |
Сыртан келген жандык: жайында жайлоого Чытты, Кара-Шоро, Алай (Көлдүк) 500 ШМБ чыгат |
Көйгөй: водопой 1 даана |
|
Жогорку Кайнар |
1380 |
жакшы |
күзүндө бардык чабандар ошол жерге чогулушат (1000 жылкы, 800 КРС) |
Көйгөй: жолу начар, водопой 1 даана |
|
Чытты |
1200 |
күчтүү деградацияланган |
Сыртан келген жандык: 250 (200 КРС, 50) |
Көйгөй: жакшы |
|
Шор |
839 |
күчтүү деградацияланган |
Сыртан келген жандык |
Көйгөй: жолу начар |
Жайыттардын сыйымдуулугун аныктоо 5-таблица.
|
Жайыт участогу |
Аянты, га |
Түшүмдүүлүк (кг/га) |
Жалпы түшүмдүүлүк (кг) |
Жээлчү коэф. 60% |
1 ШБ күндүк керектөө, 7,5кг |
Жайлоо күндөрүнүн саны |
Оптималдуу ШБ |
|
Шор |
839 |
830 |
696370 |
417822 |
55709,6 |
104 |
536 |
|
Чытты |
313 |
790 |
948000 |
568800 |
75840 |
104 |
190 |
|
Жогорку Кайнар |
1380 |
660 |
910800 |
546480 |
72864 |
156 |
467 |
|
Кайнар |
2863 |
613 |
1755019 |
1053011 |
140401,5 |
156 |
900 |
|
Эркин |
101 |
735 |
74235 |
44541 |
5938,8 |
126 |
47,34891 |
|
Кой-Таш |
1156 |
617 |
713252 |
427951,2 |
57060,16 |
156 |
366 |
|
Шагым |
1714 |
610 |
1045540 |
627324 |
83643,2 |
156 |
538 |
|
Жыйынтыгы: |
9252 |
694 |
1510422 |
3685930,0 |
491457 |
|
3587,8 |
2.4. Жайыт инфраструктурасынын обөекттери жана анын абалы
Жайыт инфраструктурасынын обөекттери болуп курулмалар, көпүрөлөр, жолдорду, мал союучу жолдорду, мал токтоочу жайларды жана сугат жерлерди аянтчаларды, койлорду жуунуучу резервуарларды, сарайларды жана тосулган жерлерди, жайлоодогу малдын муктаждыктарына, мезгилдүү жашоого, чабандардын тиешелүү имараттары жана башка кыймылсыз мүлктөрү, жайыттарды сактоо жана иштетүү үчүн зарыл.
Куршаб айыл өкмөт тарабынан түзүлгөн жумушчу топ, айыл аймагындагы инфраструктуранын абалына талдоо жүргүзгөн. Куршаб А/Анын аймагында ветеринардык дарыкана, жуут пункту, Беккари чуңкуруга муктаждык бар. Куршаб А/Ада жайытка баруучу 180 км жол бар, анын 41 км начар абалда. 4 (саны) көпүрөлөрдүн ичинен 0 (саны) жараксыз абалда. 6 сугат пункттарынын ичинен 1 оңдоону же калыбына келтирүүнү талап кылат.
Жайыт инфраструктурасынын обөекттери жана башка обөекттер жөнүндө маалыматтар (мисалы, туризм, аңчылык, маданий мурас обөекттери, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сейрек жана жоголуп бара жаткан түрлөрүнүн бар экендиги жөнүндө маалыматтар) келтирилет.
2.5. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну эске алуу менен жайыттардын абалына баа берүүнү талдоо
Сөз болуп жаткан климаттын өзгөрүшү мындан ары алыскы жана бүдөмүк келечек болуп саналбайт. Буга жакында эле болуп өткөн көнүмүш ченемдер жана мүмкүнчүлүктөрдүн чегинен чыгып турган кыйратуучу аба ырайынын көрүнүштөрү күбө болду. Бүгүн биз климаттык өзгөрүүлөрдүн биздин күнүмдүк жашообузга жана бизнеске тийгизген таасирлерин түздөн-түз сезип жатабыз.
Акыркы жылдары Куршаб айыл аймагынын аймагында аба ырайынын өзгөрүүсү байкалууда: 2024-жылы жаз-жай айларында жаан-чачындын көп болушу жайыттардын өсүмдүктөрүнө жакшы таасирин тийгизген, бирок, ошол эле учурда, малды жайкы жайыттарга өз убагында чыгарууда (жайыттарда чөптөрдүн кеч өнүп чыгышы) кыйынчылыктар болгон (төмөн температурадан, катуу жамгырдан, селден, бороондуу дарыялардан өтүүдөгү кыйынчылыктардан ж.б.).
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, айыл аймагында сел жүрүү коркунучу бар, жайыт аймактары, жер көчкү түшүүсү мүмкүн болгон жерлер бар. Бул участоктордо жайыттарды пайдалануунун планын түзүүдө, Кыргызгидромет тарабынан иштелип чыккан аба ырайынын божомолун жана алдын ала эскертүү системасынын маалыматтарын колдонуудабыз.
Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча төмөндөгү иштер аткарылат:
3. ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ ПЛАНЫ
Акыркы жылдардагы мониторингдин маалыматтарын талдоо, калктуу пункттарга жакын жазгы жайыт участокторунда белгиленген нормадан бир кыйла ашыкча экендигин көрсөттү. Бул участоктордун абалына терс таасирин тийгизет. Бул участоктор үчүн мал жаюу системасы иштелип чыгып, малдардын сыйымдуулугун жараша бөлүштүрүлдү. Жана жайытка чыгуунун тартиби жана графиги иштелип чыкты. Деградациянын жайылуу коркунучу бар участоктордо интенсивдүү которуштуруу системасын колдонуу пландаштырылууда. МжБнын жыйынтыгы менен жайыттардын абалы аныкталып, анын негизинде жайыт которуштуруп пайдалануу колдонулат, өз убагында эс алдыруу, рационалдуу пайдалануу жана жайыт аянттарын жакшыртуу камсыз кылынат.
Жайыттардын абалын жакшыртуу жана жайыт участокторунун түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бир аз деградация болгон аймактарды эс алдыруу сунушталууда.
2026-2029 -жылдарга жайыттарды эс алдыруу/ которуштуруп жаюу графиги 6-таблица.
|
Участоктордун аталышы |
Жайыт аянты, га |
Пайдалануу мезгили |
||||
|
|
|
|
2026 |
2027 |
2028 |
2029-30 |
|
Кайнар |
2856 |
жаз, жай, куз |
20% эс алдыруу |
мал жайуу эрежесин сактоо м/н пайдалануу |
20% эс алдыруу |
мал жайуу эрежесин сактоо м/н пайдалануу |
|
Шагым |
1714 |
|
|
|
|
|
|
Кой-Таш |
1156 |
|
|
|
|
|
|
Эркин |
107 |
|
|
|
|
|
|
Жогорку Кайнар |
1380 |
Жаз, жай,күз |
мал жайуу эрежесин сактоо м/н пайдалануу |
20% эс алдыруу |
мал жайуу эрежесин сактоо м/н пайдалануу |
мал жайуу эрежесин сактоо м/н пайдалануу |
|
Чытты, Капкан сырт |
2323,6 |
|
|
|
|
|
|
Шор |
1493,6 |
|
мал жайуу эрежесин сактоо м/н пайдалануу |
20% эс алдыруу |
мал жайуу эрежесин сактоо м/н пайдалануу |
мал жайуу эрежесин сактоо м/н пайдалануу |
Ар кайсы участоктордо мал жаюунун тартибин, жайыттын болжолдуу мөөнөттөрүн жана мезгилин көрсөткөн жайыт графиги. Мал жаюунун графиги, Кыргызгидрометтин аба ырайынын болжолдоосун эске алуу менен түзүлөт жана сакталат(айлык болжолдоо, 3 күндүк болжолдоо жана катуу шамал жөнүндө эскертүү). Иш процессинде ай сайынкы божомол 3 күнгө болжолдоо жана жайыттарда бороон-чапкын тууралуу эскертүүлөр менен жаңыланат. Мал жаюу графиги мал жаюу схемасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Мал жаюу графиги
7-таблица.
|
Жайыт участогу |
Аянты |
Узактыгы |
Мөөнөтү |
Малчы |
Оптималдуу сыйымдуулук |
|
Кайнар |
2856 |
12 |
1 апрель-1 декабрь |
Дашев У., Оморов А. Дыйканбаев К. 15 чабан |
2805 |
|
Шагым |
1714 |
4 |
1 апрель — 1 декабрь (бир бөлүгү Чыттыга кетет) |
Жунусов П, Мендибаев Арстан (10 койчу, 7 малчы) |
1670 |
|
Кой-Таш |
1156 |
4 |
1 апрель — 1 декабрь (бир бөлүгү Чыттыга кетет) |
Кабылов А, Аккулов И. Оморов Т. (9 койчу, малчы) |
1132 |
|
Эркин |
107 |
13 |
1 апрель — 1 декабрь (бир бөлүгү Чыттыга кетет) |
Дуйшеев Сапарбай (3 койчу, малчы) |
98 |
|
Жогорку Кайнар |
1380 |
20-25 |
1 апрель — 1 декабрь (бир бөлүгү Чыттыга кетет) |
Султанов Абдисамат, Балтабаев (5 койчу, малчы) |
1437 |
|
Чытты |
1200 |
90 |
20 мая-1 сентября |
Оморов Т. Дыйканбаев К. (10 койчу, малчы) |
1900 |
|
Шор |
839 |
110 км |
20 мая-1 сентября |
Дуйшоев С, Аликулов К. (10 койчу, малчы) |
536 |
Фокус-топтордо аныкталган көйгөйлөрдүн приоритеттештирүү жана кичидолбоорлорду алдын ала тандоо боюнча ОГУЛдун жыйналыштары өткөрүлүп, бул жылы ишке ашырылуучу кичидолбоорлордун болжолдуу бюджети аныкталган. Кичи долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоо булактары аныкталып, айылдык кеңештин сессиясында бекитилген.
Инвестициялык план 8-таблица.
|
№ |
Кичидолбоорлордун аталышы |
Жайгашкан жери |
Мөөнөтү (башталышы, аягы) |
Сумма, сом |
Каржы булагы, сом |
|
|
|
|
|
|
|
АА
|
башкалар |
|
2026-жыл |
||||||
|
1 |
Кайнар, Шагым жана Жогорку Кайнар участкаларында каптаждарды ондоо |
Кайнар, Шагым жана Жогорку Кайнар |
2026-жыл |
30000,0 |
15000,0 |
|
|
2 |
Эркин участкасына жайит питомнигин уюштуруу |
Эркин участкасы |
2026-жыл |
100000,0 |
100000 |
|
|
3 |
Жайыттарга үрөн себүүчү айыл чарба шаймандарын (трактор, сеялка, прессподборщик) алуу |
Куршаб айылы |
2026-жыл |
2000000 |
2000000 |
|
|
4 |
Көпурө ондоо |
Чытты жайытына баруучу көпүрө ондоо |
2026-2027-ж |
700000 |
700000 |
|
|
|
Жалпы: |
|
|
27300000 |
27300000 |
|
|
Мал чарбачылыгы, малдын ден соолугу, тоют даярдоо боюнча 9-таблица. |
||||||
|
1 |
Жүгөрү аянттарынын санын көбөйтүү |
Куршаб, Шагым, Эрдик |
2026-жыл |
500,0 |
500,0 |
|
|
2 |
Чыктуу тоют дярдоочу жабдуу алуу (гранул) |
Куршаб |
2026-жыл |
2500.0 |
2500.0 |
|
|
3 |
Вет аптека куруу |
Куршаб |
2026-жыл |
2300.0 |
2300.0 |
|
|
4 |
Айыл чарба малдарын жасалма уруктандыруу пунктунун салуу, малдын асылдуулугун жакшыртуу иштеринин жүргүзүу |
Куршаб АА |
2026-жыл |
500000 |
500000 |
|
|
5 |
Купка салуу |
Шагым айылы |
2026-2027жыл |
800 000,0 |
800 000,0 |
|
Ветеринардык диагностикалык изилдөөлөр 10-таблица.
|
№ |
Иш-чаранын аталышы |
Малдын башы, план |
Аткаруу мөөнөтү квартал |
|||
|
|
|
|
I кв |
II кв |
III кв |
IV кв |
|
Диагностикалык изилдоолор |
||||||
|
Жылкы |
||||||
|
1 |
Бруцеллозго сер. изилдөө |
30 |
8 |
8 |
8 |
6 |
|
2 |
Учунага сер. изилдөө |
30 |
8 |
8 |
8 |
6 |
|
3 |
Манкага сер. изилдөө |
30 |
8 |
8 |
8 |
6 |
|
4 |
Кык (Капр.иссл.) изилдөө |
10 |
5 |
3 |
2 |
0 |
|
|
Бардыгы: |
100 |
29 |
27 |
26 |
18 |
|
Ири муйуздуу мал |
||||||
|
1 |
Бруцеллозго сер. изилдөө (Уй) |
2600 |
460 |
738 |
728 |
674 |
|
2 |
Бруцеллозго сер. изилдөө (Бука) |
60 |
18 |
12 |
18 |
12 |
|
3 |
Кургак учукка изилдөө |
600 |
0 |
300 |
0 |
300 |
|
4 |
Лейкозго сер. изилдөө |
20 |
4 |
4 |
6 |
6 |
|
|
Лептоспирозго сер. изилдөө |
20 |
4 |
4 |
6 |
6 |
|
5 |
Капрол.изилдөө |
35 |
7 |
15 |
7 |
6 |
|
6 |
Шарп сер. изилдөө NSP |
10 |
0 |
5 |
3 |
2 |
|
7 |
Шарптын титирине изилдөө |
30 |
0 |
15 |
0 |
15 |
|
|
Бардыгы: |
3375 |
493 |
1093 |
768 |
1021 |
|
Кой эчкилер |
||||||
|
1 |
Бруцеллозго сер. изилдөө (кочкор) |
35 |
7 |
9 |
9 |
10 |
|
2 |
Эптдедемиткесер.изилдөө (кочкор) |
35 |
8 |
9 |
9 |
9 |
|
3 |
Хламидиозго сер. изилдөө |
75 |
45 |
10 |
10 |
10 |
|
4 |
Капрол.изилдөө |
30 |
5 |
6 |
10 |
9 |
|
5 |
Чечектин титрине изилдөө |
10 |
3 |
3 |
2 |
2 |
|
6 |
Майда жандыктын титрине изилдөө |
10 |
5 |
0 |
5 |
0 |
|
7 |
Бруцеллезго каршы программа козомолдоо актысы. (кокус тандоо ыкмасы) |
5 |
0 |
2 |
3 |
0 |
|
|
Бардыгы: |
200 |
73 |
39 |
48 |
40 |
|
Алдын ала эмдоо жана дарылоо иштери |
||||||
|
|
Жылкы |
|||||
|
1 |
Сибир жарасына каршы эмдөө |
935 |
233 |
233 |
233 |
236 |
|
2 |
Пастереллозго каршы эмдөө |
50 |
0 |
25 |
25 |
0 |
|
3 |
Лептеспирозго каршы эмдөө |
50 |
0 |
0 |
26 |
24 |
|
|
Бардыгы: |
1035 |
258 |
258 |
258 |
261 |
|
Ири муйуздуу мал |
||||||
|
1 |
Сибир жарасына каршы эмдөө |
5934 |
1345 |
1605 |
1345 |
1605 |
|
2 |
Шарпка каршы эмдөө |
5810 |
4610 |
3690 |
3040 |
6260 |
|
3 |
Карасанга каршы эмдөө |
5878 |
0 |
1992 |
1051 |
957 |
|
4 |
Пастереллозго каршы эмдөө |
350 |
81 |
93 |
83 |
93 |
|
5 |
Лептеспирозго каршы эмдөө |
700 |
233 |
233 |
116 |
118 |
|
|
Бардыгы: |
5934 |
1483 |
1483 |
1483 |
1485 |
|
Кой эчкилер |
||||||
|
1 |
Сибир жарасына каршы эмдөө |
18984 |
3562 |
7424 |
2225 |
6089 |
|
2 |
Бронзотко каршы эмдөө |
1250 |
0 |
636 |
0 |
614 |
|
3 |
Чечекке каршы эмдөө |
17500 |
2864 |
4775 |
3136 |
6725 |
|
4 |
Бруцеллезго каршы РЕВ 1 эмдөө |
4500 |
0 |
2376 |
1062 |
1062 |
|
5 |
Пастереллозго каршы эмдөө |
2000 |
300 |
750 |
350 |
600 |
|
6 |
Лептеспирозго каршы эмдөө |
500 |
0 |
250 |
250 |
0 |
|
7 |
Кыргынга каршы эмдөө |
6000 |
1500 |
1000 |
1000 |
2500 |
|
|
Бардыгы: |
51050 |
8226 |
17211 |
8023 |
17590 |
3.5. Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү аныктоо
Куршаб айыл аймагынын Муниципалык ишканасынын жайыт адиси иштеп чыккан бюджети айыл өкмөтүнүн кароосунан өткөрүлүп, айыл кенеште бекитүүсүнө жиберилет. Айыл кенештин туруктуу комиссиясын карап чыгып Айыл кенештин сессиясына бекитүү үчүн алып чыгат жана талкудан кийин Айыл кенештин сессиясы бекитет. Ошондой эле айылдык кенештин сессиясы жайыт пайдалануу акысын да бекитип берет.
Айыл аймактын ШМБ үчүн өзүнчө, ал эми башка айыл аймактан келген ШМБ үчүн башка акы төлөмүн бекитип беришет.
Жайыттарга мал жайып пайдалангандыгы үчүн төлөм:
11-таблица
|
№ |
аталыштары
|
Жергиликтуу тургундардын ШМБ учун толонуучу жайыт акы |
Башка аймактан келген ШМБ учун толонуучу жайыт акы |
эскертүү |
||
|
|
|
саны |
наркы |
саны |
наркы |
|
|
1 |
Кара мал |
1 |
200 |
1 |
400 |
|
|
2 |
Жылкы |
1 |
300 |
1 |
600 |
|
|
3 |
Кой-эчки |
1 |
50 |
1 |
100 |
|
3.6. Бюджет Киреше бөлүгү
12-таблица
|
Киреше булактары |
Жалпы сумма |
|
Жайыт пайдалануудан түшкөн кирешелер |
545000 |
|
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануудан түшкөн каражаттар |
|
|
Жайытты чөп орок катары пайдалануудан |
105000 |
|
Бардыгы: |
650000 |
Чыгаша бөлүгү
|
Көрсөткүчтөр |
Участоктун аттары |
Финансы булак.сом |
Баардык сумма |
Анын ичинде квартал боюнча |
|||||
|
|
|
Башка долбоор |
Демөөрчүлөр |
Жергиликтүү бюджет |
|
I |
II |
III |
IV |
|
Максаттуу чыгымдар |
|||||||||
|
Жолдорду оңдоо узундугу |
|
0 |
0 |
50000 |
50000 |
0 |
50000 |
0 |
0 |
|
Өтмө көпүрөлөрдү оңдоо |
|
0 |
0 |
54980 |
54980 |
0 |
54980 |
0 |
0 |
|
Капдаждарды оңдоо |
|
0 |
0 |
30000 |
30000 |
0 |
0 |
30000 |
0 |
|
|
Баардыгы: |
|
|
134 980 |
134980 |
0 |
104980 |
30000 |
0 |
|
Жайыт боюнча адистерди кармоо |
|||||||||
|
Эмгек акы(жайыт адиси)20000*12=240000 Жардамчысы16000*12= 192000сом |
|
0 |
0 |
432000 |
432000 |
108.0 |
108.0 |
108.0 |
108.0 |
|
Соцфонд 432000*17,25%=74520 |
|
0 |
0 |
74520 |
74520 |
18.63 |
18.63 |
18.63 |
18.63 |
|
Кеңсе товар сатып алуу |
|
0 |
0 |
3500 |
3500 |
0 |
3.5 |
0 |
0 |
|
Байланыш чыгым |
|
0 |
0 |
5000 |
5000 |
1.25 |
1.25 |
1.25 |
1.25 |
|
Башка чыгымдар |
|
0 |
0 |
0 |
0 |
0 |
0 |
0 |
0 |
|
Баардыгы: |
|
0 |
0 |
650 000 |
650 000 |
127.88 |
236.36 |
157.88 |
127.88 |
|
Баардык чыгым жыйынтыгы: |
|
0 |
0 |
650 000 |
650 000 |
127.88 |
236.36 |
157.88 |
127.88 |
Киреше бөлүгү
|
№ |
Көрсөткүчтөр |
Суммасы,сом |
Квартал боюнча пландык кирешелер |
|||
|
|
|
|
I |
II |
III |
IV |
|
1 |
Жайытты мал жаюу максатында пайдалануудан түшкөн кирешелер ( ШМБ сом) |
530 000 |
50 000 |
250 000 |
200 000 |
30 000 |
|
2 |
Жайытты башка максаттарда пайдалануудан түшкөн кирешелер ( га сом) |
120 000 |
0 |
80 000 |
40 000 |
0 |
|
3 |
Баары: |
650 000 |
50 000 |
330 000 |
240 000 |
30 000 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
Башка долбоорлор |
0 |
0 |
0 |
0 |
0 |
|
5 |
Башка демөөрчүлөр (А.Ө Элдик салым ж,б ) |
0 |
0 |
0 |
0 |
0 |
|
6 |
Каржы резервдик фонду (КРФ) |
0 |
|
|
|
|
|
|
Баары: |
|
|
|
|
|
|
|
Жалпы кирешелер: |
650 000 |
50 000 |
330 000 |
240 000 |
30 000 |
3.7. Жайыттарды пайдалануу режими жана бузууларүчүн жоопкерчилик
Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планы – Куршаб айылдык кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин бардык жайыт пайдалануучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Жайыт пайдалануучулар жайыттарды жаюунун жана пайдалануунун белгиленген режимин бузгандыгы үчүн укуктук жол-жоболорго ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Тиешелүү айылдык аймактын чегинде зарыл болгон жол-жоболорду ишке ашырууга негиз түзүү максатында жайыттарды пайдалануунун режими айылдык Кеңештин сессиясында бекитилет.
Жайыттарды пайдалануу режими жана бузуу үчүн жоопкерчилик
1.Ички эрежелер. Мал жаюу мөөнөттөрү:
— Жайыт сезону _01-Апрелден башталат(күнү жана айы) бир алыскы жайыт.
— Жайыт сезону 30-ноябрдан аяктайт
— Жайлоолорго көчүрүү 15-майдан 10-июнга чейин
— Жайлоолордон көчүп келүү 1-сентябрдан 1-ноябрга чейин
-10-майдан 15-сентябрга чейин жакынкы жайыттар эс алууга калтырылат
Жайыт сезонунда колго алып калууга уруксат берилген малдын саны:
1ат 1мал, 5кой,эчки
Жайыт акы төлөөнүн мөөнөттөрү:
Жайыт билети үчүн:
50% 15-апрелден кечиктирилбестен;
50% 1-ноябрдан кечиктирилбестен;
Жайытты башка максатка пайдаланган учурда:
50% — келишим түзүлөөрү менен
50% — келишим түзүлгөндөн үч ай аралыгында;
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу үчүн жыйым 100% төлөнөт.
Жайыт билетинде көрсөтүлгөн малдын саны мал санактын маалыматтарына дал келиш
керек;
Малчылар жайыт билетинде көрсөтүлгөн гана участокторго мал жаюуга милдеттүү;
Баардык жайыт пайдалануучулар, жайытты пайдалануунун жогоруда көрсөтүлгөн режимдерди аткарууга милдеттүү
Жогорудагы жайыт режимин бузгандар Кыргыз Республикасынын учурдагы мызамдарынын негизинде жоопко тартылышат.
2.Мал жаюу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.
Малдарды айдоо аянттарына кирген жаныбарлардын ээлерине төмөнкүдөй жаза чаралар көрүлөт:
-эгерде 1-(күнү жана айы) айдоо аянтарына кирген малдарга эскертүү.
-Эгерде мал жандыктар айдоо аянтына 1жолу кирсе: ИММ үчүн 1жолу айып пул 1000_сом,2жолу айып пул 2000сом ,ал эми анда болбой мал жандыктар айдоо аянтарына түшө берсе анда чыгымды төлөө менен жана иш аксакалдар сотуна өткөрүлөт,аксакалдар соту айып пулдун көлөмүн белгилешет.
-Эгерде мыйзам бузуу экинчи жолу кайталанса, төлөмдүн суммасы эки эсеге көбөйтүлөт. Алар мыйзамга ылайык айып пулду төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
-Айылдык кеңеш жергиликтүү тургундардын малын баккан чабандарга төмөнкүдөй төлөмдү белгилейт:
1баш ИММга айына 1000сом,кой-эчкиге 1башка250сом,Жылкыга 1башка 1000сом,
-Ар бир жалданма чабан менен 3 тараптуу келишим түзүлөт (АӨ,жайыт пайдалануучу жана чабан), Чабандар тарабынан малдын акысын өзүм билемдик менен көтөргөндүгүн Кыргыз республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкечиликке
тартылат. Малды каттоого көрсөтпөсө жана башка жактан келген мал эсепке кирбесе эки эсе жайыт акы төлөйт,Ошондой эле жайыт билет албай келишим түзбөй, жайытты пайдалангандыгы үчүн укук бузуулардагы колдонуучу штрафтан сырткары ар бир башка эки эсэ жайыт акы төлөйт.
4. МАЛДЫН САНЫ ЖАНА АЛАРДЫН ЖАЙЫТ ТОЮТУНА БОЛГОН КЕРЕКТӨӨСҮ
Куршаб айыл өкмөтүндө жыл сайын малдын эсебин алуу жүргүзүлөт. 2026-жылдын 1-январына карата АӨ дө 27109 ШБ катталган. Тургундар малдардын бир нече түрүн кармашат. Негизги малдын түрүн уй, жылкы, кой, эчки түзөт. Негизинен жергиликтүү фермерлер жөнөкөй малдын түрүн багышат. Келечекте сүт азыктарын иштетүүчү ишкананын документтери даярдалып жата жатат. Эрдик, Шагым айылдарында сүт багытындагы асыл тукум уйларды сатып алуу боюнча алгылыктуу иштер башталды. Учурдун талыбына ылайык асыл тукум малдын башын көбөйтүү зарыл. Ал үчүн жасалма уруктандыруу пунктарын ачуу жана атайын ветеринардык адистердин дараметин жогорулатуу талабы турат.
4.2.Малдын жалпы саны
2026- жылга карата: жылқы -980 баш, уй-5980 баш,-20149 майда жандык бар.
4.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесиндеги малдын саны тууралуу маалымат
14-таблица
|
|
Малдын түрү |
Малдын саны |
Шарттуу Малдын Башы (ШМБ) |
Мунун ичинен |
|||
|
|
|
|
|
Жайытка чыга турганы, баш |
ШМБ |
Жакынкы жайытка Чыккан, баш |
ШМБ |
|
1 |
Ири мүйүздүү мал |
7631 |
7631 |
7631 |
7631 |
7631 |
7631 |
|
2 |
Ири мүйүздүү жаш мал |
4697 |
4697 |
4697 |
4697 |
4697 |
4697 |
|
3 |
Жылкы |
2525 |
2525 |
2525 |
2525 |
2525 |
2525 |
|
4 |
Тай |
1195 |
1195 |
1195 |
1195 |
1195 |
1195 |
|
5 |
Кой/эчки |
27219 |
5444 |
27219 |
5444 |
5444 |
5444 |
Кышкы тоютту жыйноо жана сактоо ыкмалары: 15-таблица
|
№ |
Тоют түрлорү |
Биринчи түшүм |
Жалпы түшүм/ тонна |
|||||||
|
|
|
Себүү убагы |
Жыйноо убактысы |
Чабуу ыкмасы/ % |
Жыйноо ыкмасы/ % |
Сактоо ыкмасы |
Алынган тоюттун көлөмү, тонна |
|
||
|
1.
|
|
|
|
Кол менен |
Техника менен |
Пресст |
Чөмөлө |
|
|
|
|
2.
|
Табигый чөп |
|
Ав |
100 |
0 |
0 |
100 |
Ачык |
|
15600 |
|
3.
|
Беде (Эспарцет) |
апрель |
Июль |
10 |
90 |
90 |
10 |
Ачык |
|
595000 |
|
4.
|
Эспарцет (биринчи түшүм) |
|
сентябрь |
0 |
100 |
80 |
20 |
ачык |
|
|
|
5.
|
Арпа |
апрель |
сентябрь |
0 |
100 |
0 |
100 |
жабык |
|
384000 |
|
6.
|
Тоют жашылчалары |
Май |
0 |
0 |
0 |
0 |
0 |
0 |
|
|
|
7.
|
Башка (буудай) |
Апрель-май |
сентябрь |
0 |
100 |
0 |
100 |
жабык |
|
176000 |
Кышкы тоюттандыруунун негизги көйгөйлөр.
16-таблица
|
№ |
Малды кышкы тоюттандыруудагы негизги проблемалар |
Проблеманын келип чыгышынын себептери |
Проблеманын кесепеттери |
Проблеманын реалдуу чечүүжолдору |
|
|
|
|
|
|
Өз күчү менен |
Сырткы жардамдын негизинде |
|
|
Түшүмдүүлүктүн аздыгы |
Урөөн чарбанын жоктугу. Жер семирткичтердин жоктугу |
Малдын арыктыгы. Ден соолугунун начарлашы |
Талааларга эрежеси менен кык себүү |
Окууларды өтуу, сапаттуу үрөндөрдү арзан баада берүү |
|
|
Чыктуу тоюттун жоктугу |
ЧТ көл бурбагандыгы |
Малдын арыктыгы. Продукциянын аз берүүсү |
Ар булактан билим алып үйрөнүү |
Окууларды окуу |
|
|
Чөптүн эндей чогултушу |
Сапатын жоготот жана ысырапка алып келет |
Малдын арыктыгы |
Чакан чөп майдалатуу аппараттарды колдонуу |
Техникаларга лизинге берүү |
|
|
|
|
|
|
|
Малчылар аркылуу жайлоого чыккан малдын жалпы саны 17-таблица
|
№ |
Жайыттын участокторунун аталышы |
Жайыт пайдалануучулардын аты Жөнү |
Шарттуу мал башы |
Сыйымдуулугу |
Мал Жаюу күнү |
|
|
|
ЖАЙ |
|
|
|
|
1 |
Кара-Шоро,Чытты |
Аликулов Кылыч |
700 |
650 |
120 |
|
2 |
Кара-Шоро,Чытты |
Дашев Улукбек |
1000 |
820 |
120 |
|
|
|
К/З |
|
|
|
|
1 |
Кой-Таш,Чоку-Таш |
Дуйшеев Жыргал |
200 |
190 |
120 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
КЫШ |
|
|
|
|
1 |
Комплекс,Гоо |
Дыйканбаев Кылыч |
800 |
750 |
120 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ЖАЗ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4.4. Малдын асылдуулугун жогорулатуу
Куршаб айыл өкмөтүндө малдын асылдуулугун жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлгөн жок. Эл талап кылган жок. Экинчиден сапаттуу уруктун жоктугу, азоттун жетишсиздиги.
Малдарды жасалма жол менен уруктандыруу 18-таблица
|
АА аталышы |
Асыл тукум мал 01.01.26-ж., (уйлардын саны) |
Жасалма уруктандыруу пункту, шт
|
Уруктанган малдар, (баш) |
Бодо малдын үрөндүк материалы |
||
|
|
|
ачылган |
иштеп жатат |
уруктанган |
тукум |
|
|
Куршаб |
75 |
— |
— |
— |
— |
— |
4.6. Участоктордун абалы
19-таблица
|
Участок |
Абалы |
Эскертүү |
|
Шагым (Кызыл-Жар) |
орто |
Жайыт чөп уруктарын себүү керек |
|
Кой-Таш |
орто |
Жайыт чөп уруктары себилген, кийинки жылы чөп уруктарын себүү керек |
|
Кайнар (Буркут уя) |
жакшы |
түрлүү чөп уругу себилуу керек |
|
Коо |
орто |
Жайыт чөп уруктарын себүү керек |
|
Шагым (Кунгой) |
орто |
Жайыт чөп уруктары себилген |
Жайыт инфраструктурасынын абалына талдоо 20-таблица.
|
Участок |
Беккари чункуру |
көпүрө |
Веринардык пункт |
Мал суу ичүүчү жай |
Жуут пункт |
|
Чоку-Таш, Кулбай-Булак участкаларына малдар суу ичүүчү жай (каптаж) куруу |
|
|
|
Куруу керек. АРИС аркылуу |
|
5. ЖАЙЫТТАРДЫ БААЛОО ЖАНА МОНИТОРИНГ ПЛАНЫ
Куршаб айыл аймагынын жайыттарыын мониторинг жана баалоо жургузуу жумуштары Айыл окмот башчысынын буйругу менен “Жайыттарды мониторинг жана баалоо” комиссиясы тузулот. Комиссияга айыл окмоттун тийиштуу адистери, муниципалдык адис, ОГУЛ мучолорунон, жайыт пайдалануучулардан окулдор кирет. Тузулгон коммиссия жайыттарды жаз жана жай мезгилдеринде мониторинг жасап турушат. “Жайыттарды мониторинг жана баалоо” комиссиясы Айыл окмотко, Муниципалдык ишканага маалымат берип турушат. Ал эми берилген маалыматтардын негизинде Жайыт адиси тийиштуу документтерди аткарууга алат жана айыл окмот башчысына билдирет. Айыл окмот башчысы жылдык чогулушта жергиликтуу тургундарга отчет берет жана зарылчылыка карап иш чаралар кабыл алынат. Жайыттарга мониторинг жана баалоо жургуузуунун жыйынтыгы айыл аймактын тургундарына, жайыт пайдалануучуларга жайылтылып турат.
5.1. Жайыттарды баалоо жана мониторинг планы. 21-таблица.
|
Даярдык этабы |
Мониторинг жүргүзүү жумушчу тобун түзүү |
АОнун буйругу менен
|
2026-жылдын апрель айы |
ОГУЛ жумушту тобу, МИ жайыт адиси |
Мониторинг жүргүзүү тобу түзүлөт
|
|
|
Мониторинг жүргүзүүчү жайыт участокторун аныктоо |
|
2026-жылдын май айы |
МжБ тобу, МИ жайыт адиси |
МжБ жүргүзүлө турган жайыт участокторунун тизмеси түзүлөт |
|
|
Мониторинг жүргүзүү планы жана графигин бекитүү |
график |
2026-жылдын май айы |
МжБ тобу, МИ жайыт адиси |
МжБ кайсы аянтта качан жүргүзүлөөрү аныкталат |
|
Талаа иштери |
Бекитилген график боюнча жайыт участокторуна мониторинг жүргүзүү |
Өлчөө таякчасынын, визуалдык жана сүрөткө тартуу ыкмасы менен |
2026-жылдын июнь-август айларында |
МжБ тобу, МИ жайыт адиси |
Жайыт участокторуна МжБ жүргүзүлөт |
5.2. Жаратылыш ресурстарын башкаруунун гендердик планын иштеп чыгуу
Бул пунктта максаттар жана милдеттер белгиленетжана жаратылыш ресурстарын гендердик-сезимталбашкаруунун планы келтирилет, ал төмөнкү таблица түрүндө таризделет
Жаратылыш ресурстарын башкаруунун гендердик планын иштеп чыгуу 22-таблица.
|
Аныкталган көйгөйлөр (багыттар боюнча) |
Иш-чаралар |
Күтүлгөн жыйынтыктар |
Индикаторлор |
Ишке ашыруу мөөнөтү |
|
Жаратылыш ресурстарына жетүү |
||||
|
Жайыттарды башкарууда аялдардын катышуусун жогорлатууүчүн жеригилктүү кеңешке келе турган аялдардын активдүүлүгүн көтөрүү |
Айыл жерлеринде аялдардын демилгелерин колдоо |
Квотага ылайык аялдардын депутаттык чөйрөгө келүүсүн колдоо |
ЖК курамынын 30%аялдар түзөт |
2026 |
|
Чечим кабыл алууга катышуу |
||||
|
Жаратылыш ресурстарын башкаруу жаатында чечим кабыл алууда аялдардын санынын төмөндүгү |
Жаратылыш ресурстарын пайдалануудагы чечим кабыл алууда гендердик 30% эске алуу |
Жаратылыш ресурстарын пайдаланууда көйгөйлөрдүн чечилүүсүндө 30% жакшы шарт түзүлөт. |
Жаратылыш ресурстарын пайдаланууда пайда алуучулардын 30% кем эмес аялдар түзөт. |
2026-2027 |
|
Иш менен камсыз болуу деңгээли жана экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү |
||||
|
Жаратылыш ресуртарын пайдаланууда аялдардын катышуусунун төмөндүгү |
Жаратылыш ресуртарын башкаруу жана пайдалануу иштерине аялдарды тартуу |
Жаратылыш ресрстарын пайдалануу жана башкаруу ишмердүүлүктөрүндө аялдардын саны өсөт, жумуш менен камсыз болот |
Жаратылыш ресрстарын пайдалануу жана башкаруу ишмердүүлүктөрүндө аялдардын саны өсөт, жумуш менен камсыз болот |
2026-2027 |
|
Айылдарда аялдардан түзүлгөн топтор аркылуу же жеке ишкердик менен алектенген аялдар аркылуу атайын жумуш орундарын түзүү |
Жеке ишкердик менен фирмаларды уюштуруу |
Бир нече үй бүлөлөрдү жумуш орду менен камсыздоо аркылуу, социалдык экономикалык мүмкүнчүлүктөр жакшырат |
Мүмкүнчүлүгү жакшыртылган үй бүлөлөрдүн саны көбөйөт |
2026-2027 |
|
Билим берүү жана финансылык ресурстарга жетүү |
||||
|
Аялдардын демилгелерин колдоо аркылуу, окуутуларга катыштыруу, долбоорлорду жазууга үйрөтүү |
Долбоорлор жазылат, ишке ашырылат |
Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлор аркылуу социалдык экономикалык шарттар жакшырат |
Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлор |
2026-2027 |
|
Финансылык сабаттуулуктун төмөндүгү |
Атайын иш-чараларды уюштуруу |
Финансылык сабаттуу боло алышат. |
Ийгиликтүү ишкер аялдар көп болушат |
2026-2027 |
|
|
|
|
___________________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) Х кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-марты № 43 Куршаб айылы
Көк бөрү улуттук оюнун өткөрүүгө жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айыл аймагындагы улакчылар жамаатынын арыз, даттанууларынын негизинде Куршаб айылынын Үч-Ачама жер тилкесинен 447 контурундагы жайыт багытындагы жеринен Көк бөрү улуттук оюнун өткөрүүгө жер тилкесин бөлүп берүү тууралу маселесиКуршаб айылдык кенешинин(сегизинчи шайланган) Х кезексиз сессиясынын күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып токтом кылат:
багытындагы жеринен көк бөрү улуттук оюнун өткөрүүгөжер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
милдеттендирилсин.
Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, регламент, этика, мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Атчабаров Н
|
|
|
|
___________________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) ХI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 44 Куршаб айылы
Тоскоолдук жараткан дарактарды кыюууга уруксат берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн алдында тоскоолдук жараткан дарактарды кыюу боюнча түзүлгөн комиссиянын актыларынын жана жамаатардын жыйындарынын протоколдорунун негизинде Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу тоскоолдук жараткан дарактарды кыюуга уруксат берүү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (сегизинчи шайланган) ХI кезексиз сессиясынын күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат
кыюууга уруксат берилсин:
— Куршаб айылына караштуу Багда Курбанова кичи айылына бара турган жол
аркылуу өткөн “Мырза-Куршаб” каналынын үстүндө жолго тоскоолдук жаратып жаткан тикенектүү 50 түп зараңдарды
тарабында өсүп турган тротуардын курулушуна тоскоолдук жаратып жаткан 1 түп чынар дарагын.
18 түп карагай жана теректерди.
органдардан уруксат алынсын.
милдеттендирилсин.
Төрага: Атчабаров Н
|
|
|
|
___________________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) ХI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 45 Куршаб айылы
“Куршаб Өнүгүү” муниципалдык ишканасына лизингге техника алуу жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу “Куршаб –Өнүгүү”муниципалдык ишканасына лизинг аркылуу техника алуу маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (сегизинчи шайланган) ХI кезексиз сессиясынын күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат
иш аркети Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 30 пайызы, ал эми 1 пайызы жергиликтүү бюджеттен каржылансын. Лизинг аркылуу алынган техниканы күрөө катары коюу жагы каралсын.
муниципалдык ишканасына кредит катарында төлөөгө уруксат берилсин.
3. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Атчабаров Н
|
|
|
|
___________________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) ХI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы №46 Куршаб айылы
Куршаб айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 17-мартындагы №01-25/75 сандуу Жергиликтүү жамаааттарынын Уставы жөнүндөгү буйругуна ылайык Куршаб айыл аймагынн жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитип берүү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (сегизинчи шайланган) ХI кезексиз сессиясынын күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат
ылайык бекитилсин.
өкмөтүнө милдеттендирилсин.
туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: Атчабаров Н
Куршаб айылдык кеңешинин 2026жыл 25 –майындагы №46 токтому менен бекитилген
тиркемеси
Куршаб айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын
УСТАВЫ
Биз, Куршаб айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, айыл аймагыбызды/шаарыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
1.1. Шаардын, айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин токтому менен бекитилген, жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.
1.2. Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун аныктайт.
1.3. Устав Куршаб айыл аймагында бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
2. Негизги түшүнүктөр
Жергиликтүү жамаат — айыл аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жергиликтүү маанидеги маселелер — жергиликтүү жамааттын жашоосуна тиешелүү маселелер.
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар — мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген айрым ыйгарым укуктар.
Демилгелүү топтор — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн ыктыярдуу бирикмелер (элдик демилге, көйгөйдү чечүү, чогулуш/жыйындарды өткөрүү топтору).
Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчиги жана киреше булагы.
Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси — жергиликтүү актыларды сунуштоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу.
Жарандардын чогулушу/жыйындары, коомдук угуулар, муктаждыктарды иликтөө — жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана чечүү формалары.
3. Куршаб Айылдык аймактын территориясы
3.1. Административдик-аймактык чек аралардын ичинде жайгашкан жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Куршаб айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:
— Куршаб айылы; — Шагым айылы; — Эрдик айылы;
4. Жергиликтүү жамаат
4.1. Жергиликтүү жамаатты Куршаб айыл аймагында туруктуу жашап, жалпы кызыкчылыктары менен биригип, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз жоопкерчилиги астында чечүүгө милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
4.2. Жаш курагы 16 жаштан жогорку мүчөлөр жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына катышууга тең укуктуу.
4.3. Жергиликтүү жамаат эл аралык, республикалык бирликтерге жана ассоциацияларга киргенге укуктуу.
4.4. Жергиликтүү жамаат, улуттук, тарыхий, маданий жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган, жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилген расмий символдорду белгилөө укугуна ээ.
5. Жергиликтүү жаматтагы мүчөлүк
5.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте каттоодон өткөн жаран жергиликтүү жамааттын мүчөсү деп эсептелет.
5.2. Жаран туруктуу же көпчүлүк убакта жаран бир жерде жашаса Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоо жана шайлануу укугусуз, жергиликтүү жамааттын укуктарынан пайдалана алышат.
6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
6.1. Укуктары:
— Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
— демилгелүү топторду түзүү жана долбоорлорду иштеп чыгууга, айылдын муктаждыктарын изилдөөгө, инвестиция тартууга жана сунуштарды киргизүүгө катышуу;
— шайлоолордо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөгө катышуу;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарга арыздар, даттануулар жана маалымат суроолору менен кайрылуу, мамлекеттик жана кызматтык сырлардан башка, маалымат алуу;
— коомдук иш-чараларга, айылдык жыйындарга, коомдук угуулардын, айылдык кенештин сессияларына жана комиссиялардын отурумдарына катышуу;
— башка мүчөлөрдөн Уставды жана мыйзамдарды сактоосун талап кылуу, зарыл болсо укук коргоо органдарына кайрылуу;
— жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышуу жана чыгымдар боюнча маалымат алуу;
— ыктыярдуу түрдө жергиликтүү жамааттан чыгуу;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомчулуктун Уставы менен белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашыруу.
— жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2. Милдеттери:
— Конституцияны, мыйзамдарды жана Уставды сактоо;
— башка мүчөлөрдүн укуктарын урматтоо;
— дискриминацияга жол бербөө;
— этникалык жана социалдык конфликттерди алдын алуу;
— жаратылышты жана муниципалдык менчикти коргоо;
— санитардык эрежелерди сактоо;
— жайыт, суу жана коомдук жайлар боюнча эрежелерди сактоо.
— мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөө;
— турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катыша алат;
— калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоо;
— калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоо;
— мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайуу;
— ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоо, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
— уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөө;
— үй бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарын жамааттар тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде өткөрүү.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу — жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү Конституцияда белгиленген.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттар тарабынан өкүлчүлүктүү (жергиликтүү кеңештер) жана аткаруу органдары (айыл өкмөтү/шаардын мэриясы) аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
7.3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1. Куршаб айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш) Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттын алдында жооптуу.
8.3. Айыл өкмөтү маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, жергиликтүү кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү үчүрүнда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.
8.4. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү. Конституцияга жана мыйзамга каршы келген, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерди жасоого укугу жок.
9. Жергиликтүү маанидеги маселелер
9.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер – бул шаардын / айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер.
9.2 Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.
9.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.
9.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
10. Жергиликтүү коомдук уюмдар
10.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймакты өнүктүрүү максатында ардагерлер, аксакалдар, аялдар жана жаштар башка коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.
10.2. Бул уюмдардын уюштуруу формалары ушул Уставда же алардын ички жоболорунда аныкталат.
11.Жарандардын тикелей эрк билдирүү формалары
11.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү маанилүү жергиликтүү маселелер боюнча курултайларды, жыйындарды (чогулуштарды) жана коомдук угууларды өткөрүүгө укуктуу.
11.2. Жыйындардын жана курултайлардын кабыл алынган сунуштамалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого жиберилет.
11.3. Жамааттын мүчөлөрү менен кеңири талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү коомчулук төмөнкү тикелей эрк билдирүү формаларын колдонууга укуктуу:
— жыйындар (чогулуштар);
— коомдук угуулар;
ушул Уставда каралган башка формалар.
11.4. Тикелей эрк билдирүүнүн формалары коомчулуктун ачык-айкындуулугун жана мүчөлөрдүн кеңири катышуусун камсыз кылууга багытталат.
11.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин уюштуруу, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет (КР “Жергиликтүү мамлекеттик админристрация жана жергиликтүү өз алдынча башкару жөнүндө” Мыйзамы,(27-берене).
11.6. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укугуна кирбеген жана мыйзамдарга каршы келбеген, жергиликтүү жамаат өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө (географиялык, салттык, этностук ж.б.) жараша кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында аныктоого укуктуу.
12. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
12.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча токтом долбоорун демилгелөө укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана айылдык кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
12.2. Чет элдиктер, эркиндигинен ажыратылган, мыйзамсыз аракетке жөндөмсүз жарандар демилгеге катыша албайт.
12.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында — шаарда же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
12.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеӊешке киргизилбейт.
13. Демилгелүү топтун иши
13.1. Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт. Шаарда же айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).
13.2. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет.
Эскертүү
Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны Бишкек, Ош шаарларында 5000 адамды, калкынын саны 20001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда 1000 адамды, калкынын саны 6001ден 20000 ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 600 адамды, калкынын саны 6000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды түзөт.
13.3. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:
— токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;
— токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
— маалымкат-негиздеме;
— жергиликтүү кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
— төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамааттынмүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.
13.4. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген жергиликтүүкеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтүү кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
13.5. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы жергиликтүүкеңеш тарабынан каралууга жатат.
13.6. Элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, бурмалоо же бөгөт коюу аракеттери мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылат.
14. Элдик жыйын (чогулушту)
14.1. Элдик жыйын (чогулуш) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын пикирлерин эске алуу, айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында өткөрүлөт.
14.2. Элдик жыйын (чогулуш) бир көчөнүн, кварталдын, кичи райондун же айылдын жашоочуларынын катышуусу менен өткөрүлөт жана анын жыйынтыгында сунуштар кабыл алынат.
14.3. Элдик жыйын (чогулуш) ачык-айкын өткөрүлөт. Түшкөн суроолорго жана сунуштарга мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде жооп берилет, жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралып, жыйынтыгы жазуу жүзүндө билдирилет.
14.4. Элдик жыйындарды (чогулуш) өткөрүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылат.
15. Элдик жыйында (чогулуш) каралуучу маселелер
15.1. Элдик жыйында (чогулуш) төмөнкү маселелер каралат:
— жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору жана ага өзгөртүүлөр;
— аймакты өнүктүрүү программалары жана пландары (СЭӨП ж.б.);
— айылдын, көчөнүн, кварталдын көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттер;
— этностор аралык ынтымакты бекемдөө жана алдын алуу иштери;
— муниципалдык менчикти пайдалануу маселелери;
— коммуналдык кызматтар жана тарифтер боюнча сунуштар;
— көрктөндүрүү, турак жай жана инфраструктура маселелери;
— курулуш, архитектура жана башкы план маселелери;
— элдик демилгелер;
— айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын отчеттору;
— административдик-аймактык өзгөрүүлөр боюнча маселелер;
— жергиликтүү жамааттын жашоосуна байланышкан башка маселелер.
16. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн демилгеси жана мезгилдүүлүгү
16.1. Элдик жыйын (чогулуштар) шаардык мэр, айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш, депутаттар же жергиликтүү жамааттын демилгеси менен, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
16.2. Кечиктирилгис маселелер боюнча чогулуштар шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
16.3. Демилгелүү топтун минималдуу саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
16.4. Демилге жазуу жүзүндө айыл өкмөтүнүн башчысына же айылдык кеңештин төрагасына берилет.
17. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө кайрылуу
17.1. Кайрылууда жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн негиздемеси, болжолдуу катышуучулардын саны, өткөрүлүүчү орду жана каралуучу маселелер көрсөтүлөт.
17.2. Кайрылуу 14 күндүн ичинде каралат.
17.3. Кайрылуу мыйзам талаптарына туура келбеген учурда, же маселени башка жол менен чечүүгө мүмкүн болсо, чогулушту өткөрүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
17.4. Жыйынды (чогулуш) өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
18. Элдик жыйынды (чогулушту) уюштуруу
18.1. Жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечимде өткөрүлүүчү орду, датасы, убактысы жана күн тартиби көрсөтүлөт.
18.2. Жашоочуларга жыйын (чогулуш) боюнча маалымат кеминде 5 күн мурда маалымдалат.
18.3. Шаардык мэрия, айыл өкмөтү жыйынды (чогулушту) уюштурууну, катышуучулардын эркин келүүсүн, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтык документтерди даярдоону камсыз кылат.
19. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн тартиби
19.1. Жыйында (чогулушта) төрага жана катчы шайланат, күн тартиби көпчүлүк добуш менен бекитилет.
19.2. Жыйында (чогулушта) баяндамалар угулат, суроолор жана сунуштар айтылат.
19.3. Чечимдер жана сунуштар ачык добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш аркылуу кабыл алынат.
19.4. Жыйындын (чогулуштун) жыйынтыктары протокол менен таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлөт.
19.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынган сунуштар боюнча бир айдын ичинде калкка маалымат берүүгө милдеттүү.
19.6. Жыйындын (чогулуштун) укук ченемдүүлүгү катышуучулардын минималдуу саны менен аныкталат, ал жергиликтүү жамаат тарабынан белгиленет.
20. Коомдук угуулар
20.1. Коомдук угуулар — жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча калктын пикирин угуу, сунуштарды жана сын-пикирлерди алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси менен өткөрүлүүчү ачык талкуу.
20.2. Коомдук угуулар калктын талкууланып жаткан чечимге болгон мамилесин аныктоого, жарандардын суроо берүүсүнө, сунуш киргизүүсүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталат.
20.3. Коомдук угуулар жергиликтүү жамааттын пикири өзгөчө мааниге ээ болгон маселелер боюнча өткөрүлөт.
20.4. Коомдук угуулар төмөнкү маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн:
— жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
— өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (СЭӨП, ж.б.);
— муниципалдык менчикти башкаруу;
— коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү;
— жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна байланышкан башка маселелер.
20.5. Коомдук угуулар, мүмкүн болушунча, бир гана маселе боюнча өткөрүлөт.
20.6. Коомдук угуулар жергиликтүү бюджет жана өнүктүрүү программалары боюнча милдеттүү түрдө, ал эми тарифтер жана башка маселелер боюнча зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
20.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү шаардык мэрия, айыл өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
20.8. Коомдук угуулар катышуучулардын минималдуу саны камсыз болгондо укук ченемдүү болуп саналат. Катышуучулардын саны жергиликтүү жамаатжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
21. Коомдук угууларды өткөрүүнүн тартиби
21.1. Коомдук угуунун датасы, орду, убактысы жана талкуулануучу маселеси алдын ала аныкталып, калкка жарыяланат.
21.2. Талкуулануучу документтердин долбоорлору коомдук угууга чейин калкка маалымат жеткирилет.
21.3. Коомдук угууда алып баруучу жана катчы дайындалып, сунуштар жана пикирлер протоколго киргизилет.
21.4. Коомдук угунун жыйынтыгы протокол менен таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эске алынат.
21.5. Шаардык мэрия жана айыл өкмөтү коомдук угунун жыйынтыктары жөнүндө 10 күндүн ичинде калкка маалымат берет.
22. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу
22.1. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө шаардык мэрия, айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү аркылуу катышууга укуктуу.
22.2. Жергиликтүү жамааттын катышуусу муктаждыктарды биргелешип иликтөө, талкуулоо жана артыкчылыктуу маселелерди аныктоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
22.3. Муктаждыктарды биргелешип иликтөө калктын ой-пикирин эске алуу менен өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталат.
22.4. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
— жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
— мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;
— жергиликтүү кеңештин депутаттары;
— шаардык мэриянын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери.
23. Жергиликтүү жамааттын негизги принциптери:
— Жергиликтүү жамаат элдин биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты сактоону, жашоо шартын жакшыртууну максат кылат.
— Аймакта жашаган элдин үрп-адаттын, салттын сактап, заман талабына ылайык өнүктүрөт.
— Ар бир жамаат мүчөсү коомдук жашоого активдүү катышууга, эрежелерди сактоого, жергиликтүү бийликке талап коюу менен бирге жардам берүү.
— Аймактын өнүгүшүнө салым кошуу — жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты.
23.1. Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери:
— Жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу менен төмөндөн жогору карай (үй, көчө, кварталдан айыл же шаарга чейин) түзүлөт. Катышуу таанышуу жана маалымат алмашуудан башталып, талкууга, андан кийин биргелешкен ишке өтөт.
— Биринчи этапта жашоочулар чогулуп таанышып, аймактагы көйгөйлөрдү аныкташат жана аларды чечүүгө даяр активдүү жарандар тандалат.
— Жергиликтүү жамааттын мүчөсү – шарттарды жакшыртуу үчүн бийликке гана талап коюу эмес, жамааттын ишине өз алдынча активдүү катышууну да талап кылат.
— Демилгечи жана активдүү жарандар жолугуп, тажрыйбалуу башка жамааттар менен таанышып, алардын ишин үйрөнүшөт.
— Бардык катышуучулар менен бирге эмгек акциясы (тазалоо, көрктөндүрүү, оңдоо) өткөрүлөт.
23.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери:
— Уставда мыйзамда так аныкталбаган же ишке ашыруусу татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү бийликтин түз компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү тартиби белгилениши мүмкүн.
Ички эрежелерди бузган учурда төмөнкү жаза чаралары колдонулат:
— эскертүү;
— Эрежелердин бузулушун каттоо өндүрүү иштери жамааттын кичи кеңеши тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлөт.
23.3. Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттууларды кармоо эрежелери:
— Мал-жандыктарды жана канаттууларды кармоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
— Ар бир кожолук малын, ит-мышыгын өз убагында каттоодон өткөрүп, ветеринардык кароодон жана эмдөөдөн өткөрүүгө милдеттүү.
— Мал ээлери малын айыл өкмөтү белгилеген жайыттарга, көрсөтүлгөн мөөнөттө гана жаюуга тийиш.
— Жаныбарларды көчөлөрдө, сейил бактарда, аянттарда жана эс алуу жайларында бош багууга тыюу салынат. Ит-мышык кожоюну менен жипке байланган абалда болушу керек.
— Кароосуз калган жаныбарлар зыян келтирсе, эскертүү берилет.
— Тыюу салынган жайыттарга мал жаюуга, белгиленген убакыттан кеч же эрте көчүүгө болбойт. Кароосуз мал убактылуу кармоочу жайга айдалат.
— Айылдарда малды көзөмөлдөө үчүн бада уюштурулат. Эгинге же жер тилкелерине зыян келтирилсе, мал ээси же бадачы мыйзам чегинде жоопкерчилик тартат.
23.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин эрежелери:
— Жалпы пайдалануудагы жерлер – бардык адамдар эркин пайдалана алган коомдук аймактар.
— Жолдор, көчөлөр, тротуарлар, парктар, скверлер, аянттар, таштанды жайлары, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддери, лифттер, чердак, подвал, үйдүн айланасы, көлмөлөр жана пляждар кирет.
— Бул жерлерди тазалоо жана сактоого жергиликтүү эл биргелешип жооп берет.
— Жалпы пайдалануудагы жерлердин чек-аралары так аныкталууга тийиш.
— Бул жерлерди жеке менчикке сатууга тыюу салынат.
— Убактылуу соода же тамак-аш жайларын коюуга уруксат берилиши мүмкүн.
— Жалпы пайдалануудагы жерлер өз багытына ылайык колдонулушу керек.
23.5. Калктуу конуштарда сугат суусун биргелешип пайдалануу эрежелери:
— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттүү.
— Суу пайдалануучулар болуп жарандар, уюмдар жана жеке жана юридикалык жактар эсептелет.
— Сугат суусу огородду, там арканы, эгинди жана малды сугаруу үчүн пайдаланылат.
— Айыл өкмөтү суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) менен бирге сууну бөлүштүрөт, сугаруу убактысын жана кезектүүлүгүн бекитет жана көзөмөлдөйт.
— Сууну туура жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн мураб дайындалат.
— Сууну максатсыз же ысырап менен пайдалануу эрежени бузуу болуп эсептелет жана айып пул салынат. Бузуу жоюлбаса, суу пайдалануу укугу чектелет.
— Бул укук бузуулар үчүн айып пулдар тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан салынат.
23.6. Калктуу конуштарда ичүүчү сууну биргелешип пайдалануу эрежелери:
— Ичүүчү сууну колдонуу “Ичүүчү суу жөнүндө” КР Мыйзамы менен жөнгө салынат.
— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга милдеттүү.
-Ичүүчү суу менен камсыздоо шаарларда “Сууканал”, айылдарда айылдык ичүүчү суу бирикмелери тарабынан келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
-Суу керектөөчүлөр ичүүчү суунун сапаты жана анын стандарттарга ылайыктыгы жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
Абоненттер милдеттүү:
— суу эсептегичти (водомерди) орнотууга, сактоого жана тоңуудан коргоого;
— керектелген суу үчүн эсептегичтин көрсөткүчү боюнча өз убагында акы төлөөгө.
— Суунун сапаты кооптуу болсо, тиешелүү кызматтар калкты дароо кабардар кылууга тийиш.
— Бул укук бузуулар үчүн айып пулдар тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан салынат.
23.7. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгындагы иш-чараларга катышуу эрежелери:
— Жамааттык иш-чаралар жарандардын руханий, физикалык жана социалдык муктаждыктарын калыптандыруу, элди бириктирүү жана ынтымакты чыңдоо үчүн өткөрүлөт.
— Бул иш-чараларга ишембиликтер, эмгек акциялары, маданий (майрамдар, фестивалдар, концерттер, жарманкелер) жана спорттук иш-чаралар кирет.
— Иш-чаралар жамааттын сунуштарынын негизинде айыл өкмөтү/мэрия менен макулдашылып, алдын ала бир жылдык план боюнча уюштурулат. Зарыл болсо планга өзгөртүү киргизилет.
— Иш-чаралар жөнүндө маалымат (максаты, убактысы, орду ж.б.) уюштуруучулар тарабынан кулактандыруу, WhatsApp топтору жана башка жолдор менен жамаатка жеткирилет.
— Ишембиликтер жана эмгек акциялары – жалпы кызыкчылыктагы расмий иш-чаралар болуп саналат жана тазалоо, оңдоо, көрктөндүрүү менен катар жамааттык жоопкерчиликти күчөтөт.
— Жамаат мүчөлөрү мындай иш-чараларга катышууга милдеттүү. Катышууга мүмкүн болбосо, үй-бүлө мүчөсүн жиберүү же акча/тамак-аш менен компенсациялоо мүмкүн.
23.8. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуу эрежелери:
— Коомдук тартипти сактоо ички иштер органдары менен жамааттын биргелешкен аракеттери аркылуу жүргүзүлөт.
— Жергиликтүү жамааттар жергиликтүү бийлик менен бирге коомдук тартипти сактоого катышат.
— Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу негизде 10–15 адамдан турган элдик дружиналар түзүлөт.
— Айылдык/шаардык кеңеш дружинаны каттайт жана ички иштер органдары менен бирге мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин түшүндүрүп, күбөлүк жана айырмалоочу белги менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
— Элдик дружина патрулдук маршруттарды жана графикти түзөт: жайкысын – дем алыш күндөрү, чукул кырдаалда – күн сайын.
— Элдик дружина милиция жана аксакалдар соту менен тыгыз иштеп, коомдук коопсуздук боюнча маалымат алмашып турат.
23.9. Жергиликтүү жамаатта адеп-ахлакты, салт-санааны жана коомдук биримдикти бекемдөө эрежелери:
— Каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоо – жамаатта ынтымакты, тынчтыкты, адеп-ахлакты жана улуттук баалуулуктарды (меймандостук, боорукердик, мекенчилдик ж.б.) бекемдөө.
— Жаш муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликке, улууларды сыйлоого жана эл-журтка кызмат кылууга тарбиялоо.
— Саат 22:00дөн 07:00гө чейин турак жайларда, ага жакын аймактарда, коомдук жана социалдык мекемелерде ызы-чууну күчөтүүгө тыюу салынат.
— Жылына бир жолу “Шаар күнү” “Айыл аймагынын күнү” өткөрүлүп, жетишкендиктер, жалпы жамаат мүчөлөрү менен белгиленет.
— Бул эрежелерди аткарбоо үчүн уставга ылайык жоопкерчилик каралат
23.10. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери:
— Жамаат баланын төрөлүшү, кыз узатуу, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү жана белек берүү сыяктуу үй-бүлөлүк салтанаттарды улуттук салтка ылайык, заман талабына жараша өткөрүүнү колдойт.
— Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби жамаат мүчөлөрүнүн пикирлери жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелер эске алынып, жыйындарда жана курултайларда жобо иштелип чыгып, бекитилет. Ысырапкорчулукка жана ашыкча мактанууга жол берилбейт.
— Мыйзамдарды жана Президенттин Жарлыктарын жетекчиликке алып, салтанаттын убактысы, орду, узактыгы, катышуучулардын саны, автоунаалар, союлуучу мал жана белектер боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан аныкталат.
23.11. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чараларын өткөрүү эрежелери:
— Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чаралары жамаат мүчөлөрүнүн пикирлери эске алынып, ашыкча шаңданууга жана мактанууга жол бербөө максатында жыйындарда жана курултайларда жобо иштелип чыгып, бекитилет.
— Маркумга байланышкан иш-чараларга сөөк коюу, кыркылык жана аш берүү кирет.
— Мыйзамдарды жана Президенттин Жарлыктарын жетекчиликке алып, ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн бул иш-чаралардын убактысы, орду, узактыгы, союлуучу малдын саны, белек жана тартуулардын түрү менен көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде аныкталат.
23.12. Жергиликтүү жамаатта пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды чечүү эрежелери:
— Жамаат өз аймагындагы жана ички жашоого байланышкан пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды кароого укуктуу.
— Чыр-чатактар ар кандай себептерден чыгышы мүмкүн жана алар терс да, оң (көйгөйдү чечүүгө жардам берген) мүнөздө да болот.
— Эки же андан көп топтун ортосунда чыр чыкса, аны кароо үчүн калыс топ түзүлөт. Калыс топко жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү/мэрия, аксакалдар соттору, ардагерлер, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү кирет.
— Калыс топ тараптарды кезеги менен угат, суроо-жооп уюштурат жана ачык талкуу жүргүзөт. Топтун мүчөлөрү пикирлерин билдирип, улуусунун жыйынтык чечими менен бүтүм чыгарат.
Эгер тараптар макул болбосо, жаңы калыс топ түзүлүп, маселе кайрадан ошол эле тартипте каралат.
23.13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери:
— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл тарабынан шайланган же түзүлгөн коомдук уюмдар мыйзамдарда жана жоболордо көрсөтүлгөн тартипте эл алдында отчет беришет.
— Отчет угуу убактысы жамаат (кичи кеңеш) жана жергиликтүү бийлик тарабынан элдин пикири эске алынып, жарым жылда же жылына бир жолу белгиленет. Отчет берүү күнү жана убактысы алдын ала жетекчилерге жана элге кабарланат.
— Отчетторго жамааттын бардык аймактарынан өкүлдөрдүн катышуусу камсыздалат жана суроо-жооп жана талкуу жүргүзүлөт. Жыйынтыгы боюнча «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деген баа берилет.
23.14. Жергиликтүү жамааттын башка жамааттар менен алака жүргүзүүсү:
— Жамаат коңшулаш же башка жергиликтүү жамааттар менен ынтымакта жашоо, кызматташтык, чарбалык жана башка маселелер боюнча алака түзө алат.
— Ушул Уставга жана катышуучу жамааттардын уставдарына, ошондой эле жазуу жүзүндөгү же оозеки макулдашууларга ылайык жүргүзүлөт.
24. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
24.1. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү жүргүзүлөт.
24.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары:
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү;
— социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын, долбоорлордун жана демилгелердин ишке ашырылышын көзөмөлдөө;
— кызматтарды жана иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
— этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
24.3. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү үчүнжергиликтүү кеңеш жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.
24.4. Жумушчу топтордун курамына жергиликтүүкеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун өкүлдөрү, жарандык коом жана жергиликтүү жамааттынн мүчөлөрү кире алат. Курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
24.5. Жумушчу топтор:
— маалыматтарды жана документтерди талдоого;
— сурамжылоолорду жүргүзүүгө;
— долбоорлордун жана кызматтардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө;
— сунуштамаларды берүүгө укуктуу.
24.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн жыйынтыктары калкка жеткиликтүү түрдө жарыяланат жана талкуулоого чыгарылышы мүмкүн.
25. Муниципалдык менчик
25.1. Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги.
25.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.
26.3. Муниципалдык менчикке кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акча каражаттары жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамында каралган башка мүлктүк укуктар кирет.
26.4. Муниципалдык менчик объекттеринин реестри жүргүзүлөт жана ал жарандар үчүн жеткиликтүү болот.
27. Жергиликтүү бюджет
27.1. Жергиликтүү бюджет – жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет жана шаардык мэрия, айыл өкмөтү тарабынан аткарылат.
27.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгашалардан турат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
27.3. Жергиликтүү бюджеттин долбоору жана анын аткарылышы ачык каралат, алар боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт.
27.4. Бекитилген бюджет жана аткаруу боюнча отчет расмий түрдө жарыяланат.
28. Сыйлоо чаралары
28.1. Сыйлоо үчүн негиздер:
-Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаруу;
— Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышуу;
— Жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-турум;
— Кайрымдуулук жана спонсорлук ишмердүүлүк;
— Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу;
— Жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышуу;
Сыйлоо түрлөрү:
— Алкыш жарыялоо;
— Баалуу белектер, акчалай сыйлыктар, грамоталар;
— Ардактуу наамдар:
— “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл/шаар”;
— Шаардын ардактуу атуулу ”, “Айыл аймактын ардактуу атуулу”;
— Ардак тактага илүү, Ардак китепчесине киргизүү;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү.
Сыйлоо тартиби:
Сыйлоого сунуштоо: жашоочулар чогулушу, аксакалдар соту, коомдук уюмдар, шаар/айылдык администрация, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан.
Жогорку наамдардын өзгөчөлүгү:
— Айылдык аймактын ардактуу атуулу” – эң жогорку наам;
— Өнүгүүгө өзгөчө салым кошкондорго берилет.
28.2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жарандарга моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
28.2. Сыйлоо чараларын колдонуу тартиби шаардык мэриянын, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин чечимдери менен аныкталат.
29. Уставды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
29.1. Кызмат адамдары Уставды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
30. Уставды кабыл алуу жана өзгөртүү тартиби
30.1. Устав жыйындарда же курултайларда талкуулангандан кийин жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат (өзгөртүлөт, толукталат) жана депутаттардын көпчүлүк добушу менен бекитилет. Уставга өзгөртүү жана толуктоолор жамааттын мүчөлөрүнүн же жергиликтүү кеңеш депутаттарынын кеминде үчтөн бири тарабынан демилгелениши мүмкүн.
30.2. Устав белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында милдеттүү түрдө каттоодон өтөт. Уставды бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт расмий жарыялангандан кийин уставдын тексти менен бирге Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
|
|
|
|
___________________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) ХI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы №47 Куршаб айылы
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 6 айына карата бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план алуу жана кээ бир салыктар боюнча пландан кыскартуу жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 6 айына карата бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план алуу жана кээ бир салыктар боюнча пландан кыскартуужөнүндөгү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (сегизинчи шайланган) ХI кезексиз сессиясынын күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат :
киреше бөлүгүнө төмөнкү салыктын турлөрүнөн кошумча план алынсын:
— Киреше салыгынан- 3000,0 миң сом
— Мүлк салыгынан -100,0миң сом
— Там арты салыгынан – 50,0миң сом
— Айыл чарба багытында эмес жерге салык – 50,0 миң сом
Жалпысы – 3900,0 миң сом
– Автомобиль токтоочу жайга салыктан- 75,0 сом
– Лицензия алкоголь ичимдиктеринен – 117,6 миң сом
Жалпысы – 192,6 миң сом
Милдеттендирилсин.
бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Атчабаров Н
|
|
|
|
___________________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) ХI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы №48 Куршаб айылы
Куршаб айылынын Манас көчөсүндө (№387 контурунун №37б кварталында) жайгашкан социалдык шаарчадагы 1 кабаттуу 4 батирлүү турак үйлөрдү муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Куршаб айыл окмөтүнүн 2026-жылдын 20-майындагы “Куршаб айылынын Манас көчөсүндө ( №387 контурунун №37 б кварталында) жайгашкан социалдык шаарчадагы 1 кабаттуу 4 батирлүү 26 турак үйдү Куршаб айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуужөнүндөгү” өтүнүчүн карап талкуулап Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куршаб айылынын Манас көчөсүндө (№387 контурунун №37б кварталында) жайгашкан “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин каржылоосунда курулган бир кабаттуу 4 батирден турган 26 турак үй Куршаб айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Муниципалдык менчик катары кабыл алуу боюнча мыйзам чегинде тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Атчабаров Н
|
|
|
|
_________________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) ХI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 49 Куршаб айылы
Куршаб айыл аймагы боюнча СS-FOR ФАО/АРИС долбоорунун алкагында каралган чакан долбоордук сунуштамаларды баалоо жана артыкчылык берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Куршаб айыл аймагы боюнча СS-FOR ФАО/АРИС долбоорунун алкагында каралган чакан долбоордук сунуштамаларды баало жана артыкчылык берүү жөнүндөгү маселесин Куршаб айылдык кеңешинин (сегизинчи шайланган) ХI кезексиз сессиясынын күн тартибинде каралып, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши токтом кылат
жакшыртуу, көмүртектин сиңимдүүлүгүн жогорлатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана калкка кызмат көрсөтүүнү сапатын жогорлатуу максатында «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы(CS-FOR)» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан чакан долбоордук сунуштамалар төмөнкүдөй артыкчылык баалоо тартиби менен бекитилсин:
1. Дөңгөлөктүү кичи экскватор-жүктөөчү машина сатып алуу аркылуу Куршаб айыл аймагына караштуу жакынкы жана алыскы (Чытты жайлоосундагы, Шор жана капкан-Сырт участкаларынын) жайыттарына жетүүнү жакшыртуу, жайыт жолдорун, көпүрөлөрдү оңдоо жана тейлөө, жайыттардагы деградацияны азайтуу, көмүртектин сиңирүүсүн жогорулатуу.
2. Мал суу ичүүчү жай (каптаж) куруу аркылуу Куршаб айыл аймагынын Кулбай-Булак участкасындагы деградацияланган ички жайыттарында малды которуштуруп жайуу, жашылдандыруу, жайыттардын бирдей бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу, эрозияны азайтуу жана көмүртектин сиңирилишин көбөйтүү.
3. Мал суу ичүүчү жай (каптаж) куруу аркылуу Куршаб айыл аймагынын Чоку-Таш участкасындагы деградацияланган ички жайыттарында малды которуштуруп жайуу, жашылдандыруу, жайыттардын бирдей бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу, эрозияны азайтуу жана көмүртектин сиңирилишин көбөйтүү.
4. Мал эмдөөчү жай (раскол) куруу аркылуу Куршаб айыл аймагындагы алыскы жана ички деградацияланган жайыттарды жакшыртуу, экосистемаларды калыбына келтирүү жана көмүртектин бөлүнүп чыгышын көбөйтүү.
5. Питомникте — чөп уруктарын өндүрүү аркылуу Куршаб айыл аймагынын Кой-Таш участкасындагы деградацияланган жайыттарды, экосистемаларды калыбына келтирүү, жергиликтүү генетикалык сорттордун ар түрдүүлүгүн жогорулатуу, көмүртектин бөлүнүп чыгышын көбөйтүү.
6. Куршаб айыл аймагынын Эрдик айылынын Казган-Булак участкасында жер кыртышынын эрозиясын сактоо, жер көчкүнүн алдын алуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана көмүртектин сиңирүүсүн көбөйтүү үчүн 15 гектар аянтка тамыры терең кеткен мөмөлүү жана мөмөсүз бактарын олтургузуу.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн тартип менен зарыл болгон документерин бүткөрүү жана ишке ашыруу жагы айыл өкмөттун башчысынын орун басары К.Эралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жана чакан долбоордун 25 пайыздык өздүк салымын төлөө жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы С.Келдибаевге милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Ош облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, ветеринария, жайыт, турак жай, жер, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Атчабаров Н
|
|
|
|
_________________________________________________________________________
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын ) ХI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 50 Куршаб айылы
«Куршаб Өнүгүү» муниципалдык ишканасынын “Жайыт” комитетинин малдарды Алайкуу жайлоосуна жайгаштырууга тарифин бекитип берүү жөнүндө
«Куршаб Өнүгүү» муниципалдык ишканасынын “Жайыт” комитетинин 2026
жылга бекитилген жайыттарды пайдалануу планына ылайык, мал жандыктарды Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу жайлоосуна жайгаштыруу үчүн тарифин бекитип берүү жөнүндөгү маселесин угуп, карап талккулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин(сегизинчи шайланган) ХI кезексиз сессиясынын отуруму токтом кылат:
караштуу Алайкуу жайлоосуна жайгаштыруу үчүн кара-малга 100(жүз) сом, жылкыга 150(бир жүз элүү) сом, кой-эчкиге 30 (отуз) сом өлчөмундө тарифи бекитилсин.
2. Бекитилген тариф төлөмдөрү Кара-Кулжа районунун Лесхоз мекемесине төлөнсүн .
3. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы «Куршаб Өнүгүү» муниципалдык ишканасынын “Жайыт” комитетине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кенешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Атчабаров Н


