| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ДОН-БУЛАКСКИЙ СЕЛЬСКИЙ КЕНЕШ |
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясынын
ТОКТОМУ
“_27_” “____01____” 2026-жыл № 1
2026-жылга Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2026-2027-жылдарга проектисин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексине” ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетин, 2025-жылдан үнөмдөлгөн акча каражатын бекитүү боюнча 2027-2028-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселени айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын-ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
токтом кылат:
- Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджети кирешелер боюнча 34739,6 миң сом суммасында жана чыгымдар боюнча 34739,6 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин көлөмү 28819,6 миң сом, атайын каражат көлөмү 5920,0 миң сом).
- Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата бюджеттен 7119,9 миң сом, ал эми атайын каражаттар эсебинен үнөмдөлгөн 238,8 миң сом акча каражаты титулдук баракчасына ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
-2027-жылга кирешелер боюнча 29000,0 миң сом суммасында, 2028-жылга 30000,0 миң сом суммасында;
-2027-жылга чыгымдар боюнча 29000,0 миң сом суммасында, 2028-жылга 30000,0 миң сом суммасында;
- Дөң-Булак айыл өкмөтү 2027-2028-жылдарга жактырылган бюджетинин болжолдуу параметрлерин аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоого укуктуу.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 347,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2026-2027-2028-жылдардын аралыгында жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы.социалдык фондко чегерүү. тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды чегерүү), коммуналдык кызматтар (көмүр,отун,суу), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2026-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоо сунушталсын.
- Дөң-Булак айыл өкмөтү жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүнүн, баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
- 2026-2028-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
- салык агенттери төлөөчү киреше салыгы:
- 2026-жылы жергиликтүү бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
- 2027-жылы жергиликтүү бюджетке100 пайыз өлчөмүндө;
- 2028-жылы жергиликтүү бюджетке100 пайыз өлчөмүндө;
2) патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык – жергиликтүү бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
3)жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу казындыларды (алтын, мунайзат, газ) кошпогондо – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө, республикалык бюджетке ‒50 пайыз;
4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) – республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
5) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетине 7 пайыз өлчөмүндө,республикалык бюджетке ‒ 93 пайыз;
6) жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетине 20 пайыз өлчөмүндө, республикалык бюджетке ‒ 80 пайыз.
- Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тендөөчү гранттарды биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
- Республикалык бюджеттен тендөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат.
- Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүү субьектилер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
- Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынсын.
- Айыл өкмөтүнүн жайыт комитети боюнча чогултулган акча каражатынын киреше бөлүгү 200,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С.К.Кенжекулов
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ДОН-БУЛАКСКИЙ СЕЛЬСКИЙ КЕНЕШ |
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезектеги-I-сессиясынын
ТОКТОМУ
“_27_” “____01___” 2026-жыл № 2
“2026-жылга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө”
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга айыл аймагындагы социалдык обьектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн бекитип берүү боюнча Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусун угуп.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына негизденип, Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары Ош, Жалал Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик иниспектору
А.Матякубов Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү боюнча 01.01.2024-жылдан 31.12.2024-жылга чейин жүргүзгөн шайкештик аудиттин негизинде
Аныкталган социалдык обьектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн
Көлөмү 64,8 тонна 190,1 миң сомго ашыкча калдык калгандыгы
Аныкталгандыгына байланыштуу 2026-жылдын бюджетине керектелүүчү көмүрдүн
көлөмү 64,8 тонна 190,1 миң сомго азайтылып киргизилсин
2.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет жана эканомика комитетинин Туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
.
Төрага С.К.Кенжекулов
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ДОН-БУЛАКСКИЙ СЕЛЬСКИЙ КЕНЕШ |
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги 1- сессиясынын
ТОКТОМУ
“_27_” “___01___” 2026-жыл № 3
Муниципалдык (келишимдин негизиндеги) кызматчынын кызматтык маянасына үстөк акы белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 Жарлыгынын 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесинин 7-пунктуна ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн материалдык баалуулуктарын эсепке алуу, азыркы замандын талабына ылайык ЦБУ жаны программасына киргизүү үчүн материалдык эсепчи жок болгондуктан, бухгалтериянын ишин жандандыруу үчүн материалдык бухгалтердин милдетин муниципалдык (келишимдин негизиндеги) кызматкерге тагуу жана ага кошумча үстөк акы белгилөө максатында токтом кыламын:
- Дъң-Булак айыл өкмөтүнүн материалдык баалуулуктарын эсепке алуу үчүн материалдык эсепчи кызматкери жок болгондуктан, материалдык кызматкердин ишин жандандыруу үчүн материалдык эсепчи милдети бир муниципалдык (келишимдин негизиндеги) кызматкерге жүктөлсүн жана ага кошумча кызматтык маянасынын 35-40 пайыз өлчөмдө үстөк акы белгиленсин.
- Муниципалдык (келишимдин негизиндеги) кызматкерге кошумча милдет тагуу жана кызматтык маянасына үстөк акы төлөп берүү Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
- Бул токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ жагы Дөң-Булак айылдык кенешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.К.Кенжекулов
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги I-Сессиясынын
Т О К Т О М У
“__28___” “____01____” 2026-жыл № 4
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-дарыя участкасындагы Кара-дарыя дарыясынын жээгиндеги айыл өкмөтүнүн административтик аймагында жайгашкан жалпысы 25,47 га жер аянты “Т.ПРОФФ ПЛЮС” ” жоопкерчилиги чектелген коомуна мыйзам чегинде берилген лицензиянын негизинде жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө.
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-дарыя участкасындагы Кара-дарыя дарыясынын жээгиндеги айыл өкмөтүнүн административтик аймагында жайгашкан жалпысы 25,47 га жер аянты “Т.ПРОФФ ПЛЮС жоопкерчилиги чектелген коомуна мыйзам чегинде берилген лицензиянын негизинде жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши .
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-дарыя участкасындагы Кара-дарыя дарыясынын жээгиндеги жалпы аянты 25,47 га жер тилкеси шагыл кум өндүрүү үчүн убактылуу пайдаланууга “Т.ПРОФФ ПЛЮС” жоопкерчилиги чектелген коомуна 2044-жылга чейин бөлүнүп берилсин.
2..Аталган 25,47 га нын ичинен 1,0 га жерине көчүп жүрүүчү шагыл майдалоочу жана бетон чыгаруучу заводдорду убактылуу куруп жүрүүчү иштетүүгө “Т.ПРОФФ ПЛЮС” ишканасына лицензиянын мөөнөтүнө чейин уруксат берилсин.
3.Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы тийиштүү мамлекеттик башкармалыктардан суралсын
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага С.К.Кенжекулов
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги 1-Сессиясынын
Т О К Т О М У
“__29__” “___01____ “ 2026-жыл № 5
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы Т.Сарыков мектебинин муниципалдык менчигинде турган 326 чарчы метр жер аянтына Өзгөн райондук ички иштер бөлүмчөсүн куруу жөнүндө
Дөң Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы жер аянтын Кыргыз республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 жер кодексинин 25-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчигине каттоого алуу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай айылындагы Т.Сарыков орто мектебинин эски имаратынын муниципалдык менчигинде турган жерден 326чарчы метр жер тилкеге ички иштер бөлүмчөсүн куруу үчүн бөлүнүп берилсин
Жер аянтын контурлар боюнча тактап мектептин аянтчасынын мамлекттик актысына өзгөртүү киргизип жана мыйзамдын негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “ Кадастр “ башкармалыгынан суралсын.
- ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага С.К.Кенжекулов.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги I- Сессиясынын
Т О К Т О М У
“_13_” “___02___” 2026-жыл № 6
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургуну Кайназарова Инаватхан Мейматкуловнанын жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай учаскасындагы Кайназарова Инаватхан Мейматкуловнанын Навес ээлеген жер тилкесин пайдалануу багытын Турак жай” багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай участкасындагы Кайназарова Инаватхан Мейматкуловнанын навес ээлеген жер тилкеси _1100_ кв.метр жер аянтынын мамлекеттик актысынын сериясы Ч №1328380 идентификациялык коду 5-06-03-1010-0767 сандуу навес ээлеген жер тилкесин пайдалануу багытын Турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл
өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Эгерде долбоордон өзгөртүп өз алдынча курулуш курса мыйзам чегинде жоопгерчилик жагы милдеттендирилсин.
- 4. Өткөрүлүп алган жер аянты участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана комунналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төраганын орун басары. И.Кайназарова.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги I-Сессиясынын
Т О К Т О М У
“_13_” “____02___” 2026-жыл № 7
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургуну Кайназарова Инаватхан Мейматкуловнанын жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай учаскасындагы Кайназарова Инаватхан Мейматкуловнанын Навес ээлеген жер тилкесин пайдалануу багытын Турак жай” багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай участкасындагы Кайназарова Инаватхан Мейматкуловнанын навес ээлеген жер тилкеси _1100_ кв.метр жер аянтынын мамлекеттик актысынын сериясы Ч №1328379 идентификациялык коду 5-06-03-1010-0768 сандуу навес ээлеген жер тилкесин пайдалануу багытын Турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл
өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Эгерде долбоордон өзгөртүп өз алдынча курулуш курса мыйзам чегинде жоопгерчилик жагы милдеттендирилсин.
- 4. Өткөрүлүп алган жер аянты участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана комунналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төраганын орун басары. И.Кайназарова.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги I-Сессиясынын
Т О К Т О М У
“_09_” “____03___” 2026-жыл № 8
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын . колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73.74.75-беренелерине.76-беренесинин 2-жана 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын декабырында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибин 3-пунктуна ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1..Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында таштанды чыгаруу үчүн
Жыйым ишке киргизилсин.
2.Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке жана юридикалык жактар- ишкердик иши үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй бекитилсин
3.Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.
- Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.
5.Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.
- Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-мартындагы №31токтому жокко чыгарылсын
Төраганын орун басары. И.Кайназарова.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
|
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ДОН БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ |
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1- сессиясынын
ТОКТОМУ
“_09_” “____03____” 2026-жыл № 9
Мыйзамсыз курулуш куруп алган жарандарды турак жайын мыйзамдаштыруу
жөнүндө
Өзгөрүш айылынын тургундарынын 2021-2022-2023-жылдары салынып башталган, турак жайлары жер мунапысына кирбей калгандыгы боюнча арыздарын жана элдик жыйындын протоколдун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кылыт:
- Элдик жыйындын чечими менен , Аскаралы уулу Мансурбек, Камчыбеков Нурмахаммат
Тажымамат уулу Фуркат, Анаралы уулу Гияз, Орунбаев Абдусалам, Ормонова Турсунай,
Юлдашев Бакытбек, Сайфудинов Зайнобидиндар жогорудагыларды турак
жайларыннын пайдубалдарын кургандыктары аныкталды. Ошондуктан комиссиянын
кароосуна кайрадан сунушталсын.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш
транспорт, байланыш энергетика” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары. И.Кайназарова.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги I-Сессиясынын —
Т О К Т О М У
“_09_” “___03____” 2026-жыл № 10
Айыл өкмөтүнө техника алуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн чарба иштерин уюштуруу жана муниципалдык милдеттерди натыйжалуу аткаруу максатында, Дөн-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү үчүн «Мамлекеттик лизинг компаниясы» аркылуу техника алуу маселеси каралып, Дөң-Булак айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Дөң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөттүн муктаждыктары үчүн төмөнкү атайын техникаларды «Шумкар »Транс улуттук корпорациясы ААК аркылуу лизинке алууга макулдук берилсин:
- Колёсный эксковатор XE 150WD, 11178512 (он бир миллион бир жүз жетимиш сегиз мин беш жуз он эки ) сомду тузот анын ичинен 30% “Ош өнүктүрүү фондунан” 3353554 (Үч миллион үч жүз элүү үч мин беш жүз элүү төрт) сомду каржылайт . калган акча каражатын 7824950 (жети миллион сегиз жүз жыйырма төрт мин тогуз жүз элүү) сомун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:
- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төмөнкү өлчөмдө каржылоо бекитилсин:
2026-жылы – 1564990 (бир миллион беш жүз алтымыш төрт мин тогуз жүз токсон ) сом 00 тый;
— 2027-жылы 1564990 (бир миллион беш жүз алтымыш төрт мин тогуз жүз токсон ) сом 00 тый;
— 2028-жылы 1564990 (бир миллион беш жүз алтымыш төрт мин тогуз жүз токсон ) сом 00 тый;
— 2029-жылы 1564990 (бир миллион беш жүз алтымыш төрт мин тогуз жуз токсон ) сом 00 тый;
—
— 2030-жылы –1564990 (бир миллион беш жүз алтымыш төрт мин тогуз жүз токсон ) сом 00 тый;
Тиешелүү суммалар 2026-2030 жылдар үчүн бюджет долбоорлоруна киргизилип. айылдык кеңештин чечими менен бекитилет.
- Айыл өкмөтү техниканы пайдалануу жана тейлөө менен байланышкан төмөнкүдөй кошумча чыгашаларды өз эсебинен каржылоону камсыз кылсын:
— бажы төлөмдөрү жана жыйымдар:
— транспорт каражатын мамлекеттик каттоо;
— камсыздандыруу;
-бузулуу, зыян келтирүү же техниканын толлугу менен жоголушу учурларындагы чыгымдар.
- «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана тиешелүү башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына, ошондой эле айыл окмотунун жетекчилигине тапшырылсын.
Төраганын орун басары. И.Кайназарова.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II — Сессиясынын
Т О К Т О М У
“_13_” “___04___” 2026-жыл № 11
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Чымбай айылындагы “Маданий спорт комплекстин” аянтчасына БМД-1 үлгүсүндөгү күжүрмөн унааны эстелик . иретинде коюуга макулдук берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Чымбай айылындагы “Маданий спорт комплекстин” аянтчасына БМД-1 үлгүсүндөгү күжүрмөн унааны эстелик . иретинде коюуга макулдук берүү жөнүндө Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн орун басар жооптуу катчысы Э.Көкөновтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап.айылдык Кеңешке чейинки даярдалган баштапкы иш кагаздарын карап чыгып.Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат;
- Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы “Маданий спорт комплекстин” аянтчасына БМД-1 үлгүсүндөгү күжүрмөн унааны эстелик . иретинде коюуга макулдук берилсин.
- БМД-1 үлгүсүндөгү күжүрмөн унааны эстелик иретинде коюу үчүн “Маданий спорт комплекстин” аянтчасынан атайын жер бөлүнүп берилсин.
- БМД-1 үлгүсүндөгү күжүрмөн унааны эстелик иретинде коюу боюнча мыйзамдуу иш кагаздарын даярдап тийиштүү болгон жогорку органдарга кыска мөөнөттө жеткирүү жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн орун басар жооптуу катчысы Э.Көкөновко тапшырылсын
- Бул токтомду КРнын ченемдик актыларынын мамлекеттик рестерине киргизүү жагы кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Регламент депутаттык этика. Мандат.мыйзамдуулуктуу. укук тартибин сактоо.жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо.архитектура.курулуш транспорт жана экалогия боюнча туруктуу комиссиясына жана Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевке милдеттендирилсин
Төрага С.К.Кенжекулов
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин VIII— чакырылышынын кезексиз 2- Сессиясынын
Т О К Т О М У
“_14_” “____04___ “ 2026-жыл № 12
Дөң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын негизинде жергиликтүү жамааттын уставын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча 2021-жылдын 15-Ноябрындагы №258-токтомун аткаруу максатында айыл аймагынын жергилуктүү жамаатынын уставы боюнча маалыматты угуп жана такуулап, токтом кыламын:
- Дөң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын айыл аймактарга жеткирүү жагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.К. Кенжекулов
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II- Сессиясынын
Т О К Т О М У
“_14_” “____04___” 2026-жыл № 13
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал айылынын тургуну Аминджанова Арапатхон Турсуналиевнанын жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал учаскасындагы Аминджанова Арапатхон Турсуналиевнанын ээлеген Турак жай участок жер аянтынын пайдалануу багытын Элди тейлөө (комерсилык) багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бахмал участкасындагы Аминджанова Арапатхон Турсуналиевнанын ээлеген Турак жай участок жер аянты _700_ кв.метр жер аянтынын ичинен 247,50 кв.метр жер аянтын мамлекеттик актысынын сериясы Ч №380858 идентификациялык коду 5-06-03-1001-0060 жер тилкесинин пайдалануу багытын калкты тейлөө(комерсилык) багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл
өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Эгерде долбоордон өзгөртүп өз алдынча курулуш курса мыйзам чегинде жоопгерчилик жагы милдеттендирилсин.
- 4. Өткөрүлүп алган жер аянты участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана комунналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага С.К. Кенжекулов.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II- Сессиясынын
Т О К Т О М У
“_11_” “___05___” 2026-жыл № 14
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга карата түзүлгөн социалдык – Экономикалык өнүктүрүү програмасын бекитүү жөнүндө
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезектеги 1 сессиясынын күн тартибиндеги Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-20230-жылдарга карата түзүлгөн социялдык экономикалык өнүктүрүү програмасын угуп жана талкуулап Дөң-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй.
Токтом кылат
1.Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга карата түзүлгөн социялдык экономикалык өнүктүрүү програмасы бекитилсин
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары жооптуу катчысы Э.Көкөновко милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары И.Кайназаровага тапшырылсын.
Төрага; С.К.Кенжекулов.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ДОН-БУЛАКСКИЙ СЕЛЬСКИЙ КЕНЕШ |
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз II- сессиясынын
ТОКТОМУ
“__18__” “____05___” 2026-жыл № 15
Кыргыз республикасынын бюджеттик кодексинин 109,115-беренесине ылайык Дъң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын төрт айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Кыргыз республикасынын бюджеттик кодексинин 109,115-беренесине ылайык Дъң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын төрт айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясында каралып, Дөң-Булак айылдык кеёешинин кезексиз II -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Дъң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын төрт айынын жыйынтыгы менен жайыт комитетине 2026-жылга карата бекитилген пландын лимити кошумча лимитти талап кылгандыктан, жайыт бөлүмүнүн эсебине 200,0 (Эки жүз миң) сом кошумча план жеткирилсин.
Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика . бөлүмүнүн башчысы Д.Курманбаевага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ айылдык Кенештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын..
Төрага С.К.Кенжекулов
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II- Сессиясынын
Т О К Т О М У
“_21_” “___05___” 2026-жыл № 16
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-алма айылынын тургуну Нажимидинова Насибахандын жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-алма учаскасындагы Нажимидинова Насибахандын ээлеген Турак жай участок жер аянтынын пайдалануу багытын Элди тейлөө багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн участкасындагы Нажимидинова Насибахандын ээлеген Турак жай участок жер аянтынын _360_ кв.метр жер аянтын мамлекеттик актысынын сериясы Ч №1383100 идентификациялык коду 5-06-03-0015-4193 жана ээлеген Турак жай участок жер аянтынын _1216_ кв.метр жер аянтын мамлекеттик актысынын сериясы Ч №1383101 идентификациялык коду 5-06-03-0015-4194жер тилкесинин пайдалануу багытын калкты тейлөө багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл
өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Эгерде долбоордон өзгөртүп өз алдынча курулуш курса мыйзам чегинде жоопгерчилик жагы милдеттендирилсин.
4.Өткөрүлүп алган жер аянты участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана комунналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага С.К. Кенжекулов.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II- Сессиясынын
Т О К Т О М У
“_21_” “___05___” 2026-жыл № 17
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-алма айылынын тургуну Бахридинова Хапизахан Джамалидиновнанын жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-алма учаскасындагы Бахридинова Хапизахан Джамалидиновнанын ээлеген Турак жай участок жер аянтынын пайдалануу багытын авто уна жуучу багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Жоо-алма участкасындагы ээлеген Бахридинова Хапизахан Джамалидиновнанын Турак жай участок жер аянты _600,0_ кв.метр жер аянтынын ичинен 200,0 кв.метр жер аянтын мамлекеттик актысынын сериясы Ч №765200 идентификациялык коду 5-06-03-0015-3631 жер тилкесинин пайдалануу багытын авто уна жуучу багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл
өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Эгерде долбоордон өзгөртүп өз алдынча курулуш курса мыйзам чегинде жоопгерчилик жагы милдеттендирилсин.
- 4. Өткөрүлүп алган жер аянты участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана комунналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага С.К. Кенжекулов.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-Сессиясынын
Т О К Т О М У
“_21_” “___05___” 2026-жыл № 18
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургуну Шакирова Дилфузахон Эргашалиевнанын жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Төөлөс учаскасындагы Шакирова Дилфузахон Эргашалиевнанын ээлеген силос сакталуучу жер участогунун пайдалануу багытын турак жай багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Төөлөс участкасындагы ээлеген Шакирова Дилфузахон Эргашалиевнанын силос сакталуучу жер участогунун аянты _874,0_ кв.метр жер аянтынын мамлекеттик актысынын сериясы Ч №557875 идентификациялык коду 5-06-03-1009-0133 жер тилкесинин пайдалануу багытын туракжай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл
өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Эгерде долбоордон өзгөртүп өз алдынча курулуш курса мыйзам чегинде жоопгерчилик жагы милдеттендирилсин.
- 4. Өткөрүлүп алган жер аянты участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана комунналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага С.К. Кенжекулов.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ДОН-БУЛАКСКИЙ СЕЛЬСКИЙ КЕНЕШ |
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы кезексиз II -сессиясынын
ТОКТОМУ
“__04__” “ ___06____” 2026-жыл № 19
Дөң-Булак айыл аймагына башкы планын жасоо үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келген акча каражатынын сметасын бекитип берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл аймагындагы айылдарынын башкы пландарын жасоо үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келген 11141,6 (Он бир миллион бир жүз кырк бир миң алты жүз)сом акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн сметасын бекитип берүү маселесин Дөң-Булак айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз II отуруму талкуулап чыгып Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Дөң-Булак айыл аймагындагы айылдарынын башкы пландарын жасоо үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келген 11141,6 (Он бир миллион бир жүз кырк бир миң алты жүз)сом акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн сметасы түзүлүп, ЖКХ бөлүмүнүн 2215-беренесине бекитилсин.
- Токтомдун аткаруу жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Курманбаевага милдеттендирилсин.
- Бул токтомду къзъмълдъъ жагы Дөң-Булак айылдык кенештин финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.К.Кенжекулов.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII — чакырылышындагы кезексиз II -сессиясынын
Т О К Т О М У
“_11_” “___06___” 2026-жыл № 20
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бахмал айылынын тургуну Нарматова Гульнара Азимовнанын жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал участкасынын тургуну Нарматова Гүльнара Азимовнанын склад ээлеген жер аянтынын пайдалануу багытын “Турак жай” багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Дөё-Булак айыл өкмөтүнүн Бахмал айылындагы Нарматова Гульнара Азимовнанын склад ээлеген 600.0 чарчы метр жер аянтынын мамлекеттик актысынын сериясы Ч№158266, идентификациялык коду 5-06-03 1001-0073 сандуу жер тилкесинин пайдалануу багытын калктуу конуштар багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөё-Булак айыл . өкмөтүнө жүктөлсүн
- 3. Өткөрүлүп алган жер аянты участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
4.Эгерде долбоордон өзгөртүп өз алдынча курулуш кылса мыйзам чегинде жоопгерчилик жагы милдеттендирилсин.
.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык . . агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча турукту комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С.К.Кенжекулов.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII — чакырылышындагы кезексиз II -сессиясынын
Т О К Т О М У
“_22_” “___06___” 2026-жыл № 21
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бахмал айылынын тургуну Касымов Бакытбек Надырбекович жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал участкасынын тургуну Касымов Бакытбек Надырбекович Турак жай ээлеген жер тилкесинин 500.0 кв.м жер тилкесинин пайдалануу багытын “калкты тейлөө” багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Дөё-Булак айыл өкмөтүнүн Бахмал айылындагы Касымов Бакытбек Надырбекович Турак жай ээлеген жер тилкесинин ээлеген 500.0 чарчы метр жер тииилкесинин мамлекеттик актысынын сериясы Ч№1104027, идентификациялык коду 5-06-03-1001-0740 сандуу жер тилкесинин500.0 кв.м жер тилкесинин пайдалануу багытын “калкты тейлөө” багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2..Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөё-Булак айыл . өкмөтүнө жүктөлсүн
- 3. Өткөрүлүп алган жер аянты участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
4.Эгерде долбоордон өзгөртүп өз алдынча курулуш кылса мыйзам чегинде жоопгерчилик жагы милдеттендирилсин.
.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча турукту комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С.К.Кенжекулов
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ айылный КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII — чакырылышындагы кезексизII сессиясынын
ТОКТОМУ
“__22__” “____06____” 2026-жыл № 22
”Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2025-жылдын 10-декабырындагы №795 токтомун аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2025-жылдын 10-декабырындагы №795 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө”токтому менен бекитилген Жобонун талаптарына ылайык,сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө Дөң-Булак айылдык кеңеши танышып,карап чыгып,бирок айыл аймагыбызда көрүстөндөрдө маркумду жерге берүү кызмат көрсөтүүлөрү,жай казуу жана көмүү,маркумду табытка салып көрүстөнгө жеткирүү айыл имамдары жана айыл башчылар менен биргеликте жүргүзүү акысыз жүргүзүлүп келгени эске алынып, карап талкуулап Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2025-жылдын 10-декабырындагы №795 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”токтомун аткарууда айыл аймагыбызда көрүстөндөрдө маркумду жерге берүү кызмат көрсөтүүлөрү,жай казуу жана көмүү,маркумду табытка салып көрүстөнгө жеткирүү айыл имамдары жана айыл башчылар менен биргеликте акысыз жүргүзүлөөрү эске алынсын.
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы көрүстөндөрдө Маркумду жерге берүүдө жер тилкесин брондоо зарылчылыгы жок болуп,сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жергиликтүү жамаат тарабынан акысыз жүргүзүлгөндүктөн,сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобону айыл аймагында жайылтууга негиз жок экендиги белгиленсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Социялдык маселелер боюунча”туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.К.Кенжекулов.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКАЯ СЕЛЬСКАЯ КЕНЕШ
|
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VIII — чакырылышындагы кезексиз II -сессиясынын
Т О К Т О М У
“_13_” “___07___” 2026-жыл № 23
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Жок-Алма айылынын тургуну Юлдашев Оллоербектин жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жок-Алма участкасынын тургуну Юлдашев Оллоербектин Өндүрүштүк цех жана көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн ээлеген жер тилкесин пайдалануу багытын “Турак жай” багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Дөё-Булак айыл өкмөтүнүн Жок-Алма айылындагы Юлдашев Оллоербектин Өндүрүштүк цех жана көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн ээлеген жер тилкесин ээлеген 400.0 чарчы метр жер тилкесин мамлекеттик актысынын сериясы Ч№1327867, идентификациялык коду 5-06-03-0015-4152 сандуу жер тилкесинин пайдалануу багытын калктуу конуш турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл . өкмөтүнө жүктөлсүн
- 3. Өткөрүлүп алган жер аянты участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
4.Эгерде долбоордон өзгөртүп өз алдынча курулуш кылса мыйзам чегинде жоопгерчилик жагы милдеттендирилсин.
.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча турукту комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С.К.Кенжекулов
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКОЙ ОБЛАСТИ УЗГЕНСКОГО РАЙОНА ДОН-БУЛАКСКИЙ АЙЫЛ ОКМОТУ
|
723616 Бахмал айылы,И. Жусупов кочосу – 26 723616 с.Бахмал, ул. И. Жусупова — 26
Тел: (03233) 5-30-64 тел: (03233) 5-30-64
“__31_”______07________- 2026-жыл № 14
Ош юстиция башкармалыгынын
Начальниги Жунусов.У.А
Ош Облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айылдык кеңешинин төмөндөгү токтомдорун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн жөнөтөбүз.
| № | Саны барак | Чакыр
ы лышы |
Күнү,айы,
жылы |
Сессия | Токтом
№ |
Аталышы | Жергиликтүү сайттын аталышы жана жарыяланган күнү |
| 1 | 4 | VIII | 27.01.2026 | .кезектеги
№ 1 |
1 | 2026-жылга Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2026-2027-жылдарга проектисин кароо жөнүндө
|
Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунда |
| 2 | 2 | VIII | 27.01.2026 | кезектеги
№ 1 |
2 | “2026-жылга керек телүүчү көмүрдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө” | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунда |
| 3 | 2 | VIII | 27,01,2026 | кезектеги
№ 1 |
3 | Муниципалдык (келишимдин негизиндеги) кызматчынын кызматтык маянасына үстөк акы белгилөө жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунда |
| 4 | 11 | VIII | 28,01,2026 | кезектеги
№ 1 |
4 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-дарыя участкасындагы Кара-дарыя дарыясынын жээгиндеги айыл өкмөтүнүн административтик аймагында жайгашкан жалпысы 25,47 га жер аянты “Т.ПРОФФ ПЛЮС” жоопкерчилиги чектелген коомуна мыйзам чегинде берилген лицензиянын негизинде жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө. | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунда |
| 5 | 2 | VIII | 29,01,2026 | кезектеги
№ 1 |
5 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы Т.Сарыков мектебинин муниципалдык менчигинде турган 326 чарчы метр жер аянтына Өзгөн райондук ички иштер бөлүмчөсүн куруу жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунда |
| 6 | 2 | VIII | 13,02,2026 | кезектеги
№ 1 |
6 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургуну Кайназарова Инаватхан Мейматкуловнанын жазган арызын кароо жөнүндө
|
Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 7 | 2 | VIII | 13,02,2026 | кезектеги
№ 1 |
7 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургуну Кайназарова Инаватхан Мейматкуловнанын жазган арызын кароо жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 8 | 2 | VIII | 09,03,2026 | кезектеги
№ 1 |
8 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 9 | 2 | VIII | 09,03,2026 | кезектеги
№ 1 |
9 | Мыйзамсыз курулуш куруп алган жарандарды турак жайын мыйзамдаштыруу
жөнүндө |
Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунда |
| 10 | 4 | VIII | 09,03,2026 | кезектеги
№ 1 |
10 | Айыл өкмөтүнө техника алуу жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 11 | 2 | VIII | 13,04,2026 | кезектеги
№ 1 |
11 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Чымбай айылындагы “Маданий спорт комплекстин” аянтчасына БМД-1 үлгүсүндөгү күжүрмөн унааны эстелик . иретинде коюуга макулдук берүү жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 12 | 17 | VIII | 14,04,2026 | Кезексиз
№ 2 |
12 | Дөң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 13 | 2 | VIII | 14,04,2026 | Кезексиз
№ 2 |
13 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал айылынын тургуну Аминджанова Арапатхон Турсуналиевнанын жазган арызын кароо жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунда |
| 14 | 2 | VIII | 11,05,2026 | Кезексиз
№ 2 |
14 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга карата түзүлгөн социалдык – Экономикалык өнүктүрүү програмасын бекитүү жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 15 | 2 | VIII | 18,05,2026 | Кезексиз
№ 2 |
15 | Кыргыз республикасынын бюджеттик кодексинин 109,115-беренесине ылайык Дъң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын төрт айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
|
Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 16 | 2 | VIII | 21,05,2026 | Кезексиз
№ 2 |
16 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-алма айылынын тургуну Нажимидинова Насибахандын жазган арызын кароо жөнүндө
|
Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 17 | 2 | VIII | 21,05,2026 | Кезексиз
№ 2 |
17 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-алма айылынын тургуну Бахридинова Хапизахан Джамалидиновнанын жазган арызын кароо жөнүндө
|
Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунда |
| 18 | 2 | VIII | 21,05,2026 | Кезексиз
№ 2 |
18 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургуну Шакирова Дилфузахон Эргашалиевнанын жазган арызын кароо жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 19 | 2 | VIII | 04,06,2026 | Кезексиз
№ 2 |
19 | Дөң-Булак айыл аймагына башкы планын жасоо үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келген акча каражатынын сметасын бекитип берүү жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 20 | 2 | VIII | 11,06,2026 | Кезексиз
№ 2 |
20 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бахмал айылынын тургуну Нарматова Гульнара Азимовнанын жазган арызын кароо жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 21 | 2 | VIII | 22,06,2026 | Кезексиз
№ 2 |
21 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бахмал айылынын тургуну Касымов Бакытбек Надырбекович жазган арызын кароо жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунда |
| 22 | 14 | VIII | 22,06,2026 | Кезексиз
№ 2 |
22 | ”Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2025-жылдын 10-декабырындагы №795 токтомун аткарууга алуу жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
| 23 | 2 | VIII | 13,07,2026 | Кезексиз
№ 2 |
23 | Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Жок-Алма айылынын тургуну Юлдашев Оллоербектин жазган арызын кароо жөнүндө | Ozgonnuru.kg 2026-жыл 31-июлунд |
Жогорудагы аталган токтомдор Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2013-жылдагы 11-июнундагы №20 токтомуна негизделип.мамлекеттик тилде кабыл алынып Ozgonnuru.kg| сайтына 2026-жылдын”_31_”___07-______”жарыяланды электрондук вариянты
Osh.npa@ minjust.gov.kg ‘электрондук порталына жөнөтүлдү.
Тиркеме: Токтомдор тиркемелери менен _86_баракта эки нуска
Башчы. Д.Батаев.
Атк. Б.Орозматов.
Тел.0558-70-15-16




