Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XXII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-августу №22/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен
киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүүжөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер меселелери, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” комиссияларынын 2026-жылдын 16, 21-июлундагы №5 кошмо отурумунун корутундусунун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кирешелердин планына28150,0 миң сом тактоо киргени, анын ичинен 26650,0 миң сом бюджеттик кирешелерге, 1500,0 миң сом атайын каражаттарга кошулгандыгы эске алынсын.
2. 2026-жылдын 6 айына карата Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин ашыкча аткарылышынынэсебинен каржылануучу жумуштардын тизмеси №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнун 2027-2029-жылдарга божомолу №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча иш алып баруу Өзгөн шаардык мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысыН.Жолдошевге милдеттендирилсин.
5. Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер меселелери, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XXII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6—августу №22/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык мэриясынын 2026-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери
тууралу мэрдин отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасыны “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер меселелери, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” комиссияларынын 2026-жылдын 16, 21-июлундагы №5 кошмо отурумунун корутундусунун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаардык мэриясынын 2026-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштериканааттандыраарлык деп табылсын.
2. Отчётту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде иш-чара иштеп чыгуу Өзгөн шаардык мэриясынын аппаратына тапшырылсын жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңешке 2026-жылдын 7-сентябрына маалымат берүү Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер меселелери, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XXII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-августу №22/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын калкын “Канализация жана таза суу менен камсыздоо” долбоорунун алкагында суу эсептегичтерди орнотуу жайларын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 4-5-пункттарына ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 23-июлундагы отурумунун №5 корутундусунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан Өзгөн шаарында жүргүзүлүп жаткан калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана канализация боюнча сметалык долбоорунда көрсөтүлгөн суу эсептегичтерди кудуктаргаорнотуунун ордуна, түздөн-түз турак үйлөрдүн коросуна орнотууга макулдук берилсин.
2. Суу эсептегичтердин орнотуу жайы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, абоненттер менен түшундүрүү иштерин алып баруу “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын директору И.Бакасовго милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүадминистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, суу эсептегичтердин орнотуу жайын өзгөртүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдө Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XXII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-августу №22/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарында маркумду жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн
наркын аныктоо тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 13-пунктуна ылайык жанаӨзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 23-июлундагы отурумунун №5 корутундусунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн шаарында маркумду жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө” ЖОБО тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүадминистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык “Өзгөн шаарында маркумду жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө” ЖОБОнун негизинде иш алып баруу жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XXII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-августу №22/5 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын Ленин атындагы орто мектебинин аймагына жаңы
курулган №11 мектепке чейинки билим берүү уюм-мекемесине
“Дилгир Өзгөн” аталышын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 сандуу токтому менен бекитилген жобого ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер маселелери, өнөр-жай транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиялардын 2026-жылдын 5-августундагы биргелешкен отурумунун протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Ленин атындагы билим берүү мекемесинин аймагына жаңы курулган №11 мектепке чейинки билим берүү уюм-мекемесине “Дилгир Өзгөн” аталышы ыйгарылсын.
2. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктук мамлекеттик органдын аймактык болүнушунө тийиштүү документтерди 10 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин башчысы М. Койчукуловго, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаар курулушу жана архитектурабашкармалыгынын башчысы Н. Ташмаматовго, аны көзөмөлдө жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаеге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каадасалттар боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер меселелери, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XXIII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 11–сентябры №23/1 Өзгөн шаары
“Өзгөн районунун суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматын көрсөтүүчү” муниципиалдык ишканасынын Уставын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана“Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер маселелери, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика боюнча” туруктуу комиссияларынын 2026-жылдын 9-сентябрындагыбиргелешкен отурумунун №5 корутундусунун негизинде, күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн районунун суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматын көрсөтүүчү” муниципиалдык ишканасынын Уставын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. “Өзгөн районунун суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматын көрсөтүүчү” муниципиалдык ишканасынын Уставынын негизинде иш алып баруу жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов


