|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он үчүнчү
сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 13/70
Жазы айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнчатуруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап, Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
Төрага К.Камчибеков
Жазы айылдык кеңешинин
2026-жылдагы 25-майындагы
№ 13/71 токтомуна тиркеме
Жазы айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын
ТИПТҮҮ УСТАВЫ
Биз, Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
1.1. Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнЖергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин токтому менен бекитилген, жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.
1.2. Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун аныктайт.
1.3. Устав Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
2. Негизги түшүнүктөр
Жергиликтүү жамаат — айыл аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жергиликтүү маанидеги маселелер — жергиликтүү жамааттын жашоосуна тиешелүү маселелер.
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар — мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген айрым ыйгарым укуктар.
Демилгелүү топтор — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн ыктыярдуу бирикмелер (элдик демилге, көйгөйдү чечүү, чогулуш/жыйындарды өткөрүү топтору).
Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчиги жана киреше булагы.
Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси — жергиликтүү актыларды сунуштоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу.
Жарандардын чогулушу/жыйындары, коомдук угуулар, муктаждыктарды иликтөө — жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана чечүү формалары.
3. Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймактык территориясы
3.1. Административдик-аймактык чек аралардын ичинде жайгашкан жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:
— Кара-Дыйкан айылы; -Жээренчи айылы; -Кызыл-Дыйкан айылы; — Жазы айылы; — Ак-Кыя айылы; — Кызыл-Тоо айылы;- Доңуз-Тоо айылы;- Ничке-Сай айылы;- Кутурган айылы; -Зергер айылы;- Токтогул айылы; Жаңы-Айыл айылы; Кайрат айылы, Аюу айылы:
4. Жергиликтүү жамаат
4.1. Жергиликтүү жамаатты айыл аймагында туруктуу жашап, жалпы кызыкчылыктары менен биригип, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз жоопкерчилиги астында чечүүгө милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
4.2. Жаш курагы 16 жаштан жогорку мүчөлөр жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына катышууга тең укуктуу.
4.3. Жергиликтүү жамаат эл аралык, республикалыкбирликтерге жана ассоциацияларга киргенге укуктуу.
4.4. Жергиликтүү жамаат, улуттук, тарыхий, маданий жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган, жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилген расмий символдорду белгилөө укугуна ээ.
5. Жергиликтүү жаматтагы мүчөлүк
5.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте каттоодон өткөн жаран жергиликтүү жамааттын мүчөсү деп эсептелет.
5.2. Жаран туруктуу же көпчүлүк убакта жаран бир жерде жашаса Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоо жана шайлануу укугусуз, жергиликтүү жамааттын укуктарынан пайдалана алышат.
6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
6.1. Укуктары:
— Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
— демилгелүү топторду түзүү жана долбоорлорду иштеп чыгууга, айылдын муктаждыктарын изилдөөгө, инвестиция тартууга жана сунуштарды киргизүүгө катышуу;
— шайлоолордо жана Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү менен иштөөгө катышуу;
— Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү жана мамлекеттик органдарга арыздар, даттануулар жана маалымат суроолору менен кайрылуу, мамлекеттик жана кызматтык сырлардан башка, маалымат алуу;
— коомдук иш-чараларга, айылдык жыйындарга, коомдук угуулардын, айылдык кеңештин сессияларына жана комиссиялардын отурумдарына катышуу;
— башка мүчөлөрдөн Уставды жана мыйзамдарды сактоосун талап кылуу, зарыл болсо укук коргоо органдарына кайрылуу;
— жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышуу жана чыгымдар боюнча маалымат алуу;
— ыктыярдуу түрдө жергиликтүү жамааттан чыгуу;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомчулуктун Уставы менен белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашыруу.
— Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2. Милдеттери:
— Конституцияны, мыйзамдарды жана Уставды сактоо;
— башка мүчөлөрдүн укуктарын урматтоо;
— дискриминацияга жол бербөө;
— этникалык жана социалдык конфликттерди алдыналуу;
— жаратылышты жана муниципалдык менчикти коргоо;
— санитардык эрежелерди сактоо;
— жайыт, суу жана коомдук жайлар боюнча эрежелердисактоо.
— мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөө;
— турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катыша алат;
— калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоо;
— калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоо;
— мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайуу;
— ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоо, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
— уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөө;
— үй бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттарын жамааттар тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде өткөрүү.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
7.1. Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү — жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү Конституцияда белгиленген.
7.2. Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү жергиликтүү жамааттар тарабынан өкүлчүлүктүү (жергиликтүү кеңештер) жана аткаруу органдары (айыл өкмөтү) аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
7.3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1. Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү — жергиликтүү кеңеш, өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү — жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.
8.2. Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү — жергиликтүү кеңеш жана алардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат. Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү — жергиликтүү кеңеш, жергиликтүү жамааттын алдында жооптуу.
8.3. Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, жергиликтүү кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү үчүрүнда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.
8.4. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү. Конституцияга жана мыйзамга каршы келген, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерди жасоого укугу жок.
9. Жергиликтүү маанидеги маселелер
9.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер – бул Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жарандарынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүнуюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер.
9.2 Жергиликтүү жамааттар менен Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.
9.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.
9.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
10. Жергиликтүү коомдук уюмдар
10.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймакты өнүктүрүү максатында ардагерлер, аксакалдар, аялдар жана жаштар башка коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.
10.2. Бул уюмдардын уюштуруу формалары ушулУставда же алардын ички жоболорунда аныкталат.
11.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү маанилүү жергиликтүү маселелер боюнча курултайларды, жыйындарды (чогулуштарды) жана коомдук угууларды өткөрүүгө укуктуу.
11.2. Жыйындардын жана курултайлардын кабыл алынган сунуштамалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого жиберилет.
11.3. Жамааттын мүчөлөрү менен кеңири талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү коомчулук төмөнкү тикелей эрк билдирүү формаларын колдонууга укуктуу:
— жыйындар (чогулуштар);
— коомдук угуулар;
ушул Уставда каралган башка формалар.
11.4. Тикелей эрк билдирүүнүн формалары коомчулуктун ачык-айкындуулугун жана мүчөлөрдүн кеңири катышуусун камсыз кылууга багытталат.
11.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин уюштуруу, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет (КР “Жергиликтүү мамлекеттик админристрация жана жергиликтүү өз алдынча башкару жөнүндө” Мыйзамы, (27-берене).
11.6. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укугуна кирбеген жана мыйзамдарга каршы келбеген, жергиликтүү жамаат өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө (географиялык, салттык, этностук ж.б.) жараша кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында аныктоого укуктуу.
12. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
12.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча токтом долбоорун демилгелөө укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана айылдык кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
12.2. Чет элдиктер, эркиндигинен ажыратылган, мыйзамсыз аракетке жөндөмсүз жарандар демилгеге катыша албайт.
12.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында — шаарда же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
12.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеӊешке киргизилбейт.
13. Демилгелүү топтун иши
13.1. Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт. Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).
13.2. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет.
Эскертүү
Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны Бишкек, Ош шаарларында 5000 адамды, калкынын саны 20001
ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда 1000 адамды, калкынын саны 6001ден 20000 ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 600 адамды, калкынын саны 6000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды түзөт.
13.3. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:
— токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;
— токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
— маалымкат-негиздеме;
— жергиликтүү кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
— төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамааттынмүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.
13.4. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттынмүчөлөрү тарабынан киргизилген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтүү кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
13.5. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы жергиликтүүкеңеш тарабынан каралууга жатат.
13.6. Элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, бурмалоо же бөгөт коюу аракеттери мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылат.
14. Элдик жыйын (чогулуш)
14.1. Элдик жыйын (чогулуш) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын пикирлерин эске алуу, айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында өткөрүлөт.
14.2. Элдик жыйын (чогулуш) бир көчөнүн, кварталдын, айылдын жашоочуларынын катышуусу менен өткөрүлөт жана анын жыйынтыгында сунуштар кабыл алынат.
14.3. Элдик жыйын (чогулуш) ачык-айкын өткөрүлөт. Түшкөн суроолорго жана сунуштарга мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде жооп берилет, жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралып, жыйынтыгы жазуу жүзүндө билдирилет.
14.4. Элдик жыйындарды (чогулуш) өткөрүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылат.
15. Элдик жыйында (чогулуш) каралуучу маселелер
15.1. Элдик жыйында (чогулуш) төмөнкү маселелер каралат:
— жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору жана ага өзгөртүүлөр;
— аймакты өнүктүрүү программалары жанапландары (СЭӨП ж.б.);
— айылдын, көчөнүн, кварталдын көйгөйлөрүнчечүү боюнча биргелешкен аракеттер;
— этностор аралык ынтымакты бекемдөө жанаалдын алуу иштери;
— муниципалдык менчикти пайдалануу маселелери;
— коммуналдык кызматтар жана тарифтер боюнчасунуштар;
— көрктөндүрүү, турак жай жана инфраструктура маселелери;
— курулуш, архитектура жана башкы план маселелери;
— элдик демилгелер;
— айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдыккеңештин депутаттарынын отчеттору;
— административдик-аймактык өзгөрүүлөр боюнчамаселелер;
— жергиликтүү жамааттын жашоосунабайланышкан башка маселелер.
16. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн демилгеси жана мезгилдүүлүгү
16.1. Элдик жыйын (чогулуштар) , айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш, депутаттар же жергиликтүү жамааттын демилгеси менен, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
16.2. Кечиктирилгис маселелер боюнча чогулуштар шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
16.3. Демилгелүү топтун минималдуу саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
16.4. Демилге жазуу жүзүндө айыл өкмөтүнүн башчысына же айылдык кеңештин төрагасына берилет.
17. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө кайрылуу
17.1. Кайрылууда жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн негиздемеси, болжолдуу катышуучулардын саны, өткөрүлүүчү орду жана каралуучу маселелер көрсөтүлөт.
17.2. Кайрылуу 14 күндүн ичинде каралат.
17.3. Кайрылуу мыйзам талаптарына туура келбеген учурда, же маселени башка жол менен чечүүгө мүмкүн болсо, чогулушту өткөрүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
17.4. Жыйынды (чогулуш) өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
18. Элдик жыйынды (чогулушту) уюштуруу
18.1. Жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечимде өткөрүлүүчү орду, датасы, убактысы жана күн тартиби көрсөтүлөт.
18.2. Жашоочуларга жыйын (чогулуш) боюнча маалымат кеминде 5 күн мурда маалымдалат.
18.3. Айыл өкмөтү жыйынды (чогулушту) уюштурууну, катышуучулардын эркин келүүсүн, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтык документтерди даярдоону камсыз кылат.
19. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн тартиби
19.1. Жыйында (чогулушта) төрага жана катчы шайланат, күн тартиби көпчүлүк добуш менен бекитилет.
19.2. Жыйында (чогулушта) баяндамалар угулат, суроолор жана сунуштар айтылат.
19.3. Чечимдер жана сунуштар ачык добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш аркылуу кабыл алынат.
19.4. Жыйындын (чогулуштун) жыйынтыктары протокол менен таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлөт.
19.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынган сунуштар боюнча бир айдын ичинде калкка маалымат берүүгө милдеттүү.
19.6. Жыйындын (чогулуштун) укук ченемдүүлүгү катышуучулардын минималдуу саны менен аныкталат, ал жергиликтүү жамаат тарабынан белгиленет.
20. Коомдук угуулар
20.1. Коомдук угуулар — жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча калктын пикирин угуу, сунуштарды жана сын-пикирлерди алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси менен өткөрүлүүчү ачык талкуу.
20.2. Коомдук угуулар калктын талкууланып жаткан чечимге болгон мамилесин аныктоого, жарандардын суроо берүүсүнө, сунуш киргизүүсүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталат.
20.3. Коомдук угуулар жергиликтүү жамааттын пикири өзгөчө мааниге ээ болгон маселелер боюнча өткөрүлөт.
20.4. Коомдук угуулар төмөнкү маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн:
— жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
— өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (СЭӨП, ж.б.);
— муниципалдык менчикти башкаруу;
— коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү;
— жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунабайланышкан башка маселелер.
20.5. Коомдук угуулар, мүмкүн болушунча, бир ганамаселе боюнча өткөрүлөт.
20.6. Коомдук угуулар жергиликтүү бюджет жанаөнүктүрүү программалары боюнча милдеттүү түрдө, ал эмитарифтер жана башка маселелер боюнча зарылчылыккажараша өткөрүлөт.
20.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү айылөкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат жана жергиликтүүбюджеттин эсебинен каржыланат.
Аялдардын катышуусу;
— Коомдук чечимдерде аялдардын өкүлчүлүгүнүнминималдуу үлүшү;
— Аялдар ишкерлигин колдоо боюнча атайынпрограммалар.
20.8. Коомдук угуулар катышуучулардын минималдуусаны камсыз болгондо укук ченемдүү болуп саналат. Катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынананыкталат.
21. Коомдук угууларды өткөрүүнүн тартиби
21.1. Коомдук угуунун датасы, орду, убактысы жана талкуулануучу маселеси алдын ала аныкталып, калкка жарыяланат.
21.2. Талкуулануучу документтердин долбоорлору коомдук угууга чейин калкка маалымат жеткирилет.
21.3. Коомдук угууда алып баруучу жана катчыдайындалып, сунуштар жана пикирлер протоколгокиргизилет.
21.4. Коомдук угунун жыйынтыгы протокол менентаризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эске алынат.
21.5. Айыл өкмөтү коомдук угунун жыйынтыктарыжөнүндө 10 күндүн ичинде калкка маалымат берет.
22. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу
22.1. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү аркылуу катышууга укуктуу.
22.2. Жергиликтүү жамааттын катышуусу муктаждыктарды биргелешип иликтөө, талкуулоо жана артыкчылыктуу маселелерди аныктоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
22.3. Муктаждыктарды биргелешип иликтөө калктын ой-пикирин эске алуу менен өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталат.
22.4. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
— жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
— мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;
— жергиликтүү кеңештин депутаттары;
— Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери.
23. Жергиликтүү жамааттын негизги принциптери:
— Жергиликтүү жамаат элдин биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты сактоону, жашоо шартын жакшыртууну максат кылат.
— Аймакта жашаган элдин үрп-адаттын, салттын сактап, заман талабына ылайык өнүктүрөт.
— Ар бир жамаат мүчөсү коомдук жашоого активдүү катышууга, эрежелерди сактоого, жергиликтүү бийликке талап коюу менен бирге жардам берүү.
— Аймактын өнүгүшүнө салым кошуу — жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты.
23.1. Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери:
— Жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу менен төмөндөн жогору карай (үй, көчө, кварталдан айыл же шаарга чейин) түзүлөт. Катышуу таанышуу жана маалымат алмашуудан башталып, талкууга, андан кийин биргелешкен ишке өтөт.
— Биринчи этапта жашоочулар чогулуп таанышып, аймактагы көйгөйлөрдү аныкташат жана аларды чечүүгө даяр активдүү жарандар тандалат.
— Жергиликтүү жамааттын мүчөсү – шарттарды жакшыртуу үчүн бийликке гана талап коюу эмес, жамааттын ишине өз алдынча активдүү катышууну да талап кылат.
— Демилгечи жана активдүү жарандар жолугуп, тажрыйбалуу башка жамааттар менен таанышып, алардын ишин үйрөнүшөт.
— Бардык катышуучулар менен бирге эмгек акциясы (тазалоо, көрктөндүрүү, оңдоо) өткөрүлөт.
23.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери:
— Уставда мыйзамда так аныкталбаган же ишкеашыруусу татаал болгон, ошондой эле жергиликтүүбийликтин түз компетенциясына кирбеген маселелердичечүү тартиби белгилениши мүмкүн.
Ички эрежелерди бузган учурда төмөнкү жаза чараларыколдонулат:
— эскертүү;
— Эрежелердин бузулушун каттоо өндүрүү иштерижамааттын кичи кеңеши тарабынан жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен биргеликтежүргүзүлөт.
23.3. Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жанаканаттууларды кармоо эрежелери:
— Мал-жандыктарды жана канаттууларды кармооКыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүүэрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
— Ар бир кожолук малын, ит-мышыгын өз убагындакаттоодон өткөрүп, ветеринардык кароодон жана эмдөөдөнөткөрүүгө милдеттүү.
— Мал ээлери малын айыл өкмөтү белгилеген жайыттарга, көрсөтүлгөн мөөнөттө гана жаюуга тийиш.
— Жаныбарларды көчөлөрдө, сейил бактарда, аянттарда жана эс алуу жайларында бош багууга тыюу салынат. Ит-мышык кожоюну менен жипке байланган абалда болушу керек.
— Кароосуз калган жаныбарлар зыян келтирсе, эскертүү берилет.
— Тыюу салынган жайыттарга мал жаюуга, белгиленген убакыттан кеч же эрте көчүүгө болбойт. Кароосуз мал убактылуу кармоочу жайга айдалат.
— Айылдарда малды көзөмөлдөө үчүн бада уюштурулат. Эгинге же жер тилкелерине зыян келтирилсе, мал ээси же бадачы мыйзам чегинде жоопкерчилик тартат.
23.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин эрежелери:
— Жалпы пайдалануудагы жерлер – бардык адамдар эркин пайдалана алган коомдук аймактар.
— Жолдор, көчөлөр, тротуарлар, парктар, скверлер, аянттар, таштанды жайлары, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддери, лифттер, чердак, подвал, үйдүн айланасы, көлмөлөр жана пляждар кирет.
— Бул жерлерди тазалоо жана сактоого жергиликтүү эл биргелешип жооп берет.
— Жалпы пайдалануудагы жерлердин чек-аралары так аныкталууга тийиш.
— Бул жерлерди жеке менчикке сатууга тыюу салынат.
— Убактылуу соода же тамак-аш жайларын коюугауруксат берилиши мүмкүн.
— Жалпы пайдалануудагы жерлер өз багытына ылайык колдонулушу керек.
23.5. Калктуу конуштарда сугат суусун биргелешип пайдалануу эрежелери:
— Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү жана “Жазы Нур” МИ калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттүү.
— Суу пайдалануучулар болуп жарандар, уюмдар, жеке жана юридикалык жактар эсептелет.
— Сугат суусу огородду, там арканы, эгинди жана малдысугаруу үчүн пайдаланылат.
— Айыл өкмөтү суу пайдалануучулар “Жазы Нур” МИ менен бирге сууну бөлүштүрөт, сугаруу убактысын жана кезектүүлүгүн бекитет жана көзөмөлдөйт.
— Сууну туура жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн мураб дайындалат.
— Сууну максатсыз же ысырап менен пайдалануу эрежени бузуу болуп эсептелет жана айып пул салынат. Бузуу жоюлбаса, суу пайдалануу укугу чектелет.
— Бул укук бузуулар үчүн айып пулдар тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан салынат.
23.6. Калктуу конуштарда ичүүчү сууну биргелешип пайдалануу эрежелери:
— Ичүүчү сууну колдонуу “Ичүүчү суу жөнүндө” КР Мыйзамы менен жөнгө салынат.
— Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү калкты “Жазы Нур” МИ таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга милдеттүү.
-Ичүүчү суу менен камсыздоо шаарларда “Жазы Нур” МИ тарабынан, айылдарда келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
-Суу керектөөчүлөр ичүүчү суунун сапаты жана анын стандарттарга ылайыктыгы жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
Абоненттер милдеттүү:
— суу эсептегичти (водомерди) орнотууга, сактоого жанатоңуудан коргоого;
— керектелген суу үчүн эсептегичтин көрсөткүчү боюнча өз убагында акы төлөөгө.
— Суунун сапаты кооптуу болсо, тиешелүү кызматтар калкты дароо кабардар кылууга тийиш.
— Бул укук бузуулар үчүн айып пулдар тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан салынат.
23.7. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгындагы иш-чараларга катышуу эрежелери:
— Жамааттык иш-чаралар жарандардын руханий, физикалык жана социалдык муктаждыктарын калыптандыруу, элди бириктирүү жана ынтымакты чыңдоо үчүн өткөрүлөт.
— Бул иш-чараларга ишембиликтер, эмгек акциялары, маданий (майрамдар, фестивалдар, концерттер, жарманкелер) жана спорттук иш-чаралар кирет.
— Иш-чаралар жамааттын сунуштарынын негизинде Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү менен макулдашылып, алдын ала бир жылдык план боюнча уюштурулат. Зарыл болсо планга өзгөртүү киргизилет.
— Иш-чаралар жөнүндө маалымат (максаты, убактысы, орду ж.б.) уюштуруучулар тарабынан кулактандыруу, WhatsApp топтору жана башка жолдор менен жамаатка жеткирилет.
— Ишембиликтер жана эмгек акциялары – жалпы кызыкчылыктагы расмий иш-чаралар болуп саналат жана тазалоо, оңдоо, көрктөндүрүү менен катар жамааттык жоопкерчиликти күчөтөт.
— Жамаат мүчөлөрү мындай иш-чараларга катышууга милдеттүү. Катышууга мүмкүн болбосо, үй-бүлө мүчөсүн жиберүү же акча/тамак-аш менен компенсациялоо мүмкүн.
23.8. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоогокатышуу эрежелери:
— Коомдук тартипти сактоо ички иштер органдарыменен жамааттын биргелешкен аракеттери аркылуужүргүзүлөт.
— Жергиликтүү жамааттар жергиликтүү бийлик мененбирге коомдук тартипти сактоого катышат.
— Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу негизде 10–15 адамдан турган элдик дружиналар түзүлөт.
— Айылдык кеңеш дружинаны каттайт жана ички иштероргандары менен бирге мүчөлөрүнүн укук-милдеттеринтүшүндүрүп, күбөлүк жана айырмалоочу белги мененкамсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
— Элдик дружина патрулдук маршруттарды жанаграфикти түзөт: жайкысын – дем алыш күндөрү, чукулкырдаалда – күн сайын.
— Элдик дружина милиция жана аксакалдар соту менентыгыз иштеп, коомдук коопсуздук боюнча маалыматалмашып турат.
23.9. Жергиликтүү жамаатта адеп-ахлакты, салт-санааны жана коомдук биримдикти бекемдөө эрежелери:
— Каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоо – жамаатта ынтымакты, тынчтыкты, адеп-ахлакты жана улуттук баалуулуктарды (меймандостук, боорукердик, мекенчилдик ж.б.) бекемдөө.
— Жаш муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликке, улууларды сыйлоого жана эл-журтка кызмат кылууга тарбиялоо.
— Саат 22:00дөн 07:00гө чейин турак жайларда, ага жакын аймактарда, коомдук жана социалдык мекемелерде ызы-чууну күчөтүүгө тыюу салынат.
— Жылына бир жолу “Айыл аймагынын күнү” өткөрүлүп, жетишкендиктер, жалпы жамаат мүчөлөрү менен белгиленет.
— Бул эрежелерди аткарбоо үчүн уставга ылайык жоопкерчилик каралат
23.10. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери:
— Жамаат баланын төрөлүшү, кыз узатуу, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү жана белек берүү сыяктуу үй-бүлөлүк салтанаттарды улуттук салтка ылайык, заман талабына жараша өткөрүүнү колдойт.
— Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби жамаат мүчөлөрүнүн пикирлери жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелер эске алынып, жыйындарда жана курултайларда жобо иштелип чыгып, бекитилет. Ысырапкорчулукка жана ашыкча мактанууга жол берилбейт.
— Мыйзамдарды жана Президенттин Жарлыктарын жетекчиликке алып, салтанаттын убактысы, орду, узактыгы, катышуучулардын саны, автоунаалар, союлуучу мал жана белектер боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан аныкталат.
23.11. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чараларын өткөрүү эрежелери:
— Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чаралары жамаат мүчөлөрүнүн пикирлери эске алынып, ашыкча шаңданууга жана мактанууга жол бербөө максатында жыйындарда жана курултайларда жобо иштелип чыгып, бекитилет.
— Маркумга байланышкан иш-чараларга сөөк коюу, кыркылык жана аш берүү кирет.
— Мыйзамдарды жана Президенттин Жарлыктарын жетекчиликке алып, ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн бул иш-чаралардын убактысы, орду, узактыгы, союлуучу малдын саны, белек жана тартуулардын түрү менен көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде аныкталат.
23.12. Жергиликтүү жамаатта пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды чечүү эрежелери:
— Жамаат өз аймагындагы жана ички жашоого байланышкан пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды кароого укуктуу.
— Чыр-чатактар ар кандай себептерден чыгышы мүмкүн жана алар терс да, оң (көйгөйдү чечүүгө жардам берген) мүнөздө да болот.
— Эки же андан көп топтун ортосунда чыр чыкса, аны кароо үчүн калыс топ түзүлөт. Калыс топко жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү, аксакалдар соттору, ардагерлер, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү кирет.
— Калыс топ тараптарды кезеги менен угат, суроо-жооп уюштурат жана ачык талкуу жүргүзөт. Топтун мүчөлөрү пикирлерин билдирип, улуусунун жыйынтык чечими менен бүтүм чыгарат.
Эгер тараптар макул болбосо, жаңы калыс топ түзүлүп, маселе кайрадан ошол эле тартипте каралат.
Жамааттык медиаторлук
— расмий медиаторлор тизмеси;
— жарашуу комиссиясы;
— үй-бүлөлүк жана коңшулук талаштарды сотко жеткирбей чечүү тартиби.
23.13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери:
— Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү жана эл тарабынан шайланган же түзүлгөн коомдук уюмдар мыйзамдарда жана жоболордо көрсөтүлгөн тартипте эл алдында отчет беришет.
— Отчет угуу убактысы жамаат (кичи кеңеш) жана жергиликтүү бийлик тарабынан элдин пикири эске алынып, жарым жылда же жылына бир жолу белгиленет. Отчет берүү күнү жана убактысы алдын ала жетекчилерге жанаэлге кабарланат.
— Отчетторго жамааттын бардык аймактарынанөкүлдөрдүн катышуусу камсыздалат жана суроо-жооп жана талкуу жүргүзүлөт. Жыйынтыгы боюнча «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деген баа берилет.
23.14. Жергиликтүү жамааттын башка жамааттар менен алака жүргүзүүсү:
— Жамаат коңшулаш же башка жергиликтүү жамааттар менен ынтымакта жашоо, кызматташтык, чарбалык жана башка маселелер боюнча алака түзө алат.
— Ушул Уставга жана катышуучу жамааттардын уставдарына, ошондой эле жазуу жүзүндөгү же оозеки макулдашууларга ылайык жүргүзүлөт.
23.15 Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду
Фондду түзүү жана каржылоо:
— Жамааттын мүчөлөрү ыктыярдуу түрдө белгиленген өлчөмүндө өздөрүнө салык салып, фондго салым кошушат.
— Бул маселе жамааттын чогулуштарында, квартал, көчөлөрдүн жыйналыштарында талкууланып чечилет.
Кошумча салымдар:
— Фондго жамааттын мүчөлөрү гана эмес, башка жеке адамдар жана юридикалык жактар да салым кошо алышат.
Каттоо:
— Фонд «Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм болуп, мамлекеттик каттоодон өтүп, мыйзамга ылайык иштейт.
Фонддун каражаттарын колдонуу:
— Каражаттар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.
Долбоорлор ар түрдүү багытта болушу мүмкүн:
— Ишкерчилик (Бизнес-Инкубатор);
— өнөр жана кесипке үйрөтүү;
— адеп-ахлактык тарбиялоо.
Долбоорлорду тандоо жана каржылоо:
— Конкурстук комиссия (абройлуу адистер жанажергиликтүү кеңештин депутаттары) долбоорлорду карайт.
— Жактырган долбоорлор фонд тарабынан каржыланат.
24. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
24.1. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуумаселелерин чечүүдө ачыктыкты жана айкындыкты камсызкылуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүүжүргүзүлөт.
24.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүнмаксаттары:
— Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү ишине жанамуниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү;
— социалдык-экономикалык өнүктүрүүпрограммаларынын, долбоорлордун жана демилгелердинишке ашырылышын көзөмөлдөө;
— кызматтарды жана иш-аракеттерди жакшыртуубоюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
— этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
24.3. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү үчүнжергиликтүү кеңеш жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.
24.4. Жумушчу топтордун курамына жергиликтүүкеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун өкүлдөрү, жарандык коом жана жергиликтүү жамааттынн мүчөлөрүкире алат. Курамы жергиликтүү кеңеш тарабынанбекитилет.
24.5. Жумушчу топтор:
— маалыматтарды жана документтерди талдоого;
— сурамжылоолорду жүргүзүүгө;
— долбоорлордун жана кызматтардын аткарылышынамониторинг жүргүзүүгө;
— сунуштамаларды берүүгө укуктуу.
24.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүнжыйынтыктары калкка жеткиликтүү түрдө жарыяланатжана талкуулоого чыгарылышы мүмкүн.
25. Муниципалдык менчик
25.1. Муниципалдык менчик — Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги.
25.2. Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.
26.3. Муниципалдык менчикке кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акча каражаттары жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамында каралган башка мүлктүк укуктар кирет.
26.4. Муниципалдык менчик объекттеринин реестри жүргүзүлөт жана ал жарандар үчүн жеткиликтүү болот.
26. Жергиликтүү бюджет
26.1. Жергиликтүү бюджет – жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет жана айыл өкмөтү тарабынан аткарылат.
26.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгашалардан турат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
26.3. Жергиликтүү бюджеттин долбоору жана анын аткарылышы ачык каралат, алар боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт.
26.4. Бекитилген бюджет жана аткаруу боюнча отчет расмий түрдө жарыяланат.
27. Сыйлоо чаралары
27.1. Сыйлоо үчүн негиздер:
-Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаруу;
— Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышуу;
— Жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-турум;
— Кайрымдуулук жана спонсорлук ишмердүүлүк;
— Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу;
— Жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышуу;
Сыйлоо түрлөрү:
— Алкыш жарыялоо;
— Баалуу белектер, акчалай сыйлыктар, грамоталар;
— Ардактуу наамдар:
— “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл”;
— “Айыл аймактын ардактуу атуулу”;
— Ардак тактага илүү, Ардак китепчесине киргизүү;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү.
Сыйлоо тартиби:
Сыйлоого сунуштоо: жашоочулар чогулушу, аксакалдар соту, коомдук уюмдар, айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан.
Жогорку наамдардын өзгөчөлүгү:
— “Айылдык аймактын ардактуу атуулу” – эң жогорку наам;
— Өнүгүүгө өзгөчө салым кошкондорго берилет.
27.2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жарандарга моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
27.3. Сыйлоо чараларын колдонуу тартиби айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин чечимдери менен аныкталат.
28. Уставды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
28.1. Кызмат адамдары Уставды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
29. Уставды кабыл алуу жана өзгөртүү тартиби
29.1. Устав жыйындарда же курултайларда талкуулангандан кийин жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат (өзгөртүлөт, толукталат) жана депутаттардын көпчүлүк добушу менен бекитилет. Уставга өзгөртүү жана толуктоолор жамааттын мүчөлөрүнүн же жергиликтүү кеңеш депутаттарынын кеминде үчтөн бири тарабынан демилгелениши мүмкүн.
29.2. Устав белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында милдеттүү түрдө каттоодон өтөт. Уставды бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт расмий жарыялангандан кийин уставдын тексти менен бирге Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он үчүнчү
сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 13/71
Жазы айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелери, МЧББнын, ФАПтардын жүргүзүп жаткан иштери жана абалы жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, социалдык маселелер, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын Жазы айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин, МЧББнүн, ФАПтардын жүргүзүп жаткан иштери жана абалы боюнча кортундусун угуп жана талкуулап, Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
Төрага К.Камчибеков
|
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз он төртүнчү
сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-июнь № 14/72
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигитарабынан республикалык бюджетинин эсебинен максаттуу каржылоодон чегерилген акча каражатын Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдынбюджетине муниципалдык мал базар куруу үчүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июнундагы №287 сандуу тескемесинин негизинде максаттуу каржылоодон чегерилген 50 000 000 (элүү миллион) сомду, айыл өкмөтүнүн 2026-жылдынбюждетинен экинчи чейрегине, ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине бекитүү үчүн, ФЭБ башчысы А.Токторбаеванын баяндамасын угуп, Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
Төрага К.Камчибеков
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз он төртүнчү
сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-июнь № 14/73
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтому “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө сөөк койуу жайларды алдын ала брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” жана 2025-жылдын 10-декабрындагы №795“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга койуу иши жөнүндө” сөөктү жайга койу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн юристи Эгемберди уулу Жолболду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтому “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө сөөк койуу жайларды алдын ала брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” жана 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга койуу иши жөнүндө” сөөктү жайга койу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Жергиликтүү коомдоштуктардын пикирин эске алуу менен Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
Төрага К.Камчибеков
|
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он бешинчи
сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-август № 15/74
Жазы айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын алты айдын жыйынтыгы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышыжөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевдин 2026-жылдын алты айдын жыйынтыгы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө баяндамасын угуп, Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага К.Камчибеков
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он бешинчи
сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-август № 15/75
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бөлүмдөрүнөн башка бөлүмдөргө акча каражатын которуу жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы А.Токторбаеванын 2026-жылдын алты айдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана өзгөрүүлөр жөнүндө баяндамасын угуп, бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
Төрага К.Камчибеков
|
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 02-октябры № 16/76
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 03 -сентябрындагы кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ №309 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө
Жазы айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 03 -сентябрындагы кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ № 309 Жарлыгын аткарууга жана жетекчиликке алып төмөндөгүдөй токтом кылат:
— Кызыл-Тоо айылы боюнча — 20 өкүл;
— Дөңуз-Тоо айылы боюнча — 6 өкүл
— Ак-Кыя айылы бонча — 8 өкүл;
— Жээренчи айылы боюнча — 13 өкүл;
— Кара-Дыйкан айылы боюнча — 30 өкүл;
— Кызыл-Дыйкан айылы боюнча — 13 өкүл;
— Жазы айылы боюнча — 6 өкүл
— Токтогул айылы боюнча- 8 өкүл;
— Жаңы-Айыл айылы боюнча -7 өкүл;
— Кайрат айылы боюнча — 8 өкүл;
— Аюу айылы боюнча — 7 өкүл;
— Зергер айылынан — 8 өкүл;
— Кутурган айылынан — 8 өкүл;
— Ничке -Сай айылы боюнча — 8 өкүлчүлүгү ченемге ылайык бекитилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага К.Камчибеков
1-тиркеме
Жазы айылдык кеңешинин 02.10.2026-жылдагы
№ 16/76 токтому менен бекитилди
Жазы айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү
жыйындарын өткөрүү боюнча графиги
|
№ |
Айылдардын аталышы |
Датасы |
Өткөрүлө турган жайы |
|
1 |
Жээренчи |
08.10.2026-ж саат 14-00 |
Жээренчи маданият үйү |
|
2 |
Кара-Дыйкан |
08.10.2026-ж саат 10-00 |
Кара-Дыйкан маданият үйү |
|
3 |
Жазы |
08.10.2026-ж саат 15-00 |
А.Абдыкеримов орто мектеби |
|
4 |
Кызыл-Дыйкан |
09.10.2026-ж саат 11-00 |
Ж.Абдурасулов орто мектеби |
|
5 |
Кызыл-Тоо |
09.10.2026-ж саат 14-00 |
Кызыл-Тоо орто мектеби |
|
6 |
Доңуз-Тоо |
09.10.2026-ж саат 16-00 |
К.Курманбеков башталгыч билим берүү мектеби |
|
7 |
Ак-Кыя |
09.10.2026-ж саат 11-00 |
М.Ибраимов орто мектеби |
|
8 |
Токтогул |
12.10.2026-ж саат 11-00 |
Д.Шопоков орто мектеби |
|
9 |
Жаңы-Айыл |
12.10.2026-ж саат 14-00 |
М.Жолдошалиев орто мектеби |
|
10 |
Кайрат |
12.10.2026-ж саат 09-00 |
С.Жаныбеков орто мектеби |
|
11 |
Аюу |
13.10.2026-ж саат 11-00 |
Б.Тешебаев орто мектеби |
|
12 |
Зергер |
13.10.2026-ж саат 14-00 |
А.Турабаев орто мектеби |
|
13 |
Кутурган |
14.10.2026-ж саат 11-00 |
Б.Келдибаев орто мектеби |
|
14 |
Ничке-Сай |
14.10.2026-ж саат 14-00 |
С.Кадыров орто мектеби |
2-тиркеме
Жазы айылдык кеңешинин 0.10.2026-жылдагы
№16/76 токтому менен бекитилди
Жазы айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү
жыйындарын өткөрүүгө жооптуу тизмеси
Жээренчи айылы боюнча
3. Назирбаев Дуйшобай а/к депутаты
4. Сарыкова Элиза а/к депутаты
5. Исаева Жазгүл а/к депутаты
6. Маматов Кубаныч а/к депутаты
Кара-Дыйкан айылы боюнча
Кызыл-Дыйкан айылы боюнча
1.Осмоналиев Раймалы айыл башчы
2.Тургунбаева Сайрагүл а/к депутаты
3.Кадыров Аман
4.Чотобаев Дамир а/к депутаты
Жазы айылы боюнча
Доңуз-Тоо айылы боюнча
Кызыл-Тоо айылы боюнча
Ак-Кыя айылы боюнча
Токтогул айылы бюнча
Жаңы-Айыл айылы боюнча
Кайрат айылы боюнча
Аюу айылы боюнча
Зергер айылы боюнча
Кутурган айылы боюнча
Ничке-Сай айылы боюнча
3-тиркеме
Жазы айылдык кеңешинин 02.10.2026-жылдагы
№16/76 токтому менен бекитилди
Жазы айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү
жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1. Камчибеков Колдош – Айылдык кеңешинин төрагасы, комиссиянын төрагасы.
2. Акжолова Минавар – комиссиянын катчысы, Жазы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы.
Мүчөлөрү:
3. Балтабаев Абдинаби – башкы адис
4. Чынгыз уулу Майрамбек – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
5. Кошмокова Назгүл – айыл өкмөтүнүн орун басары
6. Тайтокуров Санжарбек – айыл өкмөтүнүн адиси
7. Молдошбаев Болотбек — “Жаза Нур” МИ башчысы
8. Осмоналиев Раймалы — Жазы айылынын айыл башчысы
9. Кулушева Тургунбү – Кара-Дыйкан китепканасынын башчысы
10. Джумабаева Чынара – Кара-Дыйкан балдар музыкалык мектебинин жетекчиси
11. Каратаев Нурлан — Кутурган айылынын айыл башчысы
12. Кадыров Маматисак – Аюу айылынын айыл башчысы
13. Каракозуев Мамыржан — айыл өкмөтүнүн адиси
14. Абдуллаев Мелис — Ничке-Сай айылынын айыл башчысы
15. Ашимов Рамис — Кара-Дыйкан айылынын айыл башчысы
16. Дөөлөтбаев Кудайкул — Жаңы-Айыл айылынын айыл башчысы
17. Апиев Марат – Токтогул айылынын айыл башчысы
18. Турсунбай уулу Имам Асан — Кызыл-Дыйкан айылынын айыл башчысы
19. Кутманали уулу Муханбетали – Зергер айылынын айыл башчысы
20. Жолдошев Залкарбек – Жээренчи айылынын айыл башчысы
21. Чолпонбай кызы Батма – иш кагаздары боюнча адис
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 02-октябры № 16/77
Жазы айыл аймагына караштуу айылдардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу жөнүндө
Жазы айыл аймагына караштуу айылдардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу, ички жолдорду оңдоо, көчөлөргө шагыл төшөө, ички каналдарды казуу жана башка чарбалык иштерин өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу максатында, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 11-февралындагы №01-21/191 сандуу катын аткарууга алуу жөнүндө Жазы айыл өкөтүнүн башчысы У.Джеенбаевдин сунушун угуп, бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага К.Камчибеков
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЗЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ УЗГЕНСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ АЙЫЛНОГО АЙМАКА ЖАЗЫ |
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 02-октябры № 16/78
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга кошумча план алуу жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы А.Токторбаеванын 2026-жылдын тогуз айдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана өзгөрүүлөр жөнүндө баяндамасын угуп, бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
Төрага К.Камчибеков


