Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XXII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-августу №22/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен
киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүүжөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер меселелери, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” комиссияларынын 2026-жылдын 16, 21-июлундагы №5 кошмо отурумунун корутундусунун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кирешелердин планына28150,0 миң сом тактоо киргени, анын ичинен 26650,0 миң сом бюджеттик кирешелерге, 1500,0 миң сом атайын каражаттарга кошулгандыгы эске алынсын.
2. 2026-жылдын 6 айына карата Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин ашыкча аткарылышынынэсебинен каржылануучу жумуштардын тизмеси №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнун 2027-2029-жылдарга божомолу №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча иш алып баруу Өзгөн шаардык мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысыН.Жолдошевге милдеттендирилсин.
5. Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер меселелери, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңшинин 2026-жылдын
6-августундагы №22/1 токтомуна №1 тиркеме
2026-жылдын 6 айына карата Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин пландан ашыкча аткарылуусунун эсебинен пландалган жумуштардын тизмеси
|
№ |
Аталышы |
Керектелүүчү каражат |
6 айга пландан ашыкча аткарылган эсебинен |
9 айга пландан ашыкча аткарылган эсебинен |
|
1 |
Фархад каналына лоток сатып алуу |
13000,00 |
5000,00 |
8000,0 |
|
2 |
Борбор кварталындагы эскилиги жеткен жылуллук системаларын алмаштыруу |
3500,00 |
2000,00 |
1500,0 |
|
3 |
“Жеткинчек Муун” бала бакчасына оптимизациянын негизинде кошулган 160 балага керектелүүчү эмеректерди сатып алуу |
1070,00 |
1070,00 |
0 |
|
4 |
Шагыл сатып алуу |
1000,00 |
500,00 |
500,0 |
|
5 |
Цемент сатып алуу |
1000,00 |
500,00 |
500,0 |
|
6 |
Ар-түрдү жумуштарды аткаруга |
3000,00 |
3000,00 |
0 |
|
7 |
Лоток сатып алуу |
3000,00 |
2000,00 |
1000,0 |
|
8 |
Күйүүчү май сатып алуу |
1000,00 |
1000,00 |
0 |
|
9 |
“Айла”бала бакчасынын курулуш ишинен калган карызды төлөөгө |
1000,00 |
0,00 |
1000,0 |
|
10 |
Мектептерди учурда оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүүгө (республикалык бюджеттен керектелүүчу курулуш материалдары РБББ тарабынан алып берилген) |
1013,80 |
1013,80 |
0 |
|
11 |
Ай шоола бала бакчасын актоо сырдоо иштерине |
400,00 |
400,00 |
0 |
|
12 |
Асфальтоо иштерине |
1000,00 |
1000,00 |
0 |
|
13 |
Күз-кыш мезгилине даярдык |
2351,90 |
2351,90 |
0 |
|
14 |
Музыкаклык мектепти оңдоп-түзөө |
75,30 |
75,30 |
0 |
|
15 |
“Ак Кеме” балдар бакчасынын жайкы ашканасын полун алмаштыруу |
142,40 |
142,40 |
0 |
|
16 |
МММБ департаментине компьютер сатып алуу |
300,00 |
300,00 |
0 |
|
17 |
Тамак аш төлөмү (спец) |
1500,00 |
1500,00 |
0 |
|
18 |
Кварталдык комитеттердин башчыларына компенсация төлөө үчүн эмгек акы (КР МК 2026-жылдын 1-апрелиндеги |
665,00 |
665,00 |
0 |
|
19 |
“Булбулча” балдар бакчасын ремонттоо (слив) |
71,80 |
71,80 |
0 |
|
20 |
“А.Тимур” атындагы мектеп үчүн эмеректер сатып алуу |
130,00 |
130,00 |
0 |
|
21 |
ОАО “Завод ЖБИ” ишканасы менен 2024-жылда түзүлгөн келишимдин негизинде |
269,90 |
269,90 |
0 |
|
22 |
Түнкү жарыктандырүүлар үчүн тетиктер сатып алуу |
799,90 |
299,90 |
500 |
|
23 |
А.Тимур атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу |
400,00 |
400,00 |
0 |
|
24 |
Ленин атындагы орто мектебинин аянтында жаңыдан курулган балдар бакчасынын керектүү эмеректер менен камсыз |
1740,00 |
1740,00 |
0 |
|
25 |
Бетон мамыча сатып алуу |
3000,00 |
1000,00 |
2000 |
|
26 |
Ленин атындагы орто мектебине откана куруу |
1500,00 |
1000,00 |
500 |
|
27 |
Интерактивдүү панель сатып алуу |
720,00 |
720,00 |
0 |
|
|
Жалпы |
43650,00 |
28150,00 |
15500,00 |
ФЭБнүн башчысы Н.Жолдошев
|
|
Өзгөн шаардык кеңешинин 2026-жылдын |
||||
|
|
6-августундагы №22/1 токтомуна №2 тиркеме |
||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2027-2028-2029-жылдарга жергиликтүү кирешелердин администрациялоо планынын аткарылышын болжолдоо |
|||||
|
№ |
Кирешелердин аталышы |
2027-жыл |
2028-жыл |
2029-жыл |
|
|
1 |
Киреше булактарынан кармалган киреше салыктар |
222445,8 |
263451,4 |
302463,4 |
|
|
2 |
Патент негизинде кармалуучу салыктар |
34908,8 |
41541,1 |
47696,8 |
|
|
3 |
Турак-жай эмес мүлккө салык |
1507,3 |
1507,3 |
1507,3 |
|
|
4 |
Турак жайга же жайга мүлк салыгы |
550,0 |
550,0 |
550,0 |
|
|
5 |
Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык |
0,0 |
0,0 |
0,0 |
|
|
6 |
Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы |
2560,0 |
2560,0 |
2560,0 |
|
|
7 |
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы |
0,0 |
0,0 |
0,0 |
|
|
8 |
Айыл чарбасына жараксызу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы |
6680,5 |
6680,5 |
6680,5 |
|
|
9 |
Акиташ, курулуш ташы |
148,0 |
191,9 |
239,2 |
|
|
10 |
Беттегич таштар |
400,0 |
400,0 |
400,0 |
|
|
11 |
Кен байлыктарын пайдаланууга лицензия үчүн жыйым |
41,0 |
41,0 |
41,0 |
|
|
12 |
Жер үчүн ижара акы |
9500,0 |
10000,0 |
10500,0 |
|
|
13 |
Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым |
750,0 |
750,0 |
750,0 |
|
|
14 |
Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым |
200,0 |
200,0 |
200,0 |
|
|
15 |
Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этил спирттин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым |
10,0 |
10,0 |
10,0 |
|
|
16 |
Кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр |
30000,0 |
32000,0 |
35000,0 |
|
|
17 |
Инфраструктураны жакшыртуу |
50,8 |
59,3 |
60,6 |
|
|
|
Жыйынтыгы: |
309752,2 |
359942,5 |
408658,8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|||||
|
ФЭБнүн башчысы: Н.Жолдошов |
|||||
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XXII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6—августу №22/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык мэриясынын 2026-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери
тууралу мэрдин отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасыны “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер меселелери, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” комиссияларынын 2026-жылдын 16, 21-июлундагы №5 кошмо отурумунун корутундусунун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаардык мэриясынын 2026-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштериканааттандыраарлык деп табылсын.
2. Отчётту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде иш-чара иштеп чыгуу Өзгөн шаардык мэриясынын аппаратына тапшырылсын жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңешке 2026-жылдын 7-сентябрына маалымат берүү Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер меселелери, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XXII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-августу №22/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын калкын “Канализация жана таза суу менен камсыздоо” долбоорунун алкагында суу эсептегичтерди орнотуу жайларын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 4-5-пункттарына ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 23-июлундагы отурумунун №5 корутундусунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан Өзгөн шаарында жүргүзүлүп жаткан калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана канализация боюнча сметалык долбоорунда көрсөтүлгөн суу эсептегичтерди кудуктаргаорнотуунун ордуна, түздөн-түз турак үйлөрдүн коросуна орнотууга макулдук берилсин.
2. Суу эсептегичтердин орнотуу жайы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, абоненттер менен түшундүрүү иштерин алып баруу “Өзгөн Таза Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасынын директору И.Бакасовго милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүадминистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, суу эсептегичтердин орнотуу жайын өзгөртүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдө Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XXII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-августу №22/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарында маркумду жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн
наркын аныктоо тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 13-пунктуна ылайык жанаӨзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 23-июлундагы отурумунун №5 корутундусунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн шаарында маркумду жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө” ЖОБО тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүадминистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык “Өзгөн шаарында маркумду жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө” ЖОБОнун негизинде иш алып баруу жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2026-жылдын
6-августундагы №22/4 токтомуна тиркеме
Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби (мындан ары – Тартип) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маркумду узатуу маселелери боюнча адистештирилген кызматтары, тиешелүү муниципалдык ишканалар (уюмдар) тарабынан сөөктү жайга коюу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди түзүү үчүн бирдиктүү методикалык көрсөтмө болуп саналат. Жөнгө салуунун укуктук аныктыгын жана системалуулугун камсыз кылуу максатында бул тартип сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүнө тарифтерди белгилөө жол-жобосун координациялайт:
–сөөктү жайга коюуга керектүү документтерди тариздөө;
–сөөктү жайга коюу үчүн зарыл болгон гробду, кепинди, табытты берүү жана жеткирүү;
–сөөктү кепиндөө;
–маркумду көрүстөнгө (крематорийге) жеткирүү, расымдык транспортту берүү;
–сөөктү жайга коюу (мүрзөнү казуу жана көмүү), кийин колумбарийге же аза дубалына көмүү үчүн күл салынган урнаны берүү менен кремация.
2. Ушул Тартиптин колдонулушу сөөктү жайга коюу иши маселелери боюнча адистештирилген кызматтарга жана сөөктү жайга коюу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат.
2-глава. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди макулдашуу жана бекитүү тартиби
2. Сөөктү жайга коюу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди макулдашуу үчүн сөөктү жайга коюу иши боюнча адистештирилген кызматтар, тиешелүү муниципалдык ишканалар (уюмдар) тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкүдөй материалдар берилет:
–коштомо кат (эркин формада); – тарифтердин прейскурантынын долбоору эки нускада;
–ишканалардын (уюмдардын) негизги техникалыкэкономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү;
–баланстык отчет;
–суммалык жана сандык туюнтууда колдонуудагы тарифтерди колдонууну талдоо;
–чыгымдар калькуляциясы;
–калькуляциянын көрсөткүчтөрүнүн салыштырма таблицасы (иш жүзүндөгү нарк, өткөн мезгилдеги нарк, колдонуудагы ченемдер боюнча нарк);
–баалардын (тарифтердин) деңгээли өзгөргөндө себептерин негиздөө;
–пайданын (рентабелдүүлүктүн) кабыл алынган көлөмүн негиздөө;
–түшүндүрмө кат (анын ичинде жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөсү).
Алынган материалдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аткаруучусу тарабынан алгач берилишинин толуктугу жана таризделишинин тууралыгы текшерилет.
Эсептик материалдар бир нускада, баалардын (тарифтердин) прейскурантынын долбоору эки нускада берилет. Электрондук түрдө берилүүчү бардык документтер жетекчинин жана башкы бухгалтердин колу коюлган түп нускалардын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү болушу жана субъекттин мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек. Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген документтер каралбастан кайтарылып берилет. Аталган материалдар электрондук түрдө электрондук документ жүгүртүү “Infodocs” системасы же расмий электрондук почта аркылуу берилет (кол тамгалары жана мөөрлөрү бар сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөр).
3. Берилген материалдардын тууралыгы жана аныктыгы үчүн сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөткөн ишкананын (уюмдун) жетекчиси жоопкерчилик тартат.
4. Ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн материалдар болбогон учурда берилген материалдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан каралбайт. Документтерди жеткире иштеп чыгууга берүүдөн баш тартуу же кайтаруу сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканага (уюмга) алар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен жиберилет жана жетишпеген же жеткире иштеп чыгууну талап кылган документтердин жана маалыматтардын тизмегин камтууга тийиш.
Эсептик материалдарды кароонун жүрүшүндө зарылдыгына жараша кошумча маалыматтар жана башка документтер, анын ичинде баалардын (тарифтердин) деңгээлин жана рентабелдүүлүктү тактоо жана аныктоо үчүн зарыл болгон финансылык документтер талап кылынышы мүмкүн. Кошумча маалыматтарды жана башка документтерди берүү мөөнөтү катты алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн ашпоого тийиш.
5. Берилген материалдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан ушул тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн бардык эсептик материалдар келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каралат.
6. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканалар (уюмдар) тарифтерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына тарифтерди берүүгө милдеттүү.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы макулдашылган тарифтерди алган күндөн тартып эки жуманын ичинде тарифтерди бекитүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алат же болбосо аларды бекитүүдөн жүйөлүү, экономикалык жактан негизделген баш тартууну сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканага (уюмга), ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө жиберет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жеңилдетилген тариф менен эсептешүү тарифинин ортосундагы айырманын ордун жергиликтүү бюджеттин эсебинен толтурган шартта жарандардын социалдык жактан аялуу категориялары үчүн жеңилдетилген тарифтерди белгилөөгө укуктуу.
Расымдык (сөөктү жайга коюуга) жөлөкпулдар мамлекеттик жөлөкпулдар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
Тарифтер сөөктү жайга коюу иши боюнча адистештирилген кызматтын, тиешелүү муниципалдык ишкананын (уюмдун) сунушу боюнча чыгымдар өзгөргөндө жана алардын негиздүүлүгү ушул Жободо белгиленген тартипте кайра каралганга чейин колдонулат.
8. Тарифтерди бекитүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык сөөктү жайга коюу боюнча акысыз же жарымжартылай субсидияланган кызматтарды алууга социалдык жактан аялуу жана жеңилдетилген категориядагы жарандардын укуктарын камсыз кылуу зарылдыгын эске алууга милдеттүү.
9. Тарифтерди бекитүүдөн жүйөлөштүрүлгөн баш тартуу алынган учурда сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкана (уюм) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү жүйөлөрүн карап чыгат жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык тарифтерди макулдашууну жана бекитүүнү кайрадан демилгелейт.
3-глава. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына киргизиле турган чыгымдардын курамы
10. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди эсептөөдө өздүк нарктын курамына тиешелүү кызматтарды көрсөтүү менен түздөн-түз байланышкан экономикалык жактан негизделген жана документтер менен ырасталган чыгымдар киргизилет.
Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына киргизилүүгө тийиш болгон чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
– эмгек акы төлөө чыгымдары;
– материалдарга жана ага тиешелүүлөргө чыгымдар;
–транспорттук чыгымдар;
–башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдар;
–негизги каражаттардын амортизациясы;
–коммуналдык чыгымдар;
–административдик чыгымдар.
Анын ичинде жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына жеңилдетилген жана субсидияланган кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан чыгымдар.
11. Эмгек акы төлөө чыгымдарында Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык штаттык расписаниеге, эмгек келишимине ылайык эсептелген иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн эмгек акы төлөөгө, сый акыларды, тарифтик ставкаларга үстөктөрдү, өргүү акыларын, дем берүүчү төлөмдөрдү жана компенсацияларды төлөөгө кеткен чыгымдар чагылдырылат.
12. Материалдарга жана ага тиешелүүлөргө кеткен чыгымдарда сөөктү жайга коюу үчүн буюмдардын чыгымдары: савандар (кепиндер), табыттар, төшөөчү, жабуулар, табличкалар, гүлчамбарлар жана диний таандыктыгы боюнча айырмалоочу белгилер (туугандарынын каалоосу боюнча); чыгымдалуучу материалдар (жип, кездеме, кол кап, дезинфекциялоочу жана жуугуч каражаттар); мүрзөнү көмүү жана жайгаштыруу үчүн материалдар (кыштар, кум ж.б.) чагылдырылат.
13. Транспорттук чыгымдар сөөктү ташуу, расымдык коштоо жана персоналды (атайын машина, катафалк ж.б.) ташуу үчүн транспорт каражаттарын пайдаланууга кеткен чыгымдар, күйүүчү майга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдар чагылдырылат.
14. Башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдарда келишим боюнча уюмдарды же адамдарды мүрзө казууга, ырымжырым аземин уюштурууга, куран окууга, ар кандай конфессиялардын талаптарына ылайык диний коштоого, сөөктү жуу үчүн жайларды берүүгө, сөөктү алып чыгууга, диний талаптарга ылайык сөөк коюуга даярданууга кеткен чыгымдар чагылдырылат.
15. Негизги каражаттардын амортизациясында негизги каражаттардын амортизациялык чегерүүлөрүнүн суммасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык же имараттарды, жайларды (анын ичинде сөөктү жуу үчүн жайларды, расымдык залдарды), жабдууларды жана кызмат көрсөтүүдө пайдаланылуучу башка негизги каражаттарды эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша чагылдырылат.
16. Коммуналдык чыгымдарда сууга (анын ичинде ырымжырым менен жуу үчүн), электр энергиясына, жылытууга, канализацияга жана башка коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө кеткен чыгымдар чагылдырылат.
17. Административдик чыгымдарда жалпы башкаруу менен байланышкан чыгымдар чагылдырылат, анын ичинде:
–башкаруучу жана жалпы чарбалык персоналга кирген кызматкерлерге эмгек акы төлөө;
–мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык жана медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр;
–администрациялык башкаруу аппаратын, кызматкерлерди күтүү, аларды материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөө; –/банктын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө;
–канцелярдык, типографиялык, почталык, телеграфтык жана телефондук чыгымдар;
–санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча чыгымдар.
18. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына төмөнкүлөр кирбейт:
–материалдык жардам, турак жайды жакшыртууга пайызсыз ссуда жана башка социалдык төлөмдөр;
–дарыланууга жана эс алууга, экскурсияга жана саякатка жолдомолорго ж.б. төлөө;
–эмгек акы менен түздөн-түз байланышпаган төлөмдөрдүн башка түрлөрү;
–соттук чыгымдар;
–финансылык-чарбалык ишти текшерүү менен байланышкан чыгымдар;
–чарбалык ишти бузгандыгы үчүн айыптар, туумдар жана санкциялардын башка түрлөрү;
–уурдоодон келип чыккан зыяндар;
–демөөрчүлүк/кайрымдуулук жардамдарынын бардык түрлөрүн көрсөтүү;
–турак жайга, жатаканага төлөө;
–сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга түздөн-түз тиешеси жок башка чыгымдар. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
–сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн (тарифтердин) наркына кошулган каражаттарды багыты боюнча эмес чыгымдоого;
–сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына (тарифке) кошулбаган ишти жүзөгө ашырууга.
19. Тарифтердин наркын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
Т = С+ Н + Р, мында: Т – тариф;
С – өздүк наркы (материалдар, эмгек акы, транспорт ж.б.);
Н – салыктар жана милдеттүү жыйымдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы салык мыйзамдарына ылайык аныкталат;
Р – рентабелдүүлүк монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен чектерде белгиленет.
Тарифтерди эсептөөдө жана кайра кароодо инфляциялык процесстер, материалдык ресурстарга, энергия булактарына баалардын өзгөрүшү, эмгек акынын деңгээли, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын өздүк наркына таасир этүүчү башка жагдайлар эске алынат.
4-глава. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгын мамлекеттик контролдо
20. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгына жана ушул Тартиптин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жүргүзөт.
5-глава. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
21. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчилик жүктөлөт.
22. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартуу менен бир эле мезгилде монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тиешелүү жазма буйрук берет. Жазма буйрукту аткаруу мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндөн ашпоого тийиш.
6-глава. Чечимдерди даттануу тартиби
23. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкана (уюм) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн чечимине административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкана (уюм) сотко кайрылууга укуктуу.
Мэриянын аппарат жетекчиси Э.Назарматова
Мэриянын юристи Р.Эгемкулов
Даярдаган К.Кочкоров
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XXII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-августу №22/5 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын Ленин атындагы орто мектебинин аймагына жаңы
курулган №11 мектепке чейинки билим берүү уюм-мекемесине
“Дилгир Өзгөн” аталышын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 сандуу токтому менен бекитилген жобого ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер маселелери, өнөр-жай транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиялардын 2026-жылдын 5-августундагы биргелешкен отурумунун протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Ленин атындагы билим берүү мекемесинин аймагына жаңы курулган №11 мектепке чейинки билим берүү уюм-мекемесине “Дилгир Өзгөн” аталышы ыйгарылсын.
2. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктук мамлекеттик органдын аймактык болүнушунө тийиштүү документтерди 10 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин башчысы М. Койчукуловго, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаар курулушу жана архитектурабашкармалыгынын башчысы Н. Ташмаматовго, аны көзөмөлдө жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаеге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каадасалттар боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер меселелери, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XXIII—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 11–сентябры №23/1 Өзгөн шаары
“Өзгөн районунун суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматын көрсөтүүчү” муниципиалдык ишканасынын Уставын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана“Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү, жер маселелери, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика боюнча” туруктуу комиссияларынын 2026-жылдын 9-сентябрындагыбиргелешкен отурумунун №5 корутундусунун негизинде, күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн районунун суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматын көрсөтүүчү” муниципиалдык ишканасынын Уставын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. “Өзгөн районунун суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматын көрсөтүүчү” муниципиалдык ишканасынын Уставынын негизинде иш алып баруу жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-октябры №24/1 Өзгөн шаары
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө №309 Жарлыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” Конституциялык мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 29-сентябрындагы отурумунун №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында коомдоштуктун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге,жарандардын жыйындарын өткөрүү графиги 2-тиркемеге, өкүлчүлүк нормасы 3-тиркемеге, жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өзгөн шаарында жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындары Өзгөн шаарынын баардык кварталдарында өткөрүлсүн. Жыйындарга тиешелүү кварталда жашаган адамдардан 50дөн кем эмеси катышсын. Кварталдардан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өзгөн шаарында коомдоштуктун жыйынын өткөрүү күнү 2026-жылдын 24-октябрына саат 10:00гө белгиленсин. Коомдоштуктун жыйынын Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрында өткөрүү сунушталсын.
4. Өзгөн шаарында коомдоштуктун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү иштерине сарпталуучу каражаттарды мыйзам чегинде каржылоо жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Ж.Саипбаевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2026-жылдын 2-октябрындагы кезексиз XXIV сессиясынын
№24/1 токтомунун 1-тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
Комиссиянын төрагасы:
Комиссиянын катчысы:
Комиссия мүчөлөрү:
4. Н.Юлдашев–Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
5. Т.Абдукаримов–Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
6. И.Дадажанов–Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
7. Д.Кадырахунова—Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
8. К.Кочкоров—Өзгөн шаардык мэриясынын адиси,
9. У.Мамадалиев–Өзгөн шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы (макулдашуу менен).
Өзгөн шаардык кеңешинин
2026-жылдын 2-октябрындагы кезексиз XXIV-сессиясынын
№24/1 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйындарды жана жыйналыштарды
өткөрүү графиги
|
№ |
МАБдын аталышы |
Чогулуш өтүүчү күн |
Чогулуш өтүүчү жай |
|
1 |
Гүзар |
2026-жылдын 8—октябрь күнү саат10:00 |
А.Темур мектеби |
|
2 |
Гүзар-1 |
2026-жылдын 8—октябрь күнү саат10:00 |
А.Темур мектеби |
|
3 |
Мажирим—Тал |
2026-жылдын 8—октябрь күнү саат10:00 |
А.Темур мектеби |
|
4 |
Жаңы-Хаят
|
2026-жылдын 8—октябрь күнү саат14:30 |
Үч-Дөбө чайханасы |
|
5 |
Сарахсий |
2026-жылдын 8—октябрь күнү саат14:30 |
Үч-Дөбө чайханасы |
|
6 |
Кылыч-Бурханиддин |
2026-жылдын 8—октябрь күнү саат14:30 |
Үч-Дөбө чайханасы |
|
7 |
Үч-Дөбө |
2026-жылдын 9—октябрь күнү саат10:00 |
Ч.Айтматов мектеби |
|
8 |
Кайрагач |
2026-жылдын 9—октябрь күнү саат10:00 |
Ч.Айтматов мектеби |
|
9 |
Жаныбек—казы |
2026-жылдын 9—октябрь күнү саат14:30 |
Курманжан датка мектеби |
|
10 |
Пайзабад |
2026-жылдын 9—октябрь күнү саат14:30 |
Курманжан датка мектеби |
|
11 |
Жаңы-Турмуш |
2026-жылдын 12—октябрь күнү саат10:00 |
Айчүрөк кинотеатры |
|
12 |
Борбор |
2026-жылдын 12—октябрь күнү саат10:00 |
Айчүрөк кинотеатры |
|
13 |
Төрт-Көчө |
2026-жылдын 12—октябрь күнү саат10:00 |
Айчүрөк кинотеатры |
|
14 |
Жаңы-Өзгөн |
2026-жылдын 12—октябрь күнү саат10:00 |
Айчүрөк кинотеатры |
|
15 |
Калмак-Кыя |
2026-жылдын 12—октябрь күнү саат14:30 |
А.Навои мектеби |
|
16 |
Таштак |
2026-жылдын 12—октябрь күнү саат14:30 |
А.Навои мектеби |
Эскертүү: -Жыйындарга жарандардын 50дөн кем эмеси катышкан учурда жыйын ыйгарым укуктуу болот.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: Н.Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2026-жылдын 2-октябрындагы кезексиз XXIV-сессиясынын
№24/1 токтомунун 3-тиркемеси
Өзгөн шаарынын жергиликтүү курултайына
сунушталуучу делегаттардын өкүлчүлүк нормасы
Өзгөн шаарындагы ар бир Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы 18 жаштан жогору жашоочулардын жалпы саны 1500 адамга чейин болсо, 200 адамга 1 делегат, эгерде муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы жашоочулардын жалпы саны 1500 адамдан ашса, 250 адамга 1 делегат сунушталсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: Н.Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2026-жылдын 2-октябрындагы кезексиз XXIV-сессиясынын
№24/1 токтомунун 4-тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси
|
№ |
МАБдын аталышы |
Чогулуш өтүүчү күн |
Чогулуш өтүүчүжай |
Жооптуу депутаттардын Ф.А.Ж. |
|
1 |
Гүзар Гүзар-1 Мажирим-Тал |
2026-жылдын 8—октябрькүнү саат 10:00 |
А.Темур мектеби |
А.Талипов А.Абдукаимов М.Рызакулов И.Дадажанов Н.Курбанов К.Кадиркулов |
|
2 |
Жаңы-Хаят Сарахсий Кылыч-Бурханиддин |
2026-жылдын 8—октябрькүнү саат 14:30 |
Үч-Дөбө чайханасы |
Й.Имьяминов Н.Юлдашев И.Тажибаев А.Хасанов |
|
3 |
Үч-Дөбө Кайрагач |
2026-жылдын 9—октябрькүнү саат 10:00 |
Ч.Айтматов мектеби |
А.Сырожов А.Кахаров Д.Кадырахунова |
|
4 |
Жаныбек-казы Пайзабад |
2026-жылдын 9—октябрькүнү саат 14:00 |
Курманжан датка мектеби |
Х.О.Абдырахманов А.Кадырова М.Мирзакаримов Т.Абдукаримов |
|
5 |
Жаңы-Турмуш Борбор Төрт-Көчө Жаңы-Өзгөн |
2026-жылдын 12-октябрькүнү саат 10:00 |
Айчүрөк кинотеатры |
Ч.Калматов Ф.Чакаева У.Чолуков Садыкжан угли М. Х.Н.Абдурахманов |
|
6 |
Калмак-Кыя Таштак |
2026-жылдын 12—октябрькүнү саат 14:30 |
А.Навои мектеби |
У.Шамуратов М.Абдурахманов С.Маматкасимов А.Мамазаитов С.Камбаров |
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: Н.Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2026-жылдын 2-октябрындагы кезексиз XXIV-сессиясынын
№24/1 токтомунун 5-тиркемеси
Шаар кварталдарында өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота
|
№ |
МАБдын аталышы |
Чогулуш өтүүчү күн |
18 жаштан жогору жашоочулардын саны |
Бөлүнгөн квота |
|
1 |
Гүзар |
2026-жылдын 8—октябрькүнү саат 10:00 |
1740 |
7 |
|
2 |
Гүзар-1 |
2026-жылдын 8—октябрькүнү саат 10:00 |
1437 |
6 |
|
3 |
Мажирим-Тал |
2026-жылдын 8—октябрькүнү саат 10:00 |
2453 |
9 |
|
4 |
Жаңы-Хаят
|
2026-жылдын 8—октябрькүнү саат 14:30 |
2405 |
9 |
|
5 |
Сарахсий |
2026-жылдын 8—октябрькүнү саат 14:30 |
2486 |
10 |
|
6 |
Кылыч-Бурханиддин |
2026-жылдын 8—октябрькүнү саат 14:30 |
1998 |
8 |
|
7 |
Үч-Дөбө |
2026-жылдын 9—октябрькүнү саат 10:00 |
3584 |
13 |
|
8 |
Кайрагач |
2026-жылдын 9—октябрькүнү саат 10:00 |
3625 |
13 |
|
9 |
Жаныбек Казы |
2026-жылдын 9—октябрькүнү саат 14:30 |
1435 |
6 |
|
10 |
Пайзабад |
2026-жылдын 9—октябрькүнү саат 14:30 |
2881 |
11 |
|
11 |
Жаңы-Турмуш |
2026-жылдын 12—октябрькүнү саат 10:00 |
3833 |
14 |
|
12 |
Борбор |
2026-жылдын 12—октябрькүнү саат 10:00 |
680 |
3 |
|
13 |
Төрт-Көчө |
2026-жылдын 12—октябрькүнү саат 10:00 |
2580 |
10 |
|
14 |
Жаңы-Өзгөн |
2026-жылдын 12—октябрькүнү саат 10:00 |
1740 |
7 |
|
15 |
Калмак-Кыя |
2026-жылдын 12—октябрькүнү саат 14:30 |
2471 |
11 |
|
16 |
Таштак |
2026-жылдын 12—октябрькүнү саат 14:30 |
3565 |
13 |
|
Жалпы: |
38913 |
150 |
||
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: Н.Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XXIV—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-октябры №24/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарындагы шайлоо участкаларынын резервине талапкерлерди
киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 29-сентябрындагы №6 отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы №5062 “Борбор” шайлоо участкасынын комиссиясынын резервине Мирзаева Мохинурду жана Кутманов Майрамбектин талапкерлигин, №5060 “Төрт-көчө” шайлоо участкасынын комиссиясынын резервине Хамдамов Махамаджанды талапкерлигин киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамалекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов


