Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХIV-сессиясынын
Т О К Т О М У
29— январь 2026-жыл № 57 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VIII-чакырылышынын) кезексиз ХIV -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бир жылдык кирешесин бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап,төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга кирешеси 27 454 500 ( жыйырма жети миллион төрт жүз элүү төрт миң беш жүз ) сомго бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Мураталиевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын тапшырылсын.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХV-сессиясынын
Т О К Т О М У
20- февраль 2026-жыл № 58 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025 — жылда аткарган иштеринин жыйынтыгын угуу жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХV — сессиясынын күнтартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы аткарган иштери жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке милдеттендирилсин.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХV-сессиясынын
Т О К Т О М У
20- февраль 2026-жыл № 59 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын 2026- жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХV — сессиясынынкүн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагынын 2026— жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндөмаселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. Ийри-Суу айыл аймагынын 2026— жылга карата түзүлгөн иш планын жактырылсын жана алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке милдеттендирилсин.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХV -сессиясынын
Т О К Т О М У
20- февраль 2026-жыл № 60 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2026— жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХV — сессиясынын күнтартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бир жылдык чыгашасын бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылга чыгашасы 29 582 103 ( жыйырма тогуз миллион беш жүз сексен эки миң бир жүз үч ) сомго бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын тапшырылсын.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХV -сессиясынын
Т О К Т О М У
20- февраль 2026-жыл № 61 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХV — сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2026-жылга карата түзүлгөн иш планын угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2026-жылга карата 20 — бөлүмдөн түзүлгөн иш — планы жактырылсын жана алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке милдеттендирилсин.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХV-сессиясынын
Т О К Т О М У
20- февраль 2026-жыл № 62 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагындагы элдик жыйындардакелип түшкөн жарандардын кайрылууларын жана өтүнүчтөрүн кароо жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХV — сессиясынын күнтартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагындагы элдик жыйындарда келип түшкөн жарандардын кайрылууларын жана өтүнүчтөрүн кароо жөнүндөмаселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.“Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасы жайыт пайдалануучуларга келишимдин негизинде жайыт жери бөлүнүп берилсин.
2.Келишим түзбөй туруп айыл тургундары жайыт жерин пайдаланса Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык чара колдонулсун.
3.Токтомду аткаруу жагы “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Карабековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын
Т О К Т О М У
04 — март 2026-жыл № 63 Жийде айылы
« Жаратман Ийри-Суу » муниципалдык ишканасынын 2025- жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуу жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI — сессиясынын күн тартибиндеги « Жаратман Ийри-Суу » муниципалдык ишканасынын 2025- жыл ичиндегиаткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. « Жаратман Ийри-Суу » муниципалдык ишканасынын 2025- жыл ичиндеги аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын
Т О К Т О М У
04 март 2026-жыл № 64 Жийде айылы
“ Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI- — сессиясынынкүн тартибиндеги “ Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата түзүлгөн иш планын угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. “ Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата 15- бөлүмдөн түзүлгөн иш планы жактырылсын жана алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке милдеттендирилсин.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын
Т О К Т О М У
04 март 2026-жыл № 65 Жийде айылы
“ Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын киреше боюнча бюджетин бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI — сессиясынын күн тартибиндеги “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын кирешеси боюнча маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.“ Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын кирешеси 2900 000 ( эки миллион тогуз жүз миң ) сомго бекитилсин.
2.Анын ичинен 1500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом жайыт акыдан, жана 900 000 (тогуз жүз миң) сом таза суудан 300 000 (үч жүз миң) сом техника акысы, уюлдук байланыштан түшүүчү салыгы 200 000 (эки жүз миң) сом.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын тапшырылсын
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын
Т О К Т О М У
04 март 2026-жыл № 66 Жийде айылы
“ Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI — сессиясынын күн тартибиндеги “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга бир жылдык чыгашасын бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. “Жаратман Ийри-Суу ” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга чыгашасы 2900 000 ( эки миллион тогуз жүз мин) сомго бекитилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Карабековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI-сессиясынын
Т О К Т О М У
04 март 2026-жыл № 67 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсүн жана жайлоодон кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI — сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсүн жана жайлоодон көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. Айыл аймагындагы мал баккандар 2026-жылдын 01-апрелинен 10-апрелге чейин жогорку жайытка көчүп кетишсин.Чаңгет айылы 1-апрелинен 10-апрелге чейин жогорку жайытка көчүпкетишсин,аба-ырайына өзгөрүшүнө карап 20-апрелге чейин көчүп кетүүсүү милдетүү.
2. Мал баккандар 2026-жылдын 10- сентябрь айынан кийин жайлоодон көчүп
келүү жагы мал бакандарга милдеттендирилсин.
3. Малчылар дан эгиндеринен, чөп орокторунан 5 чакырым алыстыкта
отурушсун.
4.Токтомду аткаруу жагы “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Карабековго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI -сессиясынын
Т О К Т О М У
04 март 2026-жыл № 68 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал — жандыктарга чегерилген жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги ХVI -сессиясынынкүн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал- жандыктарга чегерилген жайыт акысын бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 1 баш кой-эчкиге 50 ( элүү ) сомдон, 1 баш кара-малга 170 ( бир жүз жетимиш ) сомдон, 1 баш жылкыга 170 ( бир жүз жетимиш) сомдон жайыт салыгы бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы жайыт башкаруу адисине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII — чакырылышынын) кезектеги ХVI — сессиясынын
Т О К Т О М У
04 март 2026-жыл № 69 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал-жандыктарды киргизбөө жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII -чакырылышынын) кезектеги ХVI — сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал-жандыктарды киргизбөө жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал жандыктар киргизилбесин. Кара-мал, жылкыга 2000 (эки миң) сом, кой-эчкиге 500 (беш жүз) сомдон айып пул салынсын.
2.Сырттан киргизилген мал жандыктар Ийри-Суу айыл аймагынан чыгарылсын, ээсине кайтарылсын.
3.Сырттан келген мал- жандыкка малчылар менен жайытка келишим түзүлбөсүн. Түзүлгөн келишимде жайлоого көчүп кетүү жана көчүп келүү жагы токтомдо көрсөтүлгөн боюнча белгиленсин.
4.Токтомду аткаруу жагы “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Карабековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII — чакырылышынын) кезектеги ХVI — сессиясынын
Т О К Т О М У
04 март 2026-жыл № 70 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2-жана 3 бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында № 662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.
2. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагынын жеке жана юридикалык жактар-ишкердик үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй бекитилсин.
а) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир иштеген кызматкерлерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.
б) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге
чейин.
в) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге
чейин.
3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С. Курманбеков.
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII — чакырылышынын) кезектеги ХVI — сессиясынын
Т О К Т О М У
04 март 2026-жыл № 71 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагынын Кыргызстан айылынын тургундарынын элдик жыйынынын негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун кароо жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII -чакырылышынын) кезектеги ХVI — сессиясы күн тартибиндеги Кыргызстан айылынын тургундарынын элдик жыйынынын протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап жана талкуулап,төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылындагы Алыйман апа бала бакчасына балдар ойноочу аянтча куруу үчүн мыйзамдарда белгиленген каржы булактарынан акча каражатын табуу жагына макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.
Төрага С. Курманбеков.


