Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын)
кезексиз VI—сессиясынын
Т О К Т О М У
11- апрель 2025-жыл № 34 Жийде айылы
Жийде айылынын тургундарынын элдик жыйынынын негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун кароо жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз VI-сессиясынын күн тартибиндеги Жийде айылынын тургундарынын элдик жыйынынын протоколунун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун кароо жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл аймагынын Жийде айылынын Р.Айтбаев көчөсүндөгү автоунаа жүрүүчү ички жолду оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана асфальт төшөө үчүн мыйзамдары белгиленген каржы булактардан акча каражатын табуу жагына макулдук берилсин.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Мусаевге жүктөлсүн.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз VII-сессиясынын
Т О К Т О М У
24 — июнь 2025-жыл № 35 Жийде айылы
И. Жумабаев атындагы № 61 орто жалпы билим берүү мектебине караштуу мурунку спорт аянтчасынын жер тилкесине бала-бакача куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз VII-сессиясынын күн тартибиндеги И. Жумабаев атындагы № 61 орто жалпы билим берүү мектебине караштуу мурунку спорт аянтчасынын жер тилкесине бала-бакча курууу үчүн макулдук берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.И. Жумабаев атындагы № 61 орто жалпы билим берүү мектебине караштуу мурунку спорт аянтчасынынжер тилкесине бала-бакча куруу үчүн макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз VII-сессиясынын
Т О К Т О М У
24 — июнь 2025-жыл № 36 Жийде айылы
Кыргызстан айылынын тургундарынын элдик жыйынынын негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун кароо жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз VII-сессиясынын күн тартибиндеги Кыргызстан айылынын тургундарынын элдик жыйынынын протоколунун негизинде айыл өкмөт башчысынын сунушун карап жана талкуулап,төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл аймагынын Кыргызстан айылынын А. Айтиев көчөсүндөгү автоунаа жүрүүчү ички жолду оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана асфальт төшөө үчүн мыйзамдары белгиленген каржы булактарынан акча каражатын табууга макулдук берилсин.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Мусаевге жүктөлсүн.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын)
кезектеги VIII — сессиясынын
Т О К Т О М У
26- август 2025-жыл № 37 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын 6- айындагы аткарган иштери боюнча маалыматынугуу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги VIII — сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын 6- айындагы аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025 — жылдын 6 — айындагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Мусаевге жүктөлсүн.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезектеги VIII -сессиясынын
Т О К Т О М У
26- август 2025-жыл № 38 Жийде айылы
Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 30-июлундагы №01-01-8/665 сандуу катын кароо жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги VIII -сессиясынын күн тартибиндеги Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388 жана 404-сандуу беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар ошондой эле калктуу конуштагы жана айыл-чарба багытында эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналык коэффицент (К3) жана нарктык зоналар боюнча, Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Б.Мураталиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388жана 404-сандуу беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар ошондой эле калктуу конуштагы жана айыл-чарба багытында эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналык коэффицент К-1,3 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүнкирешелер боюнча башкы адиси Б.Мураталиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын)
кезектеги VIII —сессиясынын
Т О К Т О М У
26- август 2025-жыл № 39 Жийде айылы
“Жаратман Ийри-Суу” муниципалдыкишканасынын 2025 — жылдын 6- айындагы аткаргаништери боюнча маалыматын угуу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги VIII — сессиясынын күн тартибиндеги “Жаратман Ийри-Суу”муниципалдык ишканасынын 2025- жылдын 6 — айындагы аткарган иштери боюнча маалыматын угупжана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.“Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025- жылдын 6 — айындагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын)
кезектеги VIII — сессиясынын
Т О К Т О М У
26- август 2025-жыл № 40 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII —сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.“Ийри-Суу” айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы Көчкүнов Матраимге берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмеке тапшырылсын.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын)
кезексиз IХ—сессиясынын
Т О К Т О М У
12- сентябрь 2025-жыл № 41 Жийде айылы
Кыргыз Республикасынын 2024 — жылдын 6 — декабрындагы № 194 Тынчтык жөнүндө Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 22-августундагы № 01-38/1082 сандуубуйругу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6- декабырындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы , Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 22- августундагы №01-38/1082 сандуу буйругу жөнүндөмаселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтомкылат
1.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык
жөнүндө” Мыйзамынын талаптары так жана үзгүлтүксүз аткарылышы камсыздалсын.
2.Салтанаттуу иш-чаралар, коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайлардын ишмердүүлүгү мыйзамда белгиленген 22:00 дөн кийинки тынчтык режимин бузбоо менен уюштурулушу көзөмөлгө алынсын.
3.Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, этика, мандат, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз Х- сессиясынын
Т О К Т О М У
8 — октябрь 2025-жыл № 42 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл аймагында IV— Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз Х-сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. IV— Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2025- жылдын 25- сентябрындагы № 1протоколу аткарууга алынсын.
2. IV— Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин координациялоо боюнча жумушчу тобунун курамы 7 адамдан бекитилсин ( тизме тиркелет)
3. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү курултайга делегеттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги 2025- жылдын 17- 22 —октябрь күнүнө бекитилсин.( тиркеме тиркелет)
4. Өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу өкүлдөрдүн саны, тиешелүү аймакта курултай өтүүчү жылдын 1- январына карата жашаган калкынын санын эсепке алуу менен белгиленген нормага ылайык бекитилсин.( тиркеме тиркелет)
5. Токтомдун аткарылышы уюштуруу комитетинин төрагасына тапшырылсын.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык
кеңешинин VIII — чакырылышындагы
кезексиз Х-сессиясынын
2025— жылдын 8- октябрындагы
№ 42 токтомуна 1 тиркеме
Ийри-Суу айыл аймагында IV — Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин координациялоо боюнча 7 адамдан түзүлгөн жумушчу топтун курамы
Курманбеков Сейтек — Айылдык кеңешинин төрагасы , комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү
Дыйканова Айганыш — Жийде айылынан депутат
Эргешов Айылычы — Корс- Этти айылынан депутат
Мусаев Бекболот — Жаңгакты айылынан депутат
Байназаров Салмоор — Чангет айылынан депутат
Кокулов Ислам — Өстүрүү айылынан депутат
Акмат уулу Эрмек — Ак-Терек , Кара- Колот, Ор-Казган айылдарынан депутат
Ийри-Суу айыл аймагынын
айылдык кеңешинин VIII —
чакырылышындагы
кезексиз Х — сессиясынын
2025—жылдын 8—октябрындагы
№42 токтомуна 2 тиркеме
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү курултайга делегеттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги
|
№ |
Айылдын аталышы |
Датасы |
Өткөрүлө турган
|
Жооптуулар |
|
1 |
Кыргызстан |
2025- жылдын 22— октябрында саат 10-00 дө |
Усөн уулу Жаныш атындагы орто мектеби
|
Курманбеков Сейтек |
|
2 |
Корс-Этти |
2025- жылдын 17 -октябрында саат 12-00 дө |
Чомо Баатыр атындагы орто мектебинде
|
Эргешов Айылчы |
|
3 |
Жаңгакты |
2025- жылдын 22-октябрында саат 10-00 дө |
К. Тиленбаев атындагы орто мектебинде
|
Мусаев Бекболот
|
|
4 |
Жийде |
2025— жылдын 17— октябрында саат 10-00 дө |
К.Ботояров атындагы орото мектеби
|
Дыйканова Айганыш
|
|
5 |
Ор-Казган |
2025- жылдын 20— октябрында саат 12-00 дө |
Ийри-Суу № 18 мектебинде
|
Акмат уулу Эрмек |
|
6 |
Ак-Терек |
2025- жылдын 21— октябрында саат 10-00 дө |
Айылдын ичинде бакта
|
Акмат уулу Эрмек |
|
7 |
Кара-Колот |
2025- жылдын 20— октябрында саат 10-00 дө |
Октябрь Туусу мектебинде
|
Акмат уулу Эрмек |
|
8 |
Чаңгет |
2025- жылдын 22— октябрында саат 10-00 дө |
№ 61 И. Жумабаев атындагы орто мектебинде |
Байназаров Салморбек |
|
9 |
Өстүрүү |
2025- жылдын 22— октябрында саат 10-00 дө |
№ 39 К. Курманбеков атындагы орто мектебинде |
Кокулов Ислам |
Ийри-Суу айыл аймагынын
айылдык кеңешинин VIII —
чакырылышындагы
кезексиз Х — сессиясынын
2025-жылдын8— октябрында
№42 токтомуна 3 тиркеме
Ийри-Суу айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу өкүлдөрдүн саны, тиешелүү аймакта курултай өтүүчү жылдын 1 — январына карата жашаган калкынын санын эсепке алуу менен белгиленген нормага ылайык төмөндөгүдөй бекитилсин
|
Айылдар |
Калк |
Өкүл |
Анын ичинен аял |
|
Ор-Казган |
233 |
1 |
|
|
Кара-Колот |
494 |
2 |
1 |
|
Ак- Терек |
553 |
3 |
1 |
|
Жийде |
3034 |
17 |
6 |
|
Кыргызстан |
3140 |
18 |
6 |
|
Жаңгакты |
1194 |
7 |
2 |
|
Корс — Этти |
1702 |
9 |
3 |
|
Чаңгет |
2050 |
12 |
4 |
|
Өстүрүү |
1941 |
11 |
3 |
|
Жалпы |
14341 |
80 |
26 |
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз Х- сессиясынын
Т О К Т О М У
8 — октябрь 2025-жыл № 43 Жийде айылы
Ак- Чечек участкасындагы № 2368 кыштоо — 0,59 га, № 2369 чөп сактоочу жай — 0,13 га, № 4516 курулуш — 0,15 га жерлерди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз Х— сессиясынын күн тартибиндеги Ак- Чечек участкасындагы № 2368 кыштоо — 0,59 га, № 2369 чөп сактоочу жай — 0,13 га, № 4516 курулуш — 0,15 га, №2382 чөп сактоочу жай- 0,30га жерлерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Кыргыз Республикасынын №150 мыйзамынын 2- беренесинин 5- бөлүмүнүн негизинде Ак- Чечек участкасындагы № 2368 кыштоо — 0,59 га, № 2369 чөп сактоочу жай — 0,13 га, № 4516 курулуш — 0,15 га, №2382 чөп сактоочу жай- 0,30 гажерлери айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
2.Ушул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз ХI— сессиясынын
Т О К Т О М У
18- ноябрь 2025-жыл № 44 Жийде айылы
“Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025- жылдын 9- айындагы аткарган иштери боюнча маалыматын угуу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХI — сессиясынын күн тартибиндеги « Жаратман Ийри-Суу » муниципалдык ишканасынын 2025- жылдын 9— айындагы аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1. “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025- жылдын 9— айындагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз ХI— сессиясынын
Т О К Т О М У
18- ноябрь 2025-жыл № 45 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттининин 2025-жылдын 8-айда жыйынтыгы менен киреше салыктан 1400,0 (бир миллион төрт жүз) мин сом жана аренда жер акыдан 550,0 (беш жүз элүү) мин сом акча каражаты ашыкча түшкөнү жөнүндө
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттинин 2025-жылдын 8-айда жыйынтыгы менен киреше салыктан 1400,0 (бир миллион төрт жүз) мин сом жана аренда жер акыдан 550,0 (беш жүз элүү) мин сом акча каражаты ашыкча түшкөнүнө байланыштуу 2025-жылдын III кварталына чыгаша бөлүгүнүн тиешелүү беренесине жумшалуусуна макулдук берилсин.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүмдөрүнүн беренелерине 1950,0 (бир миллион тогуз жүз элүү) мин сом, акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз ХI— сессиясынын
Т О К Т О М У
18- ноябрь 2025-жыл № 46 Жийде айылы
Муниципиалдык икананын жетекчисинин маалыматы боюнча Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын 12-айдын жыйынтыгы менен жайыт акыдан 591,0 (беш жүз токсон бир мин) сом акча каражаты ашыкча түшкөнү жөнүндө
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттинин 2025-жылдын 12- айдын жыйынтыгы менен жайыт акыдан 591,0 (беш жүз токсон бир мин) сом акча каражаты ашыкча түшкөнүнө байланыштуу 2025-жылдын IV —кварталына чыгаша бөлүгүнүн тиешелүү беренесине жумшалуусуна макулдук берилсин.
2. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүмдөрүнүн беренелерине 591,0 (беш жүз токсон бир мин) сом, акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет,финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз ХI— сессиясынын
Т О К Т О М У
18- ноябрь 2025-жыл № 47 Жийде айылы
Ийри-Суу ААнын 2026-30-жылдарга «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планынын» (ЖБПП) долбоорун бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз XI сессиясы айыл аймагында ФАО уюмунун каржылоосунда ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестициялоо аркылуу көмүртекти секвестрациялоо” долбоорунун алкагында Ийри-Суу айыл өкмөтүндө түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан, “Ийри-Суу ААнын 2026-30-жылдарга «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планынын» (ЖБПП) долбоору тууралуу “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканансынын жетекчиси Н. Карыбековдун билдирүүсүн угуп, берилген материалдарды карап, талкуулап чыгып, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүндө түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан, “Ийри-Суу ААнын 2026-30-жылдарга «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планыны» (ЖБПП) бекитилсин.
2.Бекитилген “Ийри-Суу ААнын 2026-30-жылдарга «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планынын» (ЖБПП) аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХI— сессиясынын
Т О К Т О М У
18- ноябрь 2025-жыл № 48 Жийде айылы
Кыргызстан айылында курулушу бүткөн бала бакчага ысым ыйгаруу
жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХI — сессиясынын күн тартибиндеги Кыргызстан айылында курулушу бүткөн бала бакчага ысым ыйгаруу жөнүндө айылдык кеңешинин төрагасы С.Курманбековтун сунушун угупжана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Кыргызстан айылындагы курулган 60 орундуу бала бакчаны ачууга уруксат берилсин.
2.Кыргызстан айылындагы курулган бала бакчага “Алыйман апа” ысымы берилсин..
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХII- сессиясынын
Т О К Т О М У
27— ноябрь 2025-жыл № 49 Жийде айылы
Корс-Этти айылындагы К.Нарматов атындагы, Жийде айылындагы К.Биймурзаев атындагы, Жийде айылындагы М. Мамыров атындагы көчөлөрдүн автоунаа жүрүүчү ички жолдорун ондоп асфальт төшөө үчүн өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХII — сессиясынын күн тартибиндеги Корс-Этти айылындагы К.Нарматоватындагы, Жийде айылындагы К. Биймурзаев атындагы, Жийде айылындагы М. Мамыров атындагы көчөлөрдүн автоунаа жүрүүчү ички жолдорун ондоп асфальт төшөө үчүн өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл аймагынын Корс-Этти айылындагы К.Нарматов атындагы, Жийде айылындагы К. Биймурзаев атындагы, Жийде айылындагы М.Мамыров атындагы көчөлөргө автоунаа жүрүүчү ички жолду оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана асфальт төшөөгө 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 8 000,0 (сегиз миллион ) сом каржылоого макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы М. Икрамовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет,финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХII- сессиясынын
Т О К Т О М У
27— ноябрь 2025-жыл № 50 Жийде айылы
Жийде айылындагы Р. Айтбаев атындагы, Чаңгет айылындагы А. Сабырканов атындагы көчөлөрдүн автоунаа жүрүүчү ички жолдорун оңдоп асфальт төшөө үчүн өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХII -сессиясынын күн тартибиндеги Жийде айылындагы Р. Айтбаев атындагы, Чаңгет айылындагы А. Сабырканов атындагы көчөлөрдүн автоунаа жүрүүчү ички жолдорун оңдоп асфальт төшөө үчүн өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Жийде айылындагы Р.Айтбаев атындагы, Чаңгет айылындагы А. Сабырканов атындагы көчөлөрдүн автоунаа жүрүүчү ички жолду оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана асфальт төшөөгө айыл өкмөт башчысы С. Караевке райондук жана областык фондор менен иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы салык жана мунципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХII- сессиясынын
Т О К Т О М У
27— ноябрь 2025-жыл № 51 Жийде айылы
Корс-Этти айылындагы №17 Чомо Баатыр орто жалпы билим берүү мектебинин жараксыз абалга келген от казанын оңдоо жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХII -сессиясынын күн тартибиндеги Корс-Этти айылындагы №17 Чомо Баатыр орто жалпы билим берүү мектебинин жараксыз абалга келген от казанын оңдоо жөнүндөмаселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Корс-Этти айылындагы №17 Чомо Баатыр орто жалпы билим берүү мектебинин жараксыз абалга келген от казаны калыбына келтирилсин.
2. Корс-Этти айылындагы №17 Чомо Баатыр орто жалпы билим берүү мектебинин от казаны жараксыз абалга келгендигине байланыштуу тез арада оңдоп калыбына келтирүү жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С. Караевке райондук жана областык фонддор менен иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагысоциалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХII- сессиясынын
Т О К Т О М У
27— ноябрь 2025-жыл № 52 Жийде айылы
Жаңгакты айылындагы М. Аттокуров атындагы көчөнүн автоунаа жүрүүчү ички жолун оңдоп асфальт төшөө жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХII -сессиясынын күн тартибиндеги Жаңгакты айылындагы М. Аттокуров атындагы көчөнүн автоунаа жүрүүчү ички жолун оңдоп асфальт төшөө жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. Жаңгакты айылындагы М. Аттокуров атындагы көчөнүн автоунаа жүрүүчү ички жолун оңдоп асфальт төшөө үчүн айыл өкмөт башчысы С. Караевке райондук жана областык фонддор менен иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы салык жана мунципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага С. Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХIII- сессиясынын
Т О К Т О М У
29- декабрь 2025-жыл № 53 Жийде айыл
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын 9- айындагы аткарган иштери боюнча маалыматын угуу жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХIII — сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын 9— айындагы аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын 9— айындагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХIII- сессиясынын
Т О К Т О М У
29- декабрь 2025-жыл № 54 Жийде айыл
Ийри-Суу айыл аймагынын “2026–2030-жылдарга карата жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планын (ПКУПРУИК)” бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 25-августундагы № 87 буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топ тарабынан, Ийри-Суу айыл аймагындагы жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу, экологиялык тең салмактуулукту сактоо жана жайыт ресурстарын натыйжалуу башкаруу максатында, КРнын Жер кодекси, КРнын Суу кодекси, КРнын “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” министрлер кабинетинин №301 Токтому жана КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде ФАО уюму каржылаган “Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо” долбоорунун алкагында иштелип чыккан ПКУПРУИК планын долбоорун жана Ийри-Суу айыл аймагынын “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Карабековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Ийри-Суу айыл аймагынын “2026–2030-жылдарга карата жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планын” сунушталган долбоору бекитилсин.
2. Бекитилген пландар, айыл аймагынын өнүгүү программалары жана айыл өкмөтүнүн жылдык иш планы менен шайкеш келтирилип, тиешелүү иш-чаралар бюджеттик мүмкүнчүлүктөргө жараша этап-этабы менен ишке ашырылсын.
3. Пландардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча жоопкерчилик “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай куруу, КБФнун жерлерин ижарага берүүбоюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага С.Курманбеков.
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХIII- сессиясынын
Т О К Т О М У
29- декабрь 2025-жыл № 55 Жийде айыл
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү, Ийри-Суу айылдык Кеңешинин“ Ардак Грамотасы” “ Ыраазычылык кат” менен сыйлоо жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин(VIII чакырылышынын) кезексиз ХIII —сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү, Ийри-Суу айылдык Кеңешинин“ Ардак Грамотасы” “Ыраазычылык кат” менен сыйлоо жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.“Ийри-Суу” айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы Азимов Мырзакабылга, Маматов Абдраимге берилсин.
2. Ийри-Суу айылдык Кеңешинин “ Ардак Грамотасы ” менен Мусаев Бекболот, Көкүлов Ислам, Гүрңов Маратбек, Эргешов Айылчы Оморбекова Мастөрө, Кубатов Толкунбек, Айтиев Улукбек, Сыдыков Курманалы сыйлансын
3. Ийри-Суу айылдык Кеңешинин “ Ыраазычылык каты ” менен Мамашов Майрамбек, Сүйүнбаев Арстанали, Маматисаева Гүлипа, Баймурза уулу Эламан, Исманов Надир сыйлансын.
4.Ийри-Суу айыл аймагындагы Жангакты айылы 2025- жылдын жыйынтыгы менен“ Мыкты айылы ” деп табылсын. Ийри-Суу айылдык Кеңешинин “ Ардак Грамотасы ” менен сыйлансын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмеке тапшырылсын.
Төрага С.Курманбеков
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХIII- сессиясынын
Т О К Т О М У
29- декабрь 2025-жыл № 56 Жийде айылы
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чаңгет, Өстүрүү, Корс- Этти айылдарындагы кооптуу участоктордо жашаган жарнадарды коопсуз жайга көчүрүп чыгаруу боюнча Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.О.Караевтин сунуш катын кароо жөнүндө.
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз ХIII -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чаңгет, Өстүрүү, Корс- Этти айылдарындагы кооптуу участоктордо жашаган жарнадарды коопсуз жайга көчүрүп чыгаруу боюнча Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С. Караевтин сунуш катын кароо маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат,
1.Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 26- декабрь 2022-жылдагы № 01-19/ 497 сандуу катын, Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 08-декабрь 2025- жылдагы № 202 сандуу сунуш катын негизинде Төрт –Көл айыл аймагынан жер тилкесин алуу үчүн төмөндөгү жарандар сунушталсын
1) Исаев Сайдилла
2) Жумабаев Ниматилла
3) Абазов Зарыл
4) Жаныбаев Базарбай
5) Кубатбеков Талас
6) Мусурманкулов Тойчу
7) Пусурманкулов Акылбек
8) Абылкасымов Абдикалил
9) Молтоев Ырысбай
10 ) Шамиев Паридин
11) Акыев Каныбек
2.Токтомду аткарууга алуу жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С. О.Караевке жүктөлсүн.
3.Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага С. Курманбеков


