Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын X-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ №10/1
16.04.2026-жыл Өзгөн шаары
Бирдиктүү лизинг программасынын алкагында каржылоого багытталган долбоорду ишке ашыруу механизми менен атайын техника сатып алуу жөнүндө
Баш-Дөбө айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, “Баш-Дөбө” муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн атайын авто техникалардын жетишсиздигине байланыштуу XE150WD-дөнгөлөктүү эксковатор жана Самосвал 15т 270л.с атайын техникаларын лизинг аркылуу Ош облусунун мамлекеттик администрациясы тарабынан демилгеленген 48 айыл өкмөтүн бирдиктүү лизинг программасынын алкагында каржылоого багытталган долбоор аркылуу сатып алуу максатында Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эрмекбаев маалымат берип, талкууланып, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “XE150WD-дөнгөлөктүү эксковатор жана Самосвал 15т 270л.с” атайын техникаларын жалпы баасы 15 058 512( он беш миллион элүү сегиз миң беш жүз он эки) сом, 5 (беш) пайыз менен 5 жылдык мөөнөткө алууга макулдук берилсин.
2. “XE150WD-дөнгөлөктүү эксковатор жана Самосвал 15т 270л.с” атайын техникаларынын лизингтин жалпы суммасынан 30 (отуз) пайыз өздүк салым катары Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн эсебинен каралсын.
3. Алынган атайын техникалардын төлөмдөрүн өз убагында төлөм жүргүзүү жана жоопкерчилик жагы “Баш-Дөбө”МИ жетекчиси С.Тагаевге жүктөлсүн.
4.Финансылык ижара келишимине жана тиешелүү башка документтерге кол коюу укугу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эрмекбаевге берилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылсын
Төрага М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын X-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ №10/2
16.04.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кырман айылынын “Боз” (МТФ) участкасындагы №123 контурундагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жана мончо курууга макулдук берүү жөнүндө.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кырман айылынын “Боз” (МТФ) участкасындагы №123 контурундагы 1га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан, “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 13-май 2026-жылдагы “ 01-13/17 сандуу токтому чыккан. Аталган токтомго ылайык жер аянттарын муниципалдык баланска алуу жана муниципалдык мончо куруу жөнүндө талкуулап, айыл тургундарынын кайрылууларын канааттандыруу жана айыл өкмөтүнүн бюджетин толтуруу максатында Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 13-май 2026-жылдагы “ 01-13/17 сандуу токтому менен “ Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан, “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулган (трансформацияланган) айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кырман айылынын “Боз” (МТФ) участкасындагы №123 контурундагы 1га жер аянты Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүнмуниципалдык менчигине баланска алынсын.
2 Аталган жер аянтына калкты тейлөө үчүн муниципалдык мончо курууга макулдук берилсин.
3. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер, агрардык маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын X-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ №10/3
16.04.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн менчигинде турган “HUNDAI ROBEX” 1400 W-7 үлгүсүндөгү эксковаторду аукцион аркылуу сатуу жөнүндө
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн балансында турган“HUNDAI ROBEX” 1400 W-7 үлгүсүндөгү экскаватор техникалык жактан эскирип, оңдоп түзөө чыгымдары көбөйгөндүгүнө байланыштуу, муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана 2026-жылдын 8-апрелиндеги №1 протоколунун негизинде Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн балансындагы “HUNDAI ROBEX” 1400 W-7” үлгүсүндөгү экскаватордун баштапкы сатуу баасы 755000(жети жүз элүү беш миң)сом болуп белгиленгени эске алынсын.
2.Аукциондун жыйынтыгы боюнча эң жогорку баа сунуштаган жаран Улугбек угли Асатбекке 1255000 (бир миллион эки жүз элүү беш миң) сомго алууга макулдук берилсин.
3. Экскаваторду өткөрүп берүү, сатып алуу-сатуу келишимин түзүү жана тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык тариздөө милдети Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эрмекбаевке жүктөлсүл.
4.Экскаваторду сатуудан түшкөн акча каражаты белгиленген тартипте жергиликтүү бюджеттин кирешесине чегерилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айылдык кеңешинин бюджет,финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын X-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ №10/4
16.04.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүндѳ 2026-жылы үнѳмдѳлгѳн акча каражаттарын жумшоо жѳнүндѳ
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджеттинен 2026-жылы 6-айдын жыйынтыгы менен үнѳмдѳлгѳн 4422,7 (төрт миллион төрт жүз жыйырма экимиң жети жүз) сом акча каражаты боюнча токтом кылат.
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджеттинен 2026-жылы 6-айдын жыйынтыгы менен үнѳмдѳлгѳн 4422,7 (төрт миллион төрт жүз жыйырма экимиң жети жүз) сом акча каражаты тѳмѳнкү бѳлүмдѳргѳ жумшалсын.
1.Башкаруу тармагына 2215-статьясына 1000.0
3112-статьясына 479.5
2. Бала-Бакча тармагынын атайын каража 2218-статьясына443.2
3. ЖКХ тармагына 2215-статьясына 1500.0
3111-статьясына 1000.0
4.Ушул токтомдун аткаруу жагы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эрмекбаевке жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын X-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ №10/6
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтү киреше жана чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүлѳрдү киргизү жѳнүндѳ
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин Турак-жай-коммуналдык чарба, Аппарат, Китепкана, Социалдык коргоо, Орто мектеп жана Бала бакча бѳлүмүнүн ичиндеги киреше жана чыгаша бѳлүгүнѳ зарылчылыка байланышту ѳзгѳртүүлѳрдү киргизү боюнча бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы угуп жана талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Жергиликтүү бюджеттин Турак-жай-коммуналдык чарба, Аппарат, Китепкана, Социалдык коргоо, Орто мектеп жана Бала бакча бѳлүмдѳрүнѳ ѳзгѳртүлѳр киргизилсин.
2.Токтомдун аткарылышы боюнча айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы Ѳ.Шамурзаевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/1
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
“Баш-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеш” мекемесин түзүү жөнүндө
Кырыгыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрыныдагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги №257 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчилике алып, Баш-Дөбө айылдык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Баш-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши.
-Расмий тилде: Учереждение “Айылный кеңеш Баш-Добо”.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
— Мамлкеттик тилде: “Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеши” М-и
-Расмий тилде: У-е “Айылный кеңеш Баш-Добо”
1.“Баш-Дөбө айыл өкмөтү” мекемесине регламенди бекитилсин.
2. “Баш-Дөбө айылдык кеңеши” мекемесинин жетекчиси М.Тагайкулов бекитилсин.
3. “Баш-Дөбө айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн шаары, Б. Жапаров көчөсү, №11. болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага; М.Тагайкулов
РЕГЛАМЕНТИ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.Баш-Дөбө айылдык кеңеши
2. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
3. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
4. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
5. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
6. Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
7. Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуукомиссиялары
8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарымукуктары
9. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
11. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
12. Депутаттык топтор
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
13. Айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
14. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишинпландаштыруу
15. Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жанаөткөрүүнүн тартиби
16. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
17. Сессиянын күн тартиби
18. Айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугужана милдети
19. Депутаттык этика
20. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
21. Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардынкатышуу тартиби
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
22. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпыталаптар
23. Айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүнтартиби
24. Айылдык кеңештин сессияларында маселелердикароонун тартиби
25. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
26. Жарыш сөз (талкуулоо)
27. Айылдык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу
28. Добуш берүү жана анын түрлөрү
29. Эсептөө комиссиясынын иши
30. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришининтартиби
31. Айылдык кеңештин сессиясынын жана аныноргандарынын протоколу
32. Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышынкөзөмөлдөө
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
33. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүнтартиби
34. Айылдык кеңештин айыл аймактын тургундарынынэлдик ченем чыгаруу демилгесин кароо
35. Айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдарыменен өз ара аракети
36. Айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдары мененөз ара аракети жана кызматташтыгы
37. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
38. Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
39. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
40. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүүнүн тартиби
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин бул Регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Баш-Дөбө айылдык кеңеши
1.1. Баш-Дөбө айылдык кеңеши – айыл аймакта жашаган жарандар тарабынан жалпыга бирдей, тең, түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу
5 жылдык мөөнөткө шайланган, 21 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялдык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.2. Баш-Дөбө айылдык кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш), Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде айыл аймагынын калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди чечет жана ал чечимдердин аткарылышына көзөмөл кылат.
1.3. Айылдык кеңештин сессиялары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар айылдык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.5. Айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартибин, жол-жобосун жана анын ишин уюштурууну аныктайт.
1.6. Айылдык кеңештин өзүнө таандык мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
2. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер каралат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестринбекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилеринменчиктештирүү программасын бекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга жана ижарага берүүгө макулдук берүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алуугамакулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунунтартибин белгилөө.
5) айыл өкмөтунүн иши жөнүндө айыл өкмөтбашчысынын отчетун угуу;
6) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосунакиргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүшбоюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештинтөрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келгенчечимдерин жокко чыгаруу;
8) кеңештин регламентин бекитүү;
9) айылдык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
10) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардынкурамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
11) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүккылуу;
12) ичүүчү сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү;
13) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;
14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
17) айыл аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
18) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
19) айыл аймагынын тургундарынын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча программаларын планын бекитүү;
20) айыл аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
21) айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
22) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
23) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
24) айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында айыл өкмөтү менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
25) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
26) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды айыл өкмөтунө тапшыруу;
27) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
30) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
3. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
3.1. Айылдык кеңештин төрагасы сессиядадепутаттардын ичинен жашыруун добуш менен айылдыккеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордунашайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү депутаттык топко таандык.
3.3. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордунаталапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштагандепутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арызберүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
3.4. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалыккылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана алардыжашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүнэсептөө комиссиясына берилет.
3.5. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордунаталапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардынсуроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 3-5 мүнөткө, суроолорго жоопберүү үчүн 3-5 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 3-5мүнөткө чейин сөз берилет.
3.6. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордунаталапкер добуш берүү жол-жоболору башталганга чейинөзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучугадобуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюужөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добушберүүсүз кабыл алынат.
3.7. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөөкомиссиясы айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордунаталапкерлер боюнча маалыматты (Ф.А.А) жашыруун добушберүү үчүн бюллетенге киргизет.
3.8. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, төраганы шайлоо боюнча кворум түзүлдү деп эсептелет.
Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер төрага болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
— бир талапкер катталса, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштарын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
— эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
— экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында ушул пунктта каралбаган башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо, эгерде:
— кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
— эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
4. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
4.1. Айылдык кеңештин төрагасы:
— айылдык кеңештин сессияларын чакырат жана алыпбарат;
— айылдык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессиягачыгарат;
— айылдык кеңештин сессияларын даярдоого жалпыжетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо жанаалар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн туруктуукомиссияларга жөнөтөт;
— айылдык кеңештин сессиясынын кароосуначыгарылган маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт;
— айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
— айылдык кеңештин токтомдоруна кол коет жанаалардын жарыяланышына жана аткарылышына көзөмөлжүргүзөт;
— айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуукомиссияларынын ишин координациялайт;
— айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттеринаткаруусун көзөмөлдөйт;
— депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгөашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардыналдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтарменен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жанамилдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелердикарайт;
— айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишининачык-айкындыгын камсыз кылат;
— мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандарменен болгон мамиледе айылдык кеңештин атынан чыгат;
— айылдык кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жанатиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактарменен өз ара аракеттерин уюштурат;
— айылдык кеңештин, анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоожана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
— мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынынмамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарыныйгаруу жөнүндө өтүнүч берет;
— ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктукактыларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.2. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүнкомпетенциясынын чектеринде тескеме (буйрук) чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал айылдыккеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жоккочыгарылышы мүмкүн.
5. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
5.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары/басарлары айылдык кеңештин ыйгарым укугунунмөөнөтүнө төраганын берген сунушу боюнча айылдыккеңештин сессиясында депутаттардын ичинендепутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу мененшайланат. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын/басарларын шайлоодо добуш берүү ачык же жабыкболоорун ошол сессияда депутаттар чечет.
Айылдык кеңештин төрагасынын 1 орун басары болот.
5.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзишин коомдук башталышта аткарат.
5.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
—айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларынаткарат;
—айылдык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда төраганын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле төраганын тапшыруусу боюнча сессияларды алып барат;
6. Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурдатоктотуу
6.1. Айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары/басарлары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондойэле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөнмурда токтотот. Мындай учурда төрага жана анын орун басары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуужөнүндө маселесин жазуу жүзүндө кеңешке кайрылат. Мындай учурда ачык добуш берүү аркылуу депутаттардынжалпы санынын көпчүлүк добушу менен өтүнүч кабылалынат.
6.2. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештинсессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу мененайылдык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басарыээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушумүмкүн. Айылдык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе эңкем дегенде депутаттардын жалпы санынын үчтөн бирининдемилгеси боюнча киргизилет.
6.3. Айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурдабошотуу тууралуу чечим депутаттардын жалпы санынынүчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен, ал эмитөраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуутууралуу чечим, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүкдобушу менен кабыл алынат. Бул учурда добуш берүүнүначык же жашыруун болушун ушул Регламентте белгиленгентартипте аныкталат.
7. Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуукомиссиялары
7.1. Айылдык кеңештин карамагына киргенмаселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондойэле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, айылаймагында жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынанаткарылышына контролдук кылуу үчүн туруктуукомиссиялар түзүлөт. Зарыл болгон учурда айылдык кеңештарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшүмүмкүн.
Айылдык кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүүтуруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, сессияда каралышы мүмкүн эмес.
7.2. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештинтүзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана айылдык кеңештиныйгарым укугунун мөөнөтүнө токтом кабыл алуу менентүзүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүкдобушу менен бекитилет.
7.3. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештиндепутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардынкурамына кеңештин төрагасы жана анын орун басарышайлана албайт.
7.4. Туруктуу комиссиянын сандык курамы: 3депутаттан кем болбоого жана 7 депутаттан көп болбооготийиш.
7.5. Айылдык кеңештин депутаты бир гана туруктуукомиссияга мүчө боло алат жана туруктуу комиссиялардынмүчөлөрү бирдей укукка ээ. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарымукуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондойэле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербегенжагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушумүмкүн.
7.6. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүнкурамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушуменен комиссиянын төрагасын жана орун басарыншайлашат.
7.7. Комиссиянын төрагасы жана орун басары өзүнүнмилдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда комиссиянынкөпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыданшайланышы мүмкүн.
7.8. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин алдындажоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктаганданкийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө айылдыккеңешке отчет беришет.
7.9. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, айылдык кеңеш жаңы туруктуукомиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жанакайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгөукугу бар.
8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларыныныйгарым укуктары
8.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларыөздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде карамагынакирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароонуишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен алардыкеңештин кароосуна киргизет;
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жанаөндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоомаселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
2) айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынганчечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;
3) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көзкарандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүнжана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
4) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жананатыйжалуулугун аныктоо максатында айылдык кеңешкабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингинжана аларга баа берүүнү айылдык кеңеш белгилегентартипте туруктуу негизде жүргүзөт.
8.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүнкарамагына кирген маселелер боюнча айыл өкмөтунүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердинжетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.
8.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнөкараштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жанамекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгөукуксуз.
9. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
9.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындарыкомиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
9.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясынакирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
9.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулукүчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптартуруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушулРегламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
9.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жатканмаселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурдатуруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруунжыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
9.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасыжана анда каралуучу маселелер тууралуу 3 жумушчукүндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, айылдыккеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
9.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүнжарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болупэсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүнжөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгесименен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөнбиринин, айылдык кеңештин төрагасынын талабы боюнчада комиссиянын жыйынын чакыра алат.
9.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчүдобуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмесдепутаттардын, ошондой эле айылдык кеңештинтөрагасынын жана анын орун басарынын, айыл өкмөтбашчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланганмаселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселебоюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
9.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуукомиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басарыкол коет.
9.10. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларыныништерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу(орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсызкылуу) кеңештин аппаратына жүктөлөт.
9.11. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагынакирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасыбоюнча туруктуу комиссиялардын кошмо жыйыныуюштурулушу мумкүн.
10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарымукуктары
10.1. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
1) комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат;
2) комиссиянын дарегине келип түшкөн документтержөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуукатчы аркылуу маалымдайт;
3) комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, айылдыккеңештин төрагасы менен бирдикте бир жылга туруктуукомиссиянын иш планын түзөт;
4) туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдиктекомиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорунтүзөт;
5) комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоонууюштурат;
6) комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жанадокументтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
7) жыл сайын айылдык кеңештин сессияларындатуруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндөотчет берет.
11. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
11.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүтөмөндөгүлөргө укуктуу:
1) туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүнсунуштарды киргизүүгө;
2) комиссиянын иш планы, комиссиянынжыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучумаселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнчасунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
3) комиссияда каралып жаткан маселелер боюнчакызмат адамдарынын жана башка адамдардынмаалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунушкиргизүүгө;
4) комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынындолбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
5) өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
6) комиссиянын компетенциясына кирген маселелербоюнча маалымат алууга.
11.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүтөмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
2) өзү мүчөсү болуп саналган туруктуукомиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден уламкатышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурдакомиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө;
3) айылдык кеңештин жана анын комиссияларынынкомпетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;
4) ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашыруугаактивдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларынаткарууга.
12. Депутаттык топтор
12.1. Депутаттык топтор —айылдык кеңештин үчтөн кем эмес депутаттарынын бирикмеси.
12.2. Депутаттык топ анын түзүлгөнү, аталышы, курамынын тизмеси, лидеринин фамилиясы жөнүндөжарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
12.3.Депутаттыктоп ушул Регламенттин негизинде ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат.
12.4. Депутаттык топ алар боюнча саясий көз карашын аныктоо үчүн айылдык кеңеш карай турган маселелерди алдын ала кароого укуктуу.
12.5. Депутаттык топтун иши төмөнкү учурлардатоктотулат:
— айылдык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
— айылдык кеңеш өзүн өзү таратканда.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
13. Айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
13.1. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчисессиясы мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрагасытарабынан (эгерде мыйзамда башкача жазылбаса) шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыялангандан кийинэки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.
Биринчи сессияны даярдоону айылдык кеңештинаппараты (жоопту катчы) жүргүзөт.
13.2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы (мынданары катчы) биринчи сессияга 3 күн калганга чейиндепутатка төмөнкү маалыматтарды жиберет:
— жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты;
— жоопту катчынын байланыш телефондорун;
— сессия өтүүчү жайды жана убактысын.
13.3. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын тиешелүүайылдык кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат, кеңештин төрагасы шайланганча сессияны алып барат.
13.4. Айылдык кеңештин сессиясы депутаттардынжалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүүболот.
13.5. Төрагалык кылуучу айылдык кеңешке шайлоонуннатыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүнаймактык шайлоо комиссиянын төрагасына сөз берет.
13.6. Аймактык шайлоо комиссиясынынтөрагасы айылдык кеңештин депутаттарына белгиленгенүлгүдөгү мандатын ырастоочу күбөлүк жана төш белгинитапшырат.
13.7. Айылдык кеңештин депутатынын ыйгарымукуктары мандат тапшырылган күндөн тартып башталат.
13.8. Жаңы чакырылыштагы айылдык кеңештиндепутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийинтөмөнкү маселелерди биринчи кезекте кароого тийиш:
— төраганы жана анын орун басарын шайлоо үчүнэсептөө комиссиясын түзүү;
— төраганы жана анын орун басарын / орун басарларыншайлоо;
— айылдык кеңештин чечими боюнча биринчи кезектекаралуучу маселелердин катарына башка да маселелеркиргизилиши мүмкүн.
13.9. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонунирети сессиянын күн тартибинде аныкталат.
14. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишинпландаштыруу
14.1. Айылдык кеңеш, анын туруктуу комиссиялары ишпланын бир жылга түзөт. Айылдык кеңештин иш планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинкисессиянын күн тартибине киргизилет.
14.2. Айылдык кеңештин иш планы айылдык кеңештинтөрагасынын орун басары/орун басарлары, туруктуукомиссиялардын төрагалары, жооптуу катчысы мененбирдикте айылдык кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша айыл аймагында жайгашкануюмдардын, ишканалардын жана мекемелердинжетекчилери чакырылат.
14.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын ишпланы айылдык кеңештин иш планынын негизиндетуруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, жооптуу катчысы, айылдык кеңештин төрагасы менен бирдикте түзүлөт.
14.4. Иш планга бир жыл аралыгында айылдыккеңештин сессияларында, туруктуу комиссиялардынжыйындарында карала турган маселелер киргизилет.
14.5. Айылдык кеңештин курамы, туруктуукомиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары айылаймагындагы маалымат такталарына документтердинкөчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу айыл аймагынынтургундарына маалымдалуусу шарт.
15. Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жанаөткөрүүнүн тартиби
15.1. Айылдык кеңештин сессиясы карамагына киргенмаселелерди коллективдүү талкуулоо жана ал боюнчатийиштүү чечим кабыл алына турган, ишинин эң негизгиуюштуруучулук-укуктук формасы болуп саналат.
15.2. Айылдык кеңештин сессиясы дептуттардынжалпы санынын жарымынан көбү катышканда укукченемдүү (кворум) болот.
15.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 5мүнөттүн кийин кворум болбосо, төрага 10 мүнөткөтыныгуу жарыялайт. Эгерде тыныгуудан кийин да кворум камсыз кылынбаса, анда сессия кворум жоктугунабайланыштуу башка убакытка жылдырылат.
15.4. Айылдык кеңештин сессиясын төрага чакырат:
— өзүнүн демилгеси боюнча;
— дептуттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин (жазуу жүзундөгу) демилгеси боюнча;
— айыл өкмөт башчысынын сунушу боюнча;
— жергиликтүү мамлекеттик администрациясынынбашчысы — акимдин сунушу боюнча.
15.5. Айылдык кеңештин сессиясы кварталына биржолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттөчакырылуучу сессиялардан тышкары, кезексиз сессияларөткөрүлүшү мүмкүн.
15.6. Айылдык кеңештин сессиясы коомчулук үчүначык болуп саналат. Сессияга ушул Регламентте каралгантартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
15.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдаргаылайык мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналса, айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабылалышы мүмкүн.
15.8. Айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуужарыя сессияга чейин 3 календардык күндөнкечиктирилбестен, депутаттарга, айыл аймагынынтургундарына жеткиликтүү, көрүнүктүү жерлерге илинүүгөтийиш.
15.9. Айылдык кеңештин сессиясына катышуучудепутаттардын саны каттоонун натыйжалары боюнчааныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысыкөрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же кеңештин төрагасында) сакталат.
15.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынаылайык тиешелүү документ менен тастыкталган ооруу, ишсапары жана башка себептер сессияга депутаттын катышпайкалышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындайучурда депутат кеңештин төрагасына сессияга катышпайкалышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документтитапшырат.
15.11. Сессияларга бир жыл аралыгында төрт жолуданашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутатка карата, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуменен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуучечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенденкийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарынтоктотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
16. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
16.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн айылдыккеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же айыл өкмөтбашчысынын, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациясынын башчысы-акимдин жанадепутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин сунушубоюнча кезексиз сессия чакырууга укуктуу.
16.2. Кезексиз сессияны чакыруу боюнча кеңештинтөрагасынын сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүүжана аны чакыруунун зарылдыгын негиздеген маалымдамадепутаттарга жөнөтүлөт.
16.3. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөнтартып сессияга чейин 5 календардык күн мурунчакырылат. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жаначакырылган адамдарга кезексиз сессияга чейин 3 календарлык күн мурун таркатылат.
16.4. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда айылдыккеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдардыжана айыл аймак тургундарын маалымдоонун мөөнөтүнсактабастан кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
17. Сессиянын күн тартиби
17.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору айылдыккеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, айыл өкмөт башчысынынсунуштарынын негизинде сессия күнунө чейин 5 күн мурдатүзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурлардакечиктирилгис түрдө түзүлөт.
17.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алартуруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарындаалдын ала каралгандан кийин жана алар айылдык кеңештинтуруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары мененмакулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
17.3. Өткөрүлө турган жайы жана убактысын белгилөөменен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күнтартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгонтоктомдордун долбоорлору жана башка документтер мененматериалдар сессия башталганга чейин 3 календардыккүндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдаргажөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурдамаалымат такталарына жайгаштырылат.
17.4. Эгерде айылдык кеңештин депутаттары зарыл депэсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбооружергиликтүү маалымат булактарына жарыя кылынат.
17.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору төрагатарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
17.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күнтартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилиши мүмкүн.
17.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күнтартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоотууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурдатуруктуу комиссияларында каралган болсо гана, катышкандепутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
18. Айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттынукугу жана милдети
18.1. Айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргөукуктуу:
—кеңештин органдарын шайлоого жана аларгашайланууга;
—кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүнмаселелерди сунуш кылууга;
—жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап мененкайрылууга, баяндамачыга суроолорду берүүгө;
—кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынынсессияда отчетун угуу, ошондой эле башка органдардынжана кызмат адамдарынын компетенциясына киргенмаслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнчасунуштарды киргизүүгө;
—өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добушберүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушулРегламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
18.2. Айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргөмилдеттүү:
-ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жанасессияга толук катышууга;
—регламентти, сессиянын күн тартибин жана төраганынукук ченемдүү талаптарын сактоого;
-колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөгө;
—жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
—чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттергечакырбоого, жалган маалыматтарды пайдаланбоого;
-сессия учурунда сыртка чыгууда төрагадан уруксаталууга.
18.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурдадепутаттын мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралышымүмкүн.
18.4. Айылдык кеңештин депутаты анын жекекызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, биртуугандары үчүн материалдык жактан пайдалуумаселелелер кеңештин сессияларында каралган учурдакатышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
19. Депутаттык этика
19.1. Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарымукуктарын аткарган учурда жеке жана коомдуккызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттүү.
19.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралганучурда депутат өзүн депутаттык этиканын кодексинеылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүнак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашыүчүн аракет кылууга тийиш.
19.3. Айылдык кеңештин, туруктуу жана убактылуукомиссиянын жыйындарында кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө төраганынэсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркыталкуулоодон жана добуш берүүдөн четтөөгө тийиш.
19.4. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулганучурда регламент боюнча тиешелүү туруктуу комиссия тарабынан талкууланып, корутундусу кеңештинкароосуна сунуш кылынууга тийиш.
19.5. Сессияларда, жыйындарда чыгып сүйлөгөндепутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоолорду айтпоого, ар-намыс, кадыр-барк жанаишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалганмаалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.
20. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
20.1. Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму мененсессияны өткөрүүгө жолтоо болсо, төраганын эскертүүсүнэске албаса, башка депутаттар же сессиянынкатышуучулары менен кайым айтышса, талкууланганмаселеден башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттинжоболорун бузса, ага карата төмөнкүдөй чараларколдонулушу мүмкүн:
-эскертүү;
-сессиянын аягына чейинки мөөнөткө сөз бербөө.
20.2. Эскертүүгө карабай кайрадан тартип бузуулар болсо, ага карата жыйын залынан чыгарылат жана мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү этика боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна берилет.
20.3. Депутатка жана сессияга катышкандарга карата колдонулган чаралар сессиянын протоколунда белгиленүүгөтиийиш.
21. Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу(убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби
21.1. Айыл өкмөт башчысы, ошондой эле айыл аймактаиш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар сессияларга жана туруктуукомиссиялардын жыйындарына атайын уруксат алуусузкатышууга укуктуу.
21.2. Жогоруда аталган адамдар сессияга жана/же анынорганынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоожурналына аларды каттайт жана алар жөнүндөмаалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколунакиргизет.
21.3. Айылдык кеңештин депутаты болуп саналбаганадамдардын маалыматтары
(аты-жөнү, жашаган жери, кызматы) катчы тарабынаналарды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүнтөрагага берилет.
21.4. Сессияга жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жанаРегламентти бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралутааныштырылат.
21.5. Сессияга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардынжыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындарзалында атайын орун бөлүнөт. Эгерде катышуучулардынсаны көп болуп, сессия, жыйындар залына батпаса аталганадамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк биркөчөдөн, бир кварталдан, бир айылдан, бир уюмдан, бирмекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушумүмкүн.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
22. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучужалпы талаптар
22.1. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жанабуйрук (тескеме) түрүндө жалпы депутаттардын копчулукдобушу менен кабыл алынат, айрым маселелр боюнчакенештин чечимдери жалпы депутаттардын учтөн экидобушу менен кабыл алынат. Кабыл алынган токтом, буйруктарга (тескемелерге) — кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда төраганын орун басары кол коет.
22.2 Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары — токтом түрүндө, ал эми башка актылары — буйрук (тескеме) түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүүаймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
1) Айылдык кеңештин токтомдору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленгентартипте күчүнө кирет.
2) Айылдык кеңештин башка актылары, эгердеактынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынганкүндөн тартып күчүнө кирет.
22.3. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарымукуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдыккеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабылалат.
Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгердеактылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабылалынган күндөн тартып күчүнө кирет.
22.4. Айылдык кеңеш белгилүү бир маселе боюнчаөзүнүн көз карашын билдирүү үчүн айылдык кеңештинкайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алууга укуктуу.
22.5. Айылдык кеңештин чечимдери алар кабылалынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготтудеп табылышы мүмкүн.
22.6. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабылалынган айылдык кеңештин токтомдору айыл аймактажашаган бардык жарандар, ошондой эле менчигининтүрүнө карабастан баардык ишканалар, уюмдар жанамекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
22.7. Айылдык кеңештин токтому менен таанышууачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат такталарындажайгаштыруу аркылуу жана «Маалымат алуу укугужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралганбашка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
23. Айылдык кеңешке токтомдун долбоорункиргизүүнүн тартиби
23.1. Айылдык кеңештин сессиясына киргизилүүчүдокументтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылуугатийиш:
— тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардынтөрагалары жооптуу катчы менен бирге даярдалган жанаайылдык кеңештин төрагасы менен макулдашылгантоктомдун долбоору;
— токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме(маалымат);
— салыштырма таблица (колдонуудагы токтомгоөзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
— тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардынкорутундусу же чечими;
— экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.
23.2. Айылдык кеңештин токтому мамлекеттик тилдеал эми зарыл болгон учурда расмий тилде да киргизилетжана кабыл алынат. Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана айылдык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу айылдык кеңештин чечими болсо, токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
23.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.
24. Айылдык кеңештин сессияларында маселелердикароонун тартиби
24.1. Айылдык кеңештин сессияларында күн тартибинекиргизилген жана сессиянын ишинин башталышындаайылдык кеңештин депутаттары тарабынан күн тартибинекошумча киргизилип, бекитилген маселелер каралат.
24.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнчамаселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароотапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасыбаяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызматадамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндөмаалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо мененмаселе кийинки сессияга жылдырылат.
24.3. Айылдык кеңештин депутаты сессияда каралыпжаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунажазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жанасунуштарын берүүгө укуктуу.
24.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардынкорутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жанаоозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
24.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачыкорутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттардобуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунушберүүгө укуктуу.
24.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдундолбоорунун текстине депутаттардан сунуштар келиптүшсө, төрага депутаттардын бардык сунуштарын түшкөнирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпысанынын көпчүлүгү добуш менен депутаттын сунушу кабылалынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунунтекстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынынкөпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды депэсептелинет.
24.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуукиргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алууменен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдундолбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылдыдеп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбооруайылдык кеңештин кезектеги сессиясына 3 айдан кийингана киргизилиши мүмкүн.
24.8. Айылдык кеңештин депутаттары талкуулоонунжыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнчабаяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралыпжаткан маселени баяндамачы толук эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, айылдык кеңештин кийинки сессиясына киргизүүукугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүүтууралуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуменен чечим кабыл алууга укутуу.
24.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралыпжаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуубилдирүү менен төрагага расмий түрдө жазуу же оозекитүрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуутоктотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессиядакаралууга жатат.
25. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
25.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүнтүрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:
—баяндама 5-10 мүнөткө чейин;
—баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн 3-5мүнөткө чейин;
—күн тартибин талкуулоо үчүн 3-5 мүнөткө чейин;
—талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөзүчүн 3-5 мүнөткө чейин;
—шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсүүчүн 3-5 мүнөткө чейин;
—талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгөчыгып сүйлөө үчүн—3-5мүнөткө чейин;
—добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн3-5 мүнөткө чейин;
—жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгыпсүйлөө үчүн 3-5 мүнөткө чейин;
—сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылууларүчүн 3-5 мүнөткө чейин;
—кайталап сөз сүйлөө үчүн 3-5 мүнөткө чейин;
25.2. Депутаттардын макулдугу менен төрага чыгыпсүйлөөлөрдүн убактысын 10 мүнөткө чейин узартууга укугубар.
25.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиденашык сөз сүйлөөсүнө жол берүү добуш менен чечилет.
25.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгыпсүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.
25.5. Депутат жыйында төрага тарабынан өзүнө сөзберилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
25.6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагага жазуу түрүндөже оозеки түрүндө берилет.
25.7. Айыл өкмөт башчысы, райондун акими жана анынорун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөөүчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
25.8. Төрага тарабынан сессиянын ишине 10 мүнөткөчейинки кезексиз тыныгуу жарыяланышы мүмкүн.
25.9. Баш аламандык пайда болгондо жана анытоктотууга мүмкүн болбой калган учурда төрага 10 мүнөткөчейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишинкайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагасессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүүубакытка же күнгө которууга укуктуу.
26. Жарыш сөз (талкуулоо)
26.1. Төраганын уруксаты жок сессияда эч кимдин сөзсүйлөөгө укугу жок.
26.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланыпжаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгыпсүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрага ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурдатөрага чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселенидобушка коюуга укугу бар.
26.3. Төрага жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунушкелип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнүкаалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылыпжатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарышсөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
26.4. Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөзсүйлөй албай калган депутат төрагага сүйлөөчү сөздөрүнүнтекстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгөукугу бар.
27. Айылдык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу
27.1. Айылдык кеңештин сессиясы депутаттардынжалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү. Айылдык кеңеш чечимди айылдык кеңештиндепутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу мененкабыл алат.
27.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындакаралган учурларда айылдык кенеш айрым маселелербоюнча жалпы депутаттардын санынын учтөн экисининдобушу менен чечим кабыл алат.
27.3. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүкдобуштары менен жол-жобо (процедуралык) маселелерибоюнча чечимдер кабыл алынат.
28. Добуш берүү жана анын түрлөрү
28.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларынаныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөрпайдаланылат:
—айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 21; (мисалы: 11, 21, 31, 41 депутат)
—сессияга катышкандардын саны – каттоодон өткөндепутаттардын саны.
28.2. Айылдык кеңеш сессияларда ачык жанажашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабылалат:
—ачык добуш берүү — депутаттардын кол көтөрүүсүаркылуу;
—жашыруун добуш берүү — депутаттар атайын кабинадабюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилгенүкөккө салуу аркылуу жүргүзүлөт.
28.3. Айылдык кеңештин депутаты добуш берүүгөөзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добушберүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жолменен өткөрүп берүүсүнө, онлайн добуш берүүсүнө жолберилбейт.
28.4. Айылдык кеңештин депутаты чечим кабыл алууүчүн “макул” же “каршы” добуш бере алат. Бир маселебоюнча депутат бир гана добушка ээ.
28.5. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат добушберүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугужок. Жыйындар залында катышып олтурган шарттадепутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добушберүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болупсаналбайт.
28.6. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыяланганданкийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
29. Эсептөө комиссиясынын иши
29.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана аныннатыйжаларын белгилөө үчүн депутаттар эсептөөкомиссиясын түзушөт. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүдепутаттардан турат жана так санда болуусу шарт.
29.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынанэсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысыншайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынынмүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт.
Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоожөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосундамилдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынынчечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабылалынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол айылдык кеңештин депутаттарынын жалпысанынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
29.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерайылдык кеңештин чечими менен сунуш кылынган жанабекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынандайындалат, анын саны айылдык кеңештин депутаттарынынсанына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде“макул”, “каршы”, деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.
29.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүнкабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруунбилдирүү үчүн шарттарды түзөт.
29.5. Добуш берер алдында эсептөө комиссиясыайылдык кеңештин бардык депутаттарынын катышуусундадобуш берүүчү үкөктү бекитет.
29.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бирбюллетень алып, жашыруун добуш берүү үчүнбюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүнфамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добушберүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.
29.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөөкомиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинетжана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынынтөрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуужок кылынат.
29.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисизформадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркинбилдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендержараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилгентолуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.
29.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжаларыжөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөөкомиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлатжана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыякылат.
29.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунуннегизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабылалынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыякылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктарыжөнүндө протокол айылдык кеңештин токтому мененбекитилет.
30. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришининтартиби
30.1. Айылдык кеңештин жоопту катчысы баяндамачыменен бирдикте айылдык кеңеш чечим кабыл алган маселебоюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөнбаштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.
30.2. Айылдык кеңештин төрагасы кабыл алынгантоктомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүнаралыгында кол коёт.
30.3. Документти жол-жоболоштурган учурдаграмматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынгантоктомдун мазмуундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкдокументти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликкетартылат.
30.4. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүнрасмий жарыяланууга тийиш:
— айыл аймакта кыйла кеңири таралган, белгиленгентартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен айылдыккеңеш аныктаган басылмаларда же атайын көрүнүктүүжерлерде (такталарда, стенддерде);
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облусунуныйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикоргандын расмий веб-сайтында.
30.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик тилде ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырдыкамтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмесбаяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
30.6. Ченемдик укуктук актынын расмийжарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылмажарыкка чыккан күн эсептелинет.
30.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күнөткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердикти жөнгө салгантоктом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөнкийин күчүнө кирет.
30.8. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоонутөмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен айылдык кеңештинтоктомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүүаркылуу жооптуу катчы ишке ашырат:
— актынын түрүн көрсөтүү;
— ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуупредметин билдирген аталыш;
— кабыл алынган жери жана датасы;
— каттоо номери.
30.9. Расмий жарыяланган күнү айылдык кеңештинтоктомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө экинускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жанаэлектрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүүменен ченемдик укуктук актыларын 7 жумушчу күндүничинде Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
30.10. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүкабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңиримаалымдоону камсыз кылуу үчүн айыл аймактын маалыматилинүүчү такталарына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.
31. Айылдык кеңештин сессиясынын жана аныноргандарынын протоколу
31.1. Айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу(убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт, ага катар номери берилет.
31.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорунжүргүзүү жана жол-жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүүжана сактоо үчүн кеңештин жооптуу катчысы тарабынанжүргүзүлөт. (Жооптуу катчы каралбаган айылдык кеңештепротоколду айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жүргүзөт).
31.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизгибөлүктөрдөн турат:
а) айылдык кеңештин сессияларынын жыйындарынынпротоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду, айылдык кеңештинчакырылган жылы, айылдык кеңештин депутаттарынынжалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси өзүнчө тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамычагылдырылат;
б) негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөржана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлганмаселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынганчечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумчаматериалдар чагылдырылат.
31.4. Депутаттардын фамилиялары алардынфамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштегенордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүүменен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүкатышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаганжери көрсөтүлөт.
31.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктаганданкийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, ага айылдык кеңештин төрагасы жана жооптуу катчытарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алараяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана жооптуукатчы тарабынан кол коюлат.
31.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы айылдыккеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдаргапротоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн берет, алар көчүрүп алууларды жүргүзөт.
31.7. Айылдык кеңештин сессияларында жана туруктуу(убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар айылдыккеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.
31.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түпнускалары жооптуу катчыда сакталат. Жыйындардын жанасессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери айылдыккеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгындасакталат. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары аяктагандасессиялардын, жыйындардын протоколдору жана алардынтиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.
31.9. Айылдык кеңештин жабык сессиясынынматериалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.
32. Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышынкөзөмөлдөө
32.1. Айылдык кеңештин ар бир токтомунда токтомдокөрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызматадамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышынконтролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.
32.2. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндөмаалымат угулгандан кийин, айылдык кеңештөмөндөгүлөргө укуктуу:
— аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;
— аткарылган катары токтомдун айрым пункттарынконтролдон алып коюу;
— ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;
— башка кызмат адамына же органга контролдооыйгарым укуктарын жүктөө;
— токтомду жокко чыгаруу;
— токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү;
— кошумча токтомду кабыл алуу.
32.3. Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдунөзүндө көрсөтүлөт. Айылдык кеңештин төрагасы токтомдунаткарылышы үчүн контрол жүктөлгөн кызмат адамына же органга айылдык кеңештин сессиясында анынаткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнүтапшырууга укуктуу.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
33. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жанабекитүүнүн тартиби
33.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жанаайкындыгын, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардынкатышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунуннатыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуумаксатында айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттиндолбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттинаткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча айылдыккеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенгечейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгөжана аны уюштурууну жана өткөрүүнү айыл өкмөтбашчысына тапшырууга укуктуу.
33.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардыннатыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жанаанын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткенучурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардынмүчөлөрүнө, айылдык кеңештин депутаттарына маалыматбулагы катары кызмат кылат.
33.3. Айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы айыл өкмөтүнөн, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалыкжактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурундажана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардыкмаалыматтарды суратып алууга жана өзүнүнжыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдукугуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечитопторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдарадамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
33.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүнзарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
33.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттиндолбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана айылөкмөтүнүн отчетун угат, коомдук угуулардынкатышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардантүшкөн сунуштарды эске алуу менен айылдык кеңештинсессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусунберет.
33.6. Айылдык кеңештин сессиясында жергиликтүүкоомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүүбюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнчабюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтунүн отчету каралат.
33.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу айылдыккеңештин токтому жергиликтүү ЖМК гезити аркылуужалпыга жайылтууга жатат жана документтердинкөчүрмөсү маалымат тактайларына жайгаштырылат.
34. Айылдык кеңештин айыл аймактагы тургундардынэлдик ченем чыгаруу демилгесин кароо
34.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү жамаатынуставына ылайык жарандар элдик ченем чыгаруудемилгесине ээ.
34.2. Жергиликтүү жамаат тарабынан айылдыккеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламенттебелгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдикукуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуукомиссия тарабынан каралат.
34.3. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилгенченемдик укуктук актынын долбоору туруктуукомиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечитоптун, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүнкатышуусунда айылдык кеңештин кезектеги же кезексизсессиясында каралат.
34.4. Жергиликтүү жамаат тарабынан демилгеленгенченемдик укуктук актынын долбоорун кароонунжыйынтыктары боюнча кабыл алынган айылдык кеңештинчечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүүкоомдоштуктун мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндөжеткирилүүгө тийиш.
35. Айылдык кеңештин мамлекеттик органдар менен өзара аракети
35.1. Айылдык кеңеш Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүмамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайыкмамлекеттик органдары менен өз ара мамилелерин жүзөгөашырат.
35.2. Мамлекеттик органдары айылдык кеңештинкомпетенциясына кирген маселелерди чечүүдөкийлигишүүгө укуксуз.
35.3. Айылдык кеңеш мамлекеттик органдарынынкомпетенциясына кирген маселелерди чечүүдөкийлигишүүгө укуксуз.
35.4. Айыл аймактын кызыкчылыгына тийиштүүмаселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдикведомстволордун айылдык жана райондук бөлүмдөрүнүн, айыл өкмөтунүн жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүнөкүлдөрү чакырылат.
35.5. Айыл аймакты өнүктүрүүнүн эң маанилүүмаселелери боюнча айылдык кеңеш консультациялардыөткөрөт жана айыл өкмөтү менен өз чечимдерин жазуутүрүндө макулдашууларды жүргүзөт.
36. Айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдарыменен өз ара аракети жана кызматташтыгы
36.1. Айылдык кеңеш айыл аймакты өнүктүрүүнүнмаанилүү маселелерин даярдоодо жарандык коомдунуюмдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрөт, сунуштарын жана пикирлерин эске алат, зарыл болгонучурда аларды жумушчу топторго тартат.
36.2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүжергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнчакөтөргөн демилгелерин, кайрылууларын кылдаттык мененалардын өзүн, башка кызыкдар болгон тараптардыкатыштырып талкуулайт, жакшы сунуштар боюнча маселедаярдап сессиянын кароосуна киргизет.
36.3. Сессиянын токтомдорунун долбоорун коомдукэкспертизадан өткөрүү зарыл болгон учурларда жарандыккоомдун уюмдарынын өкүлдөрүн бул ишке тартат.
37. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
37.1. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөөтартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигининмаселелери депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушулРегламент менен аныкталат.
37.2. Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочуларменен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүжолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.
37.3. Айылдык кеңеш, анын Аппараты, айылдыккеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысысессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар мененишти төмөнкүдөй уюштурат:
— шайлоочуларды кабыл алуу;
— арыздарды, кайрылууларды, сунуштарды кароо;
— шайлоочулар менен жолугушууларды, тегерекүстөлдөрдү, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;
— шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттикоргандарга, айыл өкмөткө депутаттык суроо-талаптардыжиберүү.
37.4. Аппараттын тиешелүү кызматкерлери, жооптуукатчы жыл сайын айылдык кеңештин депутаттарыныншайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандыкталдоо жүргүзөт. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкыталдоосу айылдык кеңештин сессияларында депутаттартарабынан каралат.
38. Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүнайкындуулугу
38.1. Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүнайкындуулугу, маалыматтардын жарандаргажеткиликтүүлүгү айылдык кеңештин ишине коюлган талапболуп эсептелет.
38.2. Айылдык кеңештин ишин чагылдыруусессияларды жана жыйналыштарды телекөрсөтүү жанарадио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоокаражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу берүү жолуменен, ошондой эле айылдык кеңештин сайты аркылуукамсыз кылынат.
38.3. Айылдык кеңештин сессияларын, туруктуукомиссиялардын жыйындарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу белгиленген тартиптежүзөгө ашырылат.
39. Айылдык кеңештин жооптуукатчысы
39.1. Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактанайылдык кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы камсыз кылат.
39.2. Жооптуу катчы айылдык кеңештин ишинуюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштердикоординациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларгажана депутаттарга жардам көрсөтөт. Сессиялардыуюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдардыдаярдоону камсыз кылат.
39.3. Жоопту катчы айылдык кеңештин жана аныноргандарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргөмилдеттүү:
— айылдык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт(каттоо журналында);
— айылдык кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алатжана каттайт, төраганын резолюциясына жараша каттардыаткаруучуга өткөрүп берет;
— сессияларга материалдарды, анын ичинде токтомдолбоорлорун жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардынкорутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча иштиуюштурат;
— айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардыниш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга жанабекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышынакөмөктөшөт;
— сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардынжыйындарын чакыруу жөнүндө айылдык кеңештиндепутаттарын маалымдайт;
— сессиялардын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарындадепутаттарды каттоону жүргүзөт;
— чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу(убактылуу) комиссиялардын жыйындарына каттонужүргүзөт;
— иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабылалуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардынкайрылууларын каттоону жүргүзөт;
— айылдык кеңештин токтомдорун долбоорун даярдоогокөмөк көрсөтөт жана жол-жоболоштурат, аларды (күчүнөкиргизүүгө) жарыялоону, каттоону, айылдык кеңештиндепутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жанааткаруучуларга таратууну уюштурат;
— расмий жарыялангандан кийин айылдык кеңештинтоктомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардынРеестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактыкбөлүмүнө жөнөтөт;
— айылдык кеңештин документтерин, туруктуу(убактылуу) комиссиялардын документтерин кошупалганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүүабалда кармоону камсыз кылат;
— туруктуу, убактылуу комиссияларга уюштуруучулукжагынан көмөк көрсөтөт;
— башка ченемдик укуктук актыларга, ушул Регламенткеылайык жана төраганын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
— мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актылардын аткарылышын камсыздайт
40. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүүнүн тартиби
40.1. Айылдык кеңештин Регламентинин жаңыредакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдыккеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүкдобушу менен сессияда кабыл алынат.
40.2. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү тууралуу депутаттар, туруктуу комиссиялартарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуукомиссияларда каралгандан кийин сессиясынын күнтартибине киргизилет жана сессияда каралат.
40.3. Регламенттин жоболорун түшүндүрүү жана анынсакталышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештинтуруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Регламенттинжоболорун түшүндүрүү айылдык кеңештин сессиясындаберилет.
40.4. Бул Регламентте тескелбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
Айылдык кеңештин төрагасы М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/2
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
“Баш-Дөбө” муниципалдык ишканасынын конок үйүндөгү бассейнин пайдалануу жөнүндө
Баш-Дөбө айыл аймагындагы муниципалдык ишканага караштуу “Баш-Дөбө” конок үйүнүн бассейнин пайдаланууну тартипке келтирүү, санитардык тейлөө камсыз кылуу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын жөнгө салуу максатында төмөнкү тарифтерди кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы угуп жана талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1. 7 жашка чейинки балдар үчүн -150 сом.
2. 7 жаштан жогорку жарандар үчүн-250 сом.
2.Төлөмдөрдү чогултуу жана эсеп-кысап жүргүзүү милдети “Баш-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Баймоңол уулу Жолболдуга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/3
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
“Баш-Дөбө” айыл аймагындагы кум жана таш материалдарын пайдалануу жөнүндө
Баш-Дөбө айыл аймагындагы кум жана таш материалдарын пайдаланууну жөнгө салууу, жана муниципалдык кызматтарды тартипке келтирүү, максатында төмөнкү тарифтерди, кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы угуп жана талкуулап, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1. Баш-Дөбө айыл аймагындагы, кум жана таш материалдарын пайдалануу үчүн төмөнкү тарифтер бекитилсин.
1. Зил жүкташуучу унаага-1000сом
2. Камаз жүкташуучу унаага-3000сом
3. Хово жүкташуучу унаага-3000сом.
2. Төлөмдөрдү чогултуу жана эсеп-кысап жүргүзүү милдети “Баш-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Баймоңол уулу Жолболдуга жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/4
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
“Баш-Дөбө” муниципалдык ишканасы тарабынан калка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жөнүндө
Баш-Дөбө мунипалдык ишканасы тарабынан калка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу,тазасуу жана тазалык тармактарын заманбап санариптик башкаруу тутумуна өткөрүү, төлөмдөрдү так эсепке алуу, абоненттерди маалымат базасын электрондук форматта жүргүзүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын камсыз кылуу жана ишкананын ишмердүүлүгүн натыйжалуулугун жогорулатуу атайын электрондук тиркеме (мобилдик жана програмалык камсыздоо) иштеп чыгуу жана муниципалдык кызматтарды тартипке келтирүү максатында, төмөнкү тарифтерди кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы угуп жана талкуулап, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1.Баш-Дөбө мунипалдык ишканасы тарабынан калка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, тазасуу жана тазалык тармактарын заманбап санариптик башкаруу тутумуна өткөрүү үчүн макулдук берилсин.
2.Эсептөөлөрүнө ылайык, аталган электрондук системаны иштеп чыгууга жана пайдаланууга киргизүүгө 250 000 өлчөмүндө акча каражат каралсын.
3.Таза суу жана тазалык тармактарын заманбап санариптик башкаруу тутумуна өткөрүү “Баш-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Баймоңол уулу Жолболдуга жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/5
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен №530-тескеменин негизинде бөлүнгөн 3500,0 (үч миллион беш жүз миң) сом акча каражаты жѳнүндѳ
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен №530-тескеменин негизинде бөлүнгөн 3500,0 (үч миллион беш жүз миң) сом акча каражатын жумшоо боюнча, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы угуп жана талкуулап, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/6
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Коргон айылындагы №801 контурундагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү жөнүндө.
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Коргон айылындагы №801 контурунан 0.60 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жана Кош-Коргон айылынын тургундары үчүн мазарга жер ажыратууга макулдук берүү боюнча талкуулап, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кош-Коргон айылындагы №801 контурунан 0.60га жер аянты Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине баланска алынсын жана Кош-Коргон айылынын тургундарынын кайрылуусу боюнча мазарга жер ажыратууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, тиешелүү мекеме уюмдар менен иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча адиси К.Жарматовго жүктөлсүн.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/7
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Коргон айылындагы №801 контурунан 0.60 ( алтымыш ) га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери” категориясына которууга (трасформациялоого)
макулдук берүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Коргон айылындагы №801 контурунан 0.60 (алтымыш) га жер аянтын, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери” категориясынакоторуу (трасформациялоого) жөнүндө угуп жана талкуулап, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кош-Коргон айылынын тургундары үчүн мазарга жер ажыратуу үчүн, Кош-Коргон айылындагы №801 контурунан 0.60 ( алтымыш )га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери” категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык жер суу, курулуш, өнөр жай, айыл чарба жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, тиешелүү мекеме уюмдар менен иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча адиси К.Жарматовго жүктөлсүн.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ №11/8
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинен кошумча план алынган акча каражаттары жөнүндө
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджеттинен киреше салыктарынын кошумча план болуп алынган 7014,0 (жети миллион он төрт миң) сом жана атайын каражаттан 1400,00 (бир миллион төрт жүз миң) сом акча каражатын жумшоо боюнча токтом кылат.
1.Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджеттинен киреше салыктарынан кошумча план болуп алынган 7014,0 (жети миллион он төрт миң) сом жана атайын каражаттан 1400,00 (бир милион төрт жүз миң) сом акча каражатын төмөнкү бөлүмдөргө жумшалсын.
1.Бала-Бакча тармагына 3111-статьясына 3500,0
2. ЖКХ тармагына 3111-статьясына 3514,0
3.Бала-Бакча атайын каражат 2218-статьясына 1400,0
2.Ушул токтомдун аткаруу жагы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эрмекбаевке жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/9
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бостон (Көк-Таш) участкасындагы №64 контурундагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жана “Зиплайн” атракционун орнотуу үчүн макулдук берүү жөнүндө.
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бостон (Көк-Таш) участкасындагы №64 контурундагы 6,63 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жана жеке ишкер тарабынан “Зиплайн” атракционун орнотуу, жөнүндө талкуулап, жеке ишкер Камаева Айдананын кайрылуусун жана Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бостон (Көк-Таш) участкасындагы №64 контурундагы 6,63 га жер аянты Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине баланска алынсын жана жеке ишкер тарабынан “Зиплайн” атракционун орнотууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, тиешелүү мекеме уюмдар менен иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча адиси К.Жарматовго жүктөлсүн.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/10
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Бостон (Көк-Таш) участкасындагы №64 контурунан 6,63 (алты алтымыш үч ) га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыттын жерлери түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трасформациялоого)
макулдук берүү жөнүндө
Жеке ишкерлерди колдоо максатында жеке ишкер Камаева Айдананын кайрылуусу боюнча “Зиплайн” атракцион орнотууга жер аянтын бөлүп берүү үчүн жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, айыл өкмөтүнө караштуу Бостон (Көк-Таш) участкасындагы №64 контурунан 6,63 (алты алтымыш үч)га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыттын жерлери түрүнөн “Өнөр” жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынакоторуу (трасформациялоо) жөнүндө талкуулап, “Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2026-жылдын 6-август №01-5/2319 сандуу корутундусун карап, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнө караштуу Бостон (Көк-Таш) участкасындагы №64 контурунан 6,63 (алты алтымыш үч )га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыттын жерлери түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык жер суу, курулуш, өнөр жай, айыл чарба жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/11
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кашка-Терек айылынын тургуну Тойгонбаев Сапарбек Токтосеитовичтин арызы жөнүндө.
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кашка-Терек айылынын тургуну Тойгонбаев Сапарбек Токтосеитовичтин арызы боюнча, айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашка-Терек айылында соц обьекти болуп катталган жер тилкесиндеги крулуп калган жеке турак жайдын башкы планды өзгөртүү боюнча жагы айылдык кенештин Агрардык жер суу, курулуш,өнөр жай, айыл чарба жайыт боюнча туруктуу комиссиясынанын 19.08.2026-ж түзүлгөн Акт карап таалкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кашка-Терек айылынын башкы планы боюнча соц обьекти болуп ичинде жайгашкан Тойгонбаев Сапарбек Токтосеитовичтин курулуп калган жеке турак жай жер аянтын башкы планы боюнча калктуу конуш категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Кашка-Терк айылынын башкы планы өзгөртүү жагы Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык жер суу, курулуш, өнөр жай, айыл чарба жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/12
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен №660-тескеменин негизинде бөлүнгөн 12000,0( он эки миллион) сом акча каражаты жѳнүндѳ
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен №660-тескеменин негизинде бөлүнгөн 12000,0 (он эки миллион) сом акча каражатын жумшоо боюнча бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы угуп жана талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1.Жергиликтүү бюджеттин Бала бакча бѳлүмүнѳ, Кашка-Терек айылынын Жаңы-Жол бала бакчасын оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө жумшалсын.
2.Буйруктун аткарылышы боюнча айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы Ѳ.Шамурзаевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайгы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/13
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл аймагындагы (Бостон) Көк-Таш учаскасындагы “Калктуу конуштардын” жер тилкелерина электр чубалгысы жана электр мамычаларын орнотуу жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Кабинет Министрлигинин 2021-жылдын 24 июнундагы №48 санду токтомунун 49,95га, 2022-жылдын 3 октябрындагы №542 сандуу токтомунун негизинде 81.05га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” котегориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” котегориясына которулган жалпысы 131 га жер тилкесине Щифр 19/22. Щифр 69/22 сандуу башкы план түзүлгөн. Бүкүнкү күндө калктуу конуштагы турак жайларга элктр чубалгысы жана электр мамычаларын 4152 метр орнотуу боюнча бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы угуп жана талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1.Баш-Дөбө айыл аймагындагы (Бостон) Көк-Таш учаскасына элект чубалгысы жана электр мамычаларын 4152 метр орнотуу үчүн макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы боюнча Баш-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун көзөмөлдөө жайгы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/14
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл аймагындагы “Калыева Сейил ” мектепке чейинки билим берүү аймагында балдардын күндөн жана жаан-чачындан корголусун камсыз кылуу жөнүндө
Баш-Дѳбѳ айыл аймагындагы “Калыева Сейил ” мектепке чейинки билим берүү аймагында балдардын күндөн жана жаан-чачындан корголусун камсыз кылуучу ачык типтеги көлөкөлү бесетканы курууга, суралуучу каражат “Ассоциации Хельветас Свисс Интеркооперейшн в КР” Ассоциациясынан 200,0 (эки жүз) миң, өздүк салым 225,0 (эки жүз жыйырма беш) миң жана демөөрчүлөр салымы 175,0 (жүз жетимиш беш)миң сом акча каражаты боюнча бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы угуп жана талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1. “Ассоциации Хельветас Свисс Интеркооперейшн в КР” Ассоциациясынан 200.0 (эки жүз) миң, өздүк салым 225,0 (эки жүз жыйырма беш) миң жана демөөрчүлөр салымы 175,0 (жүз жетимиш беш) миң сом акча каражаты Баш-Дөбө айыл аймагындагы “Калыева Сейил” мектепке чейинки билим берүү аймагында балдардын күндөн жана жаан-чачындан корголусун камсыз кылуу ачык типтеги көлөкөлүү беседканы куруу үчүн макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы боюнча Баш-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайгы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ №11/15
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтү киреше жана чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүлѳрдү киргизү жѳнүндѳ
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин Турак-жай-коммуналдык чарба, Аппарат, Китепкана, Орто мектеп жана Бала бакча бѳлүмүнүн ичиндеги киреше жана чыгаша бѳлүгүнѳ зарылчылыка байланышту ѳзгѳртүүлѳрдү киргизү боюнча бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы угуп жана талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Жергиликтүү бюджеттин Турак-жай-коммуналдык чарба, Аппарат, Китепкана, Орто мектеп жана Бала бакча бѳлүмдѳрүнѳ ѳзгѳртүлѳр киргизилсин.
2.Токтомдун аткарылышы боюнча айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы Ѳ.Шамурзаевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XI-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 11/17
31.07.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл аймагындагы “Калыева Сейил” мектепке чейинки билим берүү аймагында балдардын күндөн жана жаан-чачындан корголусун камсыз кылуу, жана Кызыл-Кырман айылынын №43 И.Базаркулов атындагы 275 орунду мектептин жасалгалоо жөнүндө
Баш-Дѳбѳ айыл өкмөтүнө Өзгөн өнүктүүрү фондунан бөлүнгөн 375,0 (уч жүз жетимиш беш миң) сом. “Калыева Сейил” мектепке чейинки билим берүү аймагында балдардын күндөн жана жаан-чачындан корголусун камсыз кылуучу ачык типтеги көлөкөлү бесетканы курууга, 175,0 (бир жүз жетимиш беш миң) сом, жана Кызыл-Кырман айылынын №43 И.Базаркулов атындагы 275 орунду мектептин жасалгалоо жумуштарына 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатын бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы угуп жана талкуулап, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1. Өзгөн өнүктүүрү фондунан бөлүнгөн 375,0 (уч жүз жетимиш беш миң) сом. “Калыева Сейил” мектепке чейинки билим берүү аймагында балдардын күндөн жана жаан-чачындан корголусун камсыз кылуучу ачык типтеги көлөкөлү бесетканы курууга, 175,0 (бир жүз жетимиш беш миң) сом, жана Кызыл-Кырман айылынын №43 И.Базаркулов атындагы 275 орунду мектептин жасалгалоо жумуштарына 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатын каржылоого макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы боюнча Баш-Дөбө айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XII-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ № 12/2
01.10.2026-жӨзгөн шаары
«Аман-Таш» ЖЧКсына таандык жалпы 1,20 га жер тилкесинде орнотулган таш майдалоочу жабдууларды камтыган КДУ(камнедробильная установка)комплексин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Аман-Таш» ЖЧКсына Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер, жер казынасын пайдалануу жана мүлккө мамлекеттик жана муниципалдык менчик жөнүндө ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен мыйзамдарды одоно бузулгандыгы белгиленип, натыйжасында мамлекеттин мүлктүн кызыкчылыктарына 20 555 000 (жыйырма миллион беш жүз элүү беш миң) сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталталган. Өзгөн райондук прокуратурасынан 30.09.2026-жыл №11-3040-26 сандуу Талабы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө аткаруу үчүн жолдонгон. Талапты аткарууга алуу максатындагы айыл өкмөтүнүн 01.10.2026-жыл Чыгуу № 312 сандуу айылдык кеңешкежазган билдирүүсүнө ылайык, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Аман-Таш» ЖЧКсына таандык жалпы 1,20 га жер тилкесинде орнотулган 28 518 620 (жыйырма сегиз миллион беш жүз он сегиз миң алты жүз жыйырма ) сомдук таш майдалоочу жабдууларды камтыган КДУ (камнедробильная установка) комплексин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маселеси талкууланып, «Аман-Таш» ЖЧКсынын өз ыктыяры менен өткөрүүгө макулдугун эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна негизинде Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:
1.»Аман-Таш» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүндө мыйзамдарды одоно бузгандыгы, кетирген зыянды толуктоо үчүн өз ыктыяры менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп жаткан жалпы наркы 28 518 620 (жыйырма сегиз миллион беш жүз он сегиз миң алты жүз жыйырма ) сом өлчөмүндөгү Таш майдалоочу жабдууларды камтыган КДУ(камнедробильная установка) комплексимыйзамдарда белгиленген тартипте Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине акысыз кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эрмекбаевге ушул токтомду аткаруу үчүн зарыл болгон келишимдерди, кабыл алуу, өткөрүп берүү актысын жана башка тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык тариздөө милдеттендирилсин.
3.Кабыл алынган мүлк, аталышы, саны, техникалык абалы, чыгарылган жылы, заводтук номери, инвентардык номери жана наркы толук көрсөтүлсүн жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык мүлкүнүн бирдиктүү реестрине киргизилсин
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баш-Дөбө айылдык кеңешинин агрардык, жер, суу, курулуш, өнөр жай, айыл чарба жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
ТөрагаМ.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XII-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ №12/3
01.10.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинен кошумча план алынган акча каражаттары жөнүндө
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджеттинен киреше салыктарынын кошумча план болуп алынган 4000,0 (төрт миллион ) сом жана атайын каражаттан 900,0 (тогуз жүз миң) сом акча каражатын жумшоо боюнча токтом кылат.
1.Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджеттинен киреше салыктарынан кошумча план болуп алынган 4000,0 (төрт миллион ) сом жана атайын каражаттан 900,0 (тогуз жүз миң) сом акча каражатын төмөнкү бөлүмдөргө жумшалсын.
1. Башкаруу тармагына 2215 — статьясына 340,0
2222 — статьясына 100,0
2823 — статьясына 3,0
2824 — статьясына 100,0
2. Китепкана тармагына 2215 — статьясына 77,0
3. Социалдык коргоо 2721 —статьясына 180,0
4. Бала-Бакча тармагынын атайын каража 2218 — статьясына 700,0
2221- статьясына 200,0
5. ЖКХ тармагына 2215 — статьясына 500,0
2221- статьясына 1300,0
3111- статьясына 1400,0
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын XII-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ №12/4
01.10.2026-жыл Өзгөн шаары
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин №775-тескеменин негизинде бөлүнгөн 1132,4 (бир миллион бир жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатын жѳнүндѳ
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин №775-тескеменин негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айыл чарба жерлерине мүлк салыгы боюнча жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калууларын компенсациялоо үчүн бөлүнгөн 1132,4 (бир миллион бир жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатын жумшоо боюнча токтом кылат.
1. Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин №775-тескеменин негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айыл чарба жерлерине мүлк салыгы боюнча жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калууларын компенсациялоо үчүн бөлүнгөн 1132,4 (бир миллион бир жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатын төмөнкү бөлүмдөргө жумшалсын.
1. ЖКХ тармагына 2222 — статьясына 982,4
3111- статьясына 150,0
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага: М.Тагайкулов


