МАКУЛДАШЫЛДЫ
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2-аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси
____________________ Ж.О. Сарытаев
“_____”________________2026-жыл
|
|
БЕКИТЕМ Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы
________________ З.З.Сыдыков
“_____”________________2026-жыл
|
Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна (мындан ары — административдик кызмат орундарынын топтору «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтому менен Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө” № 81 токтомуна ылайык иштелип чыкты.
2. Административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык белгиленет.
3. Типтүү квалификациялык талаптар кесиптик билимдин деңгээлине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына же адистиги боюнча иш стажына жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик компетенцияларга карата белгиленет.
4. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан органдын функциялары же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөрүлгөн учурда жүргүзүлөт.
5. Квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнөт.
6. Административдик кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:
1) кесиптик билимге. Кесиптик билимдин адистиги (багыты) кызмат орду боюнча функциялык милдеттерге шайкеш келиши керек;
2) административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иштажрыйбасына;
3) кесиптик компетенцияларга:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча).
7. Кесиптик билиминин бар экендиги белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталат.
Кошумча билиминин бар экендиги квалификацияныжогорулатуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө тиешелүүдокумент менен ырасталат.
Учурдагы жылда жогорку (орто кесиптик) окуужайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуган сабактары боюнчабааларын көрсөтүү менен окуу жайын аяктагандыгы жанатиешелүү квалификация ыйгарылгандыгы жөнүндө окуужайынын расмий мөөрү басылган маалымкатты берүүгөуруксат берилет.
Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
8. Административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөө үчүн адистиги боюнча стаж жогорку жана же орто билими жөнүндө дипломдо корсөтүлгөн адистик боюнча иштеген күндөн тартып эсептелет.
Адистиги боюнча стажга талапкердин тиешелүү профилдеги (багыттагы) жогорку жана же орто атайын билими (адистиги) болгон мезгили гана эсептелет.
Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажын жана же адистиги боюнча иш тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын жана же иштеген жеринен зарылдыгы боюнча берилген маалымкаттын негизинде аныкталат.
9. Ар бир административдик кызмат орду үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
10. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кошумча квалификациялык талаптар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды камтыйт.
Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын КонституциялыкМыйзамы «Кыргыз Республикасынын МинистирлерКабинети жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын КонституциялыкМыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Маалымат алуу укугу жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупциягакаршы аракеттенүү жөнүндө»;
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнчатиптүү нускама.
Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы ченемдик укуктук актылар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жонундо” Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майы № 171 Жарлыгы менен бекитилгенКыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.
Ал эми айыл өкмөттүн ар бир административдик муниципалдык кызмат орундары боюнча тийиштүү тармактагы мыйзамдарды билүүсү зарыл.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, гуманитардык илимдер, табигый илимдер, техникалык, архитектура жана курулуш, энергетика жана электротехника тармактарында).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” жобосунун
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.
— билгичтиги:
—иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
—түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
—башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— ызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
—коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
— өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
— көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштепчыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийгенкызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жанамилдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттикоргандын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жанакөз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуужеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларынжана методдорун издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана алардытажрыйбада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүүэтикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттикжана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Айыл өкмөтүнүн финансы—экономика бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: (Экономика жана башкаруу).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенциялары:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;
Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
— билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай маселелери боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Юриспруденция).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди билүү.
— билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— айыл өкмөттүн чечимдерин укуктук талдоо;
— аймактагы аялдардын жана балдардын укуктарын жана бардык мыйзамдардын ченемдерин сактоо;
— укук коргоо органдарына сотторго кайрылууда калкка жардам көрсөтүү
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Юриспруденция, укук тануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер, гуманитардык илимдер, педогогикалык билим берүү, табият таануу илимдери).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди билүү.
— билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— административдик тартип бузуулар менен иштөө;
— экологиялык бузуулар;
— үй-бүлөлүк зомбулук;
— диний радикализм
— криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө;
— пробация;
— жер мыйзамдарынын сактылышы;
— санитардык эпидемиологиялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышы.
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Айыл өкмөтүнүн Санариптештирүү, иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Автоматташтыруу жана башкаруу, Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар адистиктери боюнча, экономика жана башкаруу).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2026-жылдын 13-февралындагы “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” № 43 Жарлыгы.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди билүү.
— билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— айыл аймагында иштин бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иштөө;
— Е-кызмат, “Санарип аймак”, ЭДБ (электрондук документ башкаруу);
— калктын инфраструктураларынын социалдык объекттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү;
— айыл аймагынын веб-сайтын түзүү жана иштешин камсыз кылуу.
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;—компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана гидрометеорология, токой ресурстарын кайталап ондуруу жана кайра иштетуу, геология, чалгындоо жана кендерди иштетуу багытындагы).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
-Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы;
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди билүү.
— билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Айыл өкмөтүнүн салык маселелери боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик билим: (Экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы, социалдык илимдер, гуманитардык илимдер, табият таануу илимдери, саламаттыкты сактоо)
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт
3) Кесиптик компетенциялары:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
-Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;
—Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
-Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси”; -Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.
— билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Айыл өкмөтүнүн мал чарбачылыгы боюнча адис (вет.) кызмат ордуна
коюлуучу квалификациялык талаптар (К-Б)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик билим: (Ветеринария, айыл чарба жана айыл чарба илимдери багытындагы).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Мыйзамы;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер
(атайын папкада тиркелет) :
— Жеке арыз;
Документтер жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерге сынактын мөөнөтү жана орду жөнүндө кошумча маалымат берилет
Документтерди кабыл алуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн имаратында жүргүзүлөт. Байланыш телефондору : (0708) 82-82-27