Салам-Алик
15 жыл болуптур, ушул айылдын абасынан дем алып, суусун ичип, барга шүгүр, жокко каниет кылып жашап келе жатканыма. Айыл элинен айланса болот. Бул айылдын адамдары карапайым, жөнөкөй, кең пейил келишет. Үлгү болчу кадырман карыялары, балпайган нарктуу байбичелери, эмгекчил жаштары бар. Республикабыздагы Арсланбап жаңгак токой чарбасынан кийинки, экинчи орунда турат. Айылыбызда көптөгөн элементтерге бай, минерал булактарыбыз бар. Айтор өзүнчө эле курорттук зона.
Салам-Алик Абасы таза керемет,Суулары кашка Арашан.Салам-Алик айылым,Суктанып сага баратам.Жылгалар толгон жыш токой,Берекке төккөн жер экен.Бадамдар гүлдөп бүр ачкан,Керемет жаздын кези экен.Көктондү -Мазар булагың,Көргөндүн баарын суктантат.Чыргайлуу жашыл өрлөрүң,Көтөрүп көңүл шыктантат.Жайытта жылкы кишенеп,Суусунга кымыз ичилет.Коктудан түшкөн сууларың,Ак жамгыр болуп себилет.Колотто алча, ит мурун,Күзүндө бышып төгүлөт.Мөмөлөп,бышкан жаңгакка,Үйдөгү кампа көмүлөт.Торгойлор сайрап жайкысын,Тоосунда бышат карагат.Теребел көрккө бөлөнүп,Акынга эргүү жарататКараңгы-Жаңгак, Түк жайлоо,Төрт түлүк малдын очогу.Пейили кенен элиңди,Кошпосом ырга болобу?Өрдөштөн өйдө Арпа –Жай,Жылкылар оттойт жайма -жай.Керемет менин айылым,Жашообуз шаңдуу ырга бай. КОНОК ТОСТУМТаң эртеден даярдандым,Конок камын көрүүгө.Койду сойдук, ич эт жуудум,Май жөргөмдү өрүүгө.Түрдүү төшөк аземделүү,Каттап салдым төрүмө.Камыр жууруп, боорсок жасап,Дасмал жайдым кең үйгө.Кең жайлоодон чанач кымыз,Канжыгага байладым.Апам дагы кошуп бердиЖаңы тарткан каймагын.Куурдакка деп карчыганы,Бөлүп — бөлүп таштадым.Этти туурап аш көк кошуп,Чүчпараны баштадым.Картошканы кенен аарчып,Капустаны туурайын.Помидорду, сарымсакты,Дымдамага дымдайын.Сүттү куюп ак өпкөгө,Олобону бышырам.Даамдуу экени тээ алыстан,Билинсинчи жытынан.Конок болуп кең үйүмө,Кары келмек, жаш келмек.Куйрук туурап казанымаКоём азыр аш демдеп.Сый коноктор жарпын жазсын,Күлүп жайнап төрүмдө.Берекелүү дасторконум,Толуп турсун көңүлгө.Күйпөлөктөйм коногума,Тамак ашты тез камдап.Устуканды бүтүн тартып,Кенен берем беш бармак.Самоор астым отту жактым,Чайым дагы кайнады.Дасторконум табит ачып,Түркүн даамга жайнады.Алкоо айтып жаш- карысы,Ак баталар коштосун.Жайнап турган дасторконго,Келген конок «шок» болсун! Тагдыр жолу Тегирмендин парасындай айланган,Тагдыр ташы тебетейдей тегерек.Тегеренип күзгү жолдо, таш жолдо.Күйдүрүп бир сүйдүргөнү керемет.Тагдыр ташы одур-бодур жылма эмес.Кээде аң-дөң таштак жолдор шыр да эмес.Өмүрлөрдүн өзөгүндө өрттөнгөн,Тагдыр жолу шаңдуу эмес, чыр да эмес!Түйүндөрдү чечүүгө кол эп келбей,Тагдыр жолу чиеленген жиптердей.Кээде таттуу, кээде ачуу күндөрдү,Өмүр жолу какап-чакап жеп келмей.Тагдыр жолу тегренген тегерек,Тагдыр жолу өр таяган дөңгөлөк.КОНОК ТОСТУМТирүүчүлүк күүсү ойногон жан жагым,Теңир берген тиректерим балдарым.Тагдыр мага эчен сыноо берсе да,Турмуштун мен туткасын бек кармадым.Жогун камдап, балдар менен үйдөмүн.Жогол вирус, элге көйгөй үйбөгүн.Кесепети жолдор жабык сен үчүн,Келе албай жүрөт асыл сүйгөнүм.Эмнегедир мынча капа болбогом,Эл-жеримди, үй-бүлөмдү ойлоном.Ажарымдан бир заматта нур өчөт,Атың өчкүр, «таажычанды» ойлосом.Жаңылык көп, билбейм чынын, төгүнүн,Жакшы сөзгө жарк дей түшөт көңүлүм.Оо жараткан, момундарды сактай көр,Оору менен өткөрбөсүн өмүрүн. Ушул башым не ойлорго батпады,Жакшы күндүн атсын дайым ак таңы.Телефондон онлайн сабак башталып,Ыр жазууга колум тийбей жатканы.Ысык- суугун тарта билген замандын,Кээде күчтүү, кээде назик аялмын.Сыноолорду унчукпастан жеңүүгө,Балдарымдын бактысы үчүн даярмын.Гүлдөрдөгү эриндерДирилдеп гүлдөрүм шамалга,Жүгүнөт нап-назик келиндей.Өбүшөт кучактап бири бирин,Жуурулуп жып-жылуу эриндер.Таңдана гүлдөрдү карадым,Барбы деп аларда эриндер.Ийилип акырын шыбырайт:“Өбөлү колуңду бери бер”.Акырын колумду узаттым,Ийилип мээримин төгүштү.Искедим эңкейип жытынан,Аймалап эрдимден өбүштү.Магдырап гүлдөрдүн жытына,Искедим, искедим тойбодум.Кайдан деп гүлдөрдө эриндер,Кайрадан карадым, ойлондум.Сугардым кулпурду гүлдөрүм,Аярлап аздектеп үзбөдүм.Көздөрүн жайнаган алардын,Жактырдым өстүрүп түрлөдүм.Ойлордон алыстап сезим бөл,Ойгонгон орошон сезимдер.Бар тура баа жеткис гүлдөрдө,Бөйтөйгөн жып-жылуу эриндер.Эстет жамгыр Эшикте жамгыр дилимде турат ой тунуп,Жүрөгүм бөксө, сезимге тургун толтуруп.Дыбырын тыңшап ыйлагым келет, ыйлагым,Колумдан келсе коймокмун «болбос” болтуруп.Барктуу дейт, сүйүү кармашпай колдор калганда,Башынан тагдыр кайчылаш жолго салганда.Эстет жамгыр, олтурам окуп ырларды,Арналган сезим жамгырлуу, жашыл жазында.Сагынып сени ыйласам эми эшитпе,Түйшүккө толгон күндөрдө мага кезикпе.Ал түндө кирип түшүмө ырда жашай бер,Сезимди козгоп, дыбырайт жамгыр эшикте.БалалыкТүнкү тынчттык ак таң менен алмашып,Түркүн куштар чурулдашчу сайрашып.Короз үнү таң атканын жар салса,Кой, козулар ойгонушчу маарашып.Ыш жыттанчу таң эртеден корообуз,Ырыскыга бөлөнгөндөй болобуз.Апам жүрсө коломтонун бойунда,А атакем мал айдоонун камында.Жан көшүлтүп кечке оюндан чарчообуз,Жатуучу элек бир бөлмөдө алтообуз.Атам кирип, тургула!- деп ойготсо,Ага болбой кармап турчу жалкообуз.Жаным апам, жаңы бышкан нанды алып,Жаркылдачу тасмал жайып камданып.Айран, каймак, бышкан сүттүн даамына,Ашканабыз кутка толчу шаңданып.Кызуу турмуш мына ушинтип башталып,Корообузда тиричилик жанданып,Ыйгарылган жумуштарга алтообуз,Ырас турчук солдаттардай жарданып.Күнүм күлүп, тоо башынан жаркырап,Күнгөй бетке нурдан сүрөт тартылат.Ташка урунуп, көбүктөнүп Жазы суум,Тыным билбей агып турчу шаркырап.Жылуу- жумшак күн нуруна бөлөнүп,Жүгөрүлөр катар өсчү көгөрүп.Бошотчу элек кетмен менен түптөрүн,Бой керчү анан сабактары кеңейип.Өйдө ылдый согулдум да кагылдым,Өткөн күндөр балалыкты сагындым.Ата — энемдин узун болсун өмүрү,Ар-убакта коломтобуз жагылсын.Тахмина Эсеналиева.
Абасы таза керемет,
Суулары кашка Арашан.
Салам-Алик айылым,
Суктанып сага баратам.
Жылгалар толгон жыш токой,
Берекке төккөн жер экен.
Бадамдар гүлдөп бүр ачкан,
Керемет жаздын кези экен.
Көктондү -Мазар булагың,
Көргөндүн баарын суктантат.
Чыргайлуу жашыл өрлөрүң,
Көтөрүп көңүл шыктантат.
Жайытта жылкы кишенеп,
Суусунга кымыз ичилет.
Коктудан түшкөн сууларың,
Ак жамгыр болуп себилет.
Колотто алча, ит мурун,
Күзүндө бышып төгүлөт.
Мөмөлөп,бышкан жаңгакка,
Үйдөгү кампа көмүлөт.
Торгойлор сайрап жайкысын,
Тоосунда бышат карагат.
Теребел көрккө бөлөнүп,
Акынга эргүү жаратат
Караңгы-Жаңгак, Түк жайлоо,
Төрт түлүк малдын очогу.
Пейили кенен элиңди,
Кошпосом ырга болобу?
Өрдөштөн өйдө Арпа –Жай,
Жылкылар оттойт жайма -жай.
Керемет менин айылым,
Жашообуз шаңдуу ырга бай.
КОНОК ТОСТУМ
Таң эртеден даярдандым,
Конок камын көрүүгө.
Койду сойдук, ич эт жуудум,
Май жөргөмдү өрүүгө.
Түрдүү төшөк аземделүү,
Каттап салдым төрүмө.
Камыр жууруп, боорсок жасап,
Дасмал жайдым кең үйгө.
Кең жайлоодон чанач кымыз,
Канжыгага байладым.
Апам дагы кошуп берди
Жаңы тарткан каймагын.
Куурдакка деп карчыганы,
Бөлүп — бөлүп таштадым.
Этти туурап аш көк кошуп,
Чүчпараны баштадым.
Картошканы кенен аарчып,
Капустаны туурайын.
Помидорду, сарымсакты,
Дымдамага дымдайын.
Сүттү куюп ак өпкөгө,
Олобону бышырам.
Даамдуу экени тээ алыстан,
Билинсинчи жытынан.
Конок болуп кең үйүмө,
Кары келмек, жаш келмек.
Куйрук туурап казаныма
Коём азыр аш демдеп.
Сый коноктор жарпын жазсын,
Күлүп жайнап төрүмдө.
Берекелүү дасторконум,
Толуп турсун көңүлгө.
Күйпөлөктөйм коногума,
Тамак ашты тез камдап.
Устуканды бүтүн тартып,
Кенен берем беш бармак.
Самоор астым отту жактым,
Чайым дагы кайнады.
Дасторконум табит ачып,
Түркүн даамга жайнады.
Алкоо айтып жаш- карысы,
Ак баталар коштосун.
Жайнап турган дасторконго,
Келген конок «шок» болсун!
Тагдыр жолу
Тегирмендин парасындай айланган,
Тагдыр ташы тебетейдей тегерек.
Тегеренип күзгү жолдо, таш жолдо.
Күйдүрүп бир сүйдүргөнү керемет.
Тагдыр ташы одур-бодур жылма эмес.
Кээде аң-дөң таштак жолдор шыр да эмес.
Өмүрлөрдүн өзөгүндө өрттөнгөн,
Тагдыр жолу шаңдуу эмес, чыр да эмес!
Түйүндөрдү чечүүгө кол эп келбей,
Тагдыр жолу чиеленген жиптердей.
Кээде таттуу, кээде ачуу күндөрдү,
Өмүр жолу какап-чакап жеп келмей.
Тагдыр жолу тегренген тегерек,
Тагдыр жолу өр таяган дөңгөлөк.
КОНОК ТОСТУМ
Тирүүчүлүк күүсү ойногон жан жагым,
Теңир берген тиректерим балдарым.
Тагдыр мага эчен сыноо берсе да,
Турмуштун мен туткасын бек кармадым.
Жогун камдап, балдар менен үйдөмүн.
Жогол вирус, элге көйгөй үйбөгүн.
Кесепети жолдор жабык сен үчүн,
Келе албай жүрөт асыл сүйгөнүм.
Эмнегедир мынча капа болбогом,
Эл-жеримди, үй-бүлөмдү ойлоном.
Ажарымдан бир заматта нур өчөт,
Атың өчкүр, «таажычанды» ойлосом.
Жаңылык көп, билбейм чынын, төгүнүн,
Жакшы сөзгө жарк дей түшөт көңүлүм.
Оо жараткан, момундарды сактай көр,
Оору менен өткөрбөсүн өмүрүн.
Ушул башым не ойлорго батпады,
Жакшы күндүн атсын дайым ак таңы.
Телефондон онлайн сабак башталып,
Ыр жазууга колум тийбей жатканы.
Ысык- суугун тарта билген замандын,
Кээде күчтүү, кээде назик аялмын.
Сыноолорду унчукпастан жеңүүгө,
Балдарымдын бактысы үчүн даярмын.
Гүлдөрдөгү эриндер
Дирилдеп гүлдөрүм шамалга,
Жүгүнөт нап-назик келиндей.
Өбүшөт кучактап бири бирин,
Жуурулуп жып-жылуу эриндер.
Таңдана гүлдөрдү карадым,
Барбы деп аларда эриндер.
Ийилип акырын шыбырайт:
“Өбөлү колуңду бери бер”.
Акырын колумду узаттым,
Ийилип мээримин төгүштү.
Искедим эңкейип жытынан,
Аймалап эрдимден өбүштү.
Магдырап гүлдөрдүн жытына,
Искедим, искедим тойбодум.
Кайдан деп гүлдөрдө эриндер,
Кайрадан карадым, ойлондум.
Сугардым кулпурду гүлдөрүм,
Аярлап аздектеп үзбөдүм.
Көздөрүн жайнаган алардын,
Жактырдым өстүрүп түрлөдүм.
Ойлордон алыстап сезим бөл,
Ойгонгон орошон сезимдер.
Бар тура баа жеткис гүлдөрдө,
Бөйтөйгөн жып-жылуу эриндер.
Эстет жамгыр
Эшикте жамгыр дилимде турат ой тунуп,
Жүрөгүм бөксө, сезимге тургун толтуруп.
Дыбырын тыңшап ыйлагым келет, ыйлагым,
Колумдан келсе коймокмун «болбос” болтуруп.
Барктуу дейт, сүйүү кармашпай колдор калганда,
Башынан тагдыр кайчылаш жолго салганда.
Эстет жамгыр, олтурам окуп ырларды,
Арналган сезим жамгырлуу, жашыл жазында.
Сагынып сени ыйласам эми эшитпе,
Түйшүккө толгон күндөрдө мага кезикпе.
Ал түндө кирип түшүмө ырда жашай бер,
Сезимди козгоп, дыбырайт жамгыр эшикте.
Балалык
Түнкү тынчттык ак таң менен алмашып,
Түркүн куштар чурулдашчу сайрашып.
Короз үнү таң атканын жар салса,
Кой, козулар ойгонушчу маарашып.
Ыш жыттанчу таң эртеден корообуз,
Ырыскыга бөлөнгөндөй болобуз.
Апам жүрсө коломтонун бойунда,
А атакем мал айдоонун камында.
Жан көшүлтүп кечке оюндан чарчообуз,
Жатуучу элек бир бөлмөдө алтообуз.
Атам кирип, тургула!- деп ойготсо,
Ага болбой кармап турчу жалкообуз.
Жаным апам, жаңы бышкан нанды алып,
Жаркылдачу тасмал жайып камданып.
Айран, каймак, бышкан сүттүн даамына,
Ашканабыз кутка толчу шаңданып.
Кызуу турмуш мына ушинтип башталып,
Корообузда тиричилик жанданып,
Ыйгарылган жумуштарга алтообуз,
Ырас турчук солдаттардай жарданып.
Күнүм күлүп, тоо башынан жаркырап,
Күнгөй бетке нурдан сүрөт тартылат.
Ташка урунуп, көбүктөнүп Жазы суум,
Тыным билбей агып турчу шаркырап.
Жылуу- жумшак күн нуруна бөлөнүп,
Жүгөрүлөр катар өсчү көгөрүп.
Бошотчу элек кетмен менен түптөрүн,
Бой керчү анан сабактары кеңейип.
Өйдө ылдый согулдум да кагылдым,
Өткөн күндөр балалыкты сагындым.
Ата — энемдин узун болсун өмүрү,
Ар-убакта коломтобуз жагылсын.
Тахмина Эсеналиева.