Сатыбалды Султанов 1935-жылы 19-майда ӨзгӨн районундагы Ак-Жар айылында туулган. 1943-1951-жылдары Ак-Жар орто мектебинде окуп, кийин Мырзаке районуна караштуу КараКочкор айылындагы Фрунзе атындагы орто мектебине которулуп, аталган билим уясынын биринчи бүтүрүүчүлӨрүнӨн болуп, 1953-жылы жетилүү аттестатын алган. 1954-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физкультура жана спорт факультетине тапшырып, студент болуп кабыл алынган. Студенттик жылдарында спорттук мелдештерге катышып турчу. Анын мисалы катары республикалык мелдеште 3-орунга татыктуу болгонун белгилеп кетүүгӨ болот. Кадрлар таңкыс мезгилде 1956-жылы облОНОнун буйругу менен Мырзакедеги №1 орус тилдүү мектебине дене-тарбия мугалими болуп дайындалып, анын филиалы болгон кыргыз класстарына (8-10-класстар) класс жетекчи да болгон. Бир жылдан соң Мырзаке районундагы Ак-Жар селолук советиндеги №21 Калинин башталгыч мектебине директор болуп которулуп, бул кызматын жоопкерчилик менен аркалады. 1959-1961-жылдары Ак-Жар айылдык китепкананын башчысы, андан ары Ак-Жар орто мектебинде 1991-жылга чейин кол эмгек мугалими болуп үзүрлүү иштеди. 1991-жылдан 2020-жылга чейин АкЖар айылдык маданият үйүнүн директорлук тизгинин колго алган. Ал 1962-1983-жылдарда окуучулардын жайкы каникул күндӨрүндӨ кошумча жумуш катары Салам-Алик пионер лагеринде физрук, завхоз, экспедитор, ага тарбиячы да болуп жүргӨн. Ошондой эле эмгек ардагерлери үчүн ачылган эс алуу үйүнӨ директорлук милдетти да аткарган. Баса, Сатыбалды агай мезгилинде ракетанын модели боюнча ийрим уюштуруп, Ак-Жар орто мектебинин окуучуларын борбор калаабызга чейин алып барып, кароо-конкурстарга катыштырып, республикада алдыңкы орундарды алышына чоң салымын кошкон. Бул ийримге ӨзгӨн шаарынын окуучуларын да тартып, аларды «Тынчтык» (азыркы Н.Азнабакиев атындагы сейил багы) паркында окуткан. Ошол окуучуларынын арасында космонавт Салижан Шарипов да бар болчу. Кыргызстандык алгачкы космонавттын космоско болгон кызыгуусунун башаты дал ушул ийримден башталып, Сатыбалды агай Салижандын келечегине даңгыр жол ачкан сымал «устат» болгонун кӨпчүлүк биле бербес. Арийне, жаркын турмушту акыл ою жаңычыл, руху бийик, эрки күчтүү адамдар гана жарата алаарын Сатыбалды Султановдун ӨтӨлгӨлүү Өмүр жолу тастыктап турат. Ооба, каарманыбыз бир келген бу Өмүрдүн баа жеткис баркын акыл-эстүүлүк, асылдык менен адилдик, кӨрӨгӨчтүк менен кӨтӨрүмдүүлүк гана ажарлантаарын жаштайынан жүрӨк түпкүрүндӨ сактап келди. Ошондон улам ал кайсы жерде, кайсы кызматта иштебесин жамааты менен тил табышып, ӨзүнӨ тагылган милдетин так, жоопкерчиликтүү аткарып, оозго алынды. Же болбосо, ал күжүрмӨн эмгеги, ишти уюштура алгандыгы, коомчулуктун кызыкчылыгын кӨздӨгӨн мамилеси, жӨнӨкӨйлүүлүгү, кичи пейилдиги менен элге жагып, кадыр-барк алган азаматтардан боло алган. Мезгилинде Өз кесибинин устаты, мыкты жетекчи катары таанылган. Жашоосунда эмгегинен бакыт таап, эли-журтунун урмат-сыйына арзыган С.Султанов кӨп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасында бир нече Ардак грамоталарга арзыган. Алардын арасында Кыргыз ССРинин эл агартуу министрлигинин, республикалык жаш техниктер станциясынын, Ош областтык жаш техниктер станциясынын жана облОНОнун Ардак грамоталары жана 1-даражадагы диплому да бар. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, Кыргыз Республикасынын маданияттын мыктысы тӨш белгилерине татыган. Бул сыйлыктар менен бирге Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы ордени да кӨкүрӨгүндӨ жаркырайт. Каарманыбыздын маданият бӨлүмүндӨгү кӨп жылдар талыкпай иштеген үзүрлүү эмгеги бааланып, Ак-Жар айылындагы Өзү эмгектенген маданият үйүнӨ анын ысымы ыйгарылган. Сатыбалды Султанов жубайы Орунбү Ормонкулова менен баш кошуп, 4 уул, 5 кыздуу болуп, аларды эрезеге жеткиришти. Жубайы Орунбү райондук «Сталинчи» гезитинин басмаканасында арип терүүчү болуп иштеп, кийин Өмүр бою китепканачылык кызматты аркалаган. Элине ак эмгегин арнаган, балдарын ак тилек, аруу ниет менен тарбиялап, энелик мээрим тӨгүп, түйшүгүн тартып чоңойткон бейиши болгур Орунбү Ормонкулова бир топ жылдар мурда дүйнӨдӨн мезгилсиз Өттү. «Ата болуу сыймык» демекчи, аталык вазыйпаны турмуш жолундагы улуу милдет катары эсептеп, байрактай бийик тутуп жүргӨн каарманыбыздын уул-кыздары акыл-эстүү чоңоюп, турмуштан Өз жолдорун табышкан. Бүгүнкү күндӨ 26 небере, 23 чебереси бар. Тилегени балдарынын, небере-чеберелеринин аманчылыгы. Кадырман карыяны айылдаштары, аны таанып-билгендер алдынан кыя ӨтпӨй кадырлашып, кайсы гана жерге барбасын кастарлап тӨргӨ ӨткӨрүшӨт. ТӨрдүн ээси, калк кадырлаган инсан болгонго не жетсин! Сатыбалды агай элеттин куту болуп, кылым карытып жашаңыз!
СӨзүбүздүн соңун Сатыбалды Султановго арналган тӨмӨндӨгү ыр саптары менен жыйынтыктайбыз:
Элге тийген кереги Кичи пейил жаш баладай туюлуп,
Кары-жашты бирдей сыйлап ийилип.
ЖүзүнӨн жылмаюу эч бир кетпейт,
Тоодой жүктӨр турса дагы үйүлүп.
Устачылык жактан күчтүү чебери,
Талантчылык дагы күчтүү ӨнӨрү.
Конструкторлук ийгилигин эл билет,
Азырынча чыга элек тең келээрлик.
Ушундай ар түрдүү кесип менен,
Атуулдун элге тийген кереги.
Эл агартуу кызматынан наамы бар,
Маданият кызматынан дагы бар.
Жаштарга айтаар акыл-насаат кеби бар,
Атаңардан үлгү алгыла баарыңар.
Арабызда аман болсун ар дайым,
Сатыбалды агайыбыздай карылар.
Алимбек кызы Айпери.
Бетти даярдаган: Тургунбү МАТМУСАевА
(сүрӨттӨр үй-бүлӨлүк архивден алынды).
Адам Өмүрүнүн нарк баасы, анын жасаган иштери, артында калтырган издери, эл арасындагы кадыр-баркы менен ӨлчӨнӨт эмеспи. Эмесе, дал ушундай ӨңүттӨ алганда, калкы үчүн кынтыксыз кызмат кылып, 80 жашка чыкканча Өзү сүйгӨн жумушунда иштеп, анан ардактуу эс алууга чыккан, Ак-Жар айылынын кадырман карыясы Сатыбалды Султанов тууралуу канча алкоо сӨздӨрдү айтса да жарашат. Ал быйыл 88 жаштын тузунун даамын татуу бактысы буюрганына шүгүр кылат. «Адам Өмүрү аккан суудай» деген ушул белем, Өмүр белесинен артка кылчайса, баардыгы кечээ эле ӨткӨндӨй сезилет.