Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Шабдан Абыкаевдин Тарых жана ата-бабалардын күнүнө карата эскерүү сөзү:
«Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүн жана жаркын келечегин камсыз кыла алабыз. Бүгүнкү Кыргызстанды түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкан ата-бабаларыбыздын жаркын элесин ыйык тутуубуз зарыл. Элибизди дайыма жакшылыктар ыроолоп, ар бир үйдө тынчтык өкүм сүрсүн.
Кыргыз эли өзүнүн тарыхый жолунда башынан нечендеген оор сыноолорду өткөрдү. Бирок, ал кыйынчылыктарды сабырдуулук, кеменгерлик менен жеңип, бүгүнкү күнгө жетти. Андыктан, ар бирибиз өткөн тарыхый жолубузду таанып, билүүгө милдеттүүбүз».