Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ш.Абыкаевдин Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосу.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү — кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Сиздердин ишиңиздердин аркасында калк жаңылыктар, окуялар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатат, андыктан Сиздер өз ишиңиздерде чынчылдык, ак ниеттүүлүк жана объективдүүлүк менен мамиле жасооңуз абдан маанилүү. Коомчулуктун маалымдуулук деңгээли жана адамдардын сиздерге болгон ишеними Сиздер берген маалыматтын ишенимдүүлүгүнөн жана сапатынан көз каранды.
Сиздердин ишиңиздер коомдук пикирдин калыптанышына өбөлгө түзөт жана мамлекеттик органдардын ишине жарандык көзөмөл жүргүзүүнүн маанилүү куралы болуп саналат.
Өлкөбүздө жакшы жаңылыктар көп болуп турсун! Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, чыгармачылык ийгилик, тынчтык жана жакшылык каалаймын!