Эң мыкты инвестиция – бул билимге болгон инвестиция!
Бүгүн Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагында 80 орундуу «Эркинбү апа» жана 100 орундуу «Ханбаян-Нур» аталышындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылыш аземи болуп өттү. Аземдин ачылышына КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Толтоев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Апбасов жана тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилери катышты.
Бүгүнкү ачылган бала бакчалар менен районубузда бала бакчалардын жалпы саны 85 ке жетти.
80 орундуу «Эркинбү апа» бала бакчасы демөөрчү Т. Жусубалиев өзүнүн жеке турак жайынын багытын бала бакчага өзгөртүү менен капиталдык оңдоп түзөөгө, керектүү эмеректер, жабдыктар менен жабдууга жалпы 2 млн. сомго жакын акча каражатын сарптаган. Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан штаттык бирдиктин негизинде 23 жаны кызмат орундары түзүлгөн.
Ал эми 100 орундуу «Ханбаян-Нур» бала бакчасынын имаратын жеке ишкер Г. Жороева жаңыдан куруп, толугу менен заман талабына ылайык келтирген. Бала бакчанын ички эмеректери, окуу кааналарынын жасалгалары, ашкана, кир жуучу жайлары бардык шарттары менен жасалып, жалпы 15млн. сомдон ашык акча каражаты сарпталган. Бул бакчага райондук билим берүү бөлүмү тарабынан штаттык бирдиктин негизинде 25 жаны кызмат орундары түзүлгөн.
Районубузда мектепке чейинки билим берүү үчүн бала бакчалардын жетишсиздигин жоюу багытында кошкон эбегейсиз зор салымдары үчүн бала бакчаны куруп, ишке берген жеке ишкер, демөөрчүлөргө Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы терең ыраазычылык билдирет.
Мектепке чейинки билим берүү багытын өнүктүрүүгө салымын кошо турган эл азаматтары менен райондук мамлекеттик администрация жергиликтүү бийлик менен биргеликте жакындан иштешүүгө даяр.
Мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачуу иштери күчөтүлөт.