Туулуп өскөң айылың – мекениң. Мекендин тазалыгын сактоо, аны кийинки келечек муундарга мурас катары өткөрүп берүүнү колго алуу – бул демилге.
Жаратылыш-жандуу жашоо. Күнүмдүк тиричилигибиз аны менен гармонияда өтөт. Ата-бабалардан мурас катары келе жаткан түгөнгүс кооздугубуздун күндөн-күнгө жабырланып баратышы бизди тынчсыздандырды. Ар бир айыл жашоочусуна өз мекенинин тазалыгын сактоо демилгесин колго алууну көтөрүп чыктык. Саамалыкты өз колубуз менен жасап, айылга татынакай кылып орноттук. Муну менен күнүмдүк топтолгон таштандылардан айлана-чөйрөбүздү тазалоого салым коштук.
«Жаратылыш-жан дүйнөм» — деген ураанды жандандырдык, патриоттук сезимдерди ойготтук. Себеби, сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот эмеспи. «Таза мурас» жалпы улуттук өнөктүгүнүн демилгесинин өзөгү да мына ушунда. Биз бул жүрүштү колдойбуз. Ушул иш-аракеттерибиз менен коомчулуктун туура көз карашын калыптандырууга салым кошобуз деген ойдобуз.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Таза мурас» жалпы улуттук өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараны колдоо максатында Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу №19 А.Төлөнов атындагы орто мектебинде «Таштанды салуучу капчаларды орноштуруу» демилгеси көтөрүлүп чыгылды.
Окуу жылынын башталышы менен эле мектептеги класстар аралык өткөрүлгөн иш-чаралар, тазалыкты сактоону колго алуу боюнча тартылган видео-роликтер, патриоттук темада жазылган автордук ырлар, терс көрүнүштөрдү сынга алган эпизоддук көрүнүштөр мектеп жамааты менен бирге ата-энелердин, коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Анткени, ар бир өткөрүлгөн иш-чарага айыл аксакалдары, өкмөт жетекчилигинен өкүлдөр, ата-энелер катышышты.
Бул көтөрүлгөн демилгени Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү колдоп, райондук деңгээлде семинардын өтүшүнө көмөкчү болду. Демилгени көтөрүп чыгуунун негизги максаты: Келечек муунду өзү туулуп, өскөн айылынын тазалыгын сактоо менен кийинки муундарга туура таалим-тарбия калтыруу.
Демилгени ата-энелер да колдоого алышып, мектеп окуучуларын каптар менен камсыздап берип турушту. 9-10-11-класстардын окуучулары өз колдору менен таштанды салынуучу каптардын тирөөчтөрүн жыгачтан жасашып, орнотушту.
Бишкек – Ош жолунун 630-635 км. аралыктарына жана Гузар айылынын ичине атайын капчалар таштанды салуу үчүн орнотулуп, жергиликтүү жашоочулар тарабынан төгүлүп, кайра жаңы капчаларга алмаштыруу иштери колго алынды. Ар бир 100 метр аралыкка орнотулган капчалар күнү бүгүнкүдөй өз ишин аткарып жатат. Демек, айыл эли аны көргөндө жерге таштанды таштабай калышты.
Бул демилгенин колго алынышына соцпедагог А.Зикированын, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Э.Кыпчакбаевдердин салымдары өтө зор. Мектеп жамааты да аталган демилгени кубатташып, бир муштум болуп түйүлүштү.
Бул тазалыкты сактап калуу демилгеси мектептин келечек планында да көрсөтүлгөн. Иш-чараны ишке ашырууда мектеп жамааты тарабынан башталган башат толук кандуу аймакка жайылтууну көздөйт. Андыктан, таштандыга айланган жашоодон арылууну демилгелеген агай-эжекелердин, окуучулардын жогоруда аталган саамалыгынын толук кандуу ишке ашырылышына жергиликтүү бийлик маани берип, райондун калкына жайылтуу — учурдун талабы.
Аида Молдоматова,
№19 А.Төлөнов атындагы орто мектебинин директору,
саамалыктын демилгечиси.