2022-жылдын 29-декабрь күнү аймактагы жакшы окуган 110го жакын шыктуу окуучулардын башын бириктирген акимдин балаты майрамы Мырзакедеги Т.Машрапов атындагы орто мектебинде өттү.
Салтанаттын жүрүшүндө КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, райондун башчысы Шабдан Абыкаевдер катышып, КРнын Президентине кат жолдошкон беш окуучунун өтүнүчтөрүн канааттандырышып, өлкө башчынын атынан баалуу белектерди облус башчысы тапшырып, акимдин белектерин аким өзү берди.
Андан соң Токталы Айтыкурманов жетектеген М.Раззаков атындагы интернатка барышып, андагы күнүмдүк жашоо-турмуштар менен таанышып, 182 бала тамактануучу ашканада тамактын сапаттуулугуна да маани беришти.
Кийин мугалимдердин күчү менен окуучулар тарабынан даярдалган чоң программадагы концертке күбө болушуп, уюштуруучулук иштерге алкыш айтылды.
Барган жетекчилер интернатта тарбияланып жатышкан жаш муундардын көңүлдөрүн көтөрүүдө балатыны айланышып, бир күн болсо да жылуу мээрим тартуулоонун аракетинде болушту.
Соңунда облус башчысы ар бир окуучуга жаңы жылдык белегин берсе, аким интернат үчүн эки телевизор тартуулап, ар бир окуучуга өз белегин колу менен тапшырууга жетишти. Ошентип, жетекчилердин келечек муундарга болгон жөнөкөй мамилелери аз да болсо жылуулук мээримин тартуулай алды.