30-декабрь күнү Өзгөн райондук борбордук аянтында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлеринин саптык кароосу болуп өттү.
Аталган иш-чарага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абыкаев Шабдан Алмасбекович катышып, милиция кызматкерлерин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, Жаңы жылдык салтанаттар мезгилинде жана 2023-жылдын январь айындагы дем алыш күндөрүндө коомдук тартипти бекем сактап, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери ушул жылдын 30-декабрынан тартып күчөтүлгөн(“жогорулатылган” күжүрмөн даярдыктагы) кызмат өтөөгө өтүшөт.