Баатыр экөөбүздүн балалык мезгил-курагыбыз Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу тоолуу Семиз-Көл айылында өттү. Анткени, биринчи класстын босогосун чогуу аттап, Семиз-Көл сегиз жылдык (учурдагы Н.Кайназаров атындагы орто) мектебинен алгач «А» тамгасын үйрөнүп, Дүйшөн (Мамат) агайга окшогон асыл мүнөз, акпейил мугалимдерден союздун билим-тарбиясын алып, дүйнө таанымыбыз ошондо калыптанган.
Экөөбүздүн тең аталарыбыз чарбанын коюн баккандыктан сабактан кийин курук нанды колго алып, күн батканга чейин айыл четинде жайыттарда койлорду карап, алардын артында болот элек. Айтор, ошол мезгил-доордун талабы бизди бала кезден чыйрак өстүрдү.
Баатыр өзүнө таандык токтоо мүнөзү, өжөрлүгү менен сабактардан ири ийгиликтерге жетишип, агай-эжекелердин алкоо-мактоо сөзүндө жүрдү.
Ошентип, кышкысын кар малтап, жайкысын топурак кечип чоңойгон издерибиз күн өткөн сайын артта калып, кыздарыбыз суйкайган сулууга, балдарыбыз кермурут жигитке айланып, бою-башыбызды түзөп калдык. Бир үй-бүлөнүн балдарындай жүргөн күндөрүбүз артта кала баштады. Анткени, шартка байланыштуу абасы таза, айланасы кооз туулган жерди таштап, бөтөн жерге барып окууга турмуш түрткү болду. Себеби, мектебибиз сегиз жылдык болгондуктан 9-10-классты туугандардын үйлөрүндө жүрүп окууга туура келген.
Мурдагыга салыштырмалуу классташтар арасында карым-катнаштар солгундап, дем алыш күндөрү гана айылга жолубуз чогуу болгондор учурашып, көрүшүп калчубуз.
Күн күтпөй, ай алмашып, жыл жылып, Баатыр Мырзакедеги Ленин атындагы №20 орто мектебинен жетилүү аттестатын алып, Фрунзе (учурдагы Бишкек) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, студенти болуп калды.
Биздин кичинекей айылда жогорку окуу жайына тапшыргандар, бүткөндөр саналуу гана эле. Өтө сүйүктүү, бирок таатал кесипти тандап алган Баатырга элеттиктер сыймыктануу менен карашып: «Чабандын уулу деле окуса болот экен го. Буюрса, айылыбыз ак халатчан дарыгер менен толукталат» — дешип, алакан жая ак бата беришкен карыялардын каалоо-тилектери студенттик турмушка жаңыдан аралашкан Баатырга түрткү, дем болгонун чогуу отурганда өзү да эскерип калат.
Мен ага удаалаш эле СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуп, «жакынкы суунун баркын» шаарда билип, тез-тез жолугушчубуз.
Бир күнү бош убактымда ал жашаган жатаканага баш баксам Баатыр курук суу, эки кесим бөлкөнү коюп алып, медициналык терминде жазылган, томдукка окшогон китепти окуп жатыптыр. Мага алагды болуп жатканын түшүнүп, кайра тез эле чыктым. Көрсө мамлекеттик экзамендери башталган экен.
Курбалдаш балдардын арасынан Баатыр турмушта да алгачкылардан болуп, сүйүктүүсүн тапты. Аяшыбыз Фарида Аксынын кызы. Ал өнүп-өскөн үй-бүлөдөн. Алардын таржымалдарын күйөө жолдош болуп барганда жакындан билгемин.
Жаңыдан коломто отун тутантышкан жаш үй-бүлөлөр экөө тең мединституттун балдар дарыгери бөлүмүндө (факультетинде) окушкандыктан чыныгы сүйүүлөрүн оор мезгилге туруштук берип, ар кандай сыноолордон «сынбай» өтүшүп сынай алышты.
Жараткан тартуулаган таберигинен улам Алтын аттуу уул көрүшүп, 19-20 жаштын тегерегинде өздөрү да ата-эне статусуна ээ болушту.
Айтор кыйынчылыктын жыргалы болорун билген жубайлар кайнак суу, катык нан жесе да арзып табышкан ак сүйүүлөрүнө аяр мамиле жасашып, кичи мекендеги чепти бекемдешти. Көрө албаган көздөрдөн, ооз көптүргөн сөздөрдөн оолак болушуп, биринин бөксөсүн бири толуктап, турмуш кечиришти.
Жогорку билимдүү балдар дарыгери адистигине ээ болушкан жубайлар мындан 35 жыл мурда берилген жолдомонун негизинде Кара-Кулжа райондук ооруканасынан эмгек чыйырларын башташат. Экөө тең кичи пейил, меймандос, кесибин сүйгөн адис катары Кара-кулжалыктардан дос-тууган күтүшүп, тез эле алардын турмушуна жуурулушуп, аралашып кетишет.
Глобалдашкан замандын агымынан артта калышпай, адистиктерин өркүндөтүшүп, экөө тең тажрыйбалуу дарыгерлердин сап башында болушса, иштеги ишеничтен улам Баатыр балдарды жандандыруу бөлүмүн жетектеп, жубайы Фарида заманбап УЗИ менен дарт аныктап иштегендерине кыйла жылдын кыйыры болду.
Кара-кулжалыктар менен той-аштарда катарлаш отуруп калсаң, жогорудагы үй-бүлө жөнүндө жакшы сөздөр айтылып, Баатыр балдар атасы атыкса, Фарида алысты жакын кылган, улууга чайын сунган мээримдүү аялзаты катары сыпатталат.
«Ниетиң-жолдошуң» — деп айтылат. Бул сөздүн маани-маңызында калет жок. Анткени, эриш-аркак жубайлар 3 уул, 1 кызды татыктуу тарбиялашып, жогорку билим алууларына шарт түзүп, ар бирин турмуштук өз туурларына кондурушкан. Алардан тапкан неберелери экөөнүн жашоолорундагы эрмеги жана тиреги. Анын да жөнү бар. Анткени, биз сөз козгогон дасыккан дарыгер Баатыр Алымканов 2-январда 60 жашка толгон туулган күнүндө уулдары урмат көрсөтүшсө, кызы кымбат сөз айтып, жубайы даамдуу тамагын койсо, неберелери маареке ээсинин бетинен сүйүшүп, каарманыбыздын эртеңкиси экендиктерин бал күлкүлөрү менен дагы бир жолу бекемдегендей болушту. Көрсө жашоо ушунусу менен көрктүү, кызыктуу тура.
Жолдошбай Анашов.