Гельдибай аке менен Өктөм эже (маркумдар) мезгилинде Мырзаке айыл аймагына караштуу Бабыр айылынын беделдүү үй-бүлөлөрүнүн бири болгон. Анткени, башкы каарманыбыз мектепте директордун чарбалык иштер боюнча орун басары болсо, жубайы кенже персоналдык ишти аткарып, чүрпөлөрүн багышкан.
Алардын тун уулу Мурзабек менин бир тууган жездем. «Кыз алыска ыргытылган таш» — дегендей экинчи эжем өмүрлүк жолдошун ошол жактан тапкан. Ошондон улам бизге белгисиз Бабырдын чоң жолунан баштап тар көчөсү да маалым болуп, жездемдин ини-карындаштары менен ысык ымалада жүрдүк.
Эжемдикине баратсам, Өктөм эже мени «бура тартып» сүйгөн тамактарымдын бири болгон голубцы бышырып берчү. Кээ күндөрү тоок союп, куймулчагын мага тарта турган. Айтор, мен жаш болсом да куда-сөөктөн улам кадыресе коноктордун «ээси» болчумун.
Ошол мезгилде жездем да жумушу боюнча оозго алынып калган экен. Анткени, кесипчилик окуу жайын бүтүрүп, айылда дөңгөлөктүү трактор айдап, чарбанын түрдүү жумуштарына күн-түн дебей, билек түрүнө иштегендиктен. Асыл иштин артынан жүгөрү талаасын жетектеп, саан комплексинде да жооптуу иштин жоопкерчилигин аркалаган. Айтор, чарбанын кайсыл жеринде оор абал болсо, тажрыйбалуу адис катары тартылып, кеп-кеңештери иш-тажрыйба катары кеңири жайылтылган.
Эгемендик жылдарында реформа шылтагы менен бөлүнгөн чарбалардын өзөгүн кармап калуу мактасында кооперативдердин башын бириктирүүгө баш-оту менен киришип, эл үлүшүн ээсине кайтарууда опол тоодой эмгеги болгон. Иштерман катары көпчүлүктүн көзү жеткендиктен ага Бабыр айылынын айыл башчылыгына ишеним берилип, бир топ жыл иштейт. Ошол аралыкта социалдык курулуштарга маани берилип, башталган жандуу саамалыктардын башында турган.
Сөзгө бек туруп, бетке айткан мүнөзү айрымдарына жакпаганы менен дээрликтин колдоо-кубаттоосунда болгон. Ошондон улам айылдык кеңештин депутаттыгына да айылдаштары жогорку добуш менен мезгилинде колдогондору да бекеринен эмес.
Баштаган ишин сапаттуу аягына чыгаруу, бирөөгө берген убадасын убак-саатында аткаруу анын мүнөзүнө таандык эле. Бул багытта айылдаштары, жакын санаалаштары узун кеп кылышат. Анткени, жогоруда биз сөз козгогон Мурзабек Гельдибаев 69 жашында акка моюн сунуп, бул аалам менен кош айтышканына эки жылдын жүзү болду. Ал 1951-жылы 22-августта туулган.
Улуулардын «Кунарсыз узак жашагандан көрө, кунарлуу кыска жашаган артык» — дегениндей өтөлгөлүү өмүрүндө 3 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялап, турмуштук жолду көрсөтө билди. Неберелеринин жашоолоруна да көз салып, өнөр багытына үйрөттү. Айтор, алганы менен чоң үй-бүлө ынтымагын бекемдеп, уулдан урмат, кыздан ызат көрөрүндө асылган дарттын айынан жакындарын санаага салып, келбес жолго кетти. Бүгүн айылдын дагы бир таңы ансыз атты…
Жолдошбай Калыков.