2023-жылдын 23-январында Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу «Саадат эне» балдар бакчасынын ачылыш аземи болду.
Салтанаттын жүрүшүнө КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, райондун акими Шабдан Абыкаев жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Алгач облус башчысы жаш жеткинчектерге татыктуу тарбия, билим берүүгө токтолуп, аларга ак жол тиледи. Ал эми аймак акими өлкө өнүгүү жолуна түшкөнүн жаңы курулуштар менен мисалдап, биздин эртеңки келечегибиз ушул бакча тарбиялануучуларына байланыштуу экендигине токтолуп, ири жетишкендиктерди-ийгиликтерди каалады. Ошондой эле курулуш ишине кол кабыш жасагандарга ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, аталган бакчанын курулушу тендерден уткан «Ош КООП курулуш» фирмасы тарабынан 2014-жылы башталып, кийин каражатка байланыштуу токтоп калган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин токтоп калган курулуштарды кайра жандандыруу багытындагы иш-чараларынын негизинде 2022-жылы кайрадан колго алынып, республикалык бюджеттен 24,5 млн. сомго каржыланып, толук бүткөрүлдү.
Учурда Клара Көчкөнбаева жетектеген балдар бакчасында 75 бала тарбияланып, анда 23 адам эмгектенет.
Жылалды айыл өкмөтүндөгү жогорудагы жакшы саамалыктардын жүз беришинде өкмөт башчы Улукбек Джеенбаевдин изденүүчүлүк аракети айтаарлык экендигин белгилөөгө болот.
Сауд Аравия королдугунун Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда 28 мектеп, 2 мектепке чейинки билим берүү мекемесин курууну колго алган. Анын бири Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылында курулуп бүткөн №38 Садык Эшматов атындагы орто мектеби болду.
Сметалык баасы 1 млн. 27 миң АКШ доллары сарпталган эки кабаттуу мектептин ачылышына Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдинов, Өзгөн районунун акими Ш.Абыкаев, мектептин пайдубалын баштоого эмгек кылган А.Карашев, аталган фонддун мектептер курулушу боюнча менеджери Халиф Шехада, райБББнын башчысы А.Асанбаев, тиешелүү кызматчылар, айыл эли катышты.
Мектеп курулушу 2020-жылдын февралында башталып, быйыл пайдаланууга берилип отурат.
Жалпы аянты 1360,57 кв. метрдеги жаңы мектеп 225 балага ылайык.
Айылда ушул мезгилге чейин буга окшогон мектеп болгон эмес. Ушул күнгө чейин жете келген мурунку мектеп мезгилинде совхоз кеңсеси, сарай болуп келген.
Ошондуктан, бул мектептин бүтүшүн Аравия каржылап, айыл элинин активдеринен тарта ЖКнын депутаттарына чейин кызмат кылышкан.
Айыл эли, өзгөчө окуучулар, мугалимдер чоң кубанычта. Эми бир гана максат бар. Ал күчтүү билим, мыкты тарбия берүү.