Сизди 4-февраль тулган күнүңүз – алтымыш жашка толушуңуз менен ак дилден астейдил куттуктайбыз!
Жаштайыңыздан айыл чарбасын алга сүрөп, техникага жакын өстүңүз. Ошондон улам элет элинин оор түйшүктөрүн жеңилдетип, орум-жыйым мезгилинде техника менен жакындан кол кабыш жасадыңыз.
Учурда Ак-Жар айыл өкмөтүндө жайыт комитетин жетектеп, айылдыктардын негизги киреше булагына айланган төрт түлүктүн асыралышында жайыт маселеси көңүл чордонуңузда.
Ырас, убакыт-учкан куш дегендей арадан жылдар өтүп, алтымыштын туу чокусундасыз. Андыктан, жубайыңыз Шарипа менен 100 жылдык өмүр сүрүп, уул-кыздарыңыз менен бар болуңуз!
Досторуңуз.