Үстүбүздөгү жылдын 31-январында райондук мамлекеттик администрациянын кезектеги аппараттык кеңешмеси болуп өттү.
Кеңешмеге айыл өкмөт башчылары жана, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.
Кеңешменин күн тартибинде:
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана, айыл чарба тармактарындагы жазгы талаа иштерине даярдык маселелери каралды. Алгач Өзгөн району боюнча ӨКБнүн башчысы Нурлан Кулмаматов баяндама жасап, аткарылган жана 2023-жылга карата сунушталган жумуш ыргактарынын тизмектерине токтолсо, аймак башчысы Шабдан Абыкаев жер участокторун алып, бирок дале кооптуу аймакта жашап жаткандарга чара көрүү, ошондой эле кооптуу жайларда күн кечирип жаткандарга жер тилкелерин берүүнү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тапшырып, аз убакыт аралыгында маалымат берүүнү тапшырды.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Имангазы Абдраев ушул жылга пландалган айдап-себүү иштерине, түшүмдүүлүгү жогорку сорттогу, жеңилдетилген жана дотациядагы буудай, арпа, совлердун берилүү тартибине токтолуп, аймактагы «Тамеки» илимий өндүрүштүк айыл чарба кооперативинде, К.Чаргынов үрөнчүлүк дыйкан чарбасында, «Ак-Эмгек» үрөнчүлүк чарбаларында — буудай 38, арпа 35, ал эми совлер 112,30 сомдон берилээрин маалымдады.
Ал эми ветеринардык башкармалыктын башчысы Салибай Муратбаев бодо малдарды жана жылкыларды идентификациялоодо жеткирилген план-тапшырма 100% аткарылгандыгын айтып, тажрыйбалуу адис, жетекчи катары беккари чуңкурчаларын куруу сунушун берип, бул жаатта кандай жардам керек болсо көмөктөшөрүн ачыктады.
Мындан сырткары да бир топ маселелер каралып, тиешелүүлөрдүн жоопкерчиликтери суралды.
Гүлзина Ниязалиева.