Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында, агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын уюштуруусунда, Өзгөн күрүчүн экспортко чыгаруудагы тоскоолдуктарды жоюу маселелери боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга Өзгөн районундагы күрүч өндүрүүчү дыйкандар, райондук ишкерлер Ассоцосиясынын өкүлдөрү жана Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк програмасынын кыргызстандагы өкүлү Ли Джунел катышты. Ли Джунел күрүч өндүрүү багытында иштеген дыйкандар менен тиешелүү маселелерди, талкуулап андан ары күрүчтү экспортоого жакындан көмөктөшөөрүн билдирди.