Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында 2023-жылдын 7-февралында аппараттык кеңешме болуп ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-уюмдардын жетекчилери катышышты.
Күн тартибинде:
1.Өзгөн району боюнча салык жана жыйымдардын топтолушунун абалы.
- Райондук маданият бөлмүнүн аткарып жаткан иштери.
- Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын аткарып жаткан жумуштары.
- Ар түрдүү маселелер каралды.
Аппараттык жыйын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылыгына дайындалган Иманказы Абдраевди тааныштыруу менен башталып, жогорудагы төрт маселе боюнча аталган мекемелердин тиешелүү адистери, жетекчилери маалымат беришсе, бир топ маселелердин аткарылышын сынга алган аким Ш.Абыкаев конкреттүү тапшырмаларды берди.
Мындан сырткары акимдин социалдык иштер боюнча орун басары Рахымбек Мырзакулов, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкерчиликтерге жол бербөө багытындагы иш-чараларды күчөтүүнү тапшырып, «Өзгөн нуру» гезитине жазылуу өнөктүгүнүн солгун экендигин, жакырчылыкты жоюудагы маселелерде мүчүлүштүктөр бар экендигине токтолуп, ар бир тармактын жетекчилерин бул жаатта биргеликте, тыгыз кызматташууга чакырып өттү.
Гүлзина Ниязалиева.