Ушул жылдын 15-февралында Ооган согушунун 34 жылдыгына арналган эскерүү митинги аталган согуштун каармандарынын урматына орнотулган
Афган эстелинин жанында болду.
Эскерүүнүн жүрүшүнө аймак башчысы Шабдан Абыкаев, орун басары Рахымбек Мырзакулов, аппарат жетекчиси Руслан Алайчиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-уюмдардын жетекчилери, апааттын каармандары катышышты.
Эскерүү митингинде сөз сүйлөгөн аким катаал, оор күндөрдү баштарынан кечиришип, тагдыр кайып менен аман калгандардын каармандыктарын баса белгилеп, ар биринин келечек үчүн жасаган эрдиктери эскирбестен аймак тургундарынын жүрөктөрүндө сакталарын айтып өттү.
Аймактын, облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон айрым ардагерлерди Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады.
Белгилей кетсек, аталган согуш Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки тарыхта калган эң чоң кандуу окуя болгон. Согуш дээрлик 10 жылга созулган. 1979-жылдын 25-декабрында Москва убактысы боюнча 15-00дө СССРдин ошол кездеги Коргоо министри Ооганстандын чек арасына өтүүгө буйрук берип, бир топ жоготуулар менен каргашалуу окуяга чекит коюлган.
Бул согуш майданына Кыргызстандан жалпысы 7546 жоокер аттанып, алардын 252си каармандарча курман болушуп, 585 жоокер денелеринен ар кандай жарааттарды алышса, 4 жоокер дайынсыз жоголгон.
Анын ичинен Өзгөн аймагынан 375 жоокер катышып, 3 жоокер: Жунусмамат Эсенбаев, Баходир Абылкасымов, Алижан Райкеевдер «Кызыл жылдыз» ордени менен сыйланышкан. Ошондой эле 9 ардагер аталган окуянын курманы болушкан. Бүгүнкү күндө 184 ардагер каттоодо туруп, алардын төртөөнүн майыптыгы бар.
Гүлзина Ниязалиева.